"Улуу реформанын" үнү чыйк этет да…
Он миң жылда келчү тозокту Талгарбеков баштаган
Оо, ошондо кашыктап чогултканыбыз алакөөдөн-адыраңбай, билимсиздердин айынан чөмүчтөп чачылып турду го! Эркиндик алдык деп адыраңдап, эркиндик дегениңде баарын кылса болот экен деп келесоо чалыш түшүнүп, мамлекет башына катынын башкара албай турган Акаев дегени келип, эл байлыгы дегенди ит тыткандай кылды, колхозуң менен совхозуңду чилче таратты, бир трактир бешке бөлүнүп дөңгөлөгүн бири, моторунун жарымын экинчиси, калган жарымын үчүнчүсү… алды, трактири жарабай калды! Нечендеген кой сарайлар, уй сарайлар, атканалар кайсы бир желмогуз коммунисттин менчигине айланды. Ушундай наадандыктын баарын "реформа" дешти. Ошол оңкосунан сайылган, эл каргышына кабылган "реформаны" башкаргандардын, жүргүзгөндөрдүн алдыңкы чегинде жанагы Бекболот Талгарбеков деген жүрдү. Анын ошол жерде жүрүшү он миң жылда бир келчү тозоктун өзү болду! Анан эмей, бизге кандай коом келгенин, кандай формация келгенин талдап, таанып билбей эле бар байлыкты талатып жибергенин "реформа" деп түшүнгөн "чыгаан" адамдар бизден башка кайсы республикада болгонун даана биле албай да келебиз. Мал-жанды, техниканын таратып салгандан башка дагы бир жолу болуш керек дегенди ойлобой, ошого баш оорутпай эле жогорудагыдай "реформа" жасап салгандык наадандык деген менен бир болду. Ошондо оңкологон мамлекетибиз мына бүгнкү күнгө чейин толук бутуна тура албай келет. Аны жасагандар- "талгарбековчулар" ушул азыр уялбай-этпей эле, жеп-жутуп алгандарынын "убайын" көрүп жатышаттыр…
Бу Талгарбековуң чоң-чоң кызматтарда иштеди, иштемиш этти, дээр-деңгээли өп-чөп экени ошондо билинген. Бир ирет Жалал-Абад облусундагы жолдо кетип баратса, жолдун жээгиндеги тыт барактарынын бутактарын кыйып, жибек курттарга берегенге даярдап жаткандарды көрөт. Ошондо тиги берен айтат дейт: "Ой, эмне үчүн жол жээгиндеги дарактын бутактарын кыйып жатасыңар?"-деп. "Аны жибек куртуна беребиз"-десе, тиги: "Экинчи буларды кыйбай, теректердин жалбырактарын кыйып берип жүргүлө" деп жанындагыларды жинди кыла жаздаган экен. Жибек курту теректин жалбырагын жебесин кайдан билмек, жөн гана чоңдугун билдирейин дегени го, анысы анекдотко айланып тынган экен.
Акаев кеткенден кийин аталган "атактуу реформатор" эч бир кызматта иштеген жок, жөнсүз жанды ишке алышкандан качышса керек дейбиз. Иштен кеткени он жылдан ашыптыр, андан бери кайсы каражат менен жашап жатканы деле белгилүү го дейм…
Уяты бар, жигиттиги бар адамдар баскан жолун кылчая карап, жаңылган жери болсо, ошондон уяла жүрөт, кээси анын кемчилигинен жабыр тарткан адамдардан кечирим сурайт. Талгарбеков антүүнүн ордуна, президентти баш кылып азыркы бийликке ачуулуу кебин арнап турганы, "реформа" жасап жаткандагы табында го?! Ал жоругу Крылов аксакалдын бир тамсилине төп келерин билгендер айтып жатат. Ошонусу жаман болду!
Баратбай Аракеев




Парламент кимдин "кухнясы"?
Жогорку Кеңешпи же Жогорку Сотпу?
Өткөн жылдын күзүнөн бери абакта жаткан Ахматбек Келдибековдун айрым кесиптештери аны актап чыгууга миң түркүн айла-амалдарын жасап жатышат. Жанында жалдырап карап турушкансып "ак эле ак, таза эле таза" деп ач-айкырык салып келишет. А бирок, Ахматбек Келдибековдун ак экенине айрым табакташтары, саясаттагы санаалаштары, анан тууган-туушканы эле ишенбесе, жалпы эл анын кантип байыганын жакшы билет. Албетте, сот акыркы сөздү айтмайынча "ак же көк" деген эртелик кылаар, бирок, өмүр бою мамлекеттик кызматта ак, таза иштеген адам эч качан мынча эбегейсиз байлыкты топтой алмак эмес.
