Лидериңди көрсөтчү,
ким экениңерди билелик...

Фракция лидери - бул жиндиканадагы бир палатанын башчысы сыяктуу эле киши.
Борис Немцов, орус саясатчысы


"Ата-Журт" фракциясы
Төрт жыл илгери көпчүлүк күтпөгөн жерден парламенттик шайлоодо биринчиликти эңип кеткен "Ата-Журт" фракциясы өз жеңишинин жемишин кыйратып деле көргөн жок. Башкы себеби - фракция лидеринин чыныгы лидер боло албагандыгын, саясий ишмер катары алысты көрө албагандыгын айтсак болот. Камчыбек Ташиев жеңиштин эйфориясына алдырып, өзүн баарынан мыкты, баарынан күчтүү санап алгандыгы анын эң башкы кемчилиги болду. Саясатта али сары ооз балапан экенин далилдеди. "Коалициядан чыгам" - деп жаш баланын оюнун кылып жатып, Алтынбек Сулаймановдон таяк жеди. Бахадыр Сулейманов менен Хаджимурат Коркмазовду сабайм деп, Нарынбек Молдобаевди кубалайм деп "кадырын качырды". Ошондо да тынч албай, "Чыңгызхан болом" - деп чаңырып, Ак үйдүн темир тосмосун ашам деп абакка отуруп, мандатынан айрылып, "иттен жок же ит байлаган жиптен жок" калды. "Ата-Журттун" арасынан мыктыраагы эле Мыктыбек Абдылдаев эле, аны да жаш баладай кылып лидерликке бир коюп, бир алып жатып, кары кишинин каарын келтиришти. Акырында "тойдум сенин лидерлигиңе" деп баса берди. Азыркысы Жылдызкан Жолдошева. Бул айымдын деңгээли Камчыбек Ташиевдикинен анчалык деле алыс кетпейт.


КСДП фракциясы
Оппозицияга эмгегин эчак эле сиңирип койгонгобу же президенттин партиясы болгонгобу, бул фракция башкаруучу коалициядан "башы чыга элек". Бул фракцияда деле бири-бирин көрө албагандар, бирөөнүн атын укканда экинчисинин жини кашайгандар бар. Бирок ошого карабай, Жогорку Кеңештеги "эң ынтымактуу фракция" аталып келет. Салыштыра келсек, чынында бул фракцияда башкаларга окшоп "бөлүнөбүз - жарылабыз, өзүнчө топко топтолобуз" дегендер болгон жок. Аты-жыты белгисиз "Азаттыгын" айтып түгөтө албаган Исмаил Исаковичти эске албаганда... Мында фракция лидери Чыныбай Турсунбековдун ким менен болсо дагы тил табыша билген ийкемдүүлүгү себеп болгон чыгаар.
Бирок КСДПдагы жасалма болсо дагы "мемиреген тынчтыктын" башкы себепчиси - президенттин өзү экени эч кимге деле жаңылык эместир. Атамбаевдин атын укканда дардаңдап жаткан далай саясатчыларың апкаарый түшөт.

"Ар-Намыс" фракциясы
Бир кездеги "темир генерал" Феликс Куловдун жешилген "желим генерал" аталып калышынын анык себебин эми билдик окшойт. "Мыйзамдын темир калканы болом" - деп парламенттик шайлоонун алдында каардуу жүзү менен телеге чыгып, сүрөттөрү илинип жатса, чын эле ошондой экен деп ойлоптурбуз. Бирок жалгыз Акылбек Жапаровго алы жетпей, аз жерден өз фракциясынан өзү ыргып кете жаздады. Азыркыга чейин фракциясындагы "тентектерин" тескей албай, кежирлерин кетире албай, бүтүндөй бир министрликти устукан кылып карматып, анан кутулуп жатат.


"Ата-Мекен" фракциясы
Жылдыз Жолдошеванын "абысыны" Өмүрбек Текебаев чынында чыгаан саясатчы. Парламенттеги мандаты эң аз фракциянын лидери экенине карабай парламентти да, Өкмөттү да өзү каалагандай өкчөйт. Көшөгө артындагы көмүскө саясаттын сазайын окутуп, катылгандын катыгын берет. Текебаев менен тебише коем деп, Бабановдун саясаттагы багы алигиче ачылбай жүрөт, Келдибековдун кейпи тиги болду. Мародерлук боюнча ачуу кеп Текебаевдин кыйындыгынан эле али күнчө ачык айтылбай жатат. Кийинки парламенттик шайлоодо "Ата-Мекен" алдыга чыга албай, Текебаев жана анын командасы ара жолдо калса, чуулгандуу кептин баары чекесинен чубала баштайт го... Баса, Ак үйдөгү кептерге ишенсек, келээрки парламенттик шайлоо эмдиги жылы эмес, быйылкыга пландалып жатыптыр. Каныбызды кайнатып бүткөн бул чакырылыштагылардын мандатын "майтаруу операциясын" Өмүкең өзү баштап бермекчи болуп жатыптыр. Оторбаевдин оңтойлуу орунга барышы - "атамекенчилердин" күздөгү күрөшкө жаздагы жарышы деп бааласак болот.


"Республика" фракциясы
Парламенттик шайлоого 3 ай убакыт калганда түзүлө калган бул партия "зордоп ачкан гүлдүн жыты жок" дегендин анык мисалы болду. Алгачкы фракция лидери Канат Исаев Бабанов менен бир партияга батышпай калган соң 10го жакын депутатын жетелеп алып, "Ынтымак" депутаттык тобун түзүп кеткенден кийин, фракция башчылыгын Алтынбек Сулайманов аркалап калган. "Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" болгон сыяктуу, ал дагы өзүнчө "Бир бол" деген саясий партиясын түзүп, фракция лидерлигинен баш тарткан. Азыркысы Назарали Арипов саясий амбициясын ачык айта албаган, Бабановдун айтканынан чыга албаган "чыдамкайлыгы" үчүн лидерликке отурган дешет.
Тиленбек Азык