Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Кара Жорго

1924- жылы тартылган кинохроникада Кемин районунда болуп өткөн малчылардын чоң жыйынында (тоюнда), комуздун коштоосу менен, тебетейчен кыргыз жигити келиштире кыргыз бийи "Кара Жорго" бийин бийлеп жаткан кези тартылган экен...

Бул бий кыргыздын эр- азаматтарынын бийи экенин биз, Ата Бабалардын санжыра кептеринен улам эшитчү элек...
Ал кинохроникадагы бийге 90 жылга чамалуу убакыт саат өтсө дагы, азыр кыргыз элине жоголгон бычактын алтын сабындай кайра табылып...
Кыргыз элинин эски каада-салтына кайра баш-оту менен кирип, санжыра болуп кошулуп, кайра жаралып келгени көп нерседен үмүттөндүрөт... Тарыхтын унут калган дагы бир барагы ачылгандай!
Кыргыз элинин эзелтеден бери эңсеп келген ата-бабаларыбыздын жашоо турмушуна тикелей кирген бул нарк - насилдер, эгемендүү демократиялык жаңы замандын жашоо- турмуш шартына шайкеш келиши көп нерсени ойго салат...
Ушул жерде, ошол "кара жорго" жөнүндөгү элдик түшүнүктү дагы элге кеңирирээк ачып берсек, андан улам аны менен жакшы ойдун ой-туюму пайда болгондой болуп турат...
Эчен кылымдарды карыткан кыргыз баласынын тукуму, өз каада- салтын унутпай сактап, кыргыздын кыргызчылыгын жоготпой, кыйла мезгил, же ушул убакка ( XXI кылымга) чейин ден соолукта оору сыркоосуз өмүр кечирип, "аттын кашкасындай" аз сандагы улут болсок да, дүйнөлүк аренада жоголуп кетпей жашоо-турмушу өзүнчө өнүгүү (нугу) жолу менен өсүп келгени өзүнчө бир сөз кылууга арзыйт... Менимче кыргызды кыргыз кылып сактап келген, анын аскасы асман тиреген кыргыздын Ала- Тоосу экенин... Анын тоодон түшкөн жыбылжыган көк кашка тунук, мөлтүр булак суулары экенин... Чаңкаганда суусун кандырган касиеттүү суусундугу - кымызы экенин... Кыргызды кыйла жоодон сактап келген кыргыздын асыл тукум жылкысы экенин ким танат?... Ал эле эмес, андан бери эле колунда окулуп, сандан-санга басылып жаткан, гезит бетине жарыяланып келаткан, көзү ачык, көлдөй жигит Мелис Карыбековдун кеп-сөзгө арзырлык элестүү макалаларындагы "Кара Айгыр", кадимки "Кара Жоргонун" тукуму экенин, андан алган ар бир кыргыз жаранынын "күл азыгы" көөнөргүс энергиясы бар экенин, ар бир ат минген кыргыз баласы акылы менен сезет... көөдөнү менен туят...
Кыргыз баласы бешиктен бели чыга элек жатып эле, атасы ага арнап токуп, мамыга аса байлап койгон тобурчактай тору тайга жармашып, "ат жалын тартып" минип чоңойду... Апалар, "ала койдун жүнүнөн бөлө кыркып, чыйратып берген "ала жипти" же куйрук - жалдан кошуп колго эшилген кыска, кара кыл чылбырды колго алып, жайдак тайга так секирип минип, шок өскөн, мурдун шор тартып, тестиер достору менен ойду- тоону кыдырып, "тай жарыштырып", узундуу кечке үйгө жолобой, "көк бөрү" тартып күн кечиргени не деген керемет күндөр, не деген керемет убактар эле...
Ошол бала кездеги биз минген "тобурчактай" токулган тору тайлар жыл өтүмү менен даакысы жонунан түшүп, торугуп, торолуп өсүп, оюн салып, кийин желмаяндай жүрүшү бар, басканына жел жетпеген Жейрендей Кара Жоргого айланганын ар бир кыргыз баласы кантип өз башынан кечирбесин...?
