Эл эмгектен эскерсин...
Таттыбүбү Турсунбаеванын
эстелиги элге жакпай калдыбы?
Мурда күнү кыргыз маданиятында чоң жаңылык болду. Тактап айтканда, кыргыз сахнасынын чолпон жылдызы Таттыбүбү Турсунбаеванын эстелиги Кыргыз Улуттук драма театрынын жанындагы чакан гүлбакта ачылды. Далайларды суктанткан эжекебиз тирүү болгондо быйыл туура 70 жашка толмок. Айрым маалыматтарга караганда, Турсунбаеванын бул мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленери айтылууда.
Айчырай эжекебиздин бул эстелигин бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев менен анын жубайы көп эмгек жумшап тургузушканын баса белгилеп айта кетели. Нуркан аганын айтымына караганда, эгер жер тилкеси убагында берилгенде эстелик 6 жыл мурун эле ачылмак экен. Элден - журттан сурап, колунда бар байларды демөөрчүлүккө үндөп жатып, айтор бул эстеликти тургузууга бир топ эле акча чогулуптур. Шаардык мэрия 3,5 миллион сом которгон. Айкелди скульптор Таир Медеров менен Өмүрбай Үсөбаев жасаган. Эстелик колодон жасалып, бийиктиги 5 метрге жетет. Бул салтанатка Карганбек Самаков, Дамира Ниязалиева баштаган бир катар депутаттар, Эрнис Турсунов, Бексултан Жакиев баш болгон маданият тармагынын көптөгөн аттуу-баштуу инсандары, ошондой эле Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү, Жумгал районунун акими жана жалпы эле Таттыбүбү эжекебиздин талантына таазим кылгандар катышты. Сөз алып сүйлөгөн инсандардын баары бирде Турсунбаеванын талантын, адамгерчилигин, сулуулугун укмуш айтышып, карындашынын эстелигин тургузган Нуркан ага менен анын жубайына ыраазычылык билдиришти. Бирок бири да: "Эстелик Таттыбүбүгө окшошпой калыптыр" деп ачык айтууга батына алышпады. Кыязы, Турсунбаеванын туугандарынын көңүлүн оорутуп албайлы дешти окшойт. Бирок элдин оозун ким тыймакчы, четте карап турган элдин көпчүлүгү шыпшынышып: "Таттыбүбү эжебиз мындай эмес болчу, окшобой калыптыр. "Ак-Мөөр" же "Отко таазим" киносундагы образынан алып жасашса болмок экен" - деп бир топ кейип алышты. Алардын арасында мен өзүм да нааразы болдум. Ушунча чыгынганга караганда абдан мыктылап, эл мактап айта жүргөндөй жасалса не?
"Сөз чынынан бузулбайт" демекчи, чынында эле эстелик эжекебиздин элесине окшобой калганы көрүнүп турат. Мына Уркуя Салиеванын эстелигин караңыз. Аны Турсунбаева аткарган "Отко таазим" киносундагы Уркуянын образынан алып жасашкан экен, жыйынтыгында эстелик мыкты болду.

Асел Эшимбекова, кызы:
- Апам кино жана театрда жылдызы жанып турган учурда дагы жөнөкөйлүктөн тайган жок. Ал атак-даңкка манчыркаган эмес. Апам менин эсимде жаш жана сулуу бойдон калды. Биз Канат экөөбүзгө таланттуу инсандар Таттыбүбү Турсунбаева менен Имаш Эшимбековдун уул-кызы болуп калганбыз чоң сыймык. Бирок бир чети жоопкерчиликтүү. Мындай чоң таланттардын ысымы, элге калтырып кеткен эмгеги бизге ар дайым чоң дем берип турат. Орусча айтканда биз үчүн "бренд" болуп калды.

Канат Эшимбеков, уулу:
- Апам өзүнүн кыска өмүрүндө өз элинин эсинен чыкпай турган мыкты ролдорду жаратып, өз ысымын тарыхка жазып кетти деп ишенимдүү айта алам. Апабыз тирүү болгондо быйыл жетимишке чыкмак. Ал эми атабыз Имаш быйыл 22-майда 75 жашка толмок. Чынында азыр кыргыз маданиятынын жетишкендиги анча эмес. Бирок мен кыргыз маданияты мындан ары өнүгүп, бир кезде апамдар иштеп турган мезгилге кайтып келет деген үмүтүм бар. Мен апабыздын эстелигине демөөрчү болгондордун баарына чоң ыраазычылык билдирем.

Кыска өмүрү
жана бай чыгармачылыгы

Таттыбүбү эжебиз 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Аталган айылдагы орус орто мектепте окуган. Алгач ал
16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу роль ойногон. 1961-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский институтунун "Драма жана кино актеру" факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүп келип 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген. Ушул жылы актер Имаш Эшимбековго турмушка чыккан.

