Облустук администрация ордуна барсын!
Сары-Өзөн Чүй облусу дээрлик Кыргызстанды багып жатат десек аша чапкандык болбос. Жапайы капиталисттик доор бизде жаңы башталганда өлкөбүздүн төрт тарабынан миң сандаган мекендештерибиз көчүп келип, дал ушул жерден агарып-көгөрүштү. Не бир сонун дыйканчылык талааларына таш төгүлүп, там салынды. Ички миграциянын оңбогондой чоң агымын дал ушул Чүй облусу тосуп алды. Учурда Кыргызстан калкынын дээрлик жарымы Чүй облусун мекендейт. Арасында убактылуу жашаганы, биротоло отурукташканы бар. Кыргыз экономикасынын дээрлик 40 пайызын дал ушул облус берет. Бирок Чүйдүн "Ак үйү", тагыраагы облустук администрациясы айрым айыл өкмөттөрүнүкүнөн эч айырмасы жок. Уркуя Салиева көчөсүндөгү азыркы имараты Аламүдүн райондук акимчилигине таандык. Дээрлик чейрек кылымдан бери бакыйган облустук администрация райондук акимчиликтин имаратына ижара шарты менен байырлап келет. А качандыр бир убакта Бишкектин чок ортосундагы азыркы Өкмөт үйүнүн чыгыш капталындагы, Борбордук Азиядагы Америка университети менен Борбордук шайлоо комиссиясы жайгашкан имараттар Чүй обкомуна таандык болгон. 1991-жылга чейин Чүй обкомунун акыркы секретарлары Мамонтов Валерий Григорьевич менен Жумагулов Апас Жумагулович дал ошол имаратта отурушкан. Анан эле шылуун-эпчилдер менен ээнбаштарга эркиндик берген эгемен заман башталып, чүйлүктөрдөн жалгыз Акаев эле жетишет дегенчилик кылып, Чүйдүн чүйгүндөрүн чүлүктөмөйлөр күчөдү дагы, облустук администрацияны борбордон алыс кубалашты. Канайым десе каалгып басып калган Майрам Акаева каалаганын кылып, Чүй облусунун "Ак үйүн" айдап отко салып, америкалыктарга карматты. Кыргызстанды багып жаткан облуска карата мындай өгөй мамиле өлкөбүздүн да өнүгүшүнө өтө чоң тоскоолдук кылды десек аша чапкандык болбос. Облустук администрациясын көрүнгөн жерге корголотпой, өзүнүн тарыхый имаратына көчүрүп келүү бүгүнкү күндүн башкы маселеси.

Тиленбек АЗЫК




Биздин "Чукотка"…

- "Сен чукчасың деди"- мени досум тамашалап.
Жок мен кыргызмын дедим. Сөздүн маанисин терең түшүнө бербей.
- "Анда эмесе угуп тур" деди ал мага, колунун беш манжасын бирден санап, айта баштады.
"Нарынды биз тамашалап, "Норвегия" деп коөбуз. Таласты "Далас"- деп коёбуз. Түштүк тарапты "Югославия" дейбиз, Ошту "Ошингтон" деп коёбуз. Ал эми Чүйдү болсо "Чукотка" дейбиз. Сага окшогон Чүйлүктү "чукча" дейбиз деп тамашалап, каткырып күлүп калды. Койсоңчу дедим досумду, башында "Ч" тамгасы окшош болсо эле окшоштуруп, "Чукча" дей бересиңби дедим. Ал болсо моюн бербей "жок, "чукча" деген себебим, чүйлүктөр "чукчадай" маңыроо болосуңар. Жерлериңерди ар кимге бастырып ийип, өзүңөр улам тоону көздөй жылып баратасыңар, силерди ким кааласа эле келип басып алат,"- деп каткырып, тамашалап калды. Мүмкүн ал досум бул сөздү мага чын эле тамашалап айткандыр. Бирок ушул тамаша менин жүрөгүмө тикенектей болуп сайыла түштү. Кыргызым, Кыргызстаным, Манасым, улутум, элим-журтум деп соккон менин мекенчил жүрөгүмө сайылган тикенек акырындап ириңдеп, ооруга айлана баштады. Ал эми менин тамашакөй досум бул күндө президенттик аппаратта бакыйган кызмат орунду ээлеп, президенттин бир этегин басып отурат, (азырынча анын аты-жөнүн ачыкка чыгарбай турайын). Менин жүрөгүмдөгү Чүй деген илдет, акырындык менен жеке менин гана эмес, улуттун трагедиясына айланып баратканын баарыбыз байкап турсак дагы унчукпайбыз. Акыркы күндөрү эл ичинде, өзгөчө менин чүйлүк жердештеримдин арасында көп айтыла баштады. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" деген элибизде жакшы сөз бар эмеспи. Байыртан касиеттүү Сары-Өзөн Чүйдү жердеп келген жергиликтүү калктын укугу менен эсептешпестен эле, Чүйдүн жерлерин жүз гектардан, эки жүз гектардан ченеп, бычып атасынын энчисине калгансып бөлүп алган бай-бачаларга ким мындай укукту берди? Менин бул суроомо чын эле ким жооп берет?! Адатыбызча айтып көнүп калган Акаевби, Бакиевби же азыркы бийликпи? Менин бул суроомо эч ким жооп бере албайт. Жооп бермек түгүл кайра менин өзүмдү "трайбалист", "регионалист", жердешчил деп күнөөлөшү мүмкүн. Мейли күнөөлөсө, мен ага таарынбайм. Себеби мен "чукчамын". Мекенчилдигим үчүн, кең пейилдигим үчүн, маданияттуулугум, маңыроолугум үчүн, "чукча"-деген атка көндүм. Кыргызстандын кайсы бир облусуна барып, силердин уулуңар биздин Сары-Өзөн Чүйдөн эки жүз гектар жер алыптыр, анын ордуна силер мага эки жүз гектар жер бергилечи деп сурансам, "жогол бул жактан"- деп кубалап чыгаарына мен да ишенем, силер да ишенесиңер окурмандар. Азыркы атка минерлер, саясатчылар, депутаттар чын эле элдин келечегин ойлосо, бул көрүнүштү алдын-ала ойлоп, мамлекеттик ички миграцияны токтотуу жолун издеп, башка региондорду өнүктүрбөсө, эл-журттун ичине акыры бүлүк саласыңар. Ойлонгула, ойлонгула.
Мынча болду "чукча" тууралуу бир тамаша айта кетейин. Чукча аба ырайын байкоочу метеорологго кайрылыптыр.
Урматтуу метеоролог, быйыл кыш суук болобу же жылуу болобу" деп. Метеоролог "чукчага кайрылып:
Эй, чукча кыш суук болобу, жылуу болобу анын сага эмне кереги бар - дептир.
Анда чукча кыш жылуу болсо, токойго барып отун даярдабай эле коёюн, кыш суук болсо отун даярдайын дейт. Метролог чукчага эмне деп жооп берсем деп ойлонуп калат. Эгерде кыш жылуу болот десем отун даярдабай коюп, суукка тоңуп өлүп калышы мүмкүн деп чечим кабыл алып, кыш суук болот деп коёт. Ишенчээк, маңыроо чукча метеорологго рахмат деп ыраазычылыгын айтып кетип калат. Кыш жылуу болуп калса, чукчага уят болуп калып жүрбөйүн деп метеоролог ары ойлонуп, бери ойлонуп шаманга барат. Шаманга барат да, кыш жылуу болобу, суук болобу айтып берчи дейт. Шаман ойлонбостон эле кыш суук болот дейт. Шамандын жообун угуп, метеоролог кубанып кетет. Кудай буюрса, чукчага уят болбойм деп. Метеоролог шаманга ыраазычылыгын айтып:
Оо... касиеттүү ыйык шаман, кыштын суук болоорун кантип билдиң, биз илимдүү, билимдүү метеорологдор да илимге таянып, быйылкы кышты суук болот деп айтып жатабыз. Ал эми сага арбактар айтып берип жатса керек дейт.
Жок, мага арбактар эч нерсе айткан жок дейт шаман, кыштын суук болоорунун биринчи белгисин мен эмнеден байкадым. Бүгүн таңда турсам, чукча токойго отунга жөнөп баратыптыр. Эгерде чукча токойго жөнөсө, анда кыш суук болот дейт. Урматтуу окурман, мындан ары кыш жылуу болобу, суук болобу метеоролог, шамандардан эмес, чукчалардан байкап жүргүлө.
Мелис Карыбеков