Ичтен бөлүнгөн эл жок болот
(Кыргыз кантип бөлүндү, эми кантип биригет?)

Бөлүнүү - улуттун өз бетинче жоголууга карай жол алышы.
Деги эл эмнеден бөлүнөт?
1. Тарыхы бөлүнсө.
2. Тили бөлүнсө.
1. Тарыхы бир болбогон эл - бир эл боло албайт! Бир эле элде канча түрдүү тарых жазылса, ошончо түргө бөлүнөт!
2. Тарых реалдуулуктан алыс болсо, жасалма бурмаланган окуялардан куралса, андай тарых эл көкүрөгүнөн орун таба албайт!
Мындай учурларда тарых элди бөлүүчү касапчылыгын уланта берет. Ар кандай тарых бул илдеттерден тазаланып жазылса гана, мамлекеттик тил бардык кыргыздар сүйлөгөн сөздөр менен байытылса гана эл бириге алат.
Элди бириктирүүнүн башка жолу жок! Деги кыргыз тарыхы барбы? "Манас" ар бир кыргыздын канына сиңип калган, бирок ал кыргыз тарыхында жок. Кыргыз тарыхында кыргызды басып алган Алоокенин Манасты уурданып келип сайып өлтүргөн Коңурбайдын өмүр баяны жазылган. Анткени, кыргыз тарыхынын каны башка, кыргызга кас адамдар жазгандыгы байкалат. Тарых жана интернет барактарында калмактын Алооке, Коңурбай менен кошо не деген баатыр кол башчыларынын жылдары, жасаган эрдиктери так жазылып турат. А Манас тууралуу эч жерде жок, ар тарапка созушкан жомокчулардын гана оозунда айтылат. Мар Байжиев баш болгон айрым "илимпоздор" Манасты чыныгы инсан эмес, эпикалык каарман катары кароо керек дешип, Манастан калган кыргыздын кырмызы кызыл туусун көк түскө айырбаштоого далалат жасап жатышса, албетте Манас тарыхы чыкпайт да. А.Токомбаев да өлөр алдында Манаска туура эмес мамиле жасап (теги таза калмак деп айтылып жүрөт), эл алдында өмүр бою тапкан аброюн жоготуп алган эле.
Эгер Манас болбогон болсо, анда "Манас күмбөзү" кайда калат? Кудайга шүгүр, Темирбек Токтогазиев бүткүл Орто Азия, Алтай, Кытай аймагын аралап, Манастын чыныгы инсан экендигин далилдеп, эл алдында улуу эмгек жарата алды. Манаска тымызын каршы болуп, анын тарыхын чыгара койбой жаткандарга мамлекет тарабынан урмат көрсөтүлүп, наамдар берилип, казынадан акча төлөнүп жатышы идеологиянын абалын да көрсөтүп турат. Кыргыз тарыхы кантип, качандан баштап бурмаланды эле, кыргыз элинин ички бөлүнүүсү кантип жаралды эле, качантан бери келе жатат, күн өткөн сайын анын чыңалуусу азайып жатабы же күчөп баратабы? Артка назар салып көрөлү.
Улуу Британия 1860-75-жылдары Орто Азияны колго алууга аракет жасай баштаганда, Орус падышалыгы озунуп, бул аймакты өз колуна алуу үчүн катуу аракеттерди баштап жиберет. Бул эспансияга бөгөт болгон күч бар эле, ал Кокон хандыгы болучу. Бардык бөлүп-жаруу саясаттары ушул жерден башталды.
Кокон хандыгын күч менен басып салуу ак падыша үчүн кыйын деле эмес болучу, бирок батыш мамлекеттери алдында бакынчылыкты жаап-жашыруу үчүн башка тактика менен иш жүргүзө баштайт. "Хандыктын ичиндеги элдин суранычы менен аларды эзүүдөн куткаруу үчүн" саясаты ишке киргизилет.
Атайын чалгындоо топтору (Ч.Валихановдун атайын иликтөө сапары сыяктуу) айрым уруу башчыларын орустар тарапка өткөрүүгө көндүрө алышат. Аларга орус аскер чиндерин берип, атайын кызмат акысын чегерип, алардын колдору менен Кокон хандыгына каршы түрдүү жасалма маалыматтар, жамандоолор эл ичине таркатыла баштайт. Мындай тескери үгүттөөлөргө айрым манаптар каршы чыгып, "сарбагыш-бугу урушу" сыяктуу кагылышуулар да жүз берет. Саясаттын кылычы менен бир журт кыргыз эли тирүүлөй үчкө бөлүнүп калат, жомок сыяктуу айтылып келген "үч канат" тууралуу түшүнүктөр жаңыча "мыйзамдаштырылат". "Мундуз", "могол", "багыш", "саруу", "катаган", "азык", "черти", "көк-жатык" ж.б. уруулар түпкү тегинен адаштырылып, ордо ичиндеги урууларга каршы багытталып, "үч канатта" туура эмес жайгыштырыла баштайт.
Натыйжада Кокон хандыгы кыргыз хандыгы болгондугуна карабастан, аны бөтөн хандык кылып көрсөтүү жүзөгө ашырылат. Кокон сепилинин 18 дарбазасы болуп, ал дарбазалардын ар бири кыргыз урууларынын өкүлдөрү тарабынан курулгандыгы тууралуу маалыматтар кошо жоготулат.
Азыркы учурда Кытай тараптагы Кашкар, Кулжа ж.б. кыргыздар жашаган жерлер Кокон хандыгынын аймагы болуп, ал аймакты кытай тарап бир канча жолу басып алууга аракет жасап, бирок ордо тарабынан корголуп турулган. Ак падыша тарабынан 1873-жылдары Кокон хандыгын жоюп, аймакты Россияга кошуп алгандан кийин, Россия менен Кытай ортосунда кыргыздар тирүүлөй экиге бөлүнүп, жарымы Кытайда азыркыга чейин бөтөн болуп келе жатат.
Тарыхты өзгөтүү кыйын эмес экен, маселен, "Багыш" уруусу башаты болгон ага-ини Аккочкор менен Конко "Тагай-бийдин балдары" деп жазып коюшту эле, бүттү, тарыхтын башы ылдый, буту асман карап калды. Чындыгы кандай болчу?
"Багыш" уруусу Аккочкор менен Коңкодон башталат. Булар Шырдак хандын экинчи аялынан. Эшимкан Сейтектин тикелей урпагы экендигин кыргыздын атактуу ойчул, тарых айтуучусу Тоголок айтат. Эшимкандан Тейиткан, андан Курманбек, андан Сейиткан, андан Шырдакбек. Кыргыз тарыхчыларынын алдыңкы катарында турган Белек Солтоноев өзүнүн эмгегинде кыргыздардын калмактар менен болгон согушун баяндап: "Калмактар менен кармашта кыргыздан нечен азаматтар курман болушкан. Алардын ичинде кыргыздын "багышынан" атактуу баатырлар Аккочкор менен Конко болгон" - деп жазган жери бар. (ТАИнин кол жазмалар фондусу, инв№167)
Ал эми белгилүү окумуштуу, тарыхчы А.В.Затаевич өзүнүн илимий иликтөө эмгегинде "У предшественника хана Гайша (Тейит) Шырдакбека были два сына, Аккочкор и Канкы. Они оба пали в битве кыргызов с калмаками, дело было лет 275 тому назад. Шырдакбек - бывший хан после Гайши" деп көрсөтөт. Окумуштуу Затаевичтин бул жазган күнүнө салыштыра келип, бул окуялар 1675-85-жылдарга туура келерин тапса болот. (ТАИ инв№201)
Ошентип, "багыш" эли да өздөрүнүн "Манастын тикелей урпактары" деген сыймыктан кур жалак калышат."Мундуз" уруусу тууралуу айтсак, бул уруу Мундуз бийден башталат. Мундуз бий менен Эшимкан бир тууган экендигин "Мундуз" уруусунун акылман аксакалдары өздөрү айтышат. Илимий маалыматтар да муну тастыктап турат.
Тоголок Молдо: "Манастын атасы Йакуб бий кыпчактын белдүү тобунан. Эшимкан Манастын небереси Сейтектин тикелей урпагы, Анжиянда хан болуп туруп, Арпа, Ак-Сайга чейин кыргыздарды коргоп турду. Эшимкандын бир тууган иниси Мундуз бийден таркаган урпактары "Мундуз" уруусу болуп, алар Манастын тикелей урпактары болушат" - деген тарыхый айткандары жазылып калган.
Тоголок Молдонун айтканын Кытай тараптагы кыргыздын дагы бир ойчулу Үсөйүн ажы: "Шырдакбек XVII кылымдын аягында өткөн кыпчак элинен чыккан баатыр, Анжиян-Арка аймагындагы кыргыз элинин акылман башкаруучусу болгон" - деп толуктайт. Ыплас саясаттын курч мизине туш болгон "Мундуз" уруусунун эли да өз тегин айта албай "Манастын тикелей урпактары" деген баалуу сыймыктан да куру келе жатышат.
"Моңол" уруусу тууралуу айтып көрөлү. Энесай тараптагы кыргыздарды Жанкороз баштап келип, элин баласы Чамаска башкартат. Чамастан Ак уул, Куу уул. Ак уулдан Арстан бий, Арстан бийден Домбу бий, Домбу бийден Долон бий. Долон бийден Адигине, Тагай, Мунгуш, Наалы эне. Бул чындык кээде калп менен жуурулушуп да кетип жатат. Көптөгөн өздөрүн "билерман" санашкан азаматтар "кыргыздар Долон бийден, Адигине-Тагайдан башталат" дешип туура эмес маалыматта жүрүшөт. Анда "Долон бийге чейин кыргыз болгон эмеспи?", же "кыргыздар али жок болсо, анда Долон-бий кимге бийлик кылган эле?" деген суроолор кошо жаралып, жогорудагы түшүнүктү өз алдынча эле жокко чыгарып салат.
"Моңол" уруусу Долон бийдин Наалы кызынан. Бирок ыплас саясат бул санжыраны ата тегинен эмес, эне тегинен айтууга мажбурлап салды. Булардын ата-теги кимдер эле?
