Талапкерлер такталууда...
Текебаевдин тепкисинен кийин "өпкөсү үзүлгөн" Өкмөттүн жаңы курамы толугу менен куралып бүтүшүнө бир ай убакыт кетээри айтылды. Ак үй менен Көк үйдө кечээтен тартып соодалашуу кызуу башталды. Кызматтан же мандаттан жок, көчөдө калган Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев сыяктуу партия лидерлери дагы сыртта калбай, бийликтин бир жерине илээшүү аракети күч. Камчыбек Ташиев азыркы бийликке ачуу сөздөрүн агытканы менен бийлик менен кызматташууга макул болоорун ачык эле айткан. Темир кашаадан секирип, шымын айрыгандан бери "Ата-Журттун" "атасынын" кадыры баягыдай эмес, артынан ээрчиген эли да азайды. Демек, эки жыл мурдагыга караганда оңоюраак кепке келчүдөй болуп турат. Өзүнө болбосо дагы, фракциясына көпчүлүк коалициядан орун таап, айрым ишенимдүү азаматтарына кызмат алып бериши мүмкүн деген кеп кетти.

Бабановдун башка айласы жок
Эки жылдан бери көпчүлүк көзүнөн далдоо жүргөн Өмүрбек Бабанов Жантөрө Сатыбалдиев садага чабылаар замат пайда болуп, өзүнүн менчик каналы аркылуу элге-журтка кайрылуу жолдоп, "Азыр талашып - тартышчу убакыт эмес, биргелешип, биримдикте иштейлик" - деген маанидеги кебин айтты. Анан эле парламенттеги желдеттери аркылуу "Республика" фракциясы премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду туура көрүп жатканын айттырды. Текебаев темингенге чейин эле Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетиребиз деп "Республика" фракциясы кол топтоп бүтүп, чоң жыйынга алып чыкмакчы болуп жаткан. Бири-бирине эрегишип отуруп, элдешкис душманга айланышкан эки Өмүрбектин пикири бир жерден чыкканы дагы шек туудуруп жатат. Өмүрбек Бабанов алды-артын карабай туруп эле жулкуна берчүлөрдөн эмес эле, балким парламенттеги көпчүлүк күчтөр менен алдын-ала келишип алып, премьерлик амбициясын ачык айткандыр. Убагында Өкмөттү башкарып турганда, жеке бизнесине бийлиги аркылуу бир топ эле көмөк көрсөтүп, далай мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын жеке менчик "Кыргызстан" банкы аркылуу алдырганга жетишкен. Жергиликтүү кеңештерди ээлеп алууга болгон аракетин жумшап, айылдык, шаардык кеңештерге "Республикадан" бир топ депутат чогултканга жетишкен. Азыр Өкмөткө барган адамды камикадзеге теңеп жатышканда, Бабановдун башбакандыкка умтулуп жатканынын да сыры белгилүү. Себеби жакында шайлоо. Бийликте туруп, бир нерсе кылбаса, келээрки парламенттик шайлоодо "Республика" талаада калат. Мурункудай Жалал-Абадды жайгарып берчү Төрөбаеви жок, Ноокатты оодарып берчү Сулайманову жок.

Жээнбеков ээликкен жок
Өкмөт таркаганга чейин эле айтылып жаткан күбүр-шыбырлардын биринде Асылбек Жээнбеков ЖК төрагалыгын Өкмөттүн төрүнө алмашат деп жатышкан. Азырынча ал кеп аныктала элек. Бирок Асылбек Шарипович Сатыбалдиевден алыс бара албайт, аз убакытта өлкөнү алдыга сүрөп кетээрине деле көпчүлүк ишене албайт. Өзүнүн деле Өкмөткө барчу ою жок экенин айтканы бар.

Оторбаев оңдой албайт
Көпчүлүк саясат талдоочулар менен саясатчылар болочок премьер - Жоомарт Оторбаев деп ишенимдүү түрдө эле айтып жатышат. Ак үйдөгү имиштер дагы дал ушул Оторбаевге барып такалып жатат. Адам катары эң мыкты сапаттарга эгедер Жоомарт Кайыпович мамлекеттик ишмер катары элдин ишеничин актай алган жок. Англияда иштеп келген, билими күчтүү деп эки жыл мурун алкап жаткандар бүгүн ал сөзүн айтпай калды. Өкмөт башчынын бакыйган орун басары болуп иштеп, "чөптөн жапыз, суудан акырын" жүрүп, кыйраткан бир ишин көрө албадык. "Ата-Мекендин" атынан дагы бир салабаттуу саясатчы Карганбек Самаковдун аты аталууда. Башкаларга салыштырмалуу хандан, бектен кайра тартпаган Карганбек Самаков башбакандыкка эң эле татыктуудай көрүнүүдө. Экономиканын да көзүн билген, саясаттын да сазайын окуткан бул жигит жигердүү иштеп бермек. Анын үстүнө бүтүндөй "Ата-Мекенден" Текебаевге тең ата сүйлөй алчу жалгыз Самаков эмеспи.

Кулов "кул" кылбайбы?
"Ар-Намыс" фракциясы Өкмөт башчылыкка Феликс Куловду кудалап жатышат. Бул тууралуу Турсунбай Бакир уулу айтып чыкты.
- Премьерликке эң эле татыктуу талапкер катары Феликс Куловду туура көрүп жатабыз. Биздин лидерибизде министрлер кабинетин башкарууга мүмкүнчүлүгү көп. Тажрыйбасы мол, таза, чынчыл. Мурда да бул кызматты ийгиликтүү аркалап кеткен - деп байдын кызындай мактап жиберди. Илгери премьер болуп иштеген Феликс Куловдун кайсы ийгилигин айтып жатканын эстей албай койдук, бирок Кыргызстанды ХИПКке киргизет элем деп, элеп-желеп болуп чуркап жүргөнүн жакшы билебиз. Кулов деле кийинки шайлоонун камын көрүп жатканын ачык эле айтсак болот.
Тиленбек Азык