Жээнбековдун "өрдөгү" кантет?
Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери аталган Равшан Жээнбеков: "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматовдун жакындарына тиешелүү Оштогу "Таатан", Кара-Суудагы "Оомат" базарларын жана ОшТВ телекомпаниясын рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жасалып жатат. Бул ишке криминалдык күчтөрдүн кийлигишкени бизди өзгөчө тынчсыздандырууда" -деп айкырып чыкты. Бирок бул маалыматты бийлик калп экенин билдирди ырастаган жок. Демек, Жээнбековдун туруп-туруп учурган кезектеги "өрдөгү" деп айтсак куп жарашат.
Андан тышкары Мырзакматов менен Ташиевди кеңешүүгө чакырганын кошумчалаптыр. Эми бул жөн гана пиар. Деги Москва ынтымагы жок, биринен биринин амбициясы ашкан кыргыз оппозициясын башына урабы? Эл ишенет деп эле "эшекче" айкыра бергендин эмне кереги бар?


Чек ара деп күнү-түнү иштеңиз!
Баткендеги чек ара маселеси жакын арада чечилчүдөн эмес. Анын үстүнө, жыйырма жылдан бери топтолуп калган көйгөйдү дароо чечип салуу мүмкүн эместигин акыйкаттык үчүн айтып коюу абзел. Ошентсе да, Тажикстан, Өзбекстан менен болгон аймагыбызды тактап, чек ара көйгөйүн чечүүнү тездетүү бүгүнкү күндүн күрөө тамыры болуп турат. Андыктан вице-премьер-министр Токон Мамытов Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп, чек ара маселеси менен күнү-түнү иштеши керек. Антпесе, Баткен аймагындагы жарандарыбыз коңшу өлкөлөрдүн жарандары менен дамамат конфликтерге барган көрүнүш токтобойт. Мына акыркы эле бир жума ичинде Баткен облусунун чек аралаш аймагында эки жолу чатак чыкты. Алсак, 13-мартта тажик жараны Кыргызстандын аймагындагы жолго 40 унаа шагыл төгүп кеткен. Аталган жолду оңдоо үчүн техниканы тажик тарап өткөрбөгөнүнө нааразы болгон аксайлыктар Ворух анклавынын жолун тоскон. Тажик тараптын мындай кадамына нааразы болгон чек аралаш Көк-Таш айылынын тургандары да чогулуп, Ош-Исфана жолун кечки саат 10дон баштап 2 сааттай бууган. Натыйжада жол тажик чек арачылары жол оңдоочу тракторду өткөрүшкөндөн кийин ачылган.
Бул окуядан кийин, 15-мартта түш ченде тажик атуулдары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Ак-Сай айылынын бир кыргыз жаранын сабап кетишкен. Мындай окуяга нааразы болгон аксайлыктар Тажикстандын Ворух анклавына өтө турган жолду жабышкан. Окуя болгон жерде чек арачылар жана укук коргоо органдары абалды көзөмөлгө алышууда.


Дамира айым КСДПны эки жаатка бөлдү…
Учурда КСДП фракциясы Дамира Ниязалиеваны Социалдык саясат комитетинин башчылыгынан бошото алышпай экиге бөлүнүп, жаман-жакшы айтышып, бири-биринин "башын алабыз" дегенге чейин жетип жатышат. Ошентип, парламенттеги 5 фракциянын ичиндеги ынтымактуу, ыр-чыры жок деген КСДПнын абийирин комитеттин башчылыгын бербей тырмышкан Дамира Ниязалиева айрандай төгүп, ал түгүл эки жаатка бөлүп, ишпалдасын чыгарууда. Кызматтык кресло атасынан мураска калгандай сезген Дамира айымдын мындай жоругун тизгиндеп, теске салып койчулар табылбай жатканы кызык. Негизи эле Дамира айым башынан КСДПнын короосуна кокустан кошулуп калган "чоочун" адам экенин Бакиев замынында эле "Ак жолдун" депутаттары менен колтукташып жүргөндө эле туюнткан болчу. Эми ошол көмүскөдөгү көксөөлөрү көпчүлүккө ачык дайын болуп жатат. Дамира айымдын айынан КСДПнын депутаттары "башыңды алдырам" деген ачуу сөздөрдү айтып, коркутуп-үркүтүүлөргө чейин барып жатышат.


Депутаттын "башын алдырам" деп…
Өткөн жумада КСДП фракциясынын жыйынында депутат Ыргал Кадыралиеванын депутаттык этикага, дегеле адамгерчиликке жатпаган чектен чыккан жорук жасаганы маалымат каражаттарында кызуу талкууланып, коомчулукта талкуу жаратты. Жыйында Ыргал айым депутат Токтогул Тумановду жаш баладай коркутуп-үркүтүп, кагып-силкип албууттанганын фракциялаштары айтып түгөтө албай, жакаларын карманышып, тобо кылышууда. Бул тууралуу депутат Гүлнара Жамгырчиева: "Фракция жыйынында жаман инцидент болуп кетти. Дамира Ниязалиевага социалдык маселелер боюнча комитет башчысы катары ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө фракция экиге бөлүнүп, Токтогул Тумановду Кадыралиева "Мен аялмын, бирок мен сага алы жетчүнү таап, башыңды алдырам" дегенге чейин барды. Аны тартипке чакырып койбосо, чектен чыгып баратат" - деп билдирди. Чындыгында Ыргал Кадыралиеванын мындай жоругу анын парламентке адашып келип калганын айгинеледи көрүнөт.
Буга дейре агасы Санжар Кадыралиевдин артында калган балдарынын багаар-көрөөрү жок деп мамлекеттен 10 млн. сом компенсация бөлдүрүп алганы да бир катар депутаттар тарабынан сынга алынган болчу. Аларга Ыргал айым "алты "хатундун" мага болгон кусаматчылыгын өздөрүнүн абийирлерине койдум" деп жооп берген эле.


Кылмыш
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 14-марттын түнү Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы көчөдөн башына баштык кийгизилген, эки колу артына байланган жаш кыздын жансыз денеси табылганын маалымдады. Маалыматка ылайык, ал жерди тыкыр изилдөөнүн натыйжасында ал кызга тиешелүү чет жерге чыкчу паспорту (загранпаспорт), квартиранын ачкычы жана домофондук чип табылды. Табылган буюмдардын негизиндеги тактоолорго ылайык, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз Ош областынын Араван районуна караштуу Жаңы-Жол айылында 1992-жылы туулган жаран болуп чыкты. Кыздын атасы Ош шаарында, ал эми апасы Кытайда жашайт. Кыз өзү да жакында эле Кытайдан окуудан келип, кайрадан чет өлкөгө кеткени турган. Бул мезгил ичи ал Бишкектин Совет көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде убактылуу квартирада жалгыз жашаган. Кылмыштын алгачкы иликтөөлөрүнө ылайык, бул өлтүрүү боюнча кылмышка шектүү адамдын да өздүгү такталды жана учурда аны издөө иштери жүрүүдө.


Кызматтан түшө да, илээшип калды...
Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп 2007-жылдын 1-мартынан иштеп келаткан Абдыбалы тегин Сүйөркул кечээ күнү келишимде көрсөтүлгөн 7 жыл аягына чыккандыгына байланыштуу орун басарлык ордун бошотуп берди. Бирок таптакыр кызматтан кетип, бош калган жок. Ошол эле күнү төрайым Зина Асанкожоеванын көздөй кеңешчиси болору айтылды. Кыскасы, Абдыбалы мырзага окшогон айрым адамдар кызматтан кетсе да, ушинтип "илээшип" кала берет.