Эсенбек САТЫЛКАНОВ,
Ысык-Көл облустук саламаттык сактоо тармагынын координатору:
"Баатыр болууга балким татыктуу болгондурмун"
- Эсенбек Абылаевич, сизди бакиевдик бийликке алгачкылардан болуп ачык каршы чыккан адам деп уктук. Кандайча саясатка аралашып калдыңыз?
- Мен 2006-жылдан бери КСДП партиясында жүрөм. Руслан Шаботоев деген ой жүгүртүүсү терең, активдүү жигит бар эле. Аны менен жакшы мамиледе болчумун. Ошол жигит алгач жаштардын партиясын түзүп, кийин КСДПга өттү. Мага бул партия жөнүндө көп айтты. Ал менин ушул партияга өтүшүмө түрткү берди окшойт. Ал кезде көп кишилер партия менен иши жок эле. КСДПнын Бишкекте штабы болгону менен, жер-жерлерде бул партия жөнүндө жакшы маалымат жок болчу. Мага эл арасында бул партиянын позициясын түшүндүрүү керек дешкен. Ошол учурда КСДПнын көлдө бир-эки мүчөсү болгон менен, алар дагы өз оюн ачык айта алчу эмес экен. Эсимде, ошондо кара сумкемди көтөрүп алып Караколдо, Балыкчыда болуштуктарды, райондордо эл жыйналган жерлерди кыдырып, бул партиянын максатын, бийликтин кемчиликтерин айттым. Көпчүлүгү менин оюма кошулган менен, ошол кездеги бийликтен коркушчу. Максатташтарыбыз көп, ачык чыккандар аз эле.Ошондо көлдөн бир канча жигиттерге биздин позиция жагып, партияга тартылышты. Облуста бөлүм түзүлдү.
Кийин, 2008-жылы оппозиция жанданып, көптөгөн митинг, курултайлар өткөрүлгөн. Ошонун баарына күбө болдум. Бизди куугунтуктоо башталды. Өзүм Жети-Өгүздө дарыгер болуп иштечүмүн. 2009-жылы президенттик шайлоо жасалма түрдө өттү. Атамбаев көлдө көп добуш алган менен, шайлоонун жыйынтыгы таптакыр башка болуп чыкты. Нааразы элдин саны көбөйдү. Мурда бийликке болгон нааразылыкты ачык айта албагандар эми ачык сүйлөй баштады. Ар кандай шылтоо менен Балыкчыда бир топ киши камалганы, биздин запкы көргөнүбүз, куугунтуктоо, ошолордун баары революцияга түрткү болду окшойт. Куугунтуктоого карабай, жолугушуулар байма-бай өтө баштады. Ошондо мамлекеттик жумушта жүргөн көп кишилер дагы бийликтин кетишин каалап, бирок ачык айта алган эмес.
2010-жылы 17-мартта Аксыдагы окуяны белгилейбиз деп оппозиция чогулду. Ошондо каза болгондордун сүрөттөрүн көтөрүп алып, лидерлер катуу сүйлөшкөн. Апрелде жер-жерлерде митинг уюштурабыз дешкен. Биз жалаң түн ичинде жолугуп, сүйлөшүп жаттык. Мурдагы губернатор М.Асанакунов, азыр оппозицияда жүргөн Кубанычбек Кадыров баш болгон бир топ адамдар элек. Биз Бакиевди Акаевге окшотуп кубалап жиберели деп ойлогон эмеспиз. Цивилизациялуу жол менен бийликтен кетишине мажбур кылмакпыз. 6-апрель түнү көп оппозиция өкүлдөрүнүн камалганынан кабардар элем. Анан өзүбүздү да камады.
Бул бийлик кетиши керек эле. Анткени, элден бөлүнүп калган. Бакиев үй-бүлөсү менен Кыргызстанды устукандап бөлө баштаган. Бул жашыруун деле эмес болчу. Ошол кезде Өкмөт башы, жергиликтүү бийлик алардын командасын аткарган куурчак эле болуп калбадыбы. Элдин турмушу төмөндөп, карапайым эл карызга малынды. Мага окшогон медиктин баары четке кетти. Электр энергиясы кымбаттап, телефонго да 60 тыйын кошмок болушту. Өзгөчө Бакиевдин баласы Максим жөнүндө көп сөз болгон. Садыркуловдун өлүмү жана башка сасык саясаттар элди көтөрдү. Ушунун баарын көргөн элибиз өзү көтөрүлүп чыкты. 7-апрелде мени УККга алып барып суракка алып, сага 14жыл беребиз деп жатканда, абдан өкүндүм. Мага кечөө Бишкекке кетип калсам болмок экен деген ой келди. Себеби, Бишкекте Ак үй алдында окко учкандар бар дегенди уккам. Балким, мен кетип калганда, буйрук болуп мага деле ок тийип калат беле, ким билет. Анткени, дайыма алдыда жүргөн адам болчумун, эч убакта жашынган эмесмин. Бактыбыз бар экен, революция болуп, биз сот жообуна тартылбай калдык. Биздин тагдыр жолубузду бурган Ак үй алдында окко учкан балдар болду. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
- Жылыга 7-апрелди белгилегенде апрель ревоюциясы өз максатына жеттиби деген суроону бербей кое албайсың. Буга сиз кандай жооп берет элеңиз?
- Эми ар кимдин ой жүгүртүүсү ар кандай. Мен бир эле мисал айтайын. Телевизорду карап олтурсам, Равшан Жээнбеков бир көрсөтүүдө "Апрель революциясы өз максатына жетпей калды" деген оюн билдирип жатат. Эгерде, революция өз максатына жетпесе, анда ал ушинтип өз каалаганын телевизордон сүйлөп олтурат беле? Бакиевдин учурунда теледен бир ооз сөз айта албайт эле да. Демократия болгон үчүн "Ата-Журт"парламенттик шайлоодон өтүп кетти. Коррупционерлер камалып жатат. Ооба, азыр баары сыдыргыга тизгендей болуп кеткен жок. Бирок, Атамбаев таза иштеп жатат. Көч бара-бара түзөлөт. Мен өлкөбүз өнүгүп кетерине ишенем.
Ал эми жеке мен үчүн бул революция өтө чоң мааниге ээ. Себеби, камалып жатып, баары бүттү дегенде камактан чыктым. Аман-эсен калдым. Тагдырым кандай болот эле ким билет. Жакшы болсо түрмөдө жатмакмын. Жаман болсо жок болмокмун.
- Столдун үстүндө апрель баатыры деген күбөлүгүңүз турат. Бирок, муну революцияга тиешеси жок адамдар да алып алды деген пикир бар. Бул маселеде сиздин оюңуз кандай?
- Эгерде менден баатыр болууга татыктуу белеңиз деп сурасаңыз, балким татыктуу элем деп жооп бермекмин. Мен бул значокту тагынып, мактанып көргөн эмесмин. Мага беришти, алдым. Аны эл өзү таразалайт. Ооба, кай бир адамдардын апрель баатыры болгонун карап уяласың. Арабызда мурда аты-жыты билинбегендер да бар. Биз болсо, учурунда бакиевдик бийликке каршы чакырыктарды ачык айтып келдик. Оппозициялык лидерлер көлгө келгенде, эл менен жолугушуу уюштурууга активдүү катышып жүрдүк. Бир жолу Роза Отунбаеваны Дархандан тосуп алып, эл менен жолугуусуна көмөктөшкөм. Ал учурда антип ачык чыкпагандар көп эле болчу. "Кыдыкбек Исаевден: "Провокация уюштуруп, Роза Отунбаеваны камап, алып калгыла деген команда болду"- дегенди угуп, тез арада аны узатып жибердим. Ошондо эл арасынан мага: "Бийликке каршы кишини айылга алып келип, бизди уят кылып жатасың" дегендер да болгон. Турмуш дегениң кызык экен, кийин ошолор Роза Исаковнанын колун кармаганга зар болушпадыбы.
Маектешкен:
Жумагүл БАРКТАБАСОВА





