Керкисинде да, кемигинде да бар!
Күн жылый баштаганы, кыйла жылдан бери калыптанып калган митинг-пикет, нааразычылык кайрадан тутана турган баштады. Равшан Жээнбеков башында Улуттук оппозициялык кыймылы бийликке бир нече талап койду. Арасында "Кумтөрдү" канадалыктар менен 50:50 пайызында бөлүү, кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келет; "Манас" аэропортун сатпоо. Кимде-ким "Манас" аэропортун чет элдиктерге сатууну колдосо, ал кыргыз элинин чыккынчысы, душманы болот; Батукаевди мыйзамсыз бошоткондор жазалансын; Иса Өмүркуловго, Жантөрө Сатыбалдиевге, Каныбек Нарбаевге кылмыш иштери козголсо да алар камалбай, ээн-эркин үйлөрүндө жүрүшөт. Ошол эле учурда оппозициялык маанайдагы саясатчыларга кылмыш иши ачылса дароо алпарып камап салып жатат. Биздин талабыбыз баарына бирдей мамиле болсун" деген жүйөлүү айтылган талаптар дагы бар.

Албетте, оппозициябыз дегендер бийликтин кемчилигин, каталыктарын айтып, элдин таламын талашкан болуп, коомчулуктун колдоосуна ээ болууга аракет кылышат. Бул табийгый көрүнүш. Азыркы бийликте отургандар деле кезинде Бакиевдик, Акаевдик бийликтин өзүм билемдик каталыктарын айтуу менен элдин таламын талашып жатышканын айтып келишкен. Анда азыркы оппозиция (Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Бегаалы Наргозуев, Равшан Жээнбеков ж.б.) бийликте отурушкан. Эми баары тескерисинче. Мурунку бийликтин оозунан чыкканын кыңк этпей аткарып келишкендер, бүгүн эл таламын талашкан оппозицияга айланып, бийликке муштум кезөөдө. Бирок, тилекке каршы алардын дээрлик баары "үйүрдөн чыгып" булганып калгандар. Айткан сөздөрү кооз, койгон талаптары орундуу болгону менен, баскан жолу мандемдүүлөр.
Алсак, оппозициянын башында турган Равшан Жээнбеков Мүлк министри болуп турганда бала-бакчадан тартып, стратегиялык обьектилерге чейин менчиктештирип, 300дөн ашык мамлекеттик мүлктүн түбүнө жеткен. Жеке өзү Ысык-Көлдөгү "Асыл Таш" пансионатын, Бишкектеги нан чыгарган заводду жана башка бир топ мүлктү такымына баскан. Анан сатчусун сатып, сатпагандарына көмүскө ээлик кылып жүрөт. Учурда "Асыл-Ташка" дагы деле ээлик кылат. "Кумтөр" элдики деп кыйкырып жаткан эргул Мүлк министри болуп турганда келишимди кайра түзүүгө жолду ачып берген. Демек, учурда шоу кылып жатат. Башкы прокуратура Равшан мырзанын "Кумтөр" келишимин кайра түзүүгө макулдук бергени боюнча, мындан сырткары 300дөн ашуун мамлекеттик мүлктү менчиктештирип ойронун чыгарганы үчүн кылмыш ишин козгошу ыктымал болуп турат. Бул кырдаалдан чыгыш үчүн бийликке оппозиция болуп чыга келди. Көмүскөдө "мени куугунтуктап жатат" деп, Америкадан саясий качкын наамын алуу планын түзүп, камылга көрүүдө десек жарашат. Буга Равшан Жээнбековдун Кыргызстандагы АКШ элчилигине өзүнө жана үй-бүлөсүнө АКШга чыгып кетүү үчүн визаны эртелетүү боюнча кайрылганы мисал боло алат. Ушунун өзү эле көп нерседен кабар берип турбайбы? "Айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулат" болуп, кокус бир нерсе болсо Равшан Америка кайдасың деп куйрук түйсө, анын тилине кирген бул жактагы карапайым адамдар жабыр тартышы мүмкүн. Кезинде Кубаныч Кадыров "Бакиевдер куугунтуктап жатат, өмүрүмө коркунуч жаралды" деп Европага чыгып кетип, анын жанында жүргөн 10дон ашык карапайым адамдар түрмөгө отуруп, азабын тартышкан. Дал эле ушул сценарийди Равшан колдонгону турат.
Улуттук оппозиция кыймылынын теңтөрага тың чыкмасы, мамлекет үчүн жанын аябай тургандай түр көрсөткөн Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп турганда, мамлекетке 18 миллион сомго чейин чыгаша алып келгени билинип, кылмыш иши ачылып, камала турган болуп калганда революция болуп кетип, "суудан кургак" чыккан жайы бар. Бактысына Башкы прокуратуранын имараты күйүп кетип… Бирок ал иши биротоло жабылып калды дешке болбойт. Башкы прокуратура бир нече ай мурун жоголгон, күйүп кеткен документтердин баары калыбына келтирилип жатканын айткан. Демек Ташиевдин мойнуна ыргытылчу чалма даяр.
