Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Дайыр Исмадияров,
ырчы:

"Жазда сүйүү башталат дегенге кошулбайм"

- Мына жаңы эле 8 - март аялзатынын эл аралык майрамы өттү. Кимдерге өзгөчө белек бердиң?
- Чынын айтсам, ушул 8 - мартта эч кимге белек бере алган жокмун. Себеби концерт коюп, шаардан сырткы аймактарындагы айымдарды майрамы менен куттуктап, ыр десте сунуп жүрдүм. Бирок жакындарымды, тааныштарымды телефон аркылуу куттуктап, ак чөп башта деп кечирим сурап койдум.
- Эч кимге белек бербесең, сенден белек алам деп үмүт кылгандар сага таарынышса керек?
- Албетте, таарынгандар да болот. Өзгөчө жакындарым. Анткени жыл сайын баарына белек берчүмүн да. Бирок таарынычтарын бат эле жазып, башка майрамдарда көңүл буруп коем.
- Негизи эле белек сатып аларда эмнесине көңүл бурасың?
- Алгач кимге сатып алып жатканымды тактайм. Эгер көңүлүмө жакын, жакшы көргөн адамым болсо оргиналдуу белек издейм. Кымбат-арзанына карабайм. Ал эми жөн эле тааныштар же кесиптештер болсо катардагы эле белектерди берип, көңүлүн көтөрүп коем.
- Концертте жүрдүм деп калдың. Кайсы жерде концерт бердиң?
- Адаттагыдай эле быйыл да Кыргызстан боюнча гастролдук сапарым башталды. Айымдардын майрамына карата көлгө барып концерт берип келдим. 21-22- мартта Жалал-Абадга кетем. Андан кийин башка облустарды да кыдырам.
- Акыркы кездерде жер - жерлерге гастролго көп чыгып жатасың. Суроо - талап көп болуп жатабы же капчыгыңды кампайтып алайын деп жатасыңбы?
- Элдин суроо - талабы болгон үчүн концерт берип жатам да. Кудайга шүгүр, күйөрмандарым биз жакка келип концерт берип кет деген суроолорун жөнөтүп жатышат. Алардын өтүнүчтөрүн аткарып, биз дагы колдон келишинче жакшы концерт койгонго аракет кылып жатабыз. Эми гастролго чыгуу, той - топурлардын көркүн ачуу биздин жумуш да. Ошондуктан кайда чакырбасын баш тартпайбыз.
- Концертиңе эл кандай келип жатат. Деги эле айыл жерине коюлган концерт өзүн актайбы?
- Кудайга шүгүр, эл жакшы келип жатат. Нааразычылык жок. Элден айланса болот. Азырынча айыл жерине бара элекмин. Көбүнчө эле шаарларга коюп жатам.
- А эмнеге айылдарга барбайсыңар?
- Убакыт тар. Гастроль менен бирге тойлорго болгон чакырууларга да жетишүү керек. Айылдарга кетсең жок дегенде 10 күн жүрөсүң, тойго чакырып калышса жетишип келе албайсың. А шаарларга бир күндө барып келсең болот.
- Сахнага келгенден бери эмнеге жетиштиң?
- Көп нерсеге. Биринчиден ырчы болсом деген балалык кыялым орундалды. Экинчиден жакшы адамдар менен таанышып, дос күттүм. Үчүнчүдөн материалдык жактан өзүмдү камсыздап, бутума турдум.
- А мүнөзүңдө өзгөрүүлөр болдубу. Азыркы Дайыр менен сахнага жаңы чыккан Дайырдын айырмасы барбы?
- Албетте, мурда жашоонун ак - карасын айырмалай албай, элдин баарын өзүмдөй ойлоп, көп жаңылыштык кетирчүмүн. Азыр болсо бардык нерсеге башка көз караш менен карап, акылыма акыл кошулуп, токтолуп, терең ойлонуп чечим кабыл алып калдым.
- Канча жашыңа чейин сахнада жүрөм деп ойлойсуң?
- Кудайдын буюрган күнүнө чейин. Өзүмө койсо, өмүрүм өткүчө жүрсөм дейм.
- Жазда сүйүү башталат дегенге кошуласыңбы?
- Кошулбайм. Ар кимге ар кайсы мезгилде сүйүү келет. Мен жазында эле сүйүү башталат деп ойлобойм. Себеби сезим мезгилге, убакытка, кырдаалга, турмуш - шартка баш ийбейт.
- Качан бойдокчулук менен коштошоюн деп жатасың?
- Бойдокчулукка көнүп калдым окшойт. Бирок бул дагы буйруктан. Өзүм ушул күзүндө апамды келиндүү кылып кубантсамбы деп жатам. Эми Кудайдын жазганын көрөбүз да, кайсы күнү буйрук кылса, ошондо бойдокчулук менен коштошом го.
- Алдыда кандай максаттар бар?
- Максаттар арбын. Эң негизги максатым азыр чоң бизнес ачуу. Мындан сырткары медиа группа түзүп, продюсер болуу.
- Продюсер болгондун эмнеси жакшы, ырчылар менен урушуп жатып чарчайсың?
- Менин жан дүйнөмө туура келет. Мен жөн гана продюсер эмес, медиа группаны жетектейм. Кудай ден соолук берсе, бул максатымды ишке ашырууга болгон аракетимди жумшайм.
- Сенден мыкты продюсер чыгарына ишенесиңби?
- Албетте, ошол үчүн бул идеяны ишке ашырууну пландап жатам да. Негизи эле мен колумдан келбеген нерсеге көп эле аралаша бербейм. Көзүм жетип турган нерсени жасайм.

Света Акылбек кызы











??.??