"Ракурс" - "Ак Илбирс" сынагына...
"Кыргыз керемети"

Жаңы доорду ачкан үч кино...
(кыргыз киносуна
Жалпы анализ)
(Башы өткөн санда)
СССРдин урашы менен "Кыргыз керемети" токтоп, 3-4 жылга чейин такыр кино тартылбай калды. Себеби, ошол кездеги белгилүү режиссерлор Москвадан келип турган белен акчага кино тартып көнүп калгандыктан, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы катуу "бороонго" туруштук бере алышкан жок. Ошентип, жаңы замандын келиши 40 жылга жакын (1955-жылдан бери карай) убакыттан бери тартылып келаткан кыргыз советтик кинолоруна биротоло чекит койду. Бирок көп өтпөй, бир ордунда токтоп калган кино тармагын Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров сыяктуу режиссерлор жандантып, жаңы заманга ылайык жаңы кинолорду тартып башташты. Айтсак: Актан Арым Кубат 1993-жылы 48 мүнөттүк "Селкинчек", 1994-жылы Темир Бирназаров 35 мүнөттүк "Ыйлаба носорог", 1995-жылы Эрнест Абдыжапаров 10 мүнөттүк "Таранчы" деген кыска метраждуу кинолорду тартышып, дымып калган кыргыз киносуна экинчи өмүр беришти десек жаңылышпайбыз. "Селкинчек" бул өспүрүм баланын аруу махабаты тууралуу, "Ыйлаба носорог" таштанды жетим балдар жөнүндө. "Таранчы" дагы махабат темасында. Аталган кинолор аты алыска кеткен чоң кино фестивалдарга катышып, тактап айтканда Швейцария, Германия, Италия, Франция, Португалия ж.б. өлкөлөрдөн башкы байгелерди жеңип алган. Бул кинолорду эгемендүү мамлекетибиздин нукура улуттук киносунун алгачкы сабында турган, киноматография тармагындагы көз карандысыз Кыргызстанды ачкан алгачкы кинолор десек ашыкча болбос. Мына ушул үч режиссердун үч киносунан кийин кино тартууга кызыккандардын өзүнчө бир тобу байкалган. Бирок мамлекет акча бербегенден кийин акчаны кайдан алышмак эле? Ал кезде банктардан насыя алуу "модага" айланып тургандыктан бир-эки кино тарта коюп, Актан Арым Кубаттардай атакка жетишип, чет өлкөлөрдөн абройлуу сыйлык алууну эңсегендер банктарга баш багып насыя алып, кино тарта башташкан. Маалыматтарга ылайык, ошол кезде кыска убакыттын ичинде 15тен ашык жеке кино компаниялар түзүлгөн. Бирок 2000-жылдан 2006-жылдарга чейин саналуу гана кинолор тартылып, алардын басымдуу бөлүгү чоң ийгиликтерге жетише алган жок.
Мамлекетибиз кино тартууга аз акча бөлгөндүктөн, "Кыргызфильм" мамлекеттик ишканасы акыркы 20 жылдан бери жыл сайын саналуу кинолорду гана тартып келатат. Мисалы, акыркы 7-8 жылдан беркисин айталы. 2007 - жылы 1, 2008-жылы 1, 2009-жылы 1 кино, жалпысынан 3 жылда 3 толук метраждуу кино тартылган. Булар: Т. Бирназаровдун "Белгисиз маршруту", Э. Абдыжапаровдун "Боз салкыны" менен "Уурунун махабаты" аттуу кинолору эл тарабынан жылуу кабыл алынып, далай өлкөлөрдөн абройлуу сыйлыктарды алган айтылуу кинолору. Ал эми 2010-2011-жылы "Кыргызфильм" тарабынан бир да толук метраждуу кино тартылган жок. 2011-жылы болгону 4 кыска метраждуу кино тартылыптыр. Албетте, бир кезде күн-түнү тынбай күжүлдөп иштеп турган "Кыргызфильм" үчүн бул өтө аз көрсөткүч. Буга ким күнөөлүү? Албетте, мамлекетибиздин экономикалык алсыз абалы бирден-бир себеп. Бирок нечендеген кыйынчылыктарга, толуп жаткан тоскоолдуктарга карабастан кино аз тартылса да, саз тартылып, ал кинолор чет мамлекеттерден Кыргызстандын атын чыгарып, даңазалап жатканына миң мертебе шүгүр дешибиз абзел.
