Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Руслан Абасовдун күтүлбөгөн өлүмү

Кыска өмүр, чоң спорт
27-мартта кыргыз спорту чоң жоготууга учурады. Эгемен элибиз эң кыйын спортчуларынын бири, өлкө сыймыгы, атактуу кикбоксөр Руслан Абасовдон ажырады.
Абасов Руслан 1976-жылы Токмок шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 13 жашынан баштап спорттун бокс түрүнө катышып, кыска убакыттын ичинде өзүнүн спортко болгон жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. Орто мектепти аяктаган соң, Токмоктогу техникалык институтта билим алат. 1996-жыл Бишкектеги "Гермес-профи" спорт клубунун босогосун аттап, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Воиновдун колунан машыгып баштайт. 1997-2005-жылдары Кыргызстандын намысын коргоп, мамлекетибизди дүйнө жүзүнө таанытууга салым кошкон. Айтсак, 91 кг. жана оор салмакта таймаштарга чыгып: кикбоксинг боюнча Азия жана Европа мамлекеттеринде бир канча жолу мелдеште, 2005-жылы WBKF версиясы жана кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнөнүн эки жолку, Европанын да эки жолку чемпиону болгон. Ал эми 2007-жылы Евразиянын чемпиондук наамын да жеңип алган. Мисалы, дүйнө чемпиондору: Сурен Калачян, Александр Устинов, Эдуард Вознович ж.б. рингде тумшугун жер жыттаткан. Абасовдун мына ушундай ири ийгиликтерин эске алган Бүткүл дүйнөлүк кикбоксчулар ассоциациясы эң мыкты спортчулар тизмесине киргизген. Андан тышкары, "Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери" жана "Өлкөгө эмгек сиңирген спорт чебери" деген ардак наамдарды алуууга жетишкен.

Жок кылууга кимдер
кызыкдар болушкан?
27-мартта эч кандай жаман ою жок, бир нече мүнөттөрдөн кийин аны ажал күтүп жатканын сезбеген, билбеген Руслан мырза Токмок шаарынын 1-кичи районунан кечке жуук, саат 17.30дар чамасында өзүнүн "Тойота Лендкрузер" маркасындагы унаасына келинчеги менен олтуруп, 3-кичи районго баратканда, күтүүсүздөн Руслан олтурган олтургучтун алдынан жарылуучу зат жарылып кетет. Айнектери сынып, айдоочу олтурчу эшиги ийилип, ал жарылуучу заттын тийгизген зыянынан улам Абасов дароо эсин жоготпой, сыртка чыгып бир нече кадам таштап, "шок" абалында басып барып жыгылганы айтылууда. Бирок ооруканага жеткирилгенден кийин, кан көп кетип калгандыктан улам каза тапты. Ал эми Русландын жубайы машиненин артында болгондуктан, ал олуттуу жаракат алган эмес. Ооруканага жатып, үйүнө чыккан. Кыргыздын даңктуу уулу Русландын сөөгү жекшемби күнү Токмокто жерге берилди. Артында эки кыз, эки уул жетим калды.

Бизнес жана
талаш-тартыш
Руслан мырза, чоң спорттон кеткени, коомдук иштер менен жана жеке ишкерлик менен алектенип жүргөнү белгилүү. Мисалы ал Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору Нурдин Абдылдаевдин жардамчысы болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине караштуу аңчылык боюнча департаменти Руслан Абасовдун Нарында аңчылык боюнча (ага тиешелүү жер 30 гектардан ашык экени айтылууда ) жеке менчик фирмасы бар экенин тастыкташты. Акыркы учурда ал ошол фирманын ишин алдыга сүрүп, жакшы жолго коюп, ийгиликтүү иштеп жатканы айтылат. Бирок анын трагедиялуу өлүмү дал ошол аңчылык фирмасына байланыштуу. Себеп дегенде, ал фирма мурунтан эле кимдир бирөөлөр менен талашка түшүп келгени тууралуу расмий маалыматтар бар. Айрым массалык маалыматтар такталып-тактала электе эле: " Абасов "Водолаз" каймана аты бар Максат Абакировдун кылмыштуу тобунда жүргөн" деген маанидеги маалыматтарды таратты. Эми муну из кубарлар тактабаса, антип баса белгилөө бир чети туура эмес.
Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгы бул боюнча расмий маалыматты тергөө жүрүп жатканын байланыштуу берүүдөн баш тартып турат. Аталган башчылыктын башчысы Рафик Мамбеталиев :
- Абасов УКТнын мүчөсү деп айтуу азырынча тактала элек. Себеби, ал УКТнын мүчөсү боюнча каттого алынган эмес. Кылмыш иши боюнча азыр кызуу тергөө жүрүп жатат, буюрса эки-үч күндүн ичинде кылмышка шектүүлөр билинип калат.
Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул кылмыш ишин Мамбеталиев жетектеген башкармалыктан тышкары Чүй ИИББси жана Бишкек ИИББси да иликтеп, изилдеп жатат. Генерал-майор Мелис Турганбаев дин пикири төмөндөгүдөй:
- Мен Руслан Абасовдун жеке иштерин, кимдер менен кандай мамиледе болгонун жакындан билбейм. Бирок ал жигит тынч жүргөн жигиттердин бири деп айтуудан алысмын. Себеби, мен ИИМде орун басар болуп турган кезде Абасовдун аңчылык фирмасы жана акча маселелери боюнча талаш-тартыш болгонун билем. Балким анын өлүмүнө ушундай маселелер себеп болгондур. УКТнын катыштыгы жок деп айтуу эрте. Дагы бир божомол катары диний -экстремисттердин ушул өңүттөгү иштерин эске алышыбыз керек. Кыскасы, Русландын өлүмү боюнча кылмыш иши менимче көпкө созулбай ачылат деген оюм бар.
Эске сала кетсек, акыркы он жылда кыргыз мамлекетин, кыргыз желегин дүйнө жүзүнө тааныткан даңазалуу спортчулар: Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Али Парсуков, Баяман Эркинбаев, Кабыл Карымшаков өңдүү инсандар криминалдык чөйрөнүн активдүү мүчөлөрү тарабынан киши колдуу болушкан.