Интернеттин "ЕВРОАЗИЙСИЙ исторический сервер" барагында академик-тарыхчы В.В.Бартолддун "О народе Манаса каркаралинском кыпчаках" деген эмгеги бар. Мына ошол эмгекте мындайча жазылып турат:
"Обнаруживается тесная связь с кипчаками еще одного крупнейшего киргизского племени монолдор, легендарным предком которого считается Наалы эже. Согласно киргизским генеологиям, мужем Наалы эже является кипчак Көкө, имевший также прозвище Көк-Бука. По преданиям он был сыном тору кипчака Кылыч-Арстан хана. Сын Көкө по имени Монол и стал легендарным прародителем племени монолдор." Кыргыз урууларынын дээрлик бардыгы кайсы бир "реформаларга" кириптер болушкан, таза айтылып келе жатканы жокко эсе. Ушундай маалыматтардын чеги жок, өкүнүчтүүсү биздин тарыхчыларыбыз ошол бурмаланган маалыматтар менен илимпоз болушуп, бөлүп- жарууну андан ары ийгиликтүү жүргүзүп келе жатышат, ошол кызматтары үчүн аларга мамлекет да камкордук көрүп келет.
Натыйжада, кыргыз тарыхында эпосто айтылган кыргыздын борбору Анжиян шаары таптакыр оозго алынбай, ал эми Кокон хандыгы "мокочо" болуп, кыргыздар бийлеген хандык эмес өзбек хандыгы сыяктуу жазылып, ага каршы тигилген дарактар бүгүн чынар болуп өз жемиштерин берип келе жатат. Айрым бийликке барууга аракет жасагандар өз уруусунун тарых тагдырын өз кызыкчылыгына курмандыкка чалып жиберген окуялар да кезигип келет.
Дагы бир мисал, "Тейиттер санжырасы" даярдалыптыр. Автордун кыргыздын биримдиги үчүн күйүп-бышары күмөн туудурат, балким атайын буюртма болгондур. Бирок андагы маалыматтын чын-төгүнүн ажырата албагандар "биз керек болсо Курманбек баатырдын урпагы эмеспиз" дешип, акылдары тайкы экендиктерин көрсөтүп келишет. Кыргыз тарыхында жазылып, эл ичинде бекем ишенимдүү айтылып жүргөн айрым тарыхый маалыматтар менен орус, казах, өзбек илимий булактардагы маалыматтарды салыштырып, кыргыз тарыхы бурмалоолордун, элди тирүүлөй бөлүп-жаруучу куралга айланып калгандыгын даана байкоого болот. Акыркы жүз жылдар ичиндеги бурмалоолор өз натыйжасын бердиби, бүгүнкү абал кандай?
Жооп издеп маалымат топтоо үчүн, 2012-жылы Кыргызстанды түп көтөрө 92 күн кыдырып, журт ичинде айтылып жүргөн өтмүштөр менен таанышып, бир эле инсан же кайсы бир окуя түрдүү жерде түрдүүчө, таптакыр карама-каршы айтылып калгандыгына күбө болдум. "Түндүк-түштүк" деген тескери көз караш кыргызга пейли түз эмес урпактар жашаган аймактарда күчтүү экендигин даана байкадым. Уруучулукка каршы да ошолор экен, көрсө, уруу ичинде түндүк-түштүк болуп бөлүнүү болбойт тура.
Уруу түшүнүгүн айрыкча түрк элдер ичинде жоготуу мүмкүн эмес, ал үчүн фамилияны, бир туугандыкты да жоготуу керек, ар бир адамды эненин жатынынан эмес, инкубатордон алуу керек, ошондо гана уруу жоголот. Айтор бөлүнүү жаратуучу маалыматтар өтө эле көп. Кыргыз тарыхын бурмалаган кыргыз өзүбү же "кыргыз" болуп алган каны башка кастарбы, аны эл өзү таразалап алар. Гитлердин эң жакын адамы Гиммлер: "Ар кандай элдин тарыхын жоготуп салсаң, ал бир топ убакыттан кийин башаламан тополоң топко айланып калат, анан аны каалагандай кылып башкара бер" - деп, душман болсо да бизге насаатын калтырып кетиптир, балким биз ушинтип калаарыбызды билгендир.
Демек, элге келчү бардык убал-сооптун башында тарых турат экен! Анда, кыргыздын бөлүнүп-жарылып, ыркы кетип келе жатканына кыргыз тарыхы күнөөлүү болуп калабы? Ооба! Чындыкты айтпай коюу күнөө, ооруну, өлүмгө карай кадамды жашыргандай. Ооруну дарылоо үчүн дартка "диагноз" коюлат. Мына ошол диагноз коюу кадамы, бул - тарыхтын туура абалын, чыныгы жүзүн ачып берүү.
Элди ынтымактуу бир журтка бириктирүү бийлик колунда, ооруну дарылап алабы же өлтүрүп алабы, бир кудай билет.

Гыламидин Абдрахманов
КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
тарых иликтөөчү тел. 0772 19-01-39