НООРУЗ ЭЛИ-ЖУРТУБУЗГА АК ЖОЛТОЙ БОЛ!

"Алас, алас, ар балээден калас!
Жер жарылып чөп чык, желин айрылып сүт чык!"...

Кыргыз элинин байыркылыгын, өзүнө гана таандык дүйнө таанымдары, ишенимдери, руханий дөөлөттөрү, көчмөндүк улуу маданияты, дагы толгон баалуулуктары болгондугун, кел -кели келип турганда Евроазиянынын ат туягы жеткен мейкиндиктеринде бийлик кылып, зор КАГАНАТ түзгөндүгүн Европанын ичи тар, жүүт "аалымдары", орустун "мыктымын" -деген окумуштуулары канчалык бурмалап, жашырып келишкенине карабай, карт тарых бардыгын өз - өз ордуна коюп келатат. Бул -жаңылык деле эмес. Ооба, бул тастыкталган фактыны эч ким төгүндөй албайт! Ошол кары тарыхтын миң жылдыктарында кыргыз элин байыртадан салттуу жөрөлгө, ырым -жырым катары жандап келе берип, кийин Орто Азиядагы аймакташ кыпчак, түрк, перс элдерине тарап кеткен көөнө майрам - Улуу Ууздун күнү - Нооруз, жыл ажыраш майрамы азыр Алтын Бешик Ала- Тоо жергебизге жадырап - жайнап, келечекке жакшы үмүт -тилек жалгап кирип келди! Баба дыйкан, малчыга, маңдайынан ак эмгектин терин агызган мээнеткеч калкыма Жер -Эненин ырыскы -берекесинен мол чачып, акжолтой бол, Нооруз!
Жараткан Кудурет бизге жаратылыштын биринин -бири ажайып, көркөм, жылдын төрт мезгилинде, жайы салкын, кышы жылуу, касиеттүү, жер соорусу --Ала -Тоодо жашоого насип этиптир, буга миң мертебе каниет! Ата -бабаларыбыз кыш, жаз, жай, күздө Ай менен Күндүн, жымыңдаган жылдыздардын (Үркөр качан чыгат? Сары Ууз -Сириус жылдызы качан көрүнөт? Ж.б.) ар бир кыймылын, алган багытынын өзгөрүшүн, орун алмашуусун, тогошуусун азыркыдай техника, технология, телескоп жок кезде эле так эсебин чыгарып, жыл кургакчыл болоорун, кыйыр ашып кас -душман басып кирээринен бери билип, андай иштерге даяр туруп, календарь -жыл наама түзүп, нагыз астрономдордон болгондоруна, зиректигине таң бербей коюуга болобу?!
М: Кыш чилде (8.01 - 18.02) 40 күнгө, жай чилде (8.07 - 18.08) 40 күнгө созулаарын, кыштын токсону (13.12 - 13.03) чейин өтөөрүн, күзгү күн -түн теңелүү 22 -сентябрда, жазгы күн -түн теңелүү 21 -мартта болоорун, эң кыска күн, узун түн 22 -декабрда, тескерисинче, эң узун күн, кыска түн 22 -июнда (айлардын аталыштары кыргызча аталган) болоорун кынтыксыз эсептеп, турмуш тиричиликтерин, чарба иштерин-жайлоого же кыштоого көчүүнү, мал төлдөтүү, дыйканчылык, багбанчылык жумуштарын мезгил шартына жараша ыңгайлаштыра алышкан. "Ай чалкасынан жатып жаңырды, бул айда аба ырайы бузулуп, жут болот!", же "Ай кырынан туруп жаңырды, бул айда бардык иштер өз орду менен болот!" "Ай менен жайдын толугу келди, күкүктөп суу кирет!" -деп бардыгын алдын -ала билишкен.
СССРдин болуп -толуп турган маалында тилеги жакшы көөнө майрамыбыз -- УУЗХАН Атабыздын Улуу күнү (азыр бул сөз тыбыштык өзгөрүүлөргө учурап, Улустун Улуу күнү -деп айтылып келатат) Ноорузду майрамдоого эскинин калдыгы катары тыюу салынганына карабастан, элибиздин эс -тутумунан чыгып калбай, энелерибиз коңшу -колоңдору менен Чоң көжө, сүмөлөк кайнатышып, улуу муундун турмушунда шардана, ачык майрамдалбаса дагы өз ордун 70 жыл сактап калганына шүгүр! - дейли. Ошону менен Союз мезгилинде горбачевдук кайра куруу саясаты 1985 -жылы башталып, 1988 -жылдан тарта СССРде жашаган түрк тилдүү элдер, алардын ичинде кыргыз, казак Ноорузду көөнө элдик майрам катары өз шааниси, маани -мазмуну менен майрамдай башташты. КПССтин Ген. сек -ры М.С.Горбачевго токтом токуттуруп, Нооруз майрамын майрамдоого кол койдурткан казактын чыгаан акыны, биздеги мурдагы элчи, Чыңгыз Айтматов атабыздын досу -- Мухтар Шаханов боордошубуздун хандан -бектен кайра тартпаган калыстыгына, кайратына ыраазычылык!
Биздин ата -бабаларыбыз туура баамдашкандай, 21 -мартта жазгы күн -түн теңелүүнүн соңунан, күн узара баштап, Жер -Энеге жан кирип, баар келип, жаратылыш ойгонуп, жан -жаныбарлар төлдөп, өсүмдүктөр дүйнөсү жаңы түшүмгө умтулуп, биологиялык процесстер өз мыйзамдарынын бийлигин жүргүзө баштаганына карап: "Мына, Жаңы жыл келди! Жыл ажыраш келди! Оо, Жараткан! Эли -журтубузду, үй -бүлөбүздү айдан аман, жылдан эсен кылгайсың! Баарыбызды айгайлаган жоодон сакта, алоолонгон өрттөн сакта, агыны катуу суудан сакта, ашуусу бийик белден сакта! Жерибиз титиребесин, элибиз битиребесин! Башыбызга баш, малыбызга мал кошулсун! Кыргызга кара санаган кас -душмандын иши оңбосун! Жана дагы далай жакшы тилектерин, үмүттөрүн айтып, Жараткан Теңирге сыйынып, элге ынтымак, жерибизге тынчтык орносун!" -деп, өтүнүшкөн экен.
Алмустактан келаткан ушу салттуу майрам Ү -Ү1 кылымда жашап өткөн УУЗХАН Атабыздын заманынан тарта мурдагыдан да мыктылап өткөрүлүп, улуу от жагылып, аны 9 жолу кары -жаш, бай -кедей дебей айланышып, жаштар от үстүнөн секирип өтүшүп, кара күчтөрдөн, илээшмелерден, оору -сыркоолордон арылдык, тазаландык, арууландык -деген ишенимде болушкан. Мындай ишеним, жөрөлгө азыр Алтай тараптагы алтай, якут, бурят, хакас, шор, тува жана татар, башкыр элдеринде да бар. Алар да биз сыяктуу ушу кезге чейин жан - жаныбарлардын, тоо -таш, токой, өзөн -суулардын ээлери -Пирлери бар! -деген ишеним менен жашашат. Жаратылышка өтө аяр мамиле кылышат.Ноорузду да өз деңгээлинде майрамдашат.
Оттун энергиясы бардык жаман нерселерди жок кылат -деген түшүнүк менен "Малга келчү ылаң болбосун?!" -деп арча, адырашманга чок салып, түтөтүп, ысырыкташкан. Короо -жайды, үй ичин аластап, эски -уску, ирик -чирикти жок кылып, тиричилигин тазалап, аруулашыптыр. Көчмөндүк жашоодо ар бир адам, үй -бүлө элдин көз алдында болгон үчүн өз жашоосуна тыкан, бүйрө, сарамжал, тың болуп, бирөөгө өзүнүн жүгүн артып, оорчулук келтирүү намыс болгон. ("Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз"...дешип).
Ошентип, Ноорузда салттуу ырым -жырымдар жасалып бүткөн соң, таң -тамаша башталып, атайын атактуу жомокчуларды алдырышып, "МАНАС" айттырышып, төкмө акындар таймашып, ырчы -чоорчу өнөрпоздор "Сармерденде" беттешип, көкүрөктөрүнө руханий гүлазык топтошсо, улуттук оюндар: "Кыз куумай", "Эңиш", "Көк бөрү", "Ордо", "Токту сурамай", "Жоолук таштамай", "Аркан тартыш", айлуу түндө "Ак чөлмөк" ж.б. толгон -токой оюндарды ойноп, кыштай каткан денелерин жазып, бир кумардан чыгып, зоокалашчу тура!
Айыл -айыл, коңшу -колоң чогулуп, колдо барын ортого коюп, атайын өндүрүлгөн буудайдын угутун сокуга салып, сок билек менен жанчып, түйүнчөккө түйүп, сууга эзип, шире -маңызына май, ун, өрүк -мейиз, жаңгак кошуп, казандын түбүнө 41 таш салып, жай отко күйгүзбөй аралаштырып, күндөп -түндөп баарылап бышырышып, чоң көжө кайнатышып, Теңирден элге -жерге тиленген жакшы тилек, баталарын айтып, ошол чын пейилден, таза сезимден айтылган сөздөр сиңирилген ыйык тамак -Сүмөлөктү бири да калбай, чогуу ооз тийгендин өзүндө канча касиет, каада -нарк, пейил, жакшы ниет, ынтымак, боордоштук уюп жатат?! Ошончо чогулгандар жалаң сүмөлөк, чоң көжө менен чектелбей, "Көп түкүрсө -көл болот" - болуп, үйлөрүнөн жаңы тууган уй, кой, эчкинин сүттөрүнөн жасалган тамак -аш: ууз, каймак, сары май, айран, жуурат, эжигей, быштак, курут ала келип, дасторкондорун жайнатып, береке ашып -ташып, кышкы сүр эттеринен болсо чоң казанга салып дегендей... Майрамга арнап мал сойбогондору кыштан жаңы чыккан арык малдын убалын ойлоп, ашыкча ысырапкерчиликке жол бергилери келбесе керек?
Эми доор алмашты, жаңы заман келди. Эгемендикке ээ болуп, элибиздин унутта калып бара жаткан мыкты салттарын, ырым - жырым, жөрөлгөлөрүн кайрадан жандандырууну колго алып, ата -бабаларыбыз түптөп кеткен Кыргыз жолуна кайтуу кандай сонун! Бу да болсо, ЭРКИНДИКТИН шарапаты!!!
Жогоруда айтылгандай, эли -жерибизди ТЕҢИР колдоп, МАНАС Атабыздын Улуу руху жылоолосун, ынтымагыбыз менен чек араларыбыз бекем болсун,жаңырган жаңы жыл түшүмдүү болсун, айттырбай келген кырсыктардан Кудай өзү сактасын! -деген аруу тилек менен "МАНАС Эли" коому 5 жылдан бери Нооруз майрамын утурлай, манасчыларга "МАНАС" дастанынан 18 күн бою айттырууну уюштуруп келатат. Быйыл да ушул изги иштерди баштап, 17 -мартта ачылуу аземи болуп, ага коомдук уюмдардын мүчөлөрү, шаар тургундары күбө болушту. Борборубуздагы Тарых музейинин китепканасында күн сайын саат 12ден -- 15 ке чейин "МАНАС" айттыруу иш -чарасы 4 -апрелде жыйынтыкталат. Кызыккан мекендештерибизге эшик ар дайым ачык. (0777 58 37 04, 0771 70 49 53 номерлерине чалыңыздар).
Нооруздун шарапаты менен эки жылдан бери коомдук ишмер Садык Шер -Нияздын жетекчилигинде "Айтыш" фонду төкмө акындардын Эл аралык мелдешин өткөрүп, элибизге руханий -эстетикалык рахат тартуулап, боордош казак эли менен болгон ынтымактын бекемделишине салым кошуп келатышат. Быйылкы айтыш 500 миң сомдук байгеси менен улуттар ортосундагы биримдик, ынтымакка данакер болуу максатында, ордолуу Ош шаарында жогорку деңгээлде өттү. Улам жаңы жаш таланттар, суу төгүлбөс жорголордон (Элмирбек, Жеңишбек, Амантай, Аалы, Азаматтан) кем калбоого аракеттери күч болуп, жаш төкмөлөрдүн тай жарышын көрсөң да жүрөк кубанат!
Ары намыстуу, ары шамдагай, ат жалы менен тең ойногон мыкты чабендес жигиттерибизди, ошондой эле, адамдардан кем эмес акылдуу жана оюнда мөөрөй талашып кумарланган, маашырланган Камбар-Ата тукумдары -тапталган жылкылардын таймаштары менен тамашаларын жакынкы кездерде жыл сайын КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Болот Шердин демилгеси менен "Көк бөрү" мелдештерин көрүшүп, жамы журтубуз --элибиз ыраазы! Бул улуттук "Көк бөрү" оюнубуздун Кудай буюрса, келечеги кең. Азия оюндарына, келечекте бүткүл дүйнөлүк жайкы олимпиада оюндарына кыргыз элинин атынан кирип калса, ажеп эмес!
Кыргыз болуп төрөлүп калганга сыймыктанып, улутубуздун не бир баалуу, асыл нарк, дөөлөттөрүнүн баркын билип, аларды аздектеп, бапестеп, кадырына жетип өнүктүрүп -өстүрүп туруунун өзү ар бирибиз үчүн канчалык маанилүү?! Анткени, азыркы улуу жана орто муундун алдында жаштарыбызга, урпактарыбызга кылымдарды карытып, ата -бабаларыбыздан келе жаткан руханий кенчтерибиздин байманасын коротпой, өткөрүп берүү ыйык милдети -- вазийпабыз бар!
Айланайын Кыргыз Элим! Жаңырган Камбар-Ата тукуму -- Жылкы жылында тапталган буудан өңдөнүп, арышыбызды кенен таштап, экономикабызды чыңдап, биримдикте, ынтымак -тынчтыкта, бири -бирибизге сый -урмат менен бакубат жашоону Теңирим өзү буюрсун! Колдо бар ырыскыбызды аяк -башы жок, "ыр -чыр" менен чайпап төгүп албай, Кутубузду бек туталы!
НООРУЗДУН УЛУУ КҮНҮ -- БААРЫБЫЗГА ТЕҢ ЖАНА АК ЖОЛТОЙ БОЛСУН!!!

" МАНАС Эли" коомунун мүчөсү ; - САПАРБАЕВА АЙКАНЫШ КЕРИМ кызы.