Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Абдыжапар Бекматов
"Республика" фракциясынын депутаты:
Азыркы өкмөттүн шалаакылыгын "Жунданын" мисалынан көрсөк болот
- "Республика" фракциясы өкмөттүн отставкасы боюнча кол топтоп жатышты эле. Эмнегедир тынчып калышты го.

- Өкмөттүн отставкасы боюнча кол топтолгон. 45 депутат азыркы министрлер кабинетин отставкага айдоо боюнча макулдугун беришкен. Жакынкы күндөрү жалпы палатага алып чыгып, жалпы депутаттардын талкуусуна коебуз. Азыркы өкмөттүн кийинки тагдыры ошондо чечилет го.

- Жантөрө Сатыбалдиев башкарган министрлер кабинетинен таптакыр эле үмүтүңөр үзүлдүбү? Ушунчалык эле чабал иштеп жатышабы?

- Бул өкмөттүн тушунда эч бир жылышты мен көрө алган жокмун. Кайсы тармакты карабайлы, жыргаткан бир иши жок. Тоо кен, өнөр-жай, айыл-чарба бардык тармактарда иштери чала. Ошол эле "Кумтөр" маселесин алалы. Жантөрө Жолдошевич өзү чыгып алып: "Парламент Кумтөр" келишимин колдобой, эки айдан бери создуктуруп отуруп, 80 миллион доллардан куру жалак калды", - деп Жогорку Кеңешти коомчулуктун алдында каралап, как какшап жатты эле, келишим өткөндөн кийин тескери сүйлөп башташты. "Бул толук чечиле элек маселе болчу, экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин", - деп жатышат. Анда эмне парламентти элге жаман көрсөттү? Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү "Жунда" заводу боюнча бул өкмөттүн өтө чоң шалаакылыгын, жоопкерсиздигин көрсөк болот. Завод ишке кирмекчи болгондо гана жанталашып, экологиялык экспертиза жасатып жатышат. Завод курула электе эле, жер тандалып жатканда айтышпайт беле, "бул жакка курганга болбойт, шамалдын агымы мындай экен, айлана-чөйрөгө зыянын тийгизет экен" деп. Кытайлык инвесторлор 300 миллиондон ашык долларын сарптап, жакшынакай кылып заводду кургандан кийин анан, ишин токтотуп, экологиялык экспертизадан өткөрөбүз деп жатышат. Экологдор "айлана-чөйрөгө зыяны жок экен, иштесе болот" деген бүтүмүн чыгарып берсе го жакшы, эгер бул завод чын эле Кара-Балталыктардын ден соолугуна зыян экен деген жыйынтыкка келишсе кандай болот? Курулган заводду ким көчүрөт? 300 миллион долларды ким төлөп берет? Баарын алдын ала ойлонуп, тактап, таразалап алып иш кылышпайт беле. Бүгүн бирди сүйлөп, эртеси экини сүйлөп жатсак, бизге кайсы инвестор акчасын жумшайт? Чет элдик инвесторлордун бизден жаа бою качып жатканынын дагы башкы себеби, чиновниктерибиздин ушундай жоопкерчиликсиздиги болуп жатпайбы.

- Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл түзүлүп, ар кандай акцияларды баштайбыз деп турушат. Парламенттеги оппозициялык фракциянын өкүлү катары бул кыймылдын иш-аракеттерине кандай көз караштасыз? Андагы саясатчыларга купулуңуз толобу?

- Негизи мындай кыймылдар, блоктор, бирикмелер буга чейин деле түзүлүп келген. Бул жолкусун деле ошондой мааниде сыпаттасак болот. Түзүлө жүрүүчү, саясий кырдаалга жараша чачылып кетүүчү кыймыл десек туура болот го. Арасында ар кандай саясий көз карашты кармангандары бар, ар кандай максатты көздөгөндөрү бар. Бирок лидерлерине түз көз караштамын. Бардыгы мыйзам чегинде иш алып барышса, мамлекетибизге залакасын эмес, пайдасын тийгизсе деген эле пикирдемин. Украинаны көрдүк го.
Маектешкен
Тиленбек Азык











??.??