Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Оңолбойбуз!

Жаза турган маселени узун-туурасынан калчап туруп, эмне болсоң ошол бол деп ушундай тема коюп алдым. Адамдардын тобун айтсам го бир жөн эле, бу жерде бүтүндөй мамлекетибизди айтып куурап жатпаймынбы! Эмесе, кымбаттуу окурманым, коюлган темага жооп берейин, калган чараны сен көр…
Бул маселени карапайым калк угуп, катуу кыжырданганына көп болду. Бирок, бул маселе уламдан-улам унутулуп баратат, жөн эле жерден унутулуп бараткан жок, уяты азыраактардын аракети менен унутулуп баратат. Ушул жылдын февраль айынын башында парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитети тарабынан Мамлекеттик салык кызматындагы кызматка дайындоолорду текшерүү үчүн комиссия түзүп, анын башына депутат Улукбек Кочкоровду дайындашкан. Бирок, Кочкоровдун башка иштерден "колу бошобой" жаткандыгынан иш ордунан жылбай турат. Кочкоров да өзүнүн жардамчысы Адылбек Орозалиев дегенди Ленин районунун салык кызматына сунуштаган тура.
Мамлекеттик салык кызматын 2010-жылы Адылбек Касымалиев деген башкарды, андан кийин Бактыбек Аширов, Кабыл Абдалиевдер иштешти. Ал эми 2012-жылы сентябрдан баштап МСКны Исхак Масалиев жетектеп келет.
Ошентип, төрт жылдын ичинде депутаттар менен министрлер кызматка конкурстук жол менен гана келүү деген мыйзамды, одоно айтканда, уруп койбой, салык кызматына 83 адамды ишке орноштурган. Алардын 62си депутаттардын кеңешчиси жана жардамчылары, 11и МСКнын төрагасынын кеңешчилери, калган 10у башка мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин жардамчылары болгон. Депутаттар 62 адамды ишке орноштургандар төмөнкүлөр экен: 5 адамды Акылбек Султанов, 4 адамды Нурбек Нурашев, 3төн адамды - Абдыжапар Бекматов, Жыргалбек Саматов, Надира Нарматова, Нургазы Айдаров, 2ден адамды - Чыныбай Турсунбеков, Акылбек Эшимов, Курманбек Осмонов, Абдыманап Кутушев, Чолпон Султанбекова, Алмазбек Баатырбеков, Абдулатип Режавалиев, Назарали Арипов, Абдимуталип Кочкорбаев, Элмурат Обдунов, Бакытбек Жетигенов, 1ден кишини Бөдөш Мамырова, Гүлниза Бейшенбаева, Искак Пирматов, Малик Осмонов, Туратбек Мадылбеков, Элмира Иманалиева, Сайдулла Нышанов, Кенжебек Бокоев, Ыргал Кадыралиева, Асылбек Жээнбеков, Алтынбек Сулайманов, Акуналы Досалиев, Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакиров, Райкан Төлөгөнов, Бактыгул Маматов, Гүласал Садырбаева, Жылдызкан Жолдошева, Улукбек Жолдошев, Замир Бекбоев, Төрөбай Зулпукаров, Эркингүл Иманкожоева орноштурган. Буга чыдаса болот, кыжырдуу кызык балакети мобул жерде: мыйзам боюнча салык кызматына мурун соттолгондор, мейли, соттолгону алынып салынгандар ишке алынбайт. А бизде мыйзам дегенди депутаттардын дал өздөрү ыгына жараша ыргыта тээ салып ишке орноштуруп жатышпайбы. Айталы: Спикер Асылбек Жээнбековдун жардамчысы Нурбек Сагынбаев деген салык кызматынын жетекчилик кызматына алынган. Ал неме 2003-жылы 4-апрелде Биринчи Май райсоту тарабынан "Жасалма документ жасоо, аларды сатуу" беренеси боюнча соттолгон экен; депутат Акылбек Эшимовдун жардамчысы Уран Бурканов дегениңе Кара-Суу раймилициясы тарабынан "Хулигандык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон; депутат Замир Бекбоевдин консультанты Нурлан Чекиров дегениңе 2006-жылы 27-декабрда контрабанда боюнча кылмыш иши козголгон; депутат Бакытбек Жетигеновдун консультанты Данис Чекировго 2011-жылы 18-майда Кара-Буура райсоту тарабынан биригип алып "хулиганчылык" кылган деген кылмыш иши козголгон, бирок, эки тарап келишип иш кыскартылган; депутат Жыргалбек Саматовдун консультанты Айбек Мирзаев дегенге Ош прокуратурасы тарабынан хулиганчылык боюнча кылмыш иши козголгон ж.б. Санасак, итчиликтер улана берет…
Бийлик башында турабыз деген дымагы асман аралаган, тазабыз дегенди айтып андан өтө кеткен, акылдан арбын чачкан депутаттардын кылганы ушул! Кайран гана парламент! Жазылган тема боюнча кеңири кеп алдыда.

