меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Кылымдын кылмышы...
Ак-Түздөгү афера же израилдик "инвестор"
Эсил кайран СССР заманы Кыргызстанга эң бир укмуш, уникалдуу заводдорду, фабрикаларды куруп берип кетпедиби. Ошолордун арасында Кыргыз тоо-кен металлургиялык заводунун курамындагы Ак - Түз тоо-кен байытуучу фабрикасы да бар эле. Совет мамлекети ураган соң, аталган комбинат биздеги далай ишканалардын ишпалдасын чыгарып, жаназасын окуган айтылуу "ПЕСАК" программасына киргизилген. Кайра курууга багытталган бул программадан Ак-Түздүн дагы жолу болбой, орто жолдо калган. Ошентип оор абалда турган Ак-Түз мамлекеттик акционердик коомуна 1998-жылы бир еврей ишкер кол сунду. Мамлекеттик мүлк фондусуна израилдик бизнесмен Берти Синбети башчылык кылган "S.H.G. Golden & Silver Ltd" компаниясы кайрылып, "Ак-Түз" МАКтын акцияларын сатып алуу ниетин билдирет. Өлөсөлүү өндүрүштү бир заматта тирилтип, сейрек кездешүүчү металлдарды казуу ишин толугу менен калыбына келтирип, фабриканын андан аркы өнүгүүсүнө деп 3 миллион АКШ долларын, андан тышкары уулуу заттарды сактоочу жайлардын ремонтуна деп 200 миң доллар жумшоо ниети бар экенин билдирип, бизнес планын алдыга таштайт. Мамлекеттик мүлк фондусу 2 айдын ичинде "Ак-Түз" МАКтын 70,78 пайыз мамлекеттик акциясын "S.H.G. Golden & Silver Ltd" компаниясына болгону 20 миң долларга сатып таштаган. Ал кезде фабриканын уставдык капиталынын 20 гана пайызы 20 миң долларга бааланып жаткан. Берти Синбети Ак-Түздү ит бекер алып гана тим калбастан, миллиондогон жашылбайлар жазылган бизнес планды ишке ашыруудан баш тартып, фабриканы алтын казуу багытына оодарып, акчаны оңоюраак табуу жолуна оойт. Берти Синбети "Ак-Түздү" алган соң, ал жакка инвестиция жумшамак турсун, 1999-2002-жылдар аралыгында фабриканы биротоло итке мингизип, ири жүк ташуучу унаа паркындагы 12 даана Белазды, 1 бульдозерди, 4 экскаваторду арзан баада соодалап таштаган. Мындан тышкары фабриканын 3834,7 миң сомдук 191 даана мүлкү жок кылынып, уулуу заттарды сактоочу жайдын ремонтуна бир дагы сом жумшалган эмес. Мамлекеттик мүлк фондусундагы биздин билермандар мунун баарын көрүп-билип турса дагы унчукпай отуруп беришкен. Бирок Ак - Түздөгү жергиликтүү элдин жана заводдун жумушчуларынын жанагы еврейдин ээнбаштыгына нааразы болгон кайрылууларынан кийин ал жактагы итчиликке көңүл бурууга аргасыз болушкан. Бирок далайдын эбин тапкан Берти Синбети биздин чиновниктерди бир заматта чимирилтип, алар жумшаган миллиондогон инвестициялар Израилде иштеп жатканын айтып, фабрикага дагы 2 миллион доллар акча жумшайм деп биздикилердин көңүлүн жубатып жолго салган. Бирок 2 миллиондун 2 тыйыны да коротулбай, Израиль инвестору дагы деле өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип коюп, оокатын кыла берди. Албетте акылы ашып ташыган, балакет акылдуу еврей болсо дагы мындай өзүм билемдикти биздин өкмөттөгүлөрдүн колдоосу жок кыла алмак эмес. Ал "каапырды" калкалаган ошол кездеги Чүйдүн губернатору, андан кийин өлкөбүздүн өкмөт башчысы Курманбек Бакиевдин өзү болгон.
Чет элдик басылмаларда Берти Синбети Кыргызстандагы чиновниктерди кыдырекей тизип алганын, Курманбек Бакиев менен өтө жакын экенин айтып мактанганы бар. Мисалы ошол эле еврейлердин "Globes" басылмасында "Мен алты жыл Курманбек Бакиевди коштоп жүрдүм. Мен анын биринчи кеңешчиси болчумун, өтө жакын адамы болчумун. Мен Кыргызстандын королу болуп алдым. Анткени мен аларга сөзүм бар экенин, сапырылган акчам бар экенин көрсөттүм. Чемодан менен акчаны алдыга сунуп койсоң эле бүттү" - дептир Синбети мырза.
