Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
АСКАР АКАЕВДИН АЙТКАНЫ КАЛП!
АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ЫРЫСКЫСЫН АЛМАЗ АТАМБАЕВ ЭМЕС, АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ ЖЕГЕН!
Акыркы кездерде мезгилдүү басма сөздө, интернет булактарында ж.б. жалпыга маалымдоо каражаттарында 2005-жылдагы март ынкылабында Орусияга качып кеткен, качып кетип эле тим болбой, кыргызстандыктардын ырыскысын ташып кеткен экс-президентибиз Аскар Акаев: "92-жылдары жазуучуларга көп батирлүү үй салