Калыкбек Султанов, Транспорт жана коммуникация министри:
"Кара тизмеден быйыл чыгышыбыз мүмкүн... "
- Калыкбек мырза, түндүк-түштүк жолунун курулушу башталганы менен, ага сарптала турган жалпы каражаттын жарымы эмдигиче табыла элек. Алгач ушул тууралуу айтып берсеңиз?
- Бул жолду салууга жалпысынан 850 миллион доллар керек. Былтыр 400 млн. долларды Кытайдын Инэксим банкынан 20 жылдык мөөнөт менен насыяга алдык. Ал акчага Жалал-Абад шаарынан Казарманга чейинки 142 чакырым жол, 3700 метр туннели менен, андан тышкары Жумгалдын Кызыл-Жылдыз менен Арал айылынын ортосундагы 12 чакырым жол бүтөт. Жалпы жолду биз үч фазага бөлгөнбүз. Экинчи фазасы Нарын дарыясын, Көкө-Меренди жээктеп Аралга чейин барат, ал жаңы жол 96 чакырым. Ошол жолго алдын алуу эсептөөлөр боюнча 300 млн. доллар керек. Калган үчүнчү фазасы: Аралдан баштап Кочкор-Балыкчы жолуна 150 млн. доллар керектелет. Азыркы биздин негизги максат экинчи фазага акча табуу. Азия өнүктүрүү, Бүткүл дүйнөлүк, Евразиялык ж.б. банктар менен сүйлөштүк. Бирок алардын жол-жобосу боюнча жаңы жолго насыя берүү процесстери абдан узак экен. Ошондуктан кайра эле Инэксим банкка кайрылсакпы деп, ошол багытта иштеп жатабыз. Андан тышкары Япония менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча толук чечиле элек. Буюрса, быйыл экинчи фазага да акча таап, баштап жиберсек жакшы болот эле. Биз 2018-жылга чейин бул жолду толугу менен салып бүтүшүбүз абзел. Жол салуу иштеринде болжол менен 250 - 270 ар кандай техника иштеп, келишим боюнча жумушчулардын 70 пайызы жергиликтүү элден болушу керек. Жол өзү 2-категорияда салынып, туурасы 15 метр, калыңдыгы 15 сантиметр болот. Мурунку жол он тонна жүккө ылайыкталса, бул жаңы жол 11,5 тоннага ылайыкталып жатат.
- Сөзүңүзгө аралжы. Кара-Кечеден Бишкекке 50-60 тонналап көмүр тартып жаткан 100дөгөн чоң машинерлер бул жолду кайра эле талкалап салышат да..
- Туура айттыңыз. Кара-Кечеден Балыкчыга чейинки жол үчүнчү фазага кирет. Бул багытта өзгөчө иштерди жасабасак болбойт. Биздин министрликке өкмөт, ИИМ, жергиликтүү бийлик дагы жардам бериши керек. Жакында Кара-Кечедеги негизги таразаны бери ылдый оозуна жылдырабыз. Бүгүнкү күнү электр энергия, жер маселесин чечтик, азыр өкмөттүн токтомун күтүп жатабыз. Себеби, буга чейин карьерден чыккан машинелердин бири таразага түшсө бири түшпөй, ар кайсы жакка бурулуп таптырбай кетишчү да. Эми мындан ары андай болбойт. Ар бир көмүр тарткан машине таразага түшөт. Талап 24 тоннадан ашпашы керек. Бирок, биз ал Кара-Кече жолунда гана эмес, республиканын ичиндеги айрым тиешелүү жолдорго да тараза коюп, айтор жолдорду көзөмөлдөө маселесин катуулатабыз. Бул боюнча сынак жарыялдык. Учурда Австриялык, Словакиялык компаниялар өздөрүнүн сунуштарын берип жатат. Алардын жабдыгын постторго койсок жакшы болгону турат. Жакшы жери машине келатканда эле ал боюнча бардык маалыматтарды компьютер көрсөтүп, эсептеп турат