Сандан сапатка өтүү керек...
2007-2008-жылдан бери карай кыргыз киносу кыйла жандана түшкөнү байкалды. Анткени, дал ушул жылдардан тартып кинонун миң түрлүү түйшүгүн түшүнүп-түшүнбөгөн ондогон жаштар колуна камера ала коюп, өздөрүн кино майданында сынап башташты. Ийгиликти багынткан ири масштабдагы эмес, иши кылып кино аты бар орто жана ортодон төмөн ар кандай жанрдагы тасмалар тартылды. Алардын катарына: "Кайып булак", "Достор", "Министрдин кызынын махабаты", "Башаламан", "Шайтан араба", "Кандуу сүйүү", "Чыңгыз жана Бүбүсара", "Мен сага ишенем", "Братандар", "Жараланган турналар" ж.б. ондогон кинолорду кошсок болот. Мына ушундай кинолорго профессионалдуу актерлор тартылбай, ырчылар ж.б. кесипте жүргөндөр, актердук чеберчилик деген эмне экенин терең түшүнө бербегендер тартылып, алар өздөрүнө берилген ролдорду ачып бере алышпаганы ачык эле көрүнүп турат. Айтмакчы, мына ушул кинолордун ичинен улуу жана кайталангыс таланттар Чыңгыз агабыз менен Бүбүсара эжебиздин махабатын баяндаган Жаныш Кулмамбетовдун "Чыңгыз жана Бүбүсара" аттуу көркөм киносу тууралуу эки ооз сөз айта кетейин. Бул кинонун аты көптөгөн көрөрмандарды өзүнө чакырып турганы менен, сапаты өтө төмөн болуп калган. Мындайча айтканда, сырты жалтырак, ичи калтырак. Режиссер эки улуу инсандын образын ачып бермек турсун, айрым эпизоддордо аларды шылдыңга алып, элементардык нерселерди да жакшы чагылдыра алган эмес. Менин байкашыма караганда, бул киного эки инсандын талантына таазим кылышкан көптөгөн адамдар кирип, көргөндөн кийин көңүлү толбой (албетте, антип жерге түкүрүп чыккандардын арасында мен да бармын) чыгышты. Бирок залкарлардын атына жамынган режиссер, уялбай-этпей бир топ акча таап алганын жашырбай эле ачык айтышыбыз керек.
2010-жылдан бери карай Кыргызстанда кино жаатында өтө чоң жаңылыктар болду. Маселен, республикада жалпысынан 40ка жакын кинотеатр болсо, алардын басымдуу бөлүгү оңдоого муктаж. Бир жакшы жери борбор шаарыбыз Бишкектеги кинотеатрлар, "Чатыр-Көлдөн" башка: "Ала-Тоо", "Россия", "Октябрь", "Манас" аттуу негизги кино театрларыбыз талапка ылайык оңдолду. Бирок ал кинотеатрларды мамлекет тарабынан эмес, кино тармагына кайдыгер карабаган ишкерлер ижарага алып, натыйжада заңгыратып коюшту. Мисалы, киночулардын арасынан Садык-Шернияз бир кезде кебетеси кетип, шыптарынан суу таамп турган "Манас" кинотеатрына капиталдык ремонт жүргүзүп, заманбап ыкмада көркүнө чыгарды, андан тышкары "Кыргызфильмге" караштуу имаратты (эски киностудияны) да миллиондогон каражат менен оңдоп, ал жерди өзүнүн "Айтыш" фильмине ижарага алып иштетип, кино тармагына чоң пайда келтирип жатат. Ошондой эле Садык мырзанын мындан 4 жыл мурун уюштуруп, жыл сайын чоң ийгилик менен өтүп жаткан "Кыргызстан кыска метраждуу кинолордун өлкөсү" аттуу эл аралык фестивалы кыргыз кино тармагындагы чоң жаңылык жана чоң жетишкендиктердин бири болуп калганын айта кетпесек болбос. Мындан тышкары, режиссер Айбек Дайырбеков жалаң кыргызча кинолорду көрсөткөн "Кыргыз киносу", Салымбековдор Космопаркта заңгырган кинотеатрларды ачып, тартылып жаткан кинолорду элге көрсөтүү жагынан чоң салым кошуп, көрүүчүлөргө жакшы шарт түзүштү. Өзгөчө 2010-жылдан бери карай жыл сайын ондогон кинолор тартылып жатат. Тактап айтканда, 2013-жылы эле 30дай кино тартылган экен. Айтор, кыргыз кино тармагы мамлекеттен анчалык колдоо албаса да, киночулар өз каражаттарын жумшап, кино тармагын кыйла көтөрүп коюшту. Албетте, буга төө көтөргүс эмгектер жана миллиондогон каражаттар сарпталганын байма-бай баса белгилеп айта жүрүү зарыл. Кыскасы, маданияттын башка түрлөрүнөн кескин айырмаланып, кыргыз киносун өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшкөнүн эч ким жокко чыгара албайт. Биздин киночулардын ушундай чоң ийгилигине мамлекеттин эсебинен кино тартууга 100дөгөн миллион долларларды бөлүп келаткан Казакстан жана Россия сыяктуу өлкөлөр ачык эле суктанып жатканы буга айкын мисал боло алат. Ал тургай алардын киночулары менен журналисттери жалпыга маалымдоо каражаттарына: "Биз дагы кыргыз киносунун өнүгүү моделине өтүшүбүз керек" - деп жазып жатышканын окуп жатабыз. Демек, кыргыз киносу көпчүлүгүбүз ойлогондон да кыйла өнүгүүдө. Ылайым бизге суктана беришсин дейли. Бирок, бул жерде "бирок" деген чоң суроолуу сөз бар. Биз кыргыз киносуна баа берүүдө анын санына эмес, сапатына баа беришибиз керек. Себеби, жогоруда айткандай акыркы жылдары тартылган кинолорду талдап көрүп чыксаңыз, сапаттуу кинолорго караганда сапатсыз кинолор басымдуулук кылат. Бизде сапаттуу кинолордун көбү кыска метраждуу кинолор экени талашсыз. Санап олтурсак, 100дөгөн кыска метарждуу кинолор тартылып, эл аралык фестивалдарда баш байгелерди алып, Кыргызстанды даңазалап келатат. Андыктан, "Кыргызстан кыска метраждуу кинолордун өлкөсү" деген фестиваль бекеринен уюшулган эмес да. Ал эми элге таасир берип, адамдын жан дүйнөсүн козгогон толук метраждуу кинолорду атай кетели: "Айыл өкмөт", "Белгисиз маршрут", "Боз салкын", "Уурунун махабаты", "Баарын кайрадан баштайлычы", "Ханыша Назик", "Аманат", "Президент жана бомж", "Мезгил жана Алыкул", "Салам Нью-Йорк", "Такси жана телефон", "5 миң сом" ж.б. Мындан 5-6 жыл мурун эл жаңы чыккан кинолордун баарына эле барып көрө беришсе, акыркы 2-3 жылда кадимкидей тандап, мыкты кинолорго барууга аракет кылып калышты. Демек, мунун өзү сапатсыз кинолорго жол жок дегенди түшүндүрөт эмеспи.