Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Гүлшайыр Садыбакасова,
КР эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы
филармониянын директору:
" Мурунку шайлоого "Ата-Мекенден" катышкам, эмки шайлоого катышпайм"

- Гүлшайыр эже, алгач сиз жетектеген филармониянын абалы жана акыркы жаңылыктары менен бөлүшсөңүз.
- Филармониянын 130 адамдан турган жамааты түштүктү түрө кыдырып, концертибизди берип, элибизге талбай эмгек кылып жатабыз. Бирок кыргызда "Сөз чынынан бузулбайт" деп айтылат эмеспи. Анын сыңарындай биздин филармонияда каржы маселеси тартыш. Чечилбеген көп көйгөйүбүз бар. Мисалы: концерттик костюмдарыбыз эски, элди кыдыралы десек автотранспортубуз жок. Филармониянын тегерегиндеги адам баскан жолдорду брусчаткаларга алмаштыра албай олтурабыз. Ошого карабастан, жүрөгүбүзгө жык толгон патриоттук сезимибиз, кыргызды жүрөктүн толтосунда кармаган инсан катары, колдон келишинче иштеп жатабыз. Былтыр биздин филармония Ош шаарында болуп өткөн мамлекеттик деңгээлдеги 80ге жакын иш-чараны концерт маселеси менен камсыздап берди. Буюрса, быйыл дагы алдыда боло турган ошондой чоң иштерди аткарууга даярбыз.
- Филармониянын коммуналдык төлөмдөрүнө жана жамааттын айлыгына эле акча каралып, башка маселелерге каралбай жатабы?
- Жалпы жолунан алганда ошондой эле болуп калып жатат. Ал эми өзүбүз иштеп тапкан акча бир жылда болгону 600 миң сом. Албетте, бул филармония үчүн "мизердик сумма" да.
- Өкмөт тарады. Маданият тармагын башкарууга башка бир жетекчи келсе деген оюңуз барбы?
- Өкмөттүн тез-тез тарап жатканы көп нерсеге сөзсүз таасир тийгизет. Кийинки шайланып келе турганы, көп өтпөй 27-си болуп кетип каламбы деген бир чолок ой менен келет. Бул биринчиси. Экинчиси, чынында маданиятка жеткиликтүү көңүл бурулбай, жеткиликтүү каражат бөлүнбөй жатат. Албетте, бул чоң кемчилик. Бул маселени көп созбой чечпесе, бара-бара нукура маданиятыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Айтор, бул жагы өтө оор болуп турат.
- УОК деп түзүлгөн оппозициялык топко кандай көз караштасыз? Деги эле өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларга көз карашыңыз кандай?
- Мен көптөгөн мамлекеттерди кыдырган, көп нерселерди көрүп-билип, көзүм каныккан адаммын. Эң кейиштүүсү, биз кыргыздар бейиштей болгон өз өлкөбүздүн кадырына толук жете албай жатабыз. Азыр бизде кырдаал оор. Ушундай татаал кырдаалды үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Ар кандай кооптуу абалды жаратып жатышкан диний экстремисттик агымдарыбыз да ачык эле чыгып калды. Алар да өз кызыкчылыктарын ишке ашыра албай араң эле жатышат. Андан тышкары кландык топторубуз, жердешчилик бөлүнүп-жарылуу маселеси да курч турат. Оппозиция болгону жакшы. Бирок оппозиция күчтүү жана таза болушу зарыл. Андай болбосо ал элге алынбайт. Тилекке каршы, бизде таза иштебегендер кызматтан - кызматка секирип жүргөн көрүнүш көндүм болуп баратат. Мындай болбош керек. Мына ушундай маселелерди өлкө жетекчилери өз убагында ордуна коюш керек. Мен кыргыз жигиттерин оппозиция-позиция деп бөлбөй, баарын бирдей көрөм. Ошол кыйын жигиттерибиз акылдашып, папкени бөлүштүрүп эле олтурбастан мамлекеттин өнүгүшү үчүн жанын сабап эмгектенишсе, албетте биз жалпы элибиз менен бирге чоң ийгиликтерге жетишет элек.
- Парламенттик шайлоого даярдык эмитен башталбадыбы. Сиздин кийинки шайлоого катышайын деген оюңуз барбы?
- Мени мурунку чакырылышта "Ата-Мекен" партиясы чакырып, шайлоого аттангам. Бирок мен ал партиянын мүчөсү эмесмин. Жөн гана партиянын саясатын колдоп, Ноокат району боюнча жардам бергем. Тизмеге кошпой эле койгула десем да, болбой 54чү кылып кошуп коюшуптур. Ал эми алдыда келаткан шайлоого катышып, саясатка аралашайын деген оюм жок.
- Ошто элдин маданиятка көңүл буруусу кандай? Купулга толобу?
- Буюрса, жакшы. Мурункуга салыштырмалуу өсүш бар. Мен өзүм 8-мартта төрт күн жаштарга жана 21-мартта үч күн орто жашагандар менен карыларга концерт койдук. Эл кадимкидей агып келди. Ар бир концерттин өзүнүн көрүүчүсү бар, бири-бириникине келбейт. Бирок эл концерт десе эле келе беришпейт, тандап, сапатына карап көрүп калышты. Мисалы, айрым концерттерге 100гө жетпеген адам келсе, мыкты концерттерде 500 орундук залыбызга эл батпай калат.
(Уландысы 13-бетте)







Пикир:

Яндекс.Метрика