Баратбай Аракеев




Эриндиби же жеридиби?
Жети-Өгүздүн атактуу ырчылары өткөн аптада филармонияда чоң концерт беришкен. Бишкектеги Жети-Өгүздүн кулундары жетине албай жетип барып, жердештерин катуу колдоп кетишкен. Депутат кызыбыз келет эле деп, Эркингүл Иманкожоеваны дагы катуу күтүшүптүр. Бирок эл өкүлү Эркингүл айым баргандан эриндиби же жердештерин жеридиби, басып барганга жараган жок. "Сөз сүйлөйт элем" - деп элден биринчи сөзгө жазылып койгонун кантесиң деп, жердештери чыйт түкүрүнүп жатышыптыр. Баса, бул райондун дагы бир атактуу кызы, концерттин көркүн ачып берет деп жатышкан Динара Акуловасы дагы "мына келатам, ана келатам" - деп коюп, филармонияга жете албай калыптыр.


УКМК неге унчукпайт?
Орустардын орогун оргон, кыргызстандык vesti.kg деген маалымат сайты бар. Орус тили, Орусия дегенде эле ураалап, алар жөнүндөгү терс маалыматтарды тууралап эле жүрүшөт. Баары бүтүп калгансып, ошол сайт "Жашооңорду жакшыртуу үчүн эгемендигиңерден баш тартууга даярсызбы?"- деген темада сурамжылоо жүргүзсөк, окурмандарыбыздын 51,1 пайызы "ооба" деп добуш беришти деп жетине албай кубанып, жээлигип алышыптыр өзүнчө эле. "Видимо, прошедший референдум в Крыму и процесс перехода полуострова в состав РФ очень вдохновил и большинство наших граждан. Так ли это?" - деп жазганы жаныбызды кашайтты. Буларың эмненин башын кылтыйтып жатат? Мындай келжирек кептерге УКМК неге унчукпайт?


"Суудан кургак чыккан" Султан
Маданият тармагын татынакай кылгандын ордуна талкалап эле келаткан Султан Раев деген эргул, эмки түзүлө турган өкмөттүн курамында калууга, тактап айтканда министрлик креслосун аман сактап калуунун камын катуу көрүп жатканы айтылууда. Деги эле бул кишинин эпчилдигин караңыз. Бийлик башына ким келсе да шыпылдап барып, баарынын тилин табат да, дароо чоң кызматты басып жыгылат. Мисалы, анын мурунку бийликтин учурундагы "ийри жолдорун" айтпай эле, 2010-жылдан беркисин эле айталычы. Парламенттик шайлоодо "Ата-Мекендин" тизмесинде 42чи болуп Текебаевдин этегине эрмешкен. Андан кийин Бабанов премьер болуп турганда анын багын байлап, тамагын майлап, кеңешчиси болгон. Ал эми министрлик кызматка "Ар-Намыстын" квотасы менен келген, Куловдун "баласы" боло калып. Эми кимдин этегине эрмешерин билбей, артындагы коррупциялык иштерин жаба албай жандалбастап, айласы кетип турат. Чынында Раев кызматынан алынып, Сатыбалдиев менен бирге жазага тартылышы зарыл. Ажобуз муну эске албаса, анда коомчулукта катуу кеп-сөз орун алары турган иш.






Пикир:

Яндекс.Метрика