Театрда ойногон ролдору: Кар ханышасы - ("Кар ханышасы", авт.Е.Щварц), Бьянка - ("Азоого чалма", авт.У.Шекспир) Нази - ("Эрөөл", авт.М.Байжиев),Бүбү- ("Осмонкул", авт.К.Маликов), Төрөкан - ("Өлбөстүн үрөнү", авт.А.Токомбаев), Гүлмайра - ("Жыгылган оогонго күлөт", авт.Т.Абдумомунов) Лайлум - ("Ак боз ат", авт.Ш.Садыбакаов), Эркеайым - ("Ак боз ат", авт.Ш.Садыбакаов), Жульетта - ("Ромео менен Жульетта", авт.У.Шекспир) Дездемона - ("Отелло", авт.У.Шекспир) ж.б. бардыгы болуп 20дан ашык спектаклдерде башкы ролдорду ойногон.
Ал эми кинодо: "Салиманын ырында"- Салиманын, "Эң тил алчаак" - Айзаданын, "Саманчынын жолу" - Жаш Толгонайдын, "Ак-Мөөрдө" - Ак-Мөөрдүн, "Отко таазимде" - Уркуянын, "Ак куулар конгон айдың көлдө" - Зейнептин, "Атадан калган туяк" - Жээнгүлдүн, "Сүйүүнүн жаңырыгы" - Асиянын, "Кызыл алмада" - бейтааныш сулуунун, жана "Арман", "Алтын күз",- "Процесс" (1979-жыл) кинолору Таттыбүбүнүн акыркы тартылган кинолору болуп эсептелет. Турсунбаева мына ушунча ролду болгону 15 жылдын ичинде аткарып, 1983-жылы 37 жашында дүйнө менен кош айтышты.
Тилекке каршы, Таттыбүбү эжекебиздин эмгеги тирүү кезинде мамлекет тарабынан бааланбай калды. Бирок элдин эсинде түбөлүккө чыгаан актириса, сулуулардын сулуусу, сахна ханышасы катары калды.

Айбек Шамшыкеев





Шам...
"Өнүгүү-Прогресс" элетти өнүктүрөт
Талас областынын Кара-Суу айылында "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын онунчу МТС - машина трактордук станция ачылды. МТСтин курамында шаймандары менен толук жабдылган 3 трактор бар, жакынкы келечекте алардын санын беш даанадан ашыруу максатталууда.
Алып келинген техника - жаңы үлгүдөгү Белорусияда өндүрүлгөн тракторлор жана айыл чарбада керектелүүчү Германияда, Түркияда жасалган шаймандар. Жаңы тракторлор бышык жана үзгүлтүксүз иштөөгө даяр. Ал эми шаймандары, мисалы жер сепкичтер - совет үлгүсүдөгү техникадан эки эсе үнөмдүү.
Жаңы МТСтин ачылыш аземинде "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев, Кыргызстанга алып келинген техниканын элет элинин жашоосуна болгон таасири орчундуу экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө: "Өлкөбүздүн дээрлик бардык региондорунда биздин МТСтер бар. Алар 20 000 ашуун үй-бүлөгө айыл чарба кызматтарын арзан баада көрсөтүп келүүдө. Жыйынтыгында карапайым эл 50 миллион сомдон ашуун каражатын үнөмдөп калды. Биз негизги эки максатка жеттик. МТС бар жерлерде жер иштетүү баалары арзандап, төмөндөдү жана мурун иштетилбей калган жерлер иштетилип, түшүм бере баштады", - деп маалымдады.
Жергиликтүү тургундар жаңы МТСтин дал Талас жергесинде ачылышына абдан кубанычта. Биз сүйлөшкөндөрдүн көбү ыраазы. Бул туурасында Кара-Суу айылынын тургуну Мелис Баратов: "Өз учурунда жерди айдап, өз учурунда үрөн себилсе дыйкан байыйт. А бизде кандай болуп жатат. Трактор жетишсиз болгондуктан, кечигип калгандар да болуп жатат. Ошондуктан үч трактордун келиши абдан жакшы болду", - деп билдирди.
Учурда "Өнүгүү-Прогресс" партиясы өзүнүн айыл чарба стратегиясын жүзөгө ашырууда. Калың элдин арасында айтылгандай, өкмөт 20 жылдан бери көңүл бөлбөгөн, айыл чарба министирлигинин бары-жогу сезилбеген тармакта, "Өнүгүү-Прогресс" партиясы жигердүү иш алып барууда.
Адистердин баамында, бул атаандашдык эмес. Тескерисинче, "Өнүгүү-Прогресс" партиясы башка партияларга үлгү болуп, колунда бар ишкер адамдарды айыл чарба көйгөйлөрүн чечүүгө чакырууда жана дагы, айыл чарба министрлигин аталган атын актап, кыргыз элинин турмушундагы стратегиялык тармакта активдүү болууга үндөп турган маалы. Жазында дыйкандын бир күнү бир жылга тете...
Мыктыбек Эсенов