Ууз дүйнө
Алар бири бирине алыстан арзып калышкан, ошондон уламбы капысынын жолугушуп калган күндөрдө да ич ки сырларын ачыкка чыгарып айта алышпай ашык жан болуп, сезим оту менен албырып, сүйүү табын сезип, кудум анын желесинде тартылып калгандай болуп, буйруса бир күнү махабат багы чаап ачылышып аларбыз дегендей беймарал жүрүшчү.
Бир күнү экөө бактан жолугуп калышты.
Бытпылдык, бытпылдык…
- Бөдөнө сайрап жатат,-деди кыз, бытпылдык, бытпылдык деп.
- Бул паренделердин сайраганын тыңшап эле тургуң келет,-деди жигит. Коңшу шалбаадан келсе керек. Ал жактын чөбүн чаап жатышат.
- Быйыл алмалар тегиз гүлдөдү бажырайып, карасаң,-деди жигит сөзүн улантып.
Кыз ырастагандай башын ийкегиледи.
Экөө кыналыша түшүп алма бакты аралай кетип баратышты. Бир маалда жигиттин көзү кыздын уясына сыйбай тирсийип турган көкүрөгүнө уруна берди. Боз улан аптыга түштү, мындай ажайыпты мурда көрбөгөн, а балким байкабагандыр. Кыздын жанаша баш баккан кош мөмөсү алакан толтурган ак алмадай болуп жумуру тартып уясында мемиреп жаткан. Мурда тымызын көзү өтүп сугу түшө карап калганы болбосо азыркыдай жакындан көрүп азыркыдай дендароо абалга туш болгон эмес.
Көзү өтүп жалдырагандан жалдырап телмирип карай берди.
Муну сезди кыз, көзүн ала качты.
- Мен сага бир нерсе айтайынбы,- деди аптыга дем алган боз улан.
Кыз үн катпады.
Алгач кызды апакай жүзүнөн астейдил сүйгөн жигит өзүн кармана албай калды, капшыра кучактап өзүнө имере тартып мойнунан, көкүрөгүнөн жан далбаска түшүп өпкүлөп жиберди…
- Сага эмне болуп кетти, жиндеп кеттиңби деп айтып жибере жаздап оозун кармана берген кыз мурчуя берип тигинин далдайган кучагынан булак деп суурулуп чыга берди. Эл көрсө эмне дейт.
Башка сөз айта алган жок. Албууттанып, туталанып барып өзүн токтотту.
Жигит ыңгайсыздана түштү, жүзүнө кан тээп чыкты. Осол иш кылган жокмун го дегендей мукактанып шоңшоюп турду. Байкуш кейпин кийип турду.
- Сени жакшы көргөнүмдөн эле өзүмдү токтото албай калбадымбы, мен сени сүйөм- деди жигит тээ бир оокумда барып. Үнү үзүл-кесил араң эле чыкты. Тамагы буулгансып өзүнө үнү чыкпай калгандай болуп туюлду.
Кыздын жүзү манаттай албырды…
Күн заматта бүркөлүп, асманды түрмөктөлгөн кара сур булут каптап келди. Теребел дем тартып кетти. Алгач себелеп жааган жамгыр арты нөшөргө айланып шатырата жаап кирди.
- Жаздын күнү жаш баладай деп койгонубуз ушул да,- деди жигит сөз тапканына мадырайып.
- Сен өзүң да жаш баладайсың,-деп кыз кыткылыктап күлүп калды.
Экөө сыгып алма суу болуп шөмтүрөп кетип баратышты. Жигит кыздын кымча белинен оң колу менен өзүнө имере тартып кучактап алган. Анын чечекейи чеч эле. Бул сапар кызга да жаккандай. Боз уланга кынала бой салып, көкүрөгүнө башын жөлөп, уясын тапкан куштай мемиреп баратты. Экөөнүн басыгы да, шөмтүрөп суу болгон кебете-кейпи да бири бирине кынап койгондой куюлушуп баратканы өзүнчө ажайып эле.
