Өз бактыма өзүм балта чаптым

Өзүм Таластан болом. Жашым 35те. Бирок мени эч ким 35те деп айтпайт. Себеби турмуштун оордугу мени эрте карытып, бетиме бырыш түшүрдү. Буга өзүм да себепкермин. Өз ырысымды өзүм тептим. Эми болсо минтип талаада калдым. Азыр менде эч нерсе жок. Ата- эне, бир тууган, жолдош, бала- бакыра, курбу- курдаш да жок. Жалгызмын. Кең аалам тар болуп, жер бетине батпай турам. Аял деген атым эле болбосо, затым эбак эле талкаланып бүткөн.

Анын баарын өз колум, акылымдын тайкылыгы менен жоготуп алдым. Башымдан өткөн окуяны сиздердин гезит аркылуу коомчулукка айтууну туура көрдүм. Балким, кимдир - бирөө сабак алар - деп редакциябызга Жамал аттуу айым келди. Өзү айткандай Жамал эжени 35те деп айтпайт элең. Ырасында турмуш аны эрте карытыптыр. Бирок жупуну кийим кийип, жүзүн бырыш басса да аялдык сынынан, сулуулугунан тайбаптыр. Жамал эжени карап отуруп убагында далай жигиттерди тамшандырып, түн уйкусун бузган, бой көтөрүп менменсиген кыз болгон окшойт деп боолголоп койдум. Чынында көздөрү бажырайып, жүзүнөн нур таамп, абдан ажарлуу экен. Бирок ошол бажырайган көздөрдүн тереңинде чоң өкүнүч, кусалык, кайгы бар эле... Ал кайгы, кусалыкты Жамал эженин өзүнөн уксак.
Мен бир үйдүн жалгыз кызымын. Ата-энем өмүр бою чоң кызматта иштеп, мени эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. Кием дегенимди кийдим, ичем дегенимди ичтим. Кыскасы, аябай эле эрке болдум. Жалгыз болгондуктан атам да, апам да менин көзүмдү карашып, айтканымды эки кылышчу эмес. Канчалык эрке болсом да мектепте жакшы окуп, кызыл менен бүттүм. Баары шаарга келгенде башталды. Мектепте деле жигиттер кат жазышып, бура бастырчу эмес. Анда эч кимге көңүл бурчу эмесмин. Балким, ал кезде сезимдерим ойгоно элек болсо керек же ата- энемден айбыгып турчу окшойм. Ошентип көптөн күткөн күн келип, жогорку окуу жайынын студенти болдум. Оо, ал кезде юрист болуу абдан эле кыйын эле. Бул кесипке жалаң байдын балдары, шаардыктар гана тапшырышчу. Менин группамда да жалаң шаардык кычырап кийинген, боенгон, чачтарын жазып, тамеки тартып, арак ичип, түнү менен түнкү клубдардан чыкпаган кыздар, сылаңкорооз балдар эле. Башында алардын кылык-жоруктары мага өөн учурап, группама киргим келбей, сабак бүтөрү менен үйүмө кетчүмүн. Бирок келген күндөн тартып эле группадагы жигиттер биринен сала бири арзууларын айтышып, мени айланчыктап жанымдан чыкпай калышты. Себеби жаш кезимде абдан сулуу, келишимдүү, таза, аруу элем. Акчам да бар. Элден кем калбай кийинчүмүн, жакшы да окучумун. Группадагы жигиттердин сөздөрүнө көңүл бурбоого тырышып, көп маани берген жокмун. Алсыздык кылдым. Баш айланткан жагымдуу сөздөр акыры жеңип, жасана кийинген шаардын татынакай жигиттери башымды айландырып койду. Баягы жакшы окуган, түз жүргөн айылдык карапайым кыз текебер, менменсинген шаардык кызга бат эле айланды. Көзүмдүн агы менен айланган жигиттердин көптүгү мени текеберликке тарбиялады. Окууну таштадым. Сабакка келсем келем, болбосо түнү менен көңүл ачып, күндүз кечке уктайм. Ошондой күндөрдүн биринде бизден эки курс жогору окуган Бакыт аттуу жигит менен таанышып калдым. Ал абдан сулуу, келишимдүү жигит эле. Бир көрүп сүйдүм. Эми көзүмө Бакыттан башка эч ким көрүнбөй калды. Экөөбүз бат эле тил табышып, кыз-жигит болдук. Бир күнү аны өзүм жашаган үйгө чакырдым. Жалгыз турчумун. Үйдү атам сатып берген. Ал кызыл роза гүлүн көтөрүп кирип келди. Ошол күнү өзүмдү ага арнадым. Арадан билинбей эле бир топ убакыт өтүп, мен кош бойлуу экенимди билдим. Эмне кыларымды билбей үйдө жатсам, атам келип калды. Менин кылык- жоругумду угуп, "Сендей кызым жок"- деп терс бурулуп кетип калды. Ошону менен экинчи жолу келген жок. Атам бир мүнөз, бир сүйлөгөн киши эле. Апамды да сүйлөштүрбөй койду. Ичим күндөн-күнгө чоңоюп, Бакытка айтсам "Сени көргөн эмесмин. Тааныбайм дагы. Ичиңдеги кимден экенин кайдан билем"- деп басып кетти. Ыйлап кала бердим. Колумдан эмне келмек. Ошондой күндөрдүн биринде мурда мага сүйүүсүн айтып жүргөн Нурбекке жолугуп калдым. Ага болгонун айтып, ыйлап алдым. Ал күндө мага келип, жардам берип жүрдү. Ай- күнүм жетип эркек төрөдүм. Бакыт келген жок...
