Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Келдибек Ниязов,
Маданият жана туризм министринин биринчи орун басары
"Министрликтин аппаратын 100 пайыз алмаштырам"

Бир топ убакыттан бери гезитибиз менен кызматташып, турмуш чындыгынан алынган куйкумдуу тамашалары, ойго салган олуттуу макалаларын жазып жаткан белгилүү куудул, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Келдибек Ниязов жаңы куралып жаткан Өкмөттөн өз ордун таап, кечээ Маданият министринин биринчи орун басарлыгына отуруптур. Бул кепти Өкмөттүн аппаратындагы ишенимдүү адамдарыбыз айткандан кийин, уккан кулагыбызга ишенбей калемдеш куудулубуздун өз оозунан угалы деп телефон каксак, жаңылыш укпаптырбыз. Келдибек Ниязов чын эле министрдин орун басарлыгына дайындалыптыр.

- Саламатсызбы Келдибек агай, кызмат ордуңуз кут болсун!
- Рахмат. Өзүм деле ишенип-ишене албай отурам.
- Буга чейин ушундай сунуштар болуп жатты беле?
- Кайдагы сунуш, мындай болоору үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кечээ күнү таң эрте туруп, короодогу майда-чүйдө жумуштарды кыбыратып коюп, филармония жакка басып барсамбы деп жаткам бир иштерим менен. Анан эле Өкмөттүн аппаратынан, кадрлар бөлүмүнөнбүз дештиби айтор, телефон чалышып, "Келдибек Ниязович, Өкмөткө тезинен келип калыңызчы, машинеңиз барбы же жиберелиби" - дешти. Өзүм эле барам деп барсам, премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Жоомарт Оторбаев өзү кабыл алып, колумду кысып, "Келдибек байке элибизде "Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолоп күчүн ал" дейт, 45 жылдан бери сахнанын адамы катары маданияттын аки-чүкүсүн терең түшүнгөн инсан катары ушул жагын колго алыңыз"- деди. Эгерде чынында эле ишеним көрсөтсөңөр, болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшап, иштеп берейин дедим.
- Жакшы болгон турбайбы, ишти эмнеден баштайын деп турасыз?
- Министрликтин аппараты 100 пайыз алмашат. Театрлардын, Филармониянын, Цирктин директорлору жогору жактан шайланбай, конкурстун негизинде жалпы чыгармачылык жамаат бир айдын ичинде шайланат. 3-4 киши өздөрүнүн кандидатурасын коюшат. Программаларын тааныштырат. Анан чыгармачылык жамаат өздөрү тандап алышат. Туура эмес тандап алышса өздөрүнүн шору. Бүгүн саат 15:00дө жалпы чыгармачылык жамаат менен мени Жоомарт Оторбаев өзү тааныштырат. Калган сөздү туптуура бир жыл иштегенден кийин сөз кылалы. Тагыраагы 2015-жылдын 1-апрелинде. Силерге чоң ырахмат, биринчилерден болуп куттуктадыңар.
- Башкасынан дагы дал ушул Маданият министрлиги наам маселеси боюнча Сизге кыр көрсөтүп, канча жылдан бери эле документтериңизди топтоттуруп коюп, берчү наамын бербей маалкатып келбедиби. Эми министрликте турганыңызда ушул жагын чечесизби?
- Наамга деле анчалык суусаган адам эмесмин. Өзүм министрликте отуруп "Эл артисти" болуп алсам, эртең эле айтып чыгышат. Ач кулактан, тынч кулак болуп эле, андан көрө ошол наам берүү жагындагы итчиликтердин баарын ачыкка чыгарам. Өзүм албасам дагы, эмгеги эчак элге сиңип, бирок министрликке жакпай калгандыгы үчүн же акча сунбаганы үчүн карайлап жүргөндөрдүн маселесин чечем. Мындан кийин ар ким өз эмгегине жараша баар тапкандай адилеттикти орнотом.
- Айтканыңыз келсин. Ишиңизге ийгилик анда!
- Рахмат
Маектешкен
Мирлан Алымбаев




Өркөнүң өсө берсин, Закирбек!