экен. Кыскасы, ал жерде адамдык фактор жок болот. Ал жабдыктын жалпы суммасы орто эсеп менен 700 миң евро экен, алар бизге жеңилдетип лизингге берип жатышат. Ошону биз Сосновкага, анан 103-чакырымга коёлу деген максатыбыз бар. Бирок бул иш-аракетибиз да жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Анткени, ар кандай карьерлерде тартип жок. Ким өз машинесине канча тонна кааласа, ошонун баарын жүктөп мыйзамды, өкмөттүн токтомун бузуп жатышат. Ошон үчүн карьерлердин жетекчилигинин жоопкерчилигин дагы бир жолу карап, ушул боюнча жетекчилер менен чоң жыйын өткөзүп, андан башка да чоң иштерди аткарышыбыз керек. Себеби, оор жүк ташыган машинелер биздин көп эмгек жана көп акчага салган жолдорубузду талкалап жатышат. Азыр мына ушул маселе эң көйгөйлүү болуп турат. Биз былтыркы жылдан бүгүнкү күнгө чейин 450гө жакын машинелердин жүк тарта турган бөлүгүн мыйзамсыз улап, чоңойтуп алышкан 450гө жакын машинени заводдон чыккан калыбына келтирдик.
- Бишкек-Торугарт жолу жана башка жолдор тууралуу маалыматтарды айтсаңыз?
- Бул жолду Балыкчы аркылуу эсептегенде 539 чакырым. Жалпысынан 428 млн. доллар сарпталып жатат. Учурда көпчүлүгү бүтүп, азы, тактап айтканда жалпысынан 140 чакырымдай калды. Буюрса, толугу менен 2016-жылы бүтүшүбүз керек. Эми министрлик тарабынан жасалып жаткан башка жолдор тууралуу маалымат берейин. Былтыр бюджеттен 2 млрд. 137 млн. сом каралып, ага республика боюнча жалпысынан 121 чакырым жаңы жол жасалды. Быйылкы жылга 2 млрд. 87 млн. сом каралып жатат. Бул акчага 124 чакырым жаңы жол салабыз, ошондой эле 200 чакырымдай жукарып бараткан асфальт жолду битум менен бекемдөө, бир нече көпүрө салуу, (жумушчулардын айлыгы да ушунун ичинде ) ж.б. иштерди аткарабыз. Негизи Кыргызстандагы жалпы жолдун 30 эле пайызы асфальт. Калган 10 пайызы шагыл жол. Эң узун жол Чүйдө, жалпысынан 3400 чакырымга созулат, ушунун 43 пайызы асфальт. Оштогу жолдор 40 пайызга, Жалал-Абадда 30 пайызга асфальт. Көлдө 22, Баткенде 23 пайыз. Эң азы Нарында, 13 эле пайыз. Кайсы жерге канча чакырым жол салуу керек деген маселени мына ушул көрсөткүчтөргө карата бөлүштүрөбүз. Бул регионго аз же көп болуп калды деген талаш-тартыштар болбойт. Кыскасы, биз жолдорду элдин санына эмес, узундугуна карап салабыз.
- "Манас" аэропорту боюнча эмне айтасыз? "Роснефть" компаниясы "Манастын" 49 пайызын алуудан баш тартканына байланыштуу, башка инвесторлор изделип жатканы айтылууда...
- "Манас" боюнча айтылган кептердин баары азырынча сунуштар гана. Биз аэропортту Эл аралык ХАБка айландырууну, инфраструктурасын жакшыртууну максат кылганбыз. "Роснефьттен" тышкары, Кытайдын 3-4 компаниясы, Кореянын компаниялары да өз сунуштарын беришкен. Азыр алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы качан чыгат, азырынча айта албайм.
- Биздин авикомпаниялардын "кара тизмеге" киргенине 20 жылга жакындап барат. Ал аты жаман тизмеден деги качан чыгабыз?
- Бул багытта абдан көп иштерди аткардык. Буюрса, ушул жылдын август айында бизге Евросоюздун жарандык авиация боюнча өкүлдөрү келип, сүйлөшүүлөр жүрөт. Азыртан кызуу даярдыктарды көрүп жатабыз. Балким, ошол август айында кара тизмеден чыгып кетебиз.
- Министрликтеги коррупция жана мыйзамсыз тендер маселеси боюнча коомчулукта көп сөздөр айтылып келет. Бул боюнча эмне дейсиз?
- Акыркы убактарда тендер маселесин жакшы жолго салганга жетиштик десем болот. Комиссия тарабынан тендерге катышкан фирмаларга эл аралык тартиптеги талап коюлуп, катуу текшерүү иштери жүрөт. Эгер талаптарга жооп бербесе сөзсүз түрдө катышуудан четтетилет. Ал эми биздин министрликке коррупция таптакыр жок деп айта албайм. Анткени, буга чейин айрым учурда тараза тармагында мыйзам бузуп, кармалган кызматкерлер бар. Алардын иштери сотто жүрүп жатат. Дагы бир чоң факт - бул министрликтеги лицензия берген бөлүмдүн жетекчиси туура лицензия берип акча алган деген айып менен кармалып, азыр суракта жүрөт.
- Министрликтин ичиндеги иш кагаздардын канча пайызы мамлекеттик тилде жүрөт?
- Бүгүнкү күндө мен биздин министрликтин ичиндеги бардык иш кагаздарыбыз 100 пайыз мамлекеттик тилде жүрүп жатат деп тартынбай эле айта алам. Буга чейин бул маселе боюнча бир топ иштерди жүргүзүп, жыйынтыгында жакшы жолго коюп алдык. Бизде көп жылдан бери иштеп келаткан илимдин доктору бар. Ошол адам бул маселе боюнча чоң адис.
- Сөз соңунда өзүңүз тууралуу суроо узатайын. Коомчулукта негедир сизге жана Канат Садыковго: "Көптөн бери олтурушат, жакшы иштешкен жок"-деген сындар байма-бай айтылып калат. Бул пикирге кошуласызбы?
- Коомчулуктун бир кишиге болгон пикири ар түрдүү да. Туура сындагандар да, туура эмес сындагандар да бар. Негизи бир мекеменин иши алдыга жылып, өнүксүн десек, анын жетекчилигин тез-тезден алмаштыра берүү жакшы көрүнүш эмес. Бизде жетекчилерге толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүк берилбей калып, жалпы иш артка кетип жатпайбы. Мисалы, орустардын министрлери он жылдап турат. Азербайжандагы менин кесиптешим 17 жылдан бери иштеп жатат. Кыскасы, жетекчилер бир ордунда туруктуу иштесе, жакшы жыйынтык болот. Ал эми мени жакшы иштей алган жок дегендерге кошулбайм. Себеби, биздин министрликте талапка ылайык иштер жүрүп жатат. 2012-жылы союздан калган учактарды жаңы заманбап учактар менен алмаштырдык. Исфана каттамы ачылды. Мурун АН-менен 3 саат учса, азыр кийинки учактар менен 1,5 саат учат. Темир жол тармагы боюнча айтсак, эскирген вагондорду алмаштырдык. Андан тышкары, 2 жаңы тепловоз алдык, быйыл дагы экини алганы жатабыз. Жол тармагы боюнча өтө чоң инвесторлор келип, алгылыктуу иштер болуп жатат. Бишкек-Торугарт жолунан башка, Ош-Исфана жолу салынууда, Талас-Тараз-Суусамыр жолун салууга быйыл Ислам өнүктүрүү менен Сауд өнүктүрүү банктарынан 20 млн. доллар насыя алганы жатабыз. Былтыр бизге тиешелүү тармактар боюнча 140 пайызга өсүш болду. Ушундай мисалдарды айта берсек, абдан арбын.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев