меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Эсенаманов акталды
Коррупцияга каршы күрөш жүргүзөбүз деп 20 жылдан бери коомубуз жыдып бүттү. Исхак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот"- деген таамай сөзү коррупционерлердин осуятына айлана алган жок. Коррупцияга каршы күрөштүн башаты башталды. Миллиондорду мойсоп, кекиртеги керней болгон чыт курсак чиновниктерди четинен тазалай баштаган менен аларың, "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болушуп, тууган-урук, жердештерине таянып чуу салышып, бийликке ар түрдүү талаптарды коюшуп, кан жолду бууп, камакта жатып алышып да элге зыян келтирип жатышат. Ал тургай элди бөлүп- жаруу саясатынан да кайра тартышкан жок. Ушул жагдайды эске алганда, бир жыл мурун мыйзамсыз жол менен лицензияларды берген деген күнөө менен камакка алынган Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-жетекчиси Замирбек Эсенаманов алкы бузуктарга үлгү көрсөтчү сапатын көргөзө алды. Акыйкат үчүн айтып коюшубуз керек, Замирбек Эсенаманов камалган күндөн тарта ызы-чуу салган жок. "Саясий куугунтук эле, саясий куугунтук"- деп бийликти алкымдан алган бир да маек берген жок. Тууганынын да, элинин да тынчтыгын бузбай, өзүнүн ак экенин мыйзам алкагында далилдөөгө аракет кылып келет. Бүгүнкү коомго мына ушундай кадамдар керек. Мыйзамдуу жол деген түшүнүк коомдо калыптанмайын Кыргызстан оңолбойт. Көрсө, ким актыгына ишенсе, мыйзамдуу жол менен далилдесе болот тура. Дегенибиз, Эсенамановду Бишкек шаардык соту актады. Эми Жогорку Соттун чечими калды. Ал жактан акталабы же камалабы азырынча белгисиз.


Мырзакматовдун жээнин атышты
Ошто Мырзакматовдун жээнин атып кетишкен. Ал катуу жараат алып, азыр Оштогу оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат экен. Ал атылган жерде 16-калибрдеги мылтыктын эки гильзасы табылган.1975-жылы туулган Садиев Жеңиш аттуу ал жигит мусулманчылыкка берилген, анан да машина алып-сатып турмуш өткөрчү экен. Жээнин атканын уккан Мырзакматов дароо эле: "Аткандар мени коркуткусу келип жаткан болуш керек" деп аброюн бир көтөрүп алды. А балким, жээни соодадан чыккан чырдын "курмандыгыдыр".


Кимдер ОБОНчу болду?
"Адилет" укук клиникасынын деректири Чолпон Жакупова "акыркы убакта өкмөттүк эмес уюмдар ОБОНчуларга айланып баратат.Азыр ар бир саясатчынын өзүнүн өкмөттүк эмес уюмдары бар" деген менен баштап, ал тарапты катуу сынга алды. Өзүнүн ишин терең айткан жок.


Балтабаев неге "бакырды"?
Өткөн жумада Ташболот Балтабаев айрым кесиптештеринин короосуна таш ыргытып, Кыргызстанга дары-дармектин баарын Осмонбек Артыкбаев менен Дамира Ниязалиева ташып келет дегенди кыйыткан. Көрсө, өзү деле бул тармакта оңой эмес бизнесмен экен. Кыргызстан боюнча 15ке жакын дары-дармек түйүнү бар дешет. Баткендин өзүндө эле Балтабаева Саадаткан, Нуралиева Айнакан Балтабаевналардын наамындагы дары сатуу менен шугулданган жеке ишканалары, Ташболот Балтабаевдин Баткендеги коомдук кабылдамасы болгон "Аклион" аптекасы бар. Демек, КСДПдагы эки дарыгер-саясатчы Ташболот Балтабаевдин саясаттагы гана эмес, бизнестеги дагы атаандашы экен.


