Бакыт Жетигенов, "Ар-Намыс фракциясынын депутаты":
"бул мыйзамга президент кол
койбойт деп ойлойм..."
Уялбай Калмурзаев парламентте: "Менин тиешем жок, муну "Газпром" чечиши керек болчу"- деп депутаттардын суроолоруна толук жооп бербей качып кетти. Мындай чоң маселелерди эрте айтып, эрте эскертиши керек эле.

Бакыт мырза, аз күн мурун журналисттер депутаттардын сөз эркиндигине каршы кабыл алган мыйзам долбооруна каршы болуп, президентке кайрылуу жолдогону турушат. Андан тышкары, жакынкы күндөрү Ак үйдүн алдына тынчтык митингине чыгабыз деген иш - аракетине кандай баа бересиз?
- Негизи мен бул мыйзам долбооруна каршы чыккан саналуу депутаттардын биримин. Бул мыйзамга долбоорун алып чыккандар көп учурда түз айтышпай, журналисттерге тиешеси жок дегендей кылып жатышат. Алар канчалык жашырбасын, канчалык башкача айтпасын, баары бир ал сөз эрикиндигине зыяны тие турган мыйзам экени ачык эле көрүнүп турат. Мен журналисттердин президентке кат жолдоп, митингге чыгабыз дегенин колдойм. Себеби, биздеги эң чоң жетишкендик - бул сөз эркиндиги! Мына ушуну сактап калышыбыз зарыл! Менин оюмча, президент бул мыйзамга кол койбойт. Анткени, демократиялык пиринциптерди туу туткан, ар нерсеге калыс караган адам. Чынында, журналисттердин иликтөөсү, жумушу болбогондо Аксы окуясынын, 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы революцияларынын көптөгөн купуя сырлары толугу менен ачылбай калмак. Бир сөз менен айтканда, ал окуяларга журналисттердин салымы чоң. Ошондуктан, эски бийликтин тушунда "сөз эркиндиги жок, журналисттер куугунтукталып, сабалып жатат" деп кыйкырып жүрүп, эми гана сөз эркиндиги орногондо минтип аны мыйзам менен муунтуп жатканыбыз жалпы коомчулукка да жакпайт. Туура, айрым ЖМКлар чектен чыккан учурлар болуп жатат, бирок андайларды тизгиндей турган ЖМКнын өзүнүн мыйзамы бар да. Мурун коомчулук гезиттерге жазылган ушактарга ишенсе, азыр ишенбейт. Неге дегенде кайсы гезит, кайсы маалымат булагы калп айтып, кайсынысы чын айтып жатканын ажыратып билип калды. Биз, кандай болгон учурда да "Көч бара-бара түзөлөт" деген сөздү эске алышыбыз керек.
- Текебаевдин экология маселеси боюнча салыктын наркын эселеп көбөйтүү боюнча алып чыккан мыйзамы коомчулукта кызуу талкууланууда. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Туура мыйзам. Мындай мыйзамды эчак эле кабыл алып койсок жарашмак. Карап көрсөк, бизге келип ар кандай кендерди иштеткен компаниялар экология маселесин такыр эске алышпайт. Биз да буга чейин жакшы көңүл бурбай келдик. Айрым учурларда гана ызы-чуу, талаш-тартыштар болуп келатат. Канчага чейин экологиябызды талкалап, булгай беребиз. Айрымдардын бул мыйзам долбоору инвесторлорду качырат, башкалар да бизге келбей коет деп айтып жатышканы менимче туура эмес. Антип, инвесторлордун таламын талаша берүү биздин мамлекет үчүн пайда эмес. Тескерисинче, экология маселесин жөнгө салган мыйзамдарды кабыл алып, талапка ылайык иштетип алганбыз өлкө үчүн чоң пайда.
- "Кыргызгаз" "Газпромго" өтөөрү менен өзбектер Ошко газ берүүнү токтотуп койду. Депутаттар бул боюнча кандай чараларды көрүп жатат?
