Асакемди эскереличи

Арбагы ыраазы болсун, ошол кездегилер бербеген наамды бүгүн биз берип, "Эл куудулу Асанкул Шаршеновду" чогуу-чаран эскерип коелу. Асакем өзү айтып калчу эле "Метиркемде 1927-жыл деп эле турат. Айы, числосу жок. Апаман сурасам эстей албай: "Ала шалбырт эле" - дейт, бир туруп "Кар эрий баштаганда" - дейт. Бир туруп "Өскөндүн кызы күйөөгө кеткен күнү" - дейт, бир туруп "Эки күн көз ачырбай күн жааган күнү кычап төрөлгөнсүң" - дейт. Апамдын эске тутуусу өтө начар эле, а мен апамды тартып эске тутуум да укмуш. Иши кылып Асакебиз жаз айларында төрөлгөн. Анан дагы өзү 8-март деп жаздырып алып жүрбөйбү. Апам баштап биздин тукумда 30-40 кыз-кыркындар бар, алардын баарына 8-мартта подарке бергенимде чач-кирпигим калбай калбайбы, ошолордун баары биригип, 8-мартта мени куттуктап калышат деп калчу. Бүгүн Асакемдин эң жакын көргөн азилкеч инилери Шайлообек, Жолоочу, Баратбай болуп чогуу эскерип койбойлубу.
Асакемдин жоруктарынан
Орус элинин "Дүйшөмбү күн - оор күн" деген макалы бар эмеспи. Бир күнү Асакем ишке келбей калды. Эртеси:
- Ой, Асаке, кечээ эмне болду?-дедик.
- Дүйшөмбү күн оор дегенинен ишенчү эмесмин. Кечээ ишендим, турайын десем денем эмес, башымды көтөрө албай эптеп туруп, остановкага барсам эки бутум денемди көтөрө албайт. Эптеп дары алып ичип, үйгө жетип жыгылып бүгүн турсам, жеңилдеп калыптырмын деп кутулган.
***
Илгери филармония азыркы Панфилов паркында азыркы Ак үй турган жерде болчу. Филармониянын деректири артисттерди чогултуп: "Күн ачык болсо тегерек четке концерт койгула, күн жаап турса залга кирип машыккыла" - деп кетип калат. Келсе эч ким жок, бирөө айтат баары филармониянын артындагы "Ветерок" кафесинде деп. Деректир жинденип кирип барып: "Ой, эмне деп кеттим эле?" - деп бакырат. Берки артисттер калтырап-титиреп туруп калышса Асаке:
- Аксакал, өзүңүз күн ачык болсо концерт жасагыла дедиңиз туурабы? Эгер күн бүркөк болсо залга кирип машыккыла дедиңиз туурабы? Ала бүркөк болсо эмне кылаарды айтпапсыз. Ошентип, "Ветерокко" кирип шамалдап, вино ичип калдык деп баарын кутултуп кеткен экен.
***
Белгилүү артист Хусейин Мухтаров филармониянын жанында чылым чегип туруп калат. Бир жак таноосунан түтүн тим эле ТЭЦтин морундай буркурап, экинчисинен эптеп эле бирдеме чыккансып турат. Байкай калган Асакем:
- Ой, Хусейин, азыр медицинанын өсүп бараткан убагы эмеспи.
- Ооба, ооба... эмне болуп кетти Асаке?
- Аркы танооңду кыйнабай тазалатып алсаң боло дептир.
***
Суусамырда малчыларды кыдырып жүрүп бир жылкычынын үйүндө конок болуп калдык. Жасалгалуу үйдүн бир капшытында шайы көшөгө илинип турат. Көрсө, жылкычынын уулу жаңы үйлөнгөн экен. Тамак ичилип бүтүп, жылкычынын уулу колго суу куюп калды. Эстебес байке балага "Бактылуу, өмүрлүү бол, жаңы үйлөнүпсүң көп балалуу болуп, баатыр ата бол"- деп бата берсе, Асакем тиги балага: "Балам, Эстебес атаңдын батасына ишенип жүрө бербей, өзүң дагы аракет кыл" десе болобу.
***
Асакем кемпири Сүкөш эжеге тийишип сүйлөгөндү жакшы көрчү. Бир күнү чогуу отурсак өкүнүп:
- Атаңдын оозун урайын, деги мен жакшы аттуу кайын атага жарыбай койдум. Биринчи аялымдын атасы Чыйбыл болду, андан уялып экинчисин алсам, анысы Чиркей деген болуп калды. Аны кетирип муну алсам, мунусу Жылжымыш болуп калбадыбы десе, кемпири дагы бизге кошулуп каткырып калаар эле.
***
Түштүктө Кара-Суу районунун бир чарбасында концерт койгону барып калдык. Кечинде концерт башталаарда Асакем өзү билет сатып отурган. Аңгыча жаш балдар келип: "Аке, аке детский ям берип коюң" - дешет. Бир эмес, кайра-кайра келишип тажатат. Ошол кезде башкарма менен парторг келип калышат. Аңгыча баягы балдар дагы келишет.
- Аке, детский ям билет бериң десе Асакем:
- Эмне раисиңердин аты Ямбы деди эле баягылар бакырып күлүп качып кетишти.
***
Ат-Башыда жүрсөк беш-алты келин шарактап, бешик тойдон келатабыз дешип, Асакеме тийишишип:
- Агай, үйгө кетпей баарыбыз сиздердин концертти көрүүнү чечтик дешсе, Асек тамекисин бурулдатып:
- Олда, айланайындар, ушул жашка чыкканча концертке чечинип келген келиндерди биринчи көрүшүм, эми чечсеңер өйдө кылбай эле кире бергиле десе боло.
***
Биз менен бир нече жыл бирге иштешкен Гүлжан Сейиткулова эженин ырдаганы укмуш эле. Анын үнүндөй үн кыргыздын кыз-келиндеринде чанда гана кездешиши мүмкүн. Эженин отурушта "Мен чыкпаган гезит-журналдар калган жок" аттуу бир ыры бар эле. Дагы бир күнү ырдап жатса Асаке:
- "Чалкан" менен "Крокодилге" да чыктың беле? - деп чычалаткан.
***
Күндөрдүн бир күнүндө бир артисттибиз 2-3 күн жумушка келбей калып, эртеси келип калыптыр шүмүрөйүп.
- Эмне болду?-десек,
- Ооруп калдым дейт.
- Эмне болуп?
- Аллергия болуп.
Анда Асакем:
- Ө-өөөф-и-иий, энеңди урайындыкы, аллергиянын жыты оосурак, шыбоо, иттин өлүгүнөн дагы сасык болот турбайбы? - деп баарыбыздын боорубузду эзген.

(Уландысы бар)
Келдибек НИЯЗОВ