Бороон алдындагы Борбордук Азия
Жаз келгени толкумайлар эми башталат - деп алакандарын ушалап, оппозициядагылар толкунданып турушат. Бирок Кыргызстандагы кырдаалга караганда, дүйнөлүк саясаттын казаны катуу кайнап баштады. Геосаясий амбициялары ашып - ташыган АКШ менен Россия Украинаны улак тартыш кылып отуруп, кейиштүү абалга кептеп салды. Бул өлкөдө бийлик алмашкандан бери андагы саясий салгылаш украиндиктердин гана эмес, жалпы дүйнө элинин баш оорусуна айланды. Капиталисттик дүйнө менен коммунисттик заманга умтулгандардын ортосунда 45 жыл бою созулган "Кансыз согуштун" карааны дүйнөнү кайра каптап, баягы темир көшөгө кайра тартылганы калды көрүнөт. Тээ илгери АКШнын ЦРУсу дүйнөнү дүрбөлөңгө салган "көзмөлдөгү хаос" деген геосаясий планын иштеп чыкканын угуп калчу элек. Социалисттик дүйнөнүн талкаланышы, бархаттык революциялар, "Араб жазы" сыяктуу башаламандыктарды, хаосторду карап отуруп, жер жүзүн жеп бара жаткан Сем байкенин планы акырындык менен жемишин берип жатабы деген ойго кептелет экенсиң...
Украинадагы төңкөрүш башка постсоветтик өлкөлөргө ооп, өзгөчө 20 жылдан ашык президенттик тактыны такымдап отурган Борбордук Азиянын "түшпөс хандарына" багыттап айткан эл аралык аттуу-баштуу саясий ишмерлердин, серепчилердин пикири күчөдү. АКШ менен Орусиянын аскердик базалары жайгашкан Кыргызстан дагы "эки дөөнүн" ортосунда калган кара чымын сыяктанып турат. Бирок азырынча Кыргызстандагы калктын маанайы "Украинадагы майдандыкынан" башкача экени да чындык. Анын үстүнө эки революцияны башынан өткөргөн өлкөбүз өткөндөн сабак алып, эл дагы, саясий элита дагы кезектеги төңкөрүш мамлекетти биротоло туңгуюкка кептээрин түшүнүп турат. Орто Азия аймагы боюнча адистешкен эл аралык саясий серепчи Аркадий Дубновдун "Украина майданынын Кыргызстанда коркунучу жок" - деп так кесе айтканы дагы жөн жерден болбосо керек.
Ал эми коңшуларыбызда абал кандай? Сыртынан президенттик башкаруудагы кадимкидей эле мамлекет көрүнгөн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда феодалдык доордогудай эле бийлик бир адамдын, бир үй бүлөнүн колунда. Үй бүлөлүк, кландык башкарууну жон терибиз менен сезип калган жаныбыз - эртеби кечпи мындай башкаруунун аягы аянычтуу аяктаарын, акыры элдин чыдамы да түгөнөөрүн жакшы билебиз. Эбепке себеп болуп берчү батыштын "балит технологиясы" ишке кирсе, анда эле абал башкача өнүгөөрүн бөркүңүздөй көрүңүз. "Элдин турмушу ойдогудай, өлкөбүз өнүгүп жатат. "Тентектерди" тескегенге күчүбүз жетет. Революцияга себеп жок" - деши мүмкүн коңшуларыбыз. Бирок газ менен нефтинин үстүндө, байгерчилик заманда жашап жаткан Ливия, Тунис, Египет өңдүү араб өлкөлөрүндөгү бийлик алеки саатта аласалып кетти го. Болгондо да ондогон жылдар бою бийликти бербей, баш көтөргөнүн башка чаап отурган каардуу хандар кайда качаарын билбей, бири өлүм таап, дагы бири камакка алынды. (Тунистин президенти Зин Эль-Абидин Бен Али 23 жыл, Египеттин президенти Хосни Мубарак 30 жыл, Йемендин президенти Али Абдалла Салех 32 жыл, Ливиянын президенти Муамар Каддафи 41 жыл бийликте отурган).
Албетте арыдан бери болуп, революциясы жок эле тынч жашаганга не жетсин? Бирок коңшуларыбыздагы саясий кырдаал эмнегедир кооптуудай көрүнүүдө. Ал өлкөнүн башчылары деле жашаарын жашап, ашаарын ашап коюшту. Борбор Азиялык "түшпөс хандарга" элинин деле пикири түз эмес. Бийликти алмаштыруу аларда кандай өтөөрү бүдөмүк. Саясий кырдаал коңшуларыбызда кандай өнүккөн күндө дагы бизге таасири сөзсүз тиет.


Казакстан
Нурсултан Назарбаев 74 жашта, 23 жылдан бери бийликте, кошумча аты "Елбасы"
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң эле өнүгүп-өскөнү - Казакстан. Бирок эч нерсеге тең келгис эркиндик, демократия деген сөз бул өлкөдө формалдуу гана мүнөздө. Президент Нурсултан Назарбаев 1991-жылдын декабрынан бери бийликте. Кайра куруу заманы башталганда, казактардын улуттук аң-сезими ойгонуп, Желтоксандагы кандуу кармашта эркиндик деп элирген эчендеген эр-азаматтары ажалга тике карап беришкен. Бирок эгемендик алгандын эртеси эле мындай улуу сезимден куру жалак калышты. Күнү бүгүнкүгө чейин казактар демократиянын желине эмес, илебине зар болуп келишет. Кадимки эле авторитардык өлкөлөр сыяктуу эле жеке адамга сыйынуучулук катуу өнүккөн. Нурсултан Абишовичке улуттун лидери деген расмий статус ыйгарышкан. Алматы, Астанада типтирүү Нуракеңдин эстеликтери тургузулган. Эл башчысына бизчилеп казактар нааразычылыгын ачык айткандан айбыгып турушат. А нааразычылыктар толуп жатат. Тээ илгери эле 1996-жылы британиялык "Файненшл таймс" гезитинин эсеби боюнча Назарбаев дүйнөдөгү эң бай 25 адамдын тизмесине илинген. Андан бери араб шейхтериникинен кем эмес байлык топтогонун, бир тууганы Болат Назарбаевдин Нью-Йорктогу бир үйүнүн акчасына эле казактын бир чоң айылын бакса болоорун кеп кылып келишет. Бирок, кыргызстандыктар үчүн Казакстандагы тынчтыктын өкүм сүрүшү өтө маанилүү. Себеби экономикалык, соода-сатык алакабыз бул өлкө менен жакшы өнүккөн. Кыргыз тикмечилеринин продукцияларынын 90 пайызы Казакстан менен Орусияга экспорттолот. Тышкы дүйнө менен болгон алыш-беришибиз дагы дал ушул өлкөнүн аймагы аркылуу өтөт. Жүз миңдеген мигранттарыбыз дагы Казакстанда эмгектенишет. Айтор санап берсек тизме көп. Казакстан чайпалса, биздин экономикабыз бир топ эле чайналып калат.

өзбекстан
Ислам Каримов 76 жашта, 24 жылдан бери президент, өзбектер көбүнчө "падышабыз" деп аташат
Өзбекстан Борбордук Азия эмес, дүйнөдөгү авторитардык өлкөлөрдүн тизмесинде эң алдыңкы орунда турат. Мындан 3 жыл мурун дүйнө өлкөлөрүндөгү демократиянын өнүгүшү боюнча иликтөө жүргүзгөн The Economist Intelligence Unit коомунун тизмесиндеги 167 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген. Ээлеген ордунан эле өзбектердин кандай "эркин" эл экенин баамдасак болот. 1989-жылы Өзбек ССРинин Борбордук комитетинин биринчи катчылыгына келгенден бери эки тизгин бир чылбырды колунан чыгара элек Ислам Каримов ылакап атында айтылгандай эле чынында падыша. Айтканы айткандай, дегени дегендей болот. Ага каршы эч кимиси үн ката албайт. 2005-жылы Анжиянда эркиндик эңсеп чыккандарды БТР, танктар менен тебелетип өткөн. Азырынча бул өлкөдө Ислам Абдуганиевичке каяша айтканга жарачу киши жок. Бирок 80ге таяп калган Ислам Каримовдон кийинки Өзбекстандын эртеңки тагдыры көпчүлүктү, анын ичинде бизди дагы түйшөлдүрөт. 30 миллиондон ашык эли бар бул мамлекетте төңкөрүш болсо, эмне болоорун элестетүүнүн өзү коркунучтуу.


Тажикстан
Эмомали Рахмон 62 жашта, 20 жылдан бери бийликте, кошаматчылары Чаноби Оли же улуу даржалуу деп кайрылышат.
Тажикстан СССР маалында эле эң кедей өлкө саналып келген. Азыр бүтүндөй экономика Эмомали Рахмондун үй-бүлөсүнүн колунда. Өлкөдөгү ири банк, завод-фабрикалар Рахмондордун менчиги. 7 кызы 2 уулу бар. Күйөө балдарынын көбү мамлекеттик маанилүү кызматтарды жетектейт. Өткөн жылкы президенттик шайлоодо төртүнчү ирет президенттик тактыга отургандан кийин 1987-жылы туулган уулу Рустам Эмомалини Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына дайындаган. Эң кирешелүү тармакты ишенимдүү деп, өз уулуна карматкандан бери мамлекеттик коррупциянын масштабын айтпасак да түшүнүктүү го. Кудум эле 2009-жылы Курманбек Бакиев өз уулу Максимге бүтүндөй экономикабызды тескеген ЦАРИИни түзүп берген сыяктуу эле окуя кайталанып атат.

Түркмөнстан
Гурбангулу Бердымухамедов 57 жашта, 2007-жылдан бери президент, "Аркадаг" же колдоочу, коргоочу деген расмий титулу бар
"Устатынан шакирти өтүп", Түркмөнстанды 7 жылдан бери башкарып келе жаткан Гурбангулы Бердымухамедов каардуулугу жагынан "бүтүндөй түркмөндөрдүн атасы" деген расмий титулу бар раматылык түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдон ашса ашаар бирок кем калбайт. 2010-жылы Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгына карата Копетдаг стадионунда чоң салтанат уюштуруп, өзүнө "Аркадаг" титулун ыйгарган. Спорт кийимчен 600 кымча бел кыздар "Аркадаг" деген жазууну көрсөтүп, ошол эле маалда "Алкыс сана, Аркадаг" деген ырды созуп, алкышын айтып турушкан. 56 жашка чыккандагы туулган күнүн дагы мамлекеттик деңгээлде майрамдатып, Каспийдин жээгиндеги Авазу курортуна Женифер Лопес, Мустафа Сандал, Филипп Киркоров өңдүү жылдыздарды, ырдатып, черин жазган. Албетте, мамлекеттин миллиондогон долларына...