Аксы баатырлары эстен кетпес!
Мындан 12 жыл мурун 17-мартта 1916-жылы бир көтөрүлүп, калтек-палтеги менен Кытайга кире качкан кыргызың экинчи ирет көтөрүлгөн эмеспи. Көтөрүлгөн дегенди көтөрө чаап айттык, болбосо, "Үзөнгү-Куушту Кытайга бербейбиз, Азимбек Бекназаровду бошоткула" деп тынч жүрүшкө чыккан баатыр Аксы эли Кербенге кетчү жол ортосунан автомат огуна туш болгон, 5 адам курман болгон, далай адамдар жарадар болгон. Акаев бийлиги, анын жанындагы Бакиев, Карыпкулов, Акматалиев, Кудайбергенов, Токобаев, Кулуев дегендер ошол окуяга күнөөлүү деп табылган. Бирок, эч кимиси жооп берген жок.
Оо, а кезде Азимбек Бекназаровдун таптаза, жигит кези, Үзөңгү-Куушту коргоп алам деп бийликке жалтанбай айтып, ылаачындай тийип турган кези. Азамат болчу! Азыр анысы азга кайтып турат көрүнөт…
Ошентип, социализм тушунан бери биринчи ирет элге ок атылды, кан төгүлдү. Биздин мамлекетте демократиянын орношу, чындыкты бетке айтуу, бийликтен дайны жок эле корко бербөө сыяктуу көрүнүштөрдү да ошол Аксыдагы окуя алып келди. Ага чейин бийликке катуу акаарат айткан жоон топ элди көрө элек болчубуз.
Ошол окуядан көп өтпөй толуп-болуп турган Топчукебиз мени, Азиза Абдрасулованы, Бермет Букашеваны ээрчитип, агасынын уулу Манастын "Мерседесин" айдатып алып Аксыга бардык. Бир жумадай жүрдүк, эң алгач элди аткан жерге бардык, Топчуке куран окуду, автоматтын толгон патрондорун таптык, далай айылды кыдырдык, жүздөгөн кишилер менен сүйлөштүк, жарадар болуп ооруканада жаткандардын абалын сурадык, курман болгондордун үйлөрүнө барып куран окутуп,көңүл айттык. Биз кайсы айылга барсак да, беш-он мүнөттүн ичинде эле эл топтоло түшөт экен, биримдиги күч экен. Топчуке; "Акаевдин бандасы!" кебин баштайт, кетти анан, бүлөлүк башкаруу, коррупция, кылмыштуулук ж.б. негативдин баарын айтат. Ошондо кутуруп турган Акаев бийлигин бучкагына теңебей турчу Топчукебиздин эр жүрөктүүлүгүнө баа бергенбиз! Эми азыркы кээ бир оппоционерлер тишинин баары түшүп, көзү көрбөй, үнү чыкпай, араң басып-турган иттен коркпойм деп аны качырган "азаматтардай" да.
Аксынын курман болгон баатырларын кыргыз эли ар дайым эстен чыгарбайт, алардын мисалында кийинки муун тарбияланат дейбиз. Баса, Үзөнгү-Кууш Кытайга өтүп жатканда аны колдогон кээ бир депутаттар азыр ашкере тың болуп, ашкере патриот болуп жүрөт. Мына аларыңдын кээ бири: Кубатбек Байболов, Зайнидин Курманов, Хаджимурат Коркмазов, Турдакун Усубалиев, Иса Токоев, Ташболот Балтабаев, Акылбек Жапаров,





Кыргыз болуудан калдыкпы?!
Бүгүнү бүтүп, эртеңи болсо, бүрсүгүнү дегени келсе, жакшылык кошо келет эмеспи, адамзат ниетинде, анын ичинде, биринчи ирет, кыргыз ниетинде. Кийинки мезгилде биздин элге эртеңи көп ирет келип жатса деле жакшылык келбей туруп алды, жаманы кезексиз келип жатканы. Ак көңүл элбиз, айкөл элбиз деген сыпаттамабыз бар. Анысы жакшы. Бирок, башка элдин салты, мейли, биздин улутка туура келбеген салты болсо деле бизге таасирин берет да, дилибизге сиңип кетип жатат, ошол дилибиздеги мыкты делген сапаттарыбызды кууп чыгып жатканы. Биз, бөтөнчө балдар-кыздарыбыздын акылы азырактары ошол жаман көрүнүштү баса калып жатпайбы, баскан-турганына керектеп турбайбы. Айталы, жанагы "Валентин күнү" деген немесин биздин кем акыл жаштар өзүнүкү кылып алып жинди болгонун айт! Аны менен бирге гомосексуализм деген "айбандык ооруну" өзүбүздөн чыккан чет элдик агенттердин жардамы менен жайылтканы турушат. Ага каршы жанагы курч жигиттер катуу күрөшүн жүргүзүш керек, аябагандай катаал, каардуу мамилесин аябай сокку урушу керек, түбөлүк тургус кылып! Адам укугу дегендин айбандарга кандай тиешеси бар?!
Карыз алуучулар деген да комитет бар экен, анын төрайымы Динара Назаркулова деген айым маалымат булактарында жүрөк титиреткен, ачууну келтирген окуядан айтып жатпайбы. Көрсө, азыр кээ бир күрөөканалар карыз алгандын балдарын күрөө кылышат экен! Бу эмне деген шумурай шумдук! Э наалатыныкы, минтип жүрүп олтурсак, аз өтпөй кыргыз деген Улуу, Ыйык, аны менен бирге Баатыр деген калк дегенибиздин тыйпылы чыкмагы бар экен да!
Назаркулова айымдын айтуусунда Түштүк тараптагы күрөөканалардын ээлери карыз алгандар акчасынан кутулмайын күрөөгө балдарын, кыздарын кармап турушат экен.
Айымдын өзүн сүйлөтөлүчү: "Биз жакында эле Ысык-Көл облусунун күрөөканаларынын иши менен таанышып келдик. Тартип деген таптакыр жок, иш башаламан, күрөөдө паспорттор, үйдүн, машиналардын документтери жатат. Ызы-чуу болуп соттошуп канча адам жүрөт. Далай адамдар үй-жайынан ажырап жатат… Барскоондо бир аял карыз акчасын убагында кайтарып бере албай калса, анын кызын карыз алган неме зордуктап салыптыр". Мына ошол адамды эч кандай сот-поту жок эле атып салса болор эле… а биз ашкере гуммандуубуз, чет элдин акчасына ичи жарылганча тойгон немелер "гуммандуулук" дегендин тарпын чыгарышпадыбы!
Бийлик күрөөканаларды жайына койду эле, азыр алар каалаган пайызын коюп элдин канын соруп жатканы, бей-бечаралардын баарын боздотуп жатканы, анын аркасында миллиондогон сомдор ошол наадандардын чөнтөгүнө түшүп,мамлекетке эч пайда алып келгени жок.
Коомубуздун кайсы булуң-бурчун, көрүнүшүн, окуясын алба, баары негатив иштерге сугарылып турганы. Бир жерин андан арылталы десе, экинчи жери булая калып жатат. Жаман көрүнүш массалык абалга келген кырдаалда оңолушубуз азап менен тозок эмеспи!
Бетти даярдаган
Баратбай Аракеев