Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Жолдошов Кылычбек,
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы:
"Жаныш Бакиевден баарын күтсө болот"

- Кылычбек мырза, сөзүбүздү Мелис Мырзакматовдон баштасак. Ал уюштурган митингдерде силердин бир канча кызматкерлериңер жабыр тартышты эле. Ушул боюнча толук айтып берсеңиз?
- Өткөн жылдын 2- 7-декабрь жана 15-январь күндөрү Ош шаарындагы өткөн митингдерди баарына белгилүү болгондой мурунку мэр Мелис Мырзакматов уюштурган. Ал митингдердин катышуучулары тартипти көзөмөлдөп турган биздин кызматкерлерге таш ыргытышкан. Биз ал окуя боюнча "массалык укук бузуу" жана "тартип коргоо органдарына каршылык көрсөтүү" деген эки кылмыш ишин козгогонбуз. Азыр бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Мырзакматовду да уюштуруучу катары бул жерге алып келип сурадык. Ал эми шаарда салынып жаткан көпүрө жана мэриядагы айрым бузуулар боюнча козголгон кылмыш иштерин Ош шаардык прокуратурасы тергеп жатат.
- Ош шаарындагы криминалдык абал жана улуттар аралык мамиле тууралуу ачык маалымат бересеңиз?
- Учурда Ош шаарында абал тынч. Эч кандай криминалдык топ ачык баш көтөрүп, өз иштерин жүргүзүп жаткан жери жок. Андай көрүнүштөргө биз эч качан жол бербейбиз. Бизде көбүнчө турмуш-тиричиликке байланыштуу кылмыш иштери козголот. Мисалы, уурулук, көчөлөрдөгү, кафелердеги мушташуу ж.б. Бирок бир нерсени жашырбай айтсак, биздеги эң көйгөйлүү көрүнүш - бул улуттар аралык мамилелер боюнча күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Себеби, биздин шаарда кыргыз менен өзбектин ортосунда майда маселелер боюнча бир келишпестиктер чыгып, мушташкан учурлар болуп турат. Мунун өзү айрымдарга улуттар аралык маселелерге боөк сүрткөнгө жол ачып коөт. Бирок 2010-2011-жылдардагыдай бири-бирине тиш кайрап, үстөмдүк көрсөткөн көрүнүштөр жок. Ал жагы жалпы жонунан жолго коюлган. Ал эми Украинадагы кырдаалдан кийин бизде да улуттар аралык араздашуулар тымызын жанданып, стабилдүүлүктү бузуп, ал маселени козгойбуз деген үчүнчү күчтөр пайда болуп жатканын жашырбай ачык айта кетейин.
- Үчүнчү күчтөрдүн ким экенин ачыктабайсызбы?
- Өзүңүздөр билгендей, Ошто Сирияга барып келген жана кетип жаткан адамдар бар. Алар боюнча толук маалыматты топтоп, иликтеп турабыз. Мисалы, Сирияга барып, өздөрүнүн тили менен айтканда "жихадка" катышып, согуштук даярдыктан өтүп келип, биздин арабызда жүрүшөт. Алардын башкаруучулары Сирияда же Түркияда олтурушат. Алардын Кыргызстандагы чоң кызматынан айрылып калган же бийликке таарынычы чоң адамдарды акчанын күчү менен колдонуп, эптеп ызы-чуу кылсак деген тилектери бар.Азыр ушул маселенин үстүндө катуу иштеп жатабыз.
- Жаныш Бакиев да жөн жатпаса керек. Ал өзүнүн арам оюн ишке ашыргысы келсе, түштүк региндору аркылуу ашырышы толук мүмкүн да...
- Туура. Сиз айткан маселе да айтылып эле келатат. Коомчулукта: "Жаныш Үрүмчүгө, Алматыга келип, айрым адамдарга акча бериптир" деген маалыматтар кеңири сөз болсо да, ал биз тараптан такталган жок. Ошондой болсо андай маалыматтарды четке кагууга болбойт. Андыктан биз ал маселени да унутта калтырганыбыз жок. Себеби, ал кишиден баарын күтсө болот да.
- Криминалдык чөйрөдө "Дженго" деген каймана ат менен белгилүү болгон Досонов Кадыр тууралуу кандай маалыматтарды айтасыз?
- Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү. Ош облусунун аймагында жашайт. Кылмыш иши козгологону менен соттон бошоп чыккан. Бирок анын үстүнөн биздин көзөмөл дайыма жүрүп жатат. Азырынча анын үстүнөн арыз түшкөн жок.
- Маркум Толкунбек Шоноев менен бирге иштешип калдыңыз да, жакындан билесиз дегендей. Анын өлүмүн наркотрафикке байланыштырып жатышпайбы. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Толкунбек досубуздун трагедиялуу өлүмү боюнча кылмыш козголуп, алты адам кармалган. Азыр эң башкы күнөөкөр деп эсептелген УКТнын активдүү мүчөсү Садиев Кадыр издөөдө. Айрым маалыматтарга караганда, Россияда башка паспорт менен жашынып жүрөт. Биз аны тактап, кармап келмейинче Шоноевдин өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети ачылды деп айта албайбыз. Негизинен бул иш министрибиздин тыкыр көзөмөлүндө турат.
Сиз туура белгилегендей, мен да өз убагында Толкунбек менен бирге иштегем. Анын өлүмүн наркотрафикке байланыштырган ар кандай сөздөр жалпысынан ушак деп баса белгилеп айтып кетет элем. Ал көрө албагандардын чыгарган сөздөрү болсо керек. Чынында Толкунбек өз кесибин мыкты билген, таза жигит эле. Ал бир келген кыска өмүрүндө өтө чоң-чоң кылмыш иштерин ачып, көпчүлүктүн оозуна алынган болчу.
- Бүгүнкү күндө Ош шаарынын "смотряүийи" ким?
- Бүгүнкү күндө Ош шаарынын "смотряүийи" - Кыргыз республикасынын мыйзамы деп ишеничтүү айта алам. Мындан эки-үч жыл мурун ар кандай сөздөр болгон. Азыр деле ар кайсы райондордо "баланча, түкүнчө смотряүий экен" деген сөздөрдү угуп калабыз. Бирок ал иш жүзүндө далилдене элек. Себеби, бул боюнча эч ким бизге арыз менен кайрылган жок. 2013-жылы УКТнын 10 мүчөсүн кармадык. Бирок алардын бирөө да адамдарга коркутуу же карактоо менен эмес, баары тең курал - жарак жана наркотик боюнча кармалышты. Азыр алардын иши соттон өтүп жатат. Бирок кийинки мыйзамдар (мурунУКТнын мүчөлөрүн биз аныктасак, азыр сот аныктайт) менен үй камагына чыгып кеткендер да болду.
- Акыркы суроо болсун. Кийинки учурда Ош шаарынын көчөлөрүндөгү машинелердин тыгындары чоң көйгөй катары айтылып келатат. Бул боюнча да сиздин пикириңизди уксак...
- Чынында Ош шаарындагы көчөлөрдөгү машинелердин тыгындары Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү тыгындардан кем калышпай баратат. Өзгөчө тыгын эртең менен жана кечинде болот. Бизде расмий катталган 70 миңге жакын машине бар. Аны менен эле токтоп калбай, күн сайын өсүп жатат. Ал эми көчөлөрүбүз болсо тар. Тыгындарды азайтыш үчүн биринчи кезекте көчөлөрдү кеңейтүү зарыл. Буга кошумча көйгөй жараткан маселе - бул архитектуранын ишмердүүлүгү десек болот. Эмне дегенде, архитектуранын кызматкерлери Ош шаарында курулуп жаткан соода борбору, ресторан ж.б. имараттардын атайы машине токтотуучу жайларын эсепке албай эле берип коюп жатышат. Ошондуктан айрым имараттардын алдында токтогон машинелердин жарымы адамдар баса турчу атайы жол, керек болсо андан өтүп чоң трассага чейин чыгып, алар да чоң тыгындарды жаратышууда. Мына ушул маселени тиешелүү мекемелер, жетекчилер эске алышса эң сонун болот эле.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев






Пикир:

Яндекс.Метрика