Акыры Нурбектин айтканына макул болуп, ага турмушка чыктым. Нурбек өткөн күнүмдүн бирин да эстебей, уулумду өз уулундай багып, бактылуу турмуш кечирип жатканда, мен кокустан мурдагы сүйүүм Бакытка кезигип калдым. Ал эч нерсе болбогондой учурашып, мени дагы деле сүйөрүн, менсиз кыйналып жүргөнүн, жаштык кылганын айтып кечирим сурады. Анын бал сөзүнө, сулуу жүзүнө алданып, Нурбектин көзүнө чөп сала баштадым. Башында Нурбек эч нерседен шек санаган жок. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, акыры ал ишим да ачыкка чыкты. Башка эркектердей уруп, тилдеп, соккон жок. Жөн гана кийимимди чогултуп, колумдан жетелеп сыртка чыгарып, эшикти жаап алды. Уулумду бербей койду. Өзүм деле талашкан жокмун. Жыргал жашоомо анын тоскоол болушун каалабадым. Түз эле Бакытка бардым. Шапар тээп, күнүмдүк жашоо өтүп жатты. Бир күнү үйдө отурсам, Бакыт менен үйгө сомодой болгон үч жигит келди. "Оо, аялың айтканыңдай сулуу экен. Үй дагы көңүлгө жакты"- дешип үйдү айландыра карашып "Тур, үйдүн документтерин ал да биз менен жүр, сени бул бизге сатып жиберген. Карызыңдан кутулгандан кийин келесиң"- дешти. Эч нерсеге түшүнгөн жокмун. Бакыт болсо, үн-сөзсүз сыртка чыкты да, караңыгылыкка сүңгүп кетти...
Ошентип бир зөөкүрдүн кулу болдум. Үйдү сатышып акчасын бөлүп алышты. Мени болсо Канат деген зөөкүр алып калып, каалагандай калчады. Эмне деген гана күндү көрбөдүм. Күнүгө ур-токмок. Акчаны төлө дейт. Акыры досторуна сата баштады. Мени ким гана тебелеген жок. Качууга да аракет кылдым, майнап чыккан жок. Бир курдай уктап жатсам Канат келди. Колунда ийне бар экен. Күчкө салып, сайып коюп басып кетти. Жыргап эле жатып калдым. 10 чакты эркек тебелеп, кумарга батып жатты. Бирин элес алсам, бирин билбейм. Эсиме келсем башым ооруп, тура албай калыптырмын. Канат кайра келди, баягы ийнени кайра сайып кетти. Ошентип баңгизатына көз каранды болуп калдым. Ансыз тура албайм. Эми өзүм сурана баштадым. Акыркы күндөрү Канат да өчөшүп жок деп туруп алды. Айлам кетип, бүткөн боюмду калтырак басып, ооруп калдым. Боору ооруду окшойт. Таап берди да, уктап калды. Акырын барып, балта менен башка чаап, этин майдалап короого көөмп салдым. Эртеси эле колго түштүм. Абакта 10 жыл отурдум. Келсем ата-энем эбак эле каза болуп, жолдошум Нурбек үй-бүлө күтүп, уулумду алып Москвага көчүп кетиптир. Акылсыздыгымдан ата- энеме топурак да сала албадым. Мендей да акмак адам болобу? Мени Кудай да кечирбейт. Сүйөм-күйөм деп, ырысымды тээп, татынакай үй-бүлөмдү бузуп арам жолго басып, эми болсо сандалып сураар кишиси жок, көчөдө калдым. Эми кайда барам, кантип күн көрөм билбейм. Уулумду сагындым... Эр жетип калса керек... Мени кечирбейт го...
Жамал, Бишкек шаары