Журналисттер митингге чыгат
29-апрель күнү 20дай журналист "Фабула" гезитинин редакциясына чогулуп, жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттары ЖМК тууралуу кабыл алынган мыйзамга каршылыгын билдирип, кызуу талкуу өткөрүштү. Бул күнү чакан кеңседе кызыктуу сунуштар айтылып, пикир алмашуулар болду.
Эске сала кетсек, Эристина Кочкарова башында турган ондон ашык депутат "жалган маалымат тараткан журналисттерге 100 миңден 300 миң сомго чейин айыпка жыгуу же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу" деп акылга сыйбаган мыйзамды демилгелеп чыгышкан. Акылга сыйбаган дегенибиздин бир жөндүү себеби бар, анткени, КР Баш мыйзамынын 33-беренесинин 5-бөлүмүндө: "ММК өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт" - деп бакыйып жазылып турат. Демек, бул мыйзам Баш мыйзамга карама-каршы келе турган, сөз эркиндигин чектеген мыйзам. Ошондуктан, Кыргызстандын журналисттери Президент Атамбаевге ачык кат жазып кайрылганы турат. Андан тышкары, жакынкы күндөрү (болжол менен 10-майдын тегереги) Ак үйдүн алдына тынчтык митингге чыкканы турушат. Ал эми 3-май Эл аралык Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата бардык журналисттерди Чапаев-Айни көчөсүнүн кесилишиндеги журналисттердин аллеясына ишембиликке жана флешмобго чакырабыз.


ЖОЖдордун баарында коррупция
Парламент спикери Асылбек Жээнбеков "Кыргызстанда эки эле университетте коррупция жок" дегенин айтып жүрөк түшүрдү. Кээ бир ЖОЖдорду жоюш керек деди депутат Мыктыбек Абдылдаев.
Ыя, улуу урматтуу Канат Жалилович, спикер туура айттыбы же аша кеттиби деп муну уккандын баары эле чындык издеп убара. Сиз министр катары, "туура же туура эмес" деп биздин гезитке айтып бербейсизби?


"Бекназаров былжыраптыр"
Ушундай ылаачындай тийген сонун кебин айтты, кайран Текебаев! Көрсө, Бекназаров: "Үзөңгү-Куушту сатаарда Текебаев жок кворумду бар кылып, Акаевден "Эмгек сиңирген юрист" деген наамды алган" деп бир гезитке айтып бериптир да. Ошондо Текебаев мырза: "Бекназаров былжыраптыр, мен ал наамды андан эки жыл мурун эле алгам, китебинде да ошентип жазыптыр. Аны сотко берем, мурун да бир ирет сотто утуп алгам" - деди. Деги жакшылык эле болсунчу…


Турсунбеков менен Исаков "чырт" этишти
Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында Асия Сасыкбаева "жогорку кызмат адамдарына жана депутаттарга кылмыш ишин Башкы прокурор гана козгойт" деген мыйзам долбооруна тынчсызданып жатканын билдирип, "эгер коррупционер прокурор келсе эмне болот?" дегенин айтты эле, долбоордун автору Исмаил Исаков: "Баары депутат менен фракцияларга байланыштуу, эгер алар бүгүнкүдөй иштесе коррупционер прокурордун келиши толук ыктымал"- деди. Бул сөзгө КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков чыдабай кетип: "Сиз үчүнчү жолу коалициянын курамына кирип жатасыз, муну менен катар фракциянын ишине катышкан жоксуз. Эгерде фракция кандай иштеп жатканы сизге жакпаса, андан чыгыңыз" -деп чырт этти. Өз фракциялаштарынын арасында "ала карга" болуп жүргөн генерал-депутат "Фракциядан чыгыш керекпи, жокпу, өзүм билем" деп ачуусун агытып турду.


Матрезерв-майталкан
Депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңеш жыйынында: "Матрезервди башкарган ар бир жетекчи каалагандай жеп туруп байып кетет. Аны эч ким текшере албайт. Ал деген мамлекеттик сыр…" - деп далай фактылардан айтты. Чын эле бул кызмат далай чиновниктин капчыгын калыңдатууга эң эле ыңгайлуу жер экенин билебиз. Матрезерв менен УКМК башчылары табакташ болуп, ушуга чейин канча пайда табышты экен?






Яндекс.Метрика