Кыздын асман өңдүү көгүлжүм чыт көйнөгү денесине чыпталышып кош эмчеги келишимдүү тирсийип, тиреле түшкөн үрпүнөн бери байкалып, айтып бүткүс сүрөттү тартып дене бойду дүргүтүп турду. Ал ушу келатышында пери кызындай аябай сулуу эле, жүзү да, көзү да, келбети да куюп койгондой жарашып сезимге от коюп кудум эле үрзааданын өзүндөй болуп турган.
Жигит жол боюу сезимин дүргүтүп, жан дүйнөсүн уйгу-туйгу кылып кубантып да, апкаарытып да эсин эки кылып турган ушул ойду айтсам деп келаткан, акыры айтты.
- Сен бүгүн аябагандай сулуу болуп турасың,- деди, үнү дирилдеп кетти.
- Мурда сулуу эмес белем. Кыздын үнү шыңгыр этти.
Жигит мукактана түштү, тамагына бир нерсе кептеле түшкөндөй буйдалды.
- Чын айтам, бүгүн аябагандай сулуу болуп турасың, кудум эле перинин өзүндөйсүң,- деп шар айтып жиберген жигит жеңилдей түштү.
- Сен перинин кандай экенин али көрө элексиң деп аймаржан тартып кыткылыктап шыңкылдап күлүп калды кыз. Бул ирет өзү да күлкүсүн тыңшай берип селт деп чоочуп кетти, кудай ай деги эмне болуп баратам…
Экөөнүн жолу узак эле. Нөшөрдүн арты ак жаанга айланып, теребелде асан-үсөн демейдегиден ажайып бир керемет желесин тартып турду…
Негедир, бөдөнөнүн бытпылдык, бытпылдык деп сайраганы кыздын эсине түшө берди. Өзүнчө күлкүсү да келип кетти. Сайраганы да сырдуу экен. Токтоно албай бырс деп күлүп да жиберди.
"Кайда болсо бытпылдык, бөдөнөнүн үйү жок" дегендей талаада шөмтүрөп сыгып алма суу болуп баратышканына күлкүсү келген шекилди. Баш паана кылар калка болсо жакшы болмок экен деп кайра өзү бул оюунан негедир селт деп чоочуп алды. Кантип эле ушундай болсун. Күн нурундай тарап оюу алыска кетти кыздын.
Өзүн ушул талаа менен киндиктеш төрөлгөндөй эркин сезип, терисине сыйбай бапыраңдап бапыр-шапыр сүйлөп келаткан жигит кыздын ушул жолку кыялкеч күлкүсүн деле байкаган жок. Оюн айтып бүтө албай келатты.
Узак жолдо шөмтүрөп суу болгон экөө бүгүн балкыган сезимге муюп, ойлору мудаа болуп сүйүнүчтөн бапырап, шатыра-шатман түшүп, көңүлдөрү курсант эле. Алардын ууз дүйнөсүн эргиткен бактысы да, ырахаты да, бүткөн боюн ээлеп ышкындай солкулдап турган курактын кыялкеч алабарман ойлорун ала салдырып турган кубаныч эпкини да ушунда эле. Ушул жолубуз дагы узагыраак созула түшсө экен деген эңсөө толгон таттуу тилек менен келатышты. Бул ар кимге эле оңой менен ыйгарыла бербес, ар ким эле өз өмүрүндө туш келе бербей турган тагдырга көктөн келип конгондой боорго кыскан айжаркын жакшылыгын ыроолоп, мээримин төгүп тургандай өзүнчө бир купуя сыры бар бакыт кабарчысындай болгон таңгаларлык кереметке толгон ажайып көз ирмем эле.
Мейкинди көрккө бөлөп асан -үсөн желеси тартылып турган аймакка жакын эле жерде былтыркы кыштан калган бир мая чөп дүпүйүп көрүнүп турду…
Меңдибек Асылбеков