Жорго демекчи, атам "Бул жылкынын эң күчтүүсү жорго болот балам... Жорго чарчабайт. Аламан байгеге чабылган аргымактарың да анын күчү менен кҮч сынаша албайт. Анткени, анын алп мүчөсү, жаратылышынан уютулган коргошундай болгон табигый булчуңдары, кең жайык төшү, келишимдүү турпаты менен өзү эле ал элге "өгүздөй күчүн" көрсөтүп, жарыялап турат деген. Атабыздын ошол айткан сөзү азыр да унутулбай, кулагыбызга алтын сырга болуп илинип калды...
Азыркы кыргыз жигити, өзүнүн жашоо турпатына жараша, көкүл башын селкилдетип, көөдөнүн керип эрдемсип, Семетей калпакты чекеге "серептеп" кондуруп ( кээ бири, Шумахердин шуңшугуй чаар шапкесин башына кептеп кийип) жаңы заводдон чыккан "Джиптен" бирди тээп минип, айдаганда жөн айдабай "ойкутуп - кайкытып", радиосун "даңкылдатып тормозун дөңгөлөгү түтөгөнчө тээп, ошонусуна маашырланып, канааттануу алат имиш...
Бирок мен айтаар элем "Джип" минген жаштардын андай оюну, жүрүм-туруму баягы Кара Жоргонун алдында "калай" тыйынга арзыбайт!
Баягы Американын мамкатчы айымы Хиллари Клинтон бизге келип, Чолпон-Атадагы өткөн "Көк бөрү" оюнун көрүп, баа берип айтып кеткендей: "Американский хоккей, против кыргызской игры "Көк Бөрү" это оказывается просто детская шалость!" - дегендей кеп...
Мен, муну мисал кылып айткан себебим, кыргыз баласы Кара Жоргону минсе, аталардан калган "Ат адамдын канаты" деген акылман сөздүн анык толук маанисин, даана төркүнүн түшүнөөр беле, дейм?
"Эки тизгин, бир чылбыр" колуңда турса да, ээ-жаа бербей элирген, ак көбүгү чачырап, ооздугун кемирген Кара Жоргонун сынына, кадимки эле Манас бабабыздын 1000 жылдыгында аламан байгеге күлүктөрдүн аргымагын таптап, чаап, баш байгесин алып кайткан таасын саяпкер,Теңир-Тоолук агабыз Кемел Жакешевичтин оюн бөлүшөлү дедик...
Кемел Ашыралиев минтет:
- Кыргыздар ата-бабадан бери барктап, сыйлап, баалап келген жылкы баласынын өзгөчө түрү жорго болуп эсептелет.
- Мыкты жоргонун атак- даңкы баатырдын, эр жигиттин атак- даңкынан кем болгон эмес! Айтымга караганда чыныгы жоргону салдырганда үстүнө(жонуна) кесеге суу куюп койсо, суу төгүлчү эмес... Эл оозунда кылымдардан бери өчпөй, унутулбай айтылып келе жаткан Шырдакбектин боз жоргосу да ушул сөзүбүзгө күбө болот. Өз убагында Шырдакбектин боз жоргосунун алдына бир да тас жорго чыккан эмес, - деп айтылат тарыхта. Аны минген азамат, жоого да алдырбай, ар дайым душманын жеңген. Боз жоргонун даңазасы Анжиян, Аксы, Аркага чейин кеткен. Ал турсун Шырдакбектин ысымы, ошол жоргосу аркылуу элге өтө таанымал болуп тарыхта калган...
