"Ракурс" - "Ак Илбирс" сынагына...
"Кыргыз керемети" али алдыда...
Кыргызстан дүйнөгө эмнеси менен сыймыктана алат? Албетте, биринчи кезекте жалпы маданияты менен сыймыктанып, төш кага алат десек болот. Бирок ошол жалпы маданияттын ичинен коомчулукту өзүнө тарткан - кино искусствосу экени талашсыз. Бекеринен улуу акылман, жол башчы Ленин: "Кино - бул искусствонун ичинен эң эле көрүнүктүүсү" деп айтпаса керек.
1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин тартылган кыргыз кинолору "Кыргыз керемети" деген жогорку баага арзып, ал өз учурунда Кыргызстанды дүйнөгө таанытканы белгилүү. Анда эмесе, алгач кыргыз киносунун тарыхына учкай токтололу. Кыргыз элине кино деген түшүнүк жалпысынан 20 - кылымдын башында кирген. Тактап айтканда, 1916-жылдардан баштап орус элинин киночулары кыргыздар тууралуу ар кандай маалыматтарды документалдуу кинолордо колдонуп башташкан. 1920-жылы орус режиссеру А.Терско биринчилерден болуп Кыргызстандын аймагында этнографиялык тасма тарткан. Ал эми 1927-жылы режиссер О. Фрелих Кыргызстандын аймагында "Крытый фургон" аттуу толук метраждуу көркөм фильмин тартып, аталган кинодо кыргыз элинен биринчи болуп актриса А.Түмөнбаева башкы ролдордун бирин ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталган мезгилде да кино тармагы унутулбай, тескерисинче жаңыдан жаралууга кадам таштаган. 1941-жылдын 17-январында Кыргыз ССРинин Элдик комиссары тарабынан Фрунзе шаарында "Кинохроника студиясын" ачуу токтому кабыл алынат. Дал ушул күн расмий түрдө кыргыз киносунун "туулган күнү " болуп эсептелип калат. Ушул жылы биринчи жолу "Чапаев", "Ленин в Октябре", "Тринадцать" аттуу орус кинолору кыргыз тилине которулган. 1944-жылы режиссер Г. Раппапорта "Манастын уулу Семетей" аттуу тарыхый кинону тартып баштаган. Белгилүү болгондой, ал кинонун азыркыча айтканда продюсери белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаев эле. Ал ушул кинону тартып жүргөндө автокырсыктан улам көз жумуп, аталган кино аягына чейин тартылбай калган.
Бул кайгылуу окуядан туура он жыл өткөндөн кийин, тагыраагы 1955-жылы Кыргызстан өзүнүн "Салтанат" аттуу толук метраждуу алгачкы көркөм тасмасын тарткан. Анда коомдогу кыргыз аялдарынын орду чагылдырылган. Режиссёру Василий Пронин. Башкы ролдорду: Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов сыяктуу залкарлар ойношкон. Мына ушул фильм кыргыз элинин алгачкы киносу болуп эсептелет. Ушул жылдары Кыргызстандын Фатима Мамуралиева, Лилия Турусбекова (Жусуп Турусбековдун кызы), Төлөмүш Океев, К. Кыдыралиев, М. Туратбеков сыяктуу уул-кыздары Москвадан кино тармагы боюнча жогорку окуу жайды бүтүп келишип, кыргыз киносун жандантууга бел байлашкан. "Салтанаттан" кийин 1957-жылы "Менин жаңылыштыгым" аттуу кино тартылган. Ал эми 1960-жылдан 1990-жылга чейин "Кыргызфильмстудиясы" жыл сайын 10дон ашык документалдуу, 3-4 толук метраждуу кинолорду тартып, алардын басымдуу бөлүгү эл аралык абройлуу сыйлыктарга ээ болуп, дүйнө элин суктантып турган. Жогоруда аттары аталган кыргыздын алгачкы режиссёрлору: Л. Турусбекова Ф. Мумуралиева, Т. Океевдердин артынан Мелис Убукеев, Геннадий Базаров, Дооронбек Садырбаев, Болот Шамшиев сыяктуу дөө-шаа режиссёрлор: "Ак-Мөөр", "Биринчи мугалим" "Бакайдын жайыты", "Жамийла", "Мен Тянь-Шань", "Ак кеме", "Саманчынын жолу", "Эрте келген тураналар", "Караш-караш окуясы", "Жетинчи ок", "Махабат дастаны", "Кожожаш", "Кызыл алма", "Улан", "Уркуя", "Бөрү зындан", "Акбаранын көз жашы" ж.б. кинолорду жаратышты. Ал эми жогоруда аталган кинолордо өтө жогорку чеберчиликте роль ойношкон: Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Сыдыкбек Жаманов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Болот Бейшеналиев, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Насыр Кытаев, Алиман Жангорозова, Жамал Сейдакматова, Алтынай Темирова, Дүйшөн Байдөбөтов, Күнболот Досумбаев ж.б. актёр-актрисалары кыргыз киносунун тарыхында ташка тамга баскандай из калтырышты. "Кыргыз кереметин" мына ушул залкар инсандар жаратып, кино тармагындагы кийинки муундарга чоң үлгү көрсөтүштү. Айтмакчы, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кыргыз киносундагы орду эбегейсиз. Анткени "Кыргыз керемети" мына ушул инсандын чыгармалары менен тыгыз байланыштуу.
(Уландысы кийинки санда)
Жеңишбек КАДЫРБЕКОВ