Жакыповго мыйзам жокпу?!
Генерал Жакыпов дегениң милийса Академиясына баргандан кийин анын тескери иштери көп эле айтылып жатат. Курсанттарга сапаты жок тамактарды берип, анын эсебинен далай акчаны мойсоп койгондугу да жазылып жатат. Жакында Жакыповдун дагы бир иши, жаман иши дейли, ачыкка чыгып олтурат. Ал кызматкерлерди кыскартабыз деген шылтоо менен келишим менен иштеген аскер эмес, жарандык кызматкерлерди кыскартууну баштаптыр. Кай жерде болсо да кыскартуу деген жакшы. Бирок, өз арбайы үчүн кыскртуу баштаганы жакшы эмес. Кыскартылгандардын баары эле колунда жок, таянычы жок бей-бечара сыпатындагылар. Ал эми акчалуулар кыскартылбайт экен. Кыскартылгандардын ордуна тааныштарынан, туугандарынан алып жатат, анан да анын артында акча деген желмогуз ойноп жатат дешет. Кээ бир маалыматтарга караганда Жакыпов баары бир кызматтан кетет экен. Ал болсо жанталашып, быйылкы жылда окууга кабыл алуу бүткөндөн кийин кетем деген планы бар экен дейт. Анткени, окууга кабыл алуу кампаниясы чоң акча дегенди билдирет! ИИМ министри Абдылда Суранчиевдин Академиядагы дурус эмес иштерден жакшы эле кабары болуш керек. Анан эмне үчүн чара көрбөйт? Бу дагы оркойгон суроо болуп турат.


Президентти жаманатты кылгысы келүүдө…
Журналисттерди кылмыш жообуна тартууну көксөп, мыйзам долбоорун жазып чуркап жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова коомчулуктун сынына кабылгандан кийин: "Адамдын кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат таратылган учурда, жоопкерчиликти аны жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаты эмес, ал маалыматтын булагы тартылат. Конституцияга ылайык, кылмыш кылганы сот тарабынан аныкталмайынча, ар адам кылмышка күнөөлүү болуп саналбайт. Бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келбейт жана сөз эркиндигин чектебейт" деп элдин башын айландырууда. Сыягы, амалкөйлүк менен эптеп эле президентти мыйзам долбооруна кол койдуруп, жаманатты кылгысы келип жатат көрүнөт.


Сойкулукту жоготуп, "сол акчадан" куру калмакпы?
ИИМ министри Абдылда Суранчиев Кыргызстанда расмий каттоодогу 948 кыз сойкулук менен алектенээрин айтты. Ал эми чынында алардын саны беш миңден ашык - дейт. Бирок, министр мырза сойкулук менен алектенгендерди ошол эле укук коргоо органдары калкалап, канатын жайылтып жатканын ачык айткан жок. Сойкулук бизде эле эмес, дүйнөдөгү эң кирешелүү бизнес. Абдылда Суранчиев айткан 5 миң сойкунун ар бири күнүнө орто эсеп менен 5 миң сомдон табат. Эсептей келсек, күнүнө 25 миллион сом акча айланат. Бир айда 750 миллион сом. Бул акчанын кайсы бир бөлүгү дал ушул Абдылда Суранчиев башкарган министрликтеги "бизнес-менттердин", Ак үй, Көк үйдөгү бир далай чиновниктердин, депутаттардын капчыгын кампайтат. Анын сойкулукту жоебуз деп кайсы арына айтып жатышканын түшүнө албай турабыз?


Бюрократтардын заманы качан бүтөт?
Ал-бюрократ!
Анын турпаты-
Дароо эле билинип турат - деп жаны кашайып ыр жазган Мидин Алыбаевдин убагындагы бюрократтар күнү бүгүнкүгө чейин "өз милдеттерин" так аткарып келишет. Өздөрүн өзгөчө эсептеген бул кемпайлар Жогорку Кеңеште да кеңири жойлоп жүргөнүн эл өкүлү Дастан Бекешов айтып чыкты. Бакандай депутатыбыз "Кыргызстандын парламентинде чоң бюрократия бар" - деп үшкүрүнүп жаткандан кийин ак көйнөк кийип, өздөрүн акылдуу сезип жүргөн жумуру баштар карапайым калкты каакымча да көрбөйт болушу керек.


Издөө жарыяланды
Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго КР кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сыртынан айып такты. Ал эми Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Сулаймановду камакка алуу чечимин кабыл алып, издөө жарыялады.
Эске сала кетсек, Сулаймановго Транспорт жана коммуникация министри болуп турганда 2008-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 250 млн сомго жол куруу техникаларын жана жабдыктарын сатып алуу жана жеткирүү, ошондой эле 2007-жылы тендерлерди өткөрүүдө пайдасыз келишимдерди түзүп, мамлекетке жалпысынан 41 млн 220 миң 25 сом зыян келтиргени боюнча кылмыш иши козголгон.


Жерде калган жок…
Жакында эле кызматтан алынган Улуттук банктын мурдагы башчысы Зина Асанкожоева КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу тийиштүү жарлыкка 23-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кол койду деп билдирет президенттин аппаратынын басма сөз кызматы.


Из калтырып, Ишенбай ага да кетти…
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков 23- апрель түнү 77 жаш курагында дүйнө салды. Ал 1937-жылы Чолпон-Ата шаарында туулган. 1971-75-жылдары - СССРдин Жапониядагы элчилигинде экинчи жана үчүнчү катчысы, 1975-78-жылдары Жапониянын Саппоро шаарында СССРдин консулу болгон. Акаев мамлекетти башкарып турган жылдары Мамлекеттик катчы болуп турду. Эң башкысы Ишенбай агабыз башка саясатчыларыбыздай элге жек көрүнгөн жок. Омоктуу оюн, калыс кебин айтып жүрүп, арабыздан күтүүсүздөн кете берди. Өлөрүнө аз калганын билгенби, айтор өткөн жылы мусулманчылык милдетин аткарып ажыга барып зыярат кылып келген экен. Аксакалды акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Кырдрамда болот. Агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! "Фабула" гезитинин жалпы жамааты агабыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.