Жорго, кудуретине жараша, жүрү деңгээлине, ылдамдыгына, ыкчамдыгына, ыргагына жараша бир нече топко бөлүнөт. Жол жорго, кой жорго, жазма жорго, чапма жорго, алабарман жорго, алакачма жорго, өкүм жорго анан акыр аягында биз сөз кыла турган "суу төгүлгүс" накта чоң жорго болуп эсептелет. Жорго - өзгөчө улуу касиеттери бар жаныбар. Жоргонун касиети, үстү жумшак келип, канча алыс жолго жүрсө да адамды чарчатпайт. Аны кайта кумарлантып, кызыктырып, жоргону кайра-кайра адам баласы мингиси келет. Жоргого минип бараткан адам ар дайым өзүн жеңил, сергек сезет. Андан рахат алат. Өзүн, бешикте термелген баладай, селкинчек тээп жаткан секелек наристелердей сезет. А түгүл, кыялында комуздун кооз кайрыктары же жаратылыштын табигый музыкасы сени коштоп бараткандай ойдо болосуң.
Жоргону көп минген адамдын, бардык органдары бирдей кыймылга келип, организминде заттар бат -бат алмашып, кан айлануу процесси жакшырып, адам баласы табигый массажга дуушар болуп, ден соолугу оңолуп, дене - боюң болуп көрбөгөндөй чыңалууга дуушар болот.
Жоргону көп минген адамда эркектердин 90 пайызы жаш улгайганда ооруй турган, "шейшеби бекип калган" (заарасы чыкпай калуу) оорусу болбойт. Адамдын арка- моюн сөөктөрҮ калыбынан бузулбай абдан бек болот.
Эпизод :
- Кара Айгырды канча күндөн бери суутуп, чаап, чабууга даярдап, бүт тулку бою денесин калтырбай жабуулап, текирең- таскагы менен терин алып, келип, ат мамыга акырын аса байлап, таң ашырган анын ээси Баратбай, чарчап- чаалыкандан улам дене - бою салмактанып көзҮ карамыгып, араң эле ачылып- жумулуп, эптеп эле бир орун болсо жыгылгандай акыбалда турду...
Тамга кире бериштеги узун веранда, кудай жалгап бош экен... Узун салынган жер төшөктүн үстүнө жете келип, шымын шыпыра салып, күп этип анын үстүнө кулады... Бир эки саат убакыт өтсө да, денеси кыймылсыз жатты... Сунган буттарын эки жакка талтайтып, эс - учун билбей чалкасынан уктап жаткан Баратбайды, байкоостон үйдүн эшигин ача салган, верандага кирип келе жаткан кошуна догдур келин Айгүл Исаевна көрүп чочуп кетти...
Төшөктүн үстүндө чалкасынан түшүп эки жакка эки бутун талтайтып, эки колун желкесине таяп, кыймылсыз кош коңурук тартып катуу уктап жаткан Баратбайдын чатынан эркектик мүчөсү дамбалынын ычкырын түртүп чыгып, бул ааламдын кожоюнундай койкоюп, тикесинен тик турган абалда, каккан казыктай дардайып туруп калганын көрүп, чочуганынан улам, дагы бир жолу "Ой мамочка"!, "Ой мамочка"! - деп кайталап жиберди кошуна догдур келин...
( Бул эпизод, Мелис Карыбековдун Кара Айгырынан
көчүрүлүп алынды)...
Жоргонун өзү, табигый дене түзүлүшү боюнча, бардык мүчөсү бири-бирине бап келген, чымыр, жумуру, карылуу, күчтүү, канча жол жүрсө дагы чарчабаган, чаалыкпаган жаныбар! Жорго ээсин эч качан жолго таштабайт. Ошондуктан жорго минген адам баласы, башка ат минген (күлүк ат минген) адам баласынан кескин айырмаланып турат. Мына ушундай жакшы сапаттары үчүн чоң жорголорду, журт башчыларына, кадырлап хандарга, бийлерге, бектерге, жакшыларга, куда - сөөктөргө, эл башкарган улуу урматтуу адамдарга сый катары тартуулашкан, кыргыздар!
Улуттук Жазуучулар
Союзунун мүчөсү,
Качкын Оторбаев




Пикир:

Яндекс.Метрика