Жапаровдун жайламайларынан...

Караколдун чыгыш тарабында деңиз деңгээлинен 2400 метр бийиктикте Жыргалаң кыштагы жайгашкан. Бул шаар тибиндеги кыштак 1932-жылы көмүр казууну изилдөөдө негизделген. Жыргалаң шахтасы болсо 1949-жылы негизделип, 60-жылдары ишке кирген. Жылына жүздөгөн тонна көмүр казылып турган.

Болжол менен ал убакта шахтада 600дөй адам эмгектенген, союз ыдырагандан кийин ал жакка керектүү техникалар, жабдуулар келбей калган. Ошол себептен көмүр казуу иштери да басаңдап, жумуш орундары кыскарып, көйгөй туудура баштаган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары шахта кыбырап болсо дагы иштеп турган. 1996-жылы Маммүлк фонду тарабынан шахтанын имараттарын, техникаларын тескеп туруп, мамлекеттик "Жыргалаң Шахтасы" ачык акционердик коому кылып, алгачкы аукционду өткөрүп 5 пайызын жамаатка, 24 пайызын калкка сатып, 71 пайызы Ысык-Көл мүлк фондусунда калган. Кийин мамлекет тарабынан өндүрүштү колдоо максатында 22 млн. 400 миң сом бөлүнгөн. Ал каражатка 3 даана камаз, вагон ж.б. кем-карчысы сатылып алынган. Кийинчерээк Бакиев убагында дайын дареги белгисиз жеке менчик фирма тарабынан шахтынын баасы кайра бычылып, наркын 10 млн. 683 миң сомго баалашкан. Баарынан кызыгы шахтанын 1990-жылдан 2005-жылга чейинки документтери жоголуп кеткен.
Көрсө жеке менчик ал фирма шахтыны бекеринен ит бекер баалабаптыр. Буга көптөн бери көзү түшүп, түн уйкусу бузулуп жүргөн, тоо-кен иштери боюнча түшүнүгү жок Садыр мырзанын сасык оюну экен.
Ошол эле жылдын август айында Садыр мырза бир туугандары менен шахтага келип, шахтанын акциясын толугу менен тендерден утуп алганын жар салат. Канчага сатып алганын эч ким деле билбейт. Болжол менен 12-14 млн. сомдун тегерегинде деген сөздөр айтылганы болбосо. Шахтаны болсо бир тууган агасы Сабыр Жапаровго каттатып койгон. Ал убакта мындай суммага Бишкектен элиталык 3 комнаталуу квартира келмек. Неге мынча арзан деген жамаатка "силердин 65 млн. карызыңарды төлөдүм" деп кутулган. Бул жерден Садыр Жапаровдун ЖКнын 3-чакырылыштагы депутат экенин, эки айдан кийин парламентти Бакиев таратып жиберип, Садыр мырза бош калбай ажонун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалганын айта кетпесек болбойт.
Ал кезде шахтанын иши начарлагандан начарлап, 600 кишинин ордуна 120 киши калып, ага келгин 30 кытай жаранын кошуп, эптеп күн көрүп жатты. Ошол эле маалда кайран Садыр кыргыз жарандарын ыйлатып, айлык акысын аз берип, келгин кытайларга болсо 3-4 эсе көп төлөп, аларды багып келген. Союз маалында жергиликтүү пенсионерлерге 6 тонна көмүр берилсе, Жапаровдор алганы 6 тонна эмес, бир мүшөк көмүр берилбей калган. Автопарктан болсо 3 камаз, 2 экскаватор, бульдозер, трактор, мерседес, нива автоунаалары жиксиз кумга сиңип кеткен.
2012-жылы 1-октябрда Жыргалаң шахтасына башбакан Жантөрө Сатыбалдиев иш сапары менен барып, анын документалдуу жетекчиси Сабыр Жапаров менен жолукканда шахта качан иштейт, жергиликтүү элди качан жумуш менен камсыз кыласыңар деген соболдоруна "Ооба бир айдан кийин ишке кирет"- деп жооп узатып жолго салат.
Ал эми анын эртеси эле 3-октябрда иниси элди көтөрүп "Кумтөрдү" улутташтырыш керек, канадалыктар биздин жарандарга айлык акы аз төлөп, экологияны бузуп жатышат деп митингге чыгарат. Садырдын бул жоругун өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт десек жарашчудай. Анысы аз келгенсип, ал митингде кайран Камчыкенин колтугуна суу бүркүп тосмодон ашырып жиберип, өздүк кабинетинде эч нерсе болбогон кишидей олтуруп калганына таң бересиң. Шахтада болсо иш токтоп, жергиликтүү калк иттен жок же ит байлаган жиптен жок отуруп калышты. Азыр айыл чал-кемпирлердин пенсиялары менен эптеп күн көрүшүүдө. Жапаровдордун буга башы да ооруп койгон жок. Канадалыктардын Жапаровго жакпай калган дагы бир себеби, инвестор кытайларга 7 млн. доллар карыз болуп калып, ал кытайлар эгер канадалыктарды "Кумтөрдөн" кетирип, бизди алып келсеңер карызыбызды кечебиз дегенинде экен.
Ушул жылдын февраль айында лицензия берүү Кен иштетүү мамлекеттик агенттигинин комиссиясы 2015-жылга чейин берилген "Жыргалаң шахтасы" ААКнун лицензиясынын иштөө мөөнөтүн токтотту. Алдыда жаңы тендерлер күтүлүүдө. Кытайлар болсо, шахтага салган акчаларыбызды алмайын кетпейбиз дешүүдө. Жапаровдор болсо кабак-кашым дебей, камырабай олтурушат. Анан ушул элдин атынан сүйлөп, элди патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөп чакырык жасаганда күйбөгөн жерибиз күл болуп жатпайбы.
Тилек Рыскулов




Берлинге
туу сайгандай болуп…
Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты болуп кеткен Бакыт Керимбеков Бишкектеги калмактын калпагына окшоп жабылган чатырлуу имаратынын чокусуна мэриядан уруксат сурап туруп, кыргыз желегин сайыптыр. Ал имарат- Байтик Баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилишиндеги №17 имарат экен. "Түлеев мэр болуп турганда Нескара, Жолой, Шыпшайдар аттуу калмактарга эстелик да койдурган"- дегенди да айтты экс-депутат.

Өлгөндөн кийинки "квартираң" бекер
Маркумду түбөлүк жайына берүү бей-бечаралар үчүн тозоктун иши, жакыны бир өлсө, сөөк ээси каражат издеп дагы "өлөт". Жогорку Кеңеш жакында сөөктү жерге берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизет, өзүн-өзү билген сөөк коюучу ишканалар ооздукталат. Анан эң жакшысы мындан ары сөөк коюлчу жер бекер болот!


Буюртма өлүмдү баштаган адам каза болду
Кыргызстанда буюртма өлүмдү биринчи жолу ишке ашырып, өмүр бою кесилген Таалайбек Бейшембиев дүйнөдөн кайтты. Ал кыргыз-орус биргелешкен ишканасы "Лукойл-Кыргызстандын" генералдык деректири Юсуп Көлбаевди Абдрашитов жана Куркин деген киллерлерге аттырган. Көлбаевдин аталган кызматка олтурганына төрт гана күн болгон экен. Ал кезде Бейшембиев ИИМдин күзөт башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеп турган. Маркумдун сөөгү туугандарына берилип, жерге коюлду. Азага милийсанын толгон кызматкерлери келишиптир…