Алыска кеткен бүркүттөр
(7-апрель баатырларына)

Канкорлор бийлеп, калкымдан качып ырыскы,
Каруусу казык шерлерди бүтүн кырышты.
Кан жутуп калдык кыраандар өлүп бейкүнөө,
Кайраты менен кайраган ташка кылычты.

Чыгарбай жүзүн чындыкты чүмкөп этектер,
Сыздатты элди сыйыртмак салып эшектер.
Токсондон ашуун эрлердин сөөгүн жашырып,
Толгонуп жаны, энедей сыздап кетет жер.

Акмактык менен алмашкан күндө токтому,
Адаштык жолдон, бийликке коюп чочкону.
Тезекке салды элимдин алып жарыгын.
Абийирден эмес, темирден коюп тосмону.

Кезээртип элин, камырдай улам ийлеген,
Керекпи хандар пайдасы кыпын тийбеген.
Солгундап турса келечек жолу эл-журттун,
Сороктоп кечке сойкудай болуп бийлеген.

Көөдөнү көрүп, карадан акты айырган,
Көздөгү оту мертинтип окту кайырган.
Артына кайтпас азамат жандар өлүштү,
Ар-намыс менен ширелип өскөн айылдан.

Жокчулук басып, жигиттин мойнун жок кесип,
Жоругу күчөп, намысты турса ок тешип.
Айкөлдүк, курчтук канына бүткөн шумкарлар,
Аянтта жүрдү ажалдан качпай от кечип.

Эсине келбей эчкирип ыйлап, бышактап,
Энелер калды уулунун көрүн кучактап.
Аттиң ай дүйнө, жүлүндөн бери сыздатып,
Ай өткөн сайын армандар өсөт бутактап.

Кайгыдан элди калкалап калган түндүктөр,
Калк жүгүн таяп кылымга калчу түркүктөр.
Тарп жору, кузгун, карганын баарын кубалап,
Аскадан ашып, алыска кеткен бүркүттөр.

Чекесин тосуп, чебинен өтүп жалгандын,
Кучактап жерди уландар жатат, арман күн.
Сөз нугу жетпес баатырлар бүгүн даңкталып,
Ырында анан, ыйында калды ар жандын.

Чыгаандар кетти душмандын мойнун толгочу,
Чын дүйнө болсо ыймандын болоор жолдошу.
Өңгөсүн айтпайм, кыргыздын жаны ушулар,
Өлсө да элин эрдиги менен коргочу!!!
Бардибек Жамгырчиев,
жаш акын