Айбек Шамшыкеев




Турдубекти "тур" дечүлөр барбы?
"Галдирбай" атка конуп, артынан далай чууну чубай кеткен Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан айдалаардын алдында Өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш агенттигине өзүнүн кадры, курбалдашы, далай жашка барып калган Турдубек Мамбетовду отургузганга үлгүрүп калган. Турдубек Мамбетовдун туурга конгондон бери көзгө көрүнөөрлүк бир ишин көрө албай, көпчүлүк жини кайнап атканын эшиттик. Бишкектеги бир топ курулуш компанияларынын ишине да ичи чыкпаган түр көрсөтүп, бутун болушунча тосуп, илгерки манаптардай эле манчыркайт дейт. Жаңы Өкмөт куралса, Жантөрөнүн кадры кошо кетип, жаныбыз жай алса экен"- деп Кудайдан анан, азыркы бийликтегилерден суранып атканын айтып, телефон кагып атышат...


Кол алдындагылары колдоп атат
Учурда Кыргызстандын бүтүндөй медиктери министрин колдоп, коргоп атышыптыр. Министрине мынчалык жан тарткан мындай учур бололек эле, Динара Сагынбаева өз ишин чын дили менен аткарып жаткан окшойт. Анын үстүнө Динара айымды көпчүлүк өз ишин мыкты билген профессионал медик деп мактап келишет.


Коалицияга кире албай жатып, аукционду айтканда не?
Бабановдун акыркы "солдаттарынын" бири болгон Максат Сабировго түшүнүп болбойт. Ушул жигит айтып атат, "СДПК партиясы өкмөт башчысына талапкер тандоо үчүн жумшак рейтинг өткөрбөй койду" деген таарынычын. Андай акчага сатып алуу ыкмасы баш мыйзамга карама-каршы келерин Кулов баш болгон депутаттар айтып жатса дагы, ушул депутаттын башына батпай койду. Анан дагы айтып калды, "биз ошон үчүн коалицияга кирүүдөн баш тарттык" дегендей мааниде. А чындыгында, аларды ал жакка эч ким чакырган эмес. Алар кирсе "Ата-Мекен" менен "Ар-Намыс" кирмек эмес. Ал турсун, Алтынбек Сулайманов өзү суранган дешет, "бизди кийирбегиле" деп. Арийне, бир чети Максатты деле түшүнсөк болот, анткени ал болгону аткаруучу болду да. "Айт" деген адамдын ким экенин баарыбыз эле билип турбайбызбы. Ага айтканда не.


Өмүкеңдин "өкчөмөйү"
Өмүрбек Текебаевдин шойкумдуу шоусуна тоюп деле бүткөндөй болдук окшойт. Сатыбалдиевдин Өкмөтүн кетирип, жаңысын курайбыз дегенде кайран элдин "чын эле жаңы Өкмөт куралат экен" - деп ишенип алганычы. Балекеттинби! Жалгыз Жантөрө Сатыбалдиевдин эле алмашканы болбосо, калганы калды баягы бойдон эле. Баягы эле Кулову парламенттик көпчүлүк коалициясын башкармай болду, коалициясына баягы эле КСДП, "Ата-Мекен", "Ар-Намыс" кирди. Бир кишини кызматтан алыш үчүн саясатты "сапырып", бир заматта башыбызды маң кылган Текебаевге аргасыз таң берип атабыз. Депутат Дастан Бекешов айтты го, "Ата-Мекен" бул аракети менен арканды алыс ыргытканын. Айтканынан чыкпаган, ачуу сөзүн айтпаган тил алчаак кадры Оторбаевди оңтойлуу орунга отургузуп алып Өмүрбек Чиркешович эми парламенттик шайлоого камына баштады.







Пикир:

Яндекс.Метрика