Айтор, ишмердиги күмөн жараткан мурда бийликте жүрүп, анан жем жеген акырынан айрылып калып, нааразы болгон топтор бийликке умтулуп жатышат. Айрымдары, маселен ошол эле Ташиев президенттик шайлоодо карыз болуп калган миллиондогон доллар насыясынан кутулуунун жолу катары бийликке жетүүнү самап жатканы айтылып келет. Биздеги коррупцияны эске алганда, бийликке жеткен адам тез эле байып кетээри турган иш. Мисал катары Ахматбек Келдибековду айтсак жетиштүү болот. Ошол себептен, Ташиев темир тосмодон секирем деп алаасын айрытып, абийири төгүлүп, абакка отуруп чыканына карабай, бийликке жетиш үчүн зарыл болгон кадамдарга барам деп опулдап жатат. Сыягы, мурункусу сабак болгон эмес көрүнөт… Мындайды кыргызда дээринде жок тура дечү эле. Дегенибиз, ат деле мүдүрүлгөн жерин кайра баспайт экен. Тилекке каршы, биздин чиновниктер атча да жок болуп жатат.
Андыктан оппозиция элдин бакубат жашоосу, мамлекетибиздин өркүндөп-өсүүсү үчүн күрөшүп жатат деген абсурд. Ошол эле кезде бийлик деле кыйратып иштеп жатат дешке да болбойт. Кемигинде да, керкисинде да бар. Бирок белгилей кетчү жагдай, оппозиция өкүлдөрү Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Мамбетжунус Абыловдор көбүртүп жаткандай "саясий куугунтук" болуп жатат деген чындыктан алыс. Ал эми корупцияга каршы күрөштө теңсиздиктин өкүмү сүрүп жатканы ырас. Оппозициянын "кылмыш иши козголгон Иса Өмүркулов, Каныбек Нарбаев, Жантөрө Сатыбалдиевдер Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеевдей болуп эмнеге камалбайт" деген талабы адилеттүү коюлган. Кыскасы, эки тарап тең "чындык биз тарапта" деп элди ынандыруунун аракетинде.
Албетте, учурда оппозициянын элди көтөрүп чыгышына негиз болчу реалдуу социалдык шарт жок. Калктын калың катмары өлкөбүздө тынчтык болушун тилеп турушат. Коомчулукта бийликке карата нааразы болгондор, азырынча саналуу. Алар бийликке жетпей, элди козутуунун амалын көрүп жатышкан топтордун санаалаштары жана кылмыш иши козголуп, түрмөдө отурган коррупционерлердин жакындары десек жарашат. Буларга акчага азгырылып митингге чыккандарды кошууга болот. Ошентсе да, учкундан жалын тутанат дегендей, азырынча саналуу дегендердин катары калыңдап кетиши ыктымал. Буга жер-жерлерде, алсак: Ошто, Мырзакматов, Келдибековдун жактоочуларынын, Жалал-Абадда Ташиевдин, Баткенде чек ара маселесине нааразы болгондор, Ысык-Көлдө саруулуктардын, Таласта алтын кендерди иштетүүгө каршы чыккандардын, Бишкекте ар кошкондордун минтингге чыгып жатышкандары ачык мисал.
Демек, бийлик оппозициянын орундуу айтылган талаптарына олуттуу көңүл бурушу абзел. Кезинде Акаев, Бакиевдер да оппозиция менен эсептешпей, тоң моюндук кылып жатып, келечеги кейиштүү аяктаган. Тарых кайталанбаш үчүн, ошол кезде оппозицияда жүргөн, учурда бийликте тургандар "Шераалынын чокоюн" эстен чыгарбоого тийиш. Мейли, азыркы оппозициянын ою, колу, жолу таза эмес болуп сүйлөшпөсүн, бирок алардын кемчиликтерди оңдоо тууралуу коюп жаткан талаптарын эске алып, каталыктын үстүндө иштеши кажет.
Башкача айтканда, коррупциялык күрөштү бир кылка акка-карага бөлбөй жүргүзүп, 7-апрель сотун аягына чыгаруу ишин тездетип, стратегиялык обьектилерди Бакиевдин убагындай кылып сатууну көздөбөй, ("Манас" аэропорту) кризиске батырган жетекчиликти жоопкерчиликке тартып, кырдаалдан чыгуунун жолдорун иштеп чыгып, калктын социалдык абалына зыян келтирчү (телефонго бирдик салуу акысын 4 сомго чейин кымбаттаткан "Билайн" компаниясы сыяктуу) жеке менчик ишканалардын өзүм билемдиктерин теске салып, ынтымагы жок ыдырап кетип, анан мамлекетти бекемдемекчибиз деп кайра бириге коюп, Өкмөт башчысын утур-утур алмаштырган саясий оюндарды токтотуп, көрөгөчтүк мамиле жасоо абзел. Антпесе, жалпы элдин ишениминен чыгып калуу кыйынга турбайт. Ансыз да учурда нааразы болбосо да ичи чыкпай, бул бийлик деле жыргатпай калды окшойт дегендердин саны арбып баратат.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу