Премьерликке ким татыктуу?

Жакында эле парламенттеги көпчүлүктүн коалициясы күтүүсүздөн урап, өкмөт отставкага кетти. Мындай кадамга "Ата-Мекен" фракциясы эмне себептен барды деген суроо учурда көпчүлүктү ойлонтуп турган маалы. Бирок кандай гана болбосун, эми жаңы премьер-министр шайланып, жаңы өкмөт куралышы керек. Аны ким жетектейт, жогорку премьердин кызматына ким татыктуу деген суроо катардагы жарандар үчүн табышмак бойдон. Бирок КСДП, "Ата Мекен" фракциялары Жоомарт Оторбаевге токтолуп жатканы айтылууда. Ошентсе да бул азырынча акыркы вариант эмес. Коомчулукта Өкмөт башчылыкка ким татыктуу болмок деген суроонун айланасында, ар түрдүү "варианттар" талкууланып жатат. Мындан улам, биз элге төбөсү көрүнгөн айрым инсандардын таржымалына токтолуп, эл таразына коюуну туура көрдүк.

Өмүрбек Токтогулович Бабанов
...ошондой эле "керосинүик" деген тамашалуу ысымы менен эл арасында жакшы белгилүү. Таластын атактуу кулундарынын бири. Жылкыга жакын болгондуктанбы, айтор, өз маалында түрк ишкерлеринен асыл тукум жоргону алган деген айыптоолордон кийин, "Ата-Мекен" фракциясы менен тирешүүнүн жыйынтыгында, премьер-министр кызматынан 2012-жылы кеткен.
Өмүрбек Бабанов жаш кезинен бери мыкты бизнесмен катары калың журтка белгилүү. Айрым узун тилдүүлөр, аны "Айдар Акаевдин колтугунан чыкпай, Максим Бакиев менен дос болуп" ийгиликтүү ишкер болгон дешет.
Жеке өмүр баянына кайрылсак, 1993-жылы Москванын Тимирязев атындагы Айыл чарба академиясын аяктаган, 2005-жылы Орусия өкмөтүнүн алдындагы Элдик чарба Академиясын, 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Жалаң "академияларда" окуп мыкты билим алган көрүнөт.
Бийликке келгенге чейин ири, мамлекеттик капиталдын катышуусу бар фирмаларды жетектеп, пахта экспорту менен жана Кыргызстанга мунай заттарын импорттоо менен алектенген. 2005-жылы, "жоогазын" революциясынан кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2007-жылы президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган оппозициянын катарына кирген. Кийинчерээк Игорь Чудиновдун өкмөтүндө вице-премьер кызматында эмгектенген.
Бийлик алмашып, Бакиев өлкөдөн качып кеткен соң, Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүнө биринчи вице-премьер болуп кирген. 2010-жылдын июнь айында "Республика" партиясын негиздеп, октябрдагы шайлоодо добуштардын 13%ын алып төртүнчү оорунду ээлеп, парламентке кирген.
Тарапташтарынын көбү Таласта турат. Өлкөнүн башка аймактарында да бар. Өмүрбек Бабанов Валерий Хондун нефтебазасын "тартып алган" деген чуулгандуу окуясы менен да белгилүү. Ошондой эле, 2011-жылы депутаттар "Бабановдун америкалык аскер базасына мунай заттарын сатуусуна тиесеши бар" деп айыпташкан.
Дагы бир чуулгандуу окуя - 2012-жылдагы Бишкек шаар кеңешине болгон шайлоодогу "карусель". Элде айтылып жүргөндөй кайталап добуш берүүчүлөр "УИК качан жабылат?" деген сыйкырдуу сөзүн айтып, кайрадан добуш беришкен.
Бабанов жаш, эффективдүү саясатчы катары көрүнгүсү келет. Чынында эле ошондой деп эсептеген, чын жүрөгү менен ишенген жаш кыз-шайлоочулар аз эмес. Бирок көздөрү бакырайган Өмүрбек популисттик убадалары менен да белгилүү. 2010-жылдагы шайлоонун алдында 7 пайыздык айыл чарба кредиттерин жана электр кубатын өз баасы менен болот деп убада кылган. Мындан башка да көптөгөн убадаларын аткарбагандыгы жалпыга белгилүү.
Эки жыл ичинде, 2011-2012 жылдары, болгону 1,1 млрд. сом 9 пайыз үстөгү менен таратылган. Электр кубатынын тарифтери мурунку деңгээлинде өгөрүүсүз калган.
"100 күн" деген амбициялуу программаны тартуулаган, реформаларды жарыялаган, алардын айрымдары ийгиликсиз аяктап же болбосо аягына жеткирилген эмес. А бирок эл арасында, активдүү ишмер катары белгилүү болгон. Мунун себеби активдүү "пиар", башкача айтканда мактануу иштерин мыкты жүргүзгөнүндө. Парламенттеги фракциясынын биримдигин сактай албай калган, ал депутаттык топторго бөлүнүп кеткен.
Кандай гана болбосун, Өмүрбек Бабанов потенциалы жогору деп эсептелет. Президенттик амбициялары бар деп да эл арасында айтылып жүрөт. Каалаган максатына жетиши мүмкүн. Мамлекеттин кызыкчылыгында иштөө колунан келет, бирок өз капчыгын да унутпай калышы ыктымал.

Асылбек Шарипович Жээнбеков
...айрым чөйрөлөрдө "тил алчаак" деген ат менен белгилүү. 1963-жылы Ош областында жарык дүйнөгө келген. Алты баланын атасы. Учурда V чакырымдагы Жогорку Кеңештин спикери.
Таң калуунун кереги барбы, жокпу, билбейм, бирок 2007-жылдан бери КСДПнын мүчөсү. Азыркы спикер да, буга чейинки сөз болгон Бабанов сымал айыл чарбасына тиешеси бар. 1985-жылы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба академиясын бүтүргөн. Андан соң агроном болуп, деги эле айыл чарбасында ийгиликтүү эмгектенген десе болот. Саясатка келгенге чейин бизнесмен катары белгилүү болгон.
2007-жылы депутат болуп шайланып, кийинки чакырымдагы парламентте, 2011-жылы, ага чейинки төрага Ахматбек Келдибековдун ордуна, каршылашы "Ата - Журттун" өкүлү Курманбек Осмоновду жеңип, спикер болуп шайланган.
Асылбек Жээнбеков ийгиликтүү бир туугандары менен да белгилүү. Кимиси кимисин кызмат жолуна таасир эткенин ким билсин, бирок фактылар төмөндөгүдөй: Ош областынын губернатору - Жээнбеков Сооронбай Шарипович, Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиясындагы элчиси - Жусупбек Шарипов.
Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына таянсак, 2012-жыл Асылбек Жээнбеков үчүн ийгиликтүү жылдардан болгон. Расмий киреше декларациясында спикер дээрлик 3,5 миллион сом иштеп тапкан деп көрсөтүлгөн. 168 чарчы метр болгон үйдүн жана эки жер участкасынын ээси.
Ошондой эле, Жээнбеков ОсОО "Бий-Мырза" мүлкүнүн 47,6 %, - ОсОО "Бий-Мырза" кафесинин 19,1 %, ОсОО "Бий-Мырза" мончосунун 33,3 % жана "Алтын-Кол" акционердик коомунун 91,52 % акцияларынын ээси экенин көрсөткөн.
Президенттик, деги эле кандай амбициялары бар экени тууралуу маалымат жок. Ким кандай кызматка койбосун жоопкерчиликтүү иштеп берүүгө даяр экендей көрүнөт. Кандай болбосун, спикерлик кызматта өзүн мыкты иш алып баруучу экенин даңазалады.

Жоомарт Каипович Оторбаев
...биз караган талапкерлердин эң арыгы жана улуусу деп тамаша-чын айтса болот. Элдин оозунда элек жок дегендей, аны "галстук-мырза" деп тамашалап айтып жүргөндөрү бар. Анткени, айрымдар аны, эртең менен бир галстук тагынса, кечинде башкасы менен көрүүгө болот деп кеп кылышат.
1955-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Билгендер Таластык тамырлары бар деп айтып келишет. Таластын бир кездеги белгилүү күйөө баласындай, Жоомарт Оторбаев да кесиби боюнча физик-математик. Бул кесип боюнча Ленинград мамлекеттик университетин 1978-жылы аяктаган. Физика-математика илимдеринин доктору.
Буга чейинки "академия бүтүрүүчүлөрүнөн" айырмаланып чыныгы академик деп жылмайса болот. 1993-жылы корреспондент-мүчө катары Кыргызстан Улуттук Илимдер Академиясына шайланган, 1995-жылы Нью-Йорк илимдер академиясына мүчө болуп кабыл алынган. Ал эми 1996-жылы Америкалык илимди өнүктүрүү ассоциациясына мүчө катары кирген.
Бир катар жергиликтүү жана чет элдик университеттерде сабак берген.
Жоомарт Оторбаев Акаевдин бийлиги тушунда өкмөттө вице-премьер болуп 2002-2005-жылдары эмгектенген. 2010-жылы "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинде №3 болуп, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланат.
2012-жылдан тартып, вице-премьер жана биринчи вице-премьер болуп эмгектенген. Учурда премьер министирдин милдетин аткаруучу.
Президенттик жана башка амбициялары барбы-жокпу белгисиз. Бирок зодиак боюнча жылдызы арстан болгондуктан, өзү турмушта арстан болуп көрүнбөсө дагы амбициялары, жеке кыялдануулары болушу мүмкүн. Башынан бийликке жакын болуп, тандап алган жолунан жазбай, бийликке бийиктеп тымызын чыгып бара жатканын эске алсак, алдыга койгон максаты болууга тийиш.
"Ата-Мекен" партиясынын премьер министр кызматына көрсөтүлгөн өкүлү. Англис тилинде эркин сүйлөп, "батышчыл", "америкачыл" саясатчы катары коомдо мүнөздөлүп жүрөт. Билгендердин айтымында, региондордо колдоосу жокко эсе. Анткени, шаардык болгондуктанбы же кичи мекенин чоң "Ата-Мекенге" айыр баштагандыктанбы, айтор, аймактарда ишенимдүү колдоого ээ эмес.
"Кыргыз эл жаштар кеңеши", Алмазбек Жазыбаевдин айтымында Оторбаев чет элдик инвестицияларга жоопкер кызматкер катары, чатактуу токтомду жактап, акыры кабыл алдырган имиш. Ага ылайык, кыймылсыз мүлк жана жер сатып алууда, чет өлкөлүк жарандар менен кыргыз жарандары бирдей, тең укуктуу. Муну айрым сынчылар эгемендүүлүктү жоготууга карай кең кадам жана бул инвестиция эмес, баскынчылык деп баалашууда.
Оторбаев премьер-министр катары партиянын саясатын жүргүзөөрү айкын жана депутаттардын "сүйүктүү" бутасына айланаары шексиз.

Бакыт Эргешович Төрөбаев
...эл арасында, тамашалуу "Тракторбек" ысымы менен белгилүү. 1973-жылы Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген.
Тамашалуу аттын жабышканынын себеби түшүнүктүү. Бакыт Төрөбаев жетектеген "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы эки жылдан бери МТС (машина-трактордун станцияларды) ачып, өлкөнүн аймактарында тракторлорду алып келип, базар баасынан арзан кызмат кылдырып жатканы менен белгилүү.
1999-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "Экономика" кесиптиги боюнча аяктаган. Жогорудагы саясатчылардан айырмачылыгы ушунда болсо керек. "Академия" бүтүрүүчүсү же мүчөсү эмес.
Жаш кезинен баштап өндүрүүчү катары белгилүү. Ишмердүүлүгү айыл чарба өндүрүшүнө тыгыз байланышкан. Өлкө түштүгүндөгү бир катар ишканаларды жетектеген.
2007-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2009-2010 жылы Өзгөчө кырдаалдар министри болуп 4 ай чамасында эмгектенген. 2010-жылы "Республика" партиясынын курамында, парламенттин V чакырымына депутат болуп шайланып, 2013-жылга чейин парламенттин вице-спикери кызматында эмгектенген. 2012-жылы "Өнүгүү" депутаттык кыймылын негиздеп, учурда ал депутаттык топтун лидери.
Белгилүү бир туугандары бар. Аскарали Эргешович Төрөбаев - Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Жакында эле, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары тарабынан Мамлекеттик Каттоо кызматынын жетекчиси кызматына тандалып алынган, бирок Феликс Куловдун "оюндарынан" уламбы же башка себептерденби, кызматына бекитилбей калган.
Бакыт Төрөбаевдин дагы бир тууганы, өлкө ишмерлер биримдигинин Дан азыктар ассоциациясын жетектейт.
Бакыт Төрөбаевди оппозициячыл саясатчы деп мүнөздөөгө болбойт, бирок ал жетектеген "Өнүгүү-Прогресс" партиясы, Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун партиясы менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгону жалпыга маалым.

Айтегин Асан