Өсөөр өкмөт тууган, өчөр өкмөт душман болот, Өмүкеге
Акылы бөксө айрым саясатчылар анда-санда айкырык салат эмеспи, "өкмөттүн тагдырын ажобуз чечип калган" таризде. Чынында андай эмес экенин "атамекенчилер" ушуну менен экинчи ирет далилдеп берди, өздөрү түзгөн өкмөттү өздөрү көчүккө тебип. Экс-премьер Бабановду, экс-премьер Сатыбалдиевди, спикер Келдибековду ким кетирди? Албетте, парламент. Тагыраак айтсак Текебаев. Эмне бул калппы?! Чындык. Ал гана эмес, генерал Рысалиев менен генерал Байзаковду кызматынан аласалдырган дал ушул Ата Мекендин лидери экенин эч кимибиз тана албасак керек. Дегеним, өкмөткө ажобуздун эмес, тескерисинче Текебаевдин таасири чоң экенин фактылар далилдеп турат. Андыктан, ачык эле айтышыбыз керек, алтургай көнүшүбүз да керек, "Ата Мекенге асылба, Текебаев менен тебишпе" деп. Бүгүнкү саясаттын чындыгы ушул экенин, укмаксан болбой эле койгулачы, байболгурлар.


Сатыбалдиевдин ордуна Жаныштын курсташы келди
Кыргыз милициясындагы таза жана тажрыйбалуу офицерлердин бири полковник Калыбек Сатыбалдиев Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилигинен кетип, Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул эң туура чечим болгонун айта кетели. Белгилүү болгондой, бул орунда Фурхат Үсөнов олтурган, бирок ага кылмыш иши козголуп, кызматтан четтетилгенден бери орду "аңгырап" бош турган. Калыбек мырзанын ордуна буга чейин ИИМдин Ыкчам анализ башкармалыгын жетектеп келаткан Сагын Исмаилов деген полковник келди. Бул адам Бакиевдин кандуу бийлигинин тушунда ГУУРду жетектеп, өз билгенин кылып турган дешет. Ал учурда анын "крышасы" кадимки кан ичер Жаныш Бакиев болгону айтылууда. Анткени, Сагын мырза Жаныштын жердеши жана курсташы экен. Мына ушундай адам ИИИдин эң эле маанилүү делген башкармалыгын басып жыгылды. Эми Сагын мырза качкында жаткан Жанышты издейби же Жаныш аны издейби? Анын бул кызматка келишинде албетте, чоң акча ойносо керек. Министр Абдылда мырза, эмнени карап олтурат? Же алтымыштан эчак ашкан аксакал акылынан айнып калганбы?


Дамира айымдын ордуна Абдыманап мырза келет
КСДП партиясын эки жаатка бөлүп, Социалдык саясат комитетин менчигиндей көрүп, көптөн бери тырмышып кетпей отурган Дамира Ниязалиева акылына келгенби, же кимдир бирөөлөр тартипке чакырып, ашынган амбициясынын тизигинин тартып койгонбу, айтор ордун бошотуп берүү боюнча арызын жазып бериптир. Учурда Дамира айымдын арызы КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун сейфинде жатыптыр. Жакында бул маселе каралып, Дамира менен кош айтышып, анын ордуна Абдыманап Кутушев келээри күтүлүүдө.


Табышмактуу талапкер ким?
Өмүрбек Чиркешович өкмөттү көчүккө тебип, эрдик кылды. Эртең митинг болот деген элдин баары эми премьер ким болот деп калды. Ал ортодо, саясий серепчилер жаңы өкмөт башчылыгына үч адамды кудалап жиберди. Спикер Асылбек Жээнбеков, биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев жана фракция башчысы Чыныбай Турсунбековду. Биздин баамыбыз боюнча, булардын үчөөсү тең жарабайт эмес, барбайт. Эгерде "атамекенчи" Оторбаев барса, анда эле бул партиянын бурчка такалганы. Экинин бири эртең эле айкырып чыгат, "ээй атамекенчилер, эми бийликти алдыңарбы, анда Кумтөрдөгү үлүшүбүздү айткан 67 пайызга чыгаргыла" деп. Асылбек Шарипович азыркы спикерлик кызматын премьерликке алмашкыдай алабарман саясатчы эмес. Экинчиден, буга ажобуз деле макул болбосо керек. Ал эми, спикер Асылбек Шарипович СДПК партиясынан болгондон кийин, премьерликке Акундун баласынын барышы арсар. Анткени, ал дагы СДПКчы. Мындай жагдайда баш бакандыкты Ар-Намыс партиясына берсе болот. Албетте, Феликс Шаршенбаевичтен башкасына. Кеп анын чүйлүк, түндүктүк сыпаттамаларында эмес. Аркандай албаган амбициясында. Ошондуктан ойлоп турабыз, башкаруучу коалицияга киргендер сырттан кадрды караштырат болуш керек деп. Анын үстүнө, ажобуз да айтып жибербедиби, "устукан дегенди унуткула" таризинде. Андыктан ашыкпай туралы, туугандар.


Элчи болууну эңсеп калды
Баткенде айылчылап жүрүп "Өкмөт башчылыктан" кантип кеткенин аңдабай калган Жантөрө Сатыбалдиев эмитеден бош калбастын аргасын издеп убара. Анткени бош калды дегиче, Мамлекеттик Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекциясын жетектеп тургандагы "былыктары" былгып чыгып калса, кылмыш иши козголуп, башына кара булут айланып калышы ажеп эмес. Андыктан кара жанын калкалоонун камын азыртадан көрбөсө, кийин кеч болуп калышы турган иш. Тилекке каршы, Өкмөт башчылыкты аркалаган адамга ылайыктуу кызмат табылышы кыйын окшобойбу. Мындан улам, Атамбаевге киши салып, эптеп абройлуу, үлкөн мамлекетке элчи болуп кетүүнү эңсеп жатыптыр.


Эбин тапкан эки жейби?
Кыргызда "чычкан ийинине кире албай жатып куйругуна калбыр байлайт" деген таасын айтылган сөз бар. Бүгүн бул макалдын маңызы Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловго жарашып тургандай таасир калтырат. Дегенибиз, Исага учурда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери аяктап сотко, өткөнү турат. Колу туткактыгы далилденсе темир тор артына отуруп калышы кылдын учундагы иш. Бирок Иса минтип жардын кырында турганына карабай, мэрияда иштеген айрым чиновниктерди "мен сени кызматка алып келгем" деп кысып, бир нерсе өндүрүүнүн аракетин көрүп жатканы тууралуу сөздөр жүрүүдө. Көрсө, кызматтан кетсе да, "эбин тапкан эки жейт" болуп, кулкунун тыйбагандар болот экен бул турмушта. Ушундан улам, мэрияда Исага караганда Кубанычбек Кулматов жакшы экен дегендер арбын.


"Эмгек" "эмгектей" баштады
Айтылуу Аскар Салымбековдун "Эмгек" партиясы саясаттын саздак жолуна түшө баштады. Апрель айында Токтогулдагы жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоого катуу камылга көрүп, биринчи жолу шайлоонун шайтан оюндарына аралашканы турат. Партия лидери Аскар Салымбеков Нооруз майрамын токтогулдук шайлоочулары менен чогуу тосууда. Биринчи кадам кандай шилтенсе, калганы да ошого жараша болот эмеспи. "Эмгектин" тушоосу кандай кесилерине абай салып туралык...