- Өзбекстан: "Кыргызгаз башка ишканага өткөндө, ал компания биз менен жаңы келишим түзүшү керек" деп айтып жатат. Демек, "Кыргызгаздын" жетекчилиги бул маселени эчак эле "Газпромдун" жетекчилигине түшүндүрүп айтышы зарыл болчу. Бул жерде "Кыргызгаздын" жетекчилиги шалаакылык кылып коюшту го. Уялбай Калмурзаев парламентте: "Менин тиешем жок, муну "Газпром" чечиши керек болчу"- деп депутаттардын суроолоруна толук жооп бербей качып кетти. Мындай чоң маселелерди эрте айтып, эрте эскертиши керек эле. Эгер жакшылап киришип териштирип койсо, буга ким күнөөлүү болуп, кагазды кимдер даярдаганы тез эле ачыкка чыгып калат.
- Энергетика министрлигинин электр энергияга болгон тарифти кымбаттатууга аракет кылышууда. Бул маселени депутаттардын басымдуу бөлүгү колдобосо керек...
- Мен Энергетика министрлигинин бул демилгеси парламентте колдоо таппайт деп ойлойм. Мына министрлик негизги тарифти бир башкача, эксперттер бир башкача айтып жатышат. Эл кимисине ишенээрин билбей башы маң болууда. Азыр министрлик эмнени ойлоп жатканын ким билсин. Бул демилгеси парламенттен колдоо таппай калса, кийинчерээк акча түшпөй калды, жабдыктарды алууга акча жок деп, ар кайсы шылтоону айтышы толук мүмкүн. Бирок кандай болгон учурда да биз электр энергияга болгон тарифти кымбаттатууга жол бербешибиз зарыл. Андан көрө, энерго тармактагы Ширшовдун ж.б. коррупциялык схемаларын жоюунун жолдорун таап, ачыкка алып чыгышыбыз керек. Бул тармакта жеп-ичкендерди катуу жазалап, катуу көзөмөл менен иштетишибиз абзел. Ошондо энерго тармагы кыйла оңолмок.
- "Ар-Намыстын" өкмөттөгү эки вицеси менен Маданият министрлигин басып жыгылган Талиевага коомчулук терс көз карашын билдирип, ушул күнгө чейин катуу сынга алышууда. Бул боюнча эмне дейсиз?
- Маматалиевди, Дилди, Талиеваны тандап аланыбыз - бул фракциянын чечими болду. Ооба, ошол кезде ар кандай сөздөр айтылып, ар кандай талаш-тартыштар болуп кетти. Ошондой болсо да, булардын иштеп жатканына аз эле болду, эми жок дегенде 100 күн иштешсин. Анан кандай иштеп, ишти кандай баштаганы байкалып калат. Азырынча сын айтууга эртелик кылат.
- Спорт тармагын жакшы билген адам катары айтсаңыз, Дене тарбия агенттиги көптөн бери жетекчиси жок олтурат. Андан тышкары Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилигине кимди татыктуу деп эсептейсиз?
- Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси көпкө шайланбай, абдан көп талаш-тартыш болуп кеткенден кийин, парламент агенттиктердин жетекчилерин шайлоо, тандоо маселесине кийлигишпей калды. Ал укук азыр толугу менен өкмөткө өткөрүлүп берилди. Өкмөт Дене тарбия агенттигинин жетекчисин жакынкы күндөрү шайлайт. Азыр 3-4 адамдын талапкер болуп чуркап жүргөнүн билем. Негизи эле өкмөт ушул спорт тармагына жакшы көңүл бурбай жатат. Спортко кайдыгер мамиле жасаган болбойт. Анткени өлкөнүн ар-намысы дал ушул спорт тармагы менен тыгыз байланыштуу да.
Ал эми Улуттук олимпиада комитетинин жетекчисин шайлоого да аз эле күндөр калды го. Ага да талапкер болобуз деп талпынгандарды угуп жатам. Бирок менимче, ал кызматка Аскар Салымбеков ылайык го дейм. Себеби, ал киши меценаттык иштерди да кылып, спорт тармагына жакшы каражат сарптап жүрбөйбү. Андан тышкары кыргыз спортуна эмгеги терең сиңген Шаршен Касенов деген агайыбыз бар. Ал кишинин талапкерлиги да абдан татыктуу экени жалпыга маалым.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев