кул
Погреб казыш керек болуп, аны жалгыз каза албай кыйналгандан кой дедим да, биржадан эки бала жалдап келдим. Түш ооп калган эле. Тамак даяр экен.
- Балдар тамактанып алып баштайлы, үйгө киргиле, - дедим. Экөө бирин-бири карап өзүлөрүн ыңгайсыз сезип,
- Жоок, биз мындай эле (баштыгын көргөзүп) анча-мынча, - деп кетенчиктешти. Ага болбой жүргүлө, жүрү-жүрү, бас деп өкүмзордукка салдым.
Тамак ичип отурганда берки улуусу көптү көргөндөй билимдүү өңдөнүп, сөзгө чебер, кеби орундуудай сезилип турду. Тамактанып бүтүп ишке кириштик. Аты Темиш экен. Кара жумушка жедеп көнүп бүтүшүптүр, өзгөчө жанагы Темиши. Сүйлөп да, иштеп да берди.
- Байке, сиздей карапайым адамдарга баргыбыз келет (түшкү тамак жактыбы, айтор), бирок айла жок көбүнчө чоңдорго, байларга барабыз. Алар бизди көп жалдашат. Аларбы..., аларың иштетээрин иштетип алып бүткүчө каныңды ичип ийишет. Бул жери мындай болуп калды, тигиндей болуп калыптыр, анан дагычы "Мен деген көчөдөгү адам эмесмин, меники кынтыгы жок болуш керек" деп кекетип, мокотуп киришкендеричи. Атаң көрү, колдон келбейт да байке, келсе бир күн көчө шыпыртып койсо? Көчөдөгү адамдын ким экенин тааныйт эле.
Алар сиздей үйгө киргиле демек турсун, аялыбы же кызыбы айтор, килейген итине биздин көзүбүзчө жаңы эле жасалган тамактан куюп берип салат. Ушундай байке. Алардан көрө капыл-тапылдан чыккан дөбөт ит өйдө. Айла жок иштейсиң. Акчаны да азабыңды колуңа берип жатып араң беришет. Ошондо да кынтык таап жатып толук бербейт. Кеткениңе сүйүнөсүң.
Карап турсаң байке, азыркы мыйзамдар мыйзам деле эмес, кайра ошолорду колдогон, сөзүн сүйлөгөн мыйзамдар.
Чала молдо дин бузат десе, мен чала мыйзам эл бузат дейт элем.
- Байке каякта иштейсиз?.
- Фирмада шофермун, силерге окшоп менде да арман толтура.
- Байке, илгери союз кезинде байлар, кулдар, бомждор дегендерди деги эле билчү эмес элек, мына эми, - деп сөзүн улагысы келди. Мен да аны уккум келди да суроо бердим.
- Анда башынан баштайын сизге түшүнүктүү болсун, - деп божурап кирди.
1980-жылы Казарманга барып Сельхозтехникага экономист болуп иштеп калдым. Бир-эки жылдын ичинде эле иштеген ишим, өзүм элге жагып, райкомдун биринчи секретарына чейин жетти. Ал кезде Тогуз-Торо районунун биринчи секретары Курманбек Абдразаков болчу. Ал киши бир күнү кабыл алып, мени Рязанга, "Все союзный институт квалификации руководящих кадров и специалистов" деген институтка повышениеге жиберди. Аны бүтүп келээрим менен эле райком кабыл алып "Жигит, Киров колхозуна башкармалыкка даярдана бер деди. Ошондо сүйүнгөнүмдү айтпа, бүткүл денем канга толуп кеткендей бир заматта башкача адам боло түштүм. Ал күнү жумушка, анан үйгө кантип келгендигимди билбейм. Ошентип, ичимден кымыңдап эч кимге сыр билгизбей иштеп жүрө бердим.
Бир күнү эле райком экинчи этаждан учуп өлүптүр деп эл уу-дуу. Ишенген жокмун. Көрсө чын эле экен. Ал кезде тартип катуу эмес беле КГБдан текшерүү келиптир. Ыраматылыктын эмне күнөөсү бар экенин билбейм, айтор менин тилегим таш капты.
Күндөр өтүп анын ордуна Курманбек Байгазиев келди. Ага кантип жагасың. Жаңы киши. Ойлонгонум, эси-дартым эле кантип чоңоюш керек болуп жатты. Кудай жалгап, жаңы райком биздин Дүйшөмбү куданын туугандары болуп чыкты. Атам, байкем болуп куданы ортого салдык. Куда экөөбүздү эртеси жаңы райком кабыл алып "хорошо", "хорошо" үйгө эле келип турсун деди. Мына сага үйгө деди деп, анда бир сүйүнгөнүмдү айт.