Былтыр декабрда Ахматбек Келдибеков парламенттин төрагасы болуп турган учурда Жогорку Кеңештин Москвада ачылган өкүлчүлүгүнүн мыйзамдуулугун иликтөө боюнча Надира Нарматова, Абдыжапар Бекматов, Туратбек Мадылбеков, Бактыгул Маматовдор мүчө болгон убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Төрт жылдан бери мындай депутаттык комиссиялардын далайын көрбөдүкпү. Өз көмөчүнө күл тарткандан башка булардан жарытылуу жыйынтык көрө алган жокпуз. "Акыркы чындык мынакей" дегенчелик кылып өздөрү сот, өздөрү прокурор болгонду адатка айлантышкан. Ошол депутаттык комиссия ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууда мыйзам бузуу болгон эмес деп корутундусун чыгарып, эч кандай талкуу уюштурбастан эле көпчүлүк добушка коюп, кабыл алып ташташкан.
24-апрелде ЖК жыйынында Келдибековдун ушул жана башка "келемиштик иштери" боюнча кененирээк айтып бермекчи болгон Аида айымды Надира Нарматова, Жылдызкан Жолдошева, Бөдөш Мамырова, Исмаил Исаковдор "жеп жибере" жаздашты. Чу дегенде эле Жылдызкан Жолдошева адатынча атырылып, "Депутаттык комиссиянын маалыматын угалы деп жатабыз, Башкы прокурордун эмне кереги бар эле? Бул биздин жеке ишибиз болчу. Көрүнгөн эле келе береби. Өзүбүздү-өзүбүз сыйлабайлыбы" - десе, артынан Надира Нарматова "Депутаттык комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул жерде Аида Салянованын эмне кереги бар эле? Өзүбүздүн ички кухнябызга кийлигишпесин. Зордуктап келип алып, билдирүү берем дегениңиз Кудайга жакпайт" - деди. Мамлекеттик бийликтин эң бийик бутагын ашканага теңегенден кийин, бул эжекелерден эмнени күтөбүз? Жыйынтыгында депутаттар Москвада ЖКнын өкүлчүлүгүн ачуу боюнча кол көтөрүп, добуш беришкен. Ошентип, ал мыйзамсыз түзүлгөн өкүлчүлүктө жалпысынан 8 адам иштеген. Мисалы, атайы өкүлдүн айлыгы 2500 доллар, айдоочунуку 1000 долларды чапчыган. Эң кызыгы 8 адам Москвада эмне иш кылганы белгисиз, алардын иш боюнча отчету эч жерде сакталган эмес. Бул кызматка кеткен жалпы чыгым 2011-жылы 13,5 млн. сом, 2012-жылы бул сумма эки эсеге көп болгонун Баш прокурор Аида Салянова айтып чыкты. Ошондой эле, "ЖКнын башка мамлекетте өкүлчүлүк түзө алаарына мыйзам жол берген, бирок коомдук башталышта гана. Демек, аларга айлык чектелген эмес" -деп кошумчалады. Мына ушундай жокко чыгара алгыс фактылар турса да, Келдибековго төшүн тоскон депутаттардан түңүлөт экенсиң, эй. Ал эми кылар ишти кылып, кыл жип менен бууп койгон Келдибеков өзү абакта өлөрманданып, жасаган кылмышын мойнуна албай, ал тууралуу кагазга кол койбой көгөрүп олтурат.
Негизи эле Ахматбек Келдибеков спикер болуп турганда жер менен баспай, асмандап калганын жалпы коомчулук жакшы билет. Маселен ал, жанынын "өтө таттуулугун" көрсөтүп, жанына тишине чейин куралданган 6-7 жансакчы менен жүргөн. Бир ирет мектептеги жыйынга бармакчы болуп, өзү бараардан жарым саат, бир саат мурун мектепти текшертүү үчүн кинологдордун тобун жөнөткөн. Алар жүздөгөн адам чогулган жерге онго жакын ит менен дапа-дупа кирип келишип, чогулгандарды айда чоочутканы коомчулукта катуу талкууга алынган.
Ал эми ал өз машинесин айдоочусуна шаардын көчөлөрүндө 5-6 машиненин коштосунда 120 -140 ылдамдыкта айдаткан. Малайзияга жалпы 46 адамды бир учак менен жүктөп барып, эч бир маселе чечпей, жөн жерден бир нече миллион сомдун башын жутуп келгени маалым. Кыскасы, Келдибековдун мындай "керемет" иштерин айтып олтурсак, кагаз бети чак келбес. Ушул сыяктуу мамлекеттик кызыкчылыкка каршы иштерди жасаган Ахматбек мырзаны жөнү жок коргой бергендер бир аз болсо да акылына келип, бир жыйынтык чыгарышар.
Тиленбек Азык