Синбетинин оюнда башынан эле алтын-кен фабрикасын калыбына келтирүү ниетинен мурун оңой акча табуу максаты биринчи орунда болгон. Фабриканы ит бекер сатып алып, андагы сатууга жарактуу кыбыр эткендин баарын сатып түгөтүп, өзү жумшаган акчага кошуп, бир топ пайда көрүп алды. Анан "ити жок же ит байлаган жиби жок" абалында калган, таланып-тонолгон фабриканы Израилдеги олигарх жердеши Лев Леваевге "Кыргызстанда запасы 100 тонна алтыны бар тоо-кен фабрикам бар" - деп алдап туруп, акцияларынын көпчүлүгүн оңбогондой суммага сатып ийгенге жетишкен. Кийинчерээк Леваев 100 тонналык алтын кени бар укмуштуудай фабрика Берти Синбетинин жөн гана жөө жомогу экенин, анда болгону 6 тоннага жетпеген алтындын запасы бар экенин түшүнүп чуу салган соң, Берти бет тырмарлык кылып Леваевдин өзүн "кендин запасын атайылап аз айтып жатат, компанияны банкротко учуратты ж.б." - айыптарын тагып, сотко берген. Берти Синбетинин Леваевге койгон доосу аз эмес, көп эмес 2,5 миллиард шейкел же 650 миллион доллар болгон. Леваевди сызга отургузуу операциясында Берти Синбети Максим Бакиев менен дагы табакташ болуп, анын колдоосу менен иш жүргүзгөн деген да кептер бар.
Эки еврейдин эрегишинен дагы бизге фабриканын келечеги, ошол фабриканын аркасы менен түптөлгөн Ак-Түздөгү бүтүндөй бир кыштактын элинин турмушу кызык. Фабриканын кийинки тагдыры эмне болду? Берти Синбети менен Лев Леваевдин соттук териштирүүлөрү катуу күч алып, ишкананын карызы асманды чапчып, кызматкерлер бир нече айлап айлыксыз калганда, өздөрүнүн иши сотко өтүп, КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиги алардын лицензиясын кайтарып алган. 2008-жылы "Ак-Түз" ААК банкрот деп табылып, калган-каткан активдери ачык аукциондо орусиялык инвесторго сатылган. Алардын атайын администратору мамлекетке келтирилген чыгымдын кайсы бир бөлүгүн ордуна коюу милдетин алып, калган активдерди сатуудан түшкөн 31 миллион сомду өлкө казынасына төгүп беришкен. 2009-жылдан баштап, ошентип орусиялык "Гео Резерв" ишканасы эч нерседен шек албай, ишти кызуу баштаган.
Ошентип, 2010-жылдын апрелиндеги элдик революциянын эртеси далайдын эбин тапкан, сүйлөсө тилинен чаң чыккан, "эскимосторго музду мактап сатып ийген" таланты бар Берти Синбети кайрадан Кыргызстанда пайда болуп, Бакиевдердин бийлигинен кордук көргөн, алардын куугунтугуна кабылган байкуш-инвестор кейпин кийип, лицензиясын орустар сатып алып, иштетип жаткан "Ак-Түздү" кайтарып алуу амалын ойлой баштайт. Бакиевдер менен убагында бакылдап чогуу жүргөнүн айткысы келбей, алардан кордук көргөнүн кайра-кайра айтып, сотторго арызын катары менен жазып отуруп, өзүнүн чырлуу "Golden & Silver ltd" компаниясын орусиялык ишкана рейдерлик жол менен басып алганын арман кылып, күч органдарына арыз жазат. Бирок Башкы прокуратура бул боюнча иш козгоодон баш тартат. Бирок акыры 2011-жылдын январь айында Башкы прокуратура Жаратылыш ресурстары боюнча министрликтин мурдагы башчысы Капар Курманалиевге "Golden & Silver ltd" компаниясынын лицензиясын мыйзамсыз жокко чыгарган деген айыпты тагып, кылмыш ишин козгошкон. Берти Синбетинин арызы менен Башкы прокуратура, Каржы полициясы, УКМК жаңы инвестор "Гео Резерв" ишканасы "Golden & Silver ltd" компаниясын рейдерлик жол менен басып алганын иликтеп-изилдөөнүн үстүндө иштеп жатышат. Берти Синбети "орус инвесторлору олигарх Лев Леваев менен биргелешип алып, ушул иштин баарын былгытып мени оюндан чыгаргысы келип жатат" деген оюн ортого салып жатат. Муну менен миң түркүн айла амалдын ээси Берти мырза бир ок менен эки коенду, тагыраагы азыркы орус инвестору менен жердеш-душманы Лев Леваевди "атып түшүргүсү" келүүдө.
Ошентип орто жолдон пайда болгон Берти орус инвесторлорунун ишин үзгүлтүккө учуратып, 2010-жылдан бери иши алдыга жылбай токтоп калды. "Гео Резерв" ишканасы 2011-жылдан бери соттон сотко сүйрөлүп отуруп, фабрикадагы эмгектин баары талаага кетчүдөй болуп жатат. А чынында орус инвесторлору "жалганчы инвестор" Берти Синбетиге караганда чыныгы инвестор экенин сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да аз убакыттын ичинде далилдеп салды. Жергиликтүү эл менен дагы жеткиликтүү иш алып барып, бир топ социалдык-экономикалык маселелерин чечип берип, калктын алкышын алган. Маалымат үчүн айта кетсек, 2009-жылдан иш токтогонго чейин орусиялык "Гео Резерв" ишканасы фабриканын өзүнө 2 миллион 740 миң доллар жумшаган. Мындан тышкары ошол аймактагы кен байлыктарды чалгындоо ишине да миллиондорду аянбай коротуп элдин да, өздөрүнүн да ишин алдыга жылдырып жатышкан. Мисалы Долпран кенине 6 562 258 доллар, Каматору кенине 2 267 653 доллар, Тасакеминге 1 108 395 доллар жумшашкан.

(Уландысы кийинки санда)
Жанкороз ЭСЕНГЕЛДИЕВ








Яндекс.Метрика