Ошентип үйүнө барам, өзү жок болот. Короо шыпырам, кой соем, огород карайм деги койчу, өзү оорулуу картаң киши эле, башка жакка которулуп кетип калды. Ташка отуруп дагы кала бердим. Жумушка көңүлүм жок илең-салаң болуп жүрдүм. Ошентип күндөр өттү. 1989-жылы Ак-Талаа районуна которулуп кеттим. А дегенде Сельхозхимияга гл.бухгалтер, андан кийин Ак-Тал дыйкан чарбасын гл.бухгалтер болуп 1994-жылга чейин иштеп тургам. Балээ басып эле менчиктештирүү башталып, чарба тарап, башаламан чаң-будуң эле түшүп калды. Жумуш жок. Көмкөрүлгөн казандын алдында калгандай эле болуп калдык. Жаштар болсо Бишкекти карай жөнөдү. Кеч болуп кала электе деп, мен дагы алардын артынан кошо үркүп борборго баш калкалап калдым.
Дагы эле үмүт үзбөй иш издеп жүрүп Айыл чарба министрлигине ведущий специалист болуп ишке кирдим. Ал кезде 1994-жылы министр Жалал Асанов экен, ал байкемдин курсташы болуп чыкпаспы... Ошол замат байкем министрге ээрчитип кирип дайындады. Ал киши дагы "хорошо", "хорошо" деди. "Хорошодон" чочуп калган жаным, байкемди узатып коюп кайра кирдим да, Жалал Асанович, мен куру кол келбейм дедим. Ыраазы болгондой "хорошо" деп баш ийкеди. Бул "хорошосу" чындыктай сезилип, кудуңдап иштеп жүрдүм.
Ишенесизби, дагы эле жолу жок жаным..., ал киши дагы бат эле кайтыш болуп калды.
Ошентип Б. Талгарбековго туш болдум. Ыркыбыз келишпеди. Мындан ары жол жоктугун ошондо билдим да, кечтим байдын кызынан деп шофер болуп кеттим. Шоферлук турмушка көнүш азап экен. Абдан кыйналып жүрдүм. Арыма келип, арданып да жүрдүм. Айла жок, башка түшсө байтал жорго дегендей чыдаш керек болду. Элди, тааныштарды көрүп заманам куурулат, ызаланам, ызама чыдабай кээде ичип да койчу болдум. Жүрүп отуруп ичкилик ушуга алып келди.
- Байке, чындыгында бак бербесе, башыңды ташка урсаң да ишиң эки болбойт экен. Кээ күнү эгер союз тарабаганда ким болот элем деп коем. Ошентип, погреб да казылып бүттү, Темиштин сөзү да бүттү.
- Кайсы окуу жайын бүткөнсүң?
КМУну, математиктин, андан кийин финансы техникумун өзгөчө диплому менен бүтүргөм. Анан иштеп жүрүп жанагы айткан Рязандагы повышение.
- Пенсияга чыктың беле?
Кайдагы пенсия, пенсия 63 төн да, дагы беш жыл бар. Же пенсияда эмес же иштеген иштен жок, ушинтип эптеп жан сактамай байке.
Ал мени ойлонтуп салды. Кызыгы ал менин эле тагдырымды айтып кетти. Болгон айырмабыз мен шофер, ал жалданма жумушчу - кул.
Ой заманың кур!...

Темирбек Мамбеталиев
Бишкек шаары,




Кайсы партиядансыз?