Буту-бутуна тийбей чуркап, кыргызга ак кызматын кылып келе жаткан Орусиядагы кыргыз элчилигинин Айымкан Кулукеева деген мыкты кызматкери бар. Кандай гана иш болбосун жогорку профессионалдуулукта бүтүрүп, миллиондогон орустун алдында алакандай элибиздин ар-намысын бийик сактап келет. Кечээ жакында Нооруз майрамына карата Москванын чок ортосундагы атактуу Лужники аянтында 19 улуттун өкүлүнүн катышуусунда чоң концерт болгон. Ошого Кыргызстандын атынан мыктылардын мыктысын тандап чакырып, анан Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазыптыр:
- Талантына дагы ирэт таң бердим, Закирбектин... Эки жыл мурда Кыргызстандын маданият күндөрү Москвада өткөндөн кийин Россиянын Маданият министрлигинин өкүлдөрү Закирбек менен манасчы Үмөткө таң калганын жашырышкан эмес эле, "комузчу" дегенди атай албай "нас удивил - виртуоз" дешип Закирбектин талантын өзгөчө бөлүп белгилешти эле, мына кечөөкү Лужникидеги комузда ойногон колунун ылдамдыгын көрүп, угуп, элдин реакциясына күбө болуп, "баракелде, кыргыз тууган" деп кыйкырган казакты, "чудо-о-о" деген орусту угуп, мурдум дердейип, талантына дагы бир ирэт баа бердим, өркүнүң өсө берсин, Закирбек, аман бол!




Ийгиликтүү инсан...
Гүлшайыр Садыбакасова,
КР эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы
филармониянын директору:
" Мурунку шайлоого "Ата-Мекенден" катышкам, эмки шайлоого катышпайм"

(Уландысы. Башы 9-бетте)
- Сиз жетектеген филармонияда элге эмгеги сиңип, тиешелүү наамды кечигип ала албай жүргөн артисттер болсо керек...
- Мен жетекчи болуп келгенде биздин филармонияда иштеген Жолболду Алыбаев, мен, Баяков, Токон Эшпаев төртөөбүз Эл артисти наамын кеч болсо да алдык, буга рахмат. Мен бул наамга 10 жылдай чуркап жүрдүм. 2011-жылы үмүтүмдү үзүп калганда, Отунбаева президент болгондон кийин жеттик да. Биздин артыбыздан Кудаш Темирбаев, Садабай Шабданов, дирижерубуз Салик Маматовдор Эмгек сиңирген наам алышты. Бир нече жылдан бери Абдыманап Төрөбеков ырчыбызды наамга көрсөтүп келатабыз, бирок азырынча ал кайрылуубуз өтпөй жатат. Андан тышкары, 38 кызматкерибиз "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белги алышты. Ал да биз үчүн чоң ийгиликтердин бири.
- "Кыз Бурак" Бишкекке качан концерт коөт?
- Биздин топко буюрса 37 жыл болду. Бүгүнкү күндө аткаруучу директорлук милдет Сайкал Садыбакасованын колунда. Учурда топто 8 ырчыбыз бар. Алар АКШнын: Огайо, Чикаго, Филадельфия, Нңю-Йорк штаттарында концерт коюшуп, өткөн жуманын жума күнү келишти. Кызым концерттердин баары жакшы өткөнүн айтып, чоң кубаныч менен келди. "Кыргыздар кыргыз ырчыларына өтө суусап калышкан экен, кетиргилери келбей араң эле калышты" деп айтты. Буюрса, быйыл менин "60 жылдыгым" болгону турат. Ошол ардактуу жаштын урматына Бишкекте да, Ошто да "Кыз-Бурактын" чоң концертин өткөрөбүз. Ал концерттерде Казакстандын, Өзбекстандын да ырчылары менин ырымды ырдаганы жатышат. Андан тышкары, обондуу ырларымды өзүнчө, өзүм жазган ырларымды да өзүнчө китеп кылып чыгарып жатам. 3 жылдан кийин "Кыз-Бурактын" 40 жылдыгы болот. Ошондо да чоң концерттерди республика боюнча коюп, салтанаттуу белгилегенден кийин, мен "Кыз бурактын" ачкычын кызым Сайкалга биротоло өткөзүп берип, өзүм ардактуу эс алууга кетем.
- "Кыз Бурактын" улуу муундагы ырчылары өз алдынча ырдап кетип жатышпайбы. Алар менен байланышыңар кандай? Ортодо нааразычылыктар жокпу?
- Эч кандай нааразычылыктар, келишпестиктер жок. Негизи мен топтун кыздарын катуу кармайм. Ага чыдагандар чыдайт, чыдабагандар кетишет. Кээ бир ырчылардын "чоңоюп калдым, мен сизди укпайм" деген мезгилдери да болду, албетте мен аларга моюн сунуп калган жокмун, өз принцибимден жазбадым. Бирок андай мезгил бир эле жолу болуп, бири-бирибизди түшүнбөгөн учурларды башыбыздан өткөрдүк. Чоңоюп кеткенден кийин кыздар да өз алдынча болгулары келип калышат экен.
Суроо салган
Айбек Шамшыкеев






Пикир:

Яндекс.Метрика