Кемпирим базарга барып картөшкө-мартөшкө алып келсең боло дегенинен алчусун алып, тачке түрткөн балдарга келсем "Ата сиз кайсы партиядансыз?" - дейт. Түшүнбөй калдым балам десем, "Ата мобул көк сыр менен сырдалган тачкилер "Көктөр" партиясыныкы көрүп турасызбы, кийимибиз дагы көк. Тээтиги кызыл кийимчендер "Кызылдар" партиясыныкы. Аркы сарылар "Сарылар" партиясыныкы, ошентип өңдөрүнө карап кете беришет." Эгерде мен силердин "көктөр" партиясынан болсом кандай жумуш көрсөтөсүңөр? "Сиз күбөлүгүңүздү көрсөтөсүз. Бизде тачкилердин эки түрү бар катуу жана жумшак. Катуулардын дөңгөлөктөрү жөн эле резина. Жумшактардыкы "Тиконун" дөңгөлөгү салынган жумшак жана амортизатору бар. Сиздин күбөлүктү көрүп, партиянын башчысынын колун таанып, анан аксакал экениңизди сыйлап, жумшак тачкиге жүгүңүз менен өзүңүздү кошо отургузуп үйүңүзгө чейин түртүп барабыз." Эгерде мен эч кандай партияда жок болсомчу? "Анда жонуңузга көтөрүп жөө кетесиз, болду аксакал тигинде биздин "көктөр" партиясынын мүчөлөрү келе жатышат." Тиги менен сүйлөшүп турганча турмушум кыйнап, базардын бурчундагы ажаатканага жетип барсам. Сомодой жигит киргизбей "Сиз кайсы партиядансыз?" - дейт. Ой, эми ажаатканага дагы партия кирип кетти беле десем, "Сиз кайдан келип, кайсы мезгилде жашап жатасыз? Бул ажааткана "Делбелер" партиясыныкы, оң бурчтагы "Көк мээлер" партиясыныкы, сол бурчтагы "Мээ кайыктар" партиясыныкы. Бет маңдайдагы "Сандырактар" партиясыныкы." Эгерде мен ушул партияларга мүчө болбосом каякка барам? "Анда сиз базардын артындагы бузулган имаратка же бактын арасына, чыдабай баратсаңыз шымыңызга ушатасыз." Силердин партиянын мүчөсү болсомчу? "Анда аксакал экенсиз люкс номерге бекер киресиз, ал жерде жылуу суу, муздак суу, самын, шампунь, душ, высший сорт даарат кагаз. Бошонгондон кийин өзүңүзгө келгиче кофе же чай ичесиз. Чыкканда сизди бекер бир упаковка даарат кагаз менен узатабыз." Андан чыгып бузулган дубалдын түбүнө ушатып алып, тамагым кургап калган экен, бир чыны чай ууртап алайын деп чайканага барсам. Кире бериштеги килейген жигит киргизбей: "Кайсы партиядансыз?" - дейт. Кудай урбадыбы, чайканалар дагы партиялардыкы болуп калдыбы десем, "Аксакал, азыр бардык жерди партиялар бөлүп алышпадыбы. Өзүңүз билесиз, бир жарым жылдан кийин шайлоо башталат. Ошого азыртадан даярдыктар көрүлө баштады. 5 млн. элбиз, анын 2 млн.у чет жакта. Партиялар чачтан көп. Кечээ 200гө жетти дешти. Шайлоого чейин 300-500гө жетет деп жатышат серепчилер. Ошондуктан эмитен элди тартыш керек. Мисалы, биздин чайхана "Ач айкырык, куу сүрөөн" партиясыныкы, эгер сиз биздин партияга мүчө болуп үй-бүлөңүздү, туугандарыңызды, кудаларыңызды кийирип үндөсөңүз, бул жерден ошолордун баары бекер чай ичишет. Биздин партияга мүчө болуш үчүн паспорт, туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктөрдүн, иши кылып бардык документтердин көчүрмөлөрүн өткөрөсүз. Силердин партияга жамандык кылсам энемди алайын, атама тиейин деген ант алып дубаланган чай ууртайсыз." Ал чайды ким дубалайт? "Биздин "Ач айкырык, куу сүрөөн" партиясынын эки жыл Аравияда, 5 жыл Пакистанда, 3 ай Үрүмчүдө окуп келген менчик молдосу, 5 бүбү-бакшылары бар ошолор дубалайт." Дуба чайдан ууртап коюп башка партияга бузулуп кетсемчи? "Анда урнага жетпей тырк этип, мүрт кетесиз, сиз биздин дуба чай менен ойнобоңуз." Эгер силердин партияга кирсем, чайканада кандай услуга болот? "Бекер чай, эти көп аш, эки үзүм лепешка жейсиз, булардын баары халал. Узатканда "Ач айкырык, куу сүрөөн" деген атайын пакетке эки лепешка, бир куту дубаланган чай беребиз, алар дагы халал." Башым айланып сендиректеп, эмне кыларымды билбей далдырап..., эсиме келсем, алгандарымдын баары баягы "көктөр" партиясынын тачкисинде калыптыр. Баштан көздөн садага деп үйгө кетейин деп таксиге барсам, кайсы партиядансыз дейт? Силер дагы ушинтип калдыңарбы десем, "Шайлоо жакындаганы ушундай болуп жаткан аксакал, биздин таксинин өңүн карасаңыз капталында жаанын сүрөтү турат, ошондуктан биздин партиянын аты "Көк мерген" партиясы. Мага түшсөңүз, таксинин ичинен сизди өзүм эле партияга мүчө кылам, өзүңүз дагы алтымыштан ашып көк мергенчилерге жакындап калыпсыз" - деп жалаңдайт. Урдум силердин мергениңерди дагы, партияңарды, үйгө жетип көргөн - уккандарымды кемпириме айта албай, эч партияда жок күлүп-жайнап турган Жакинимдин чайын ичип, мемиреп уйкума кеттим.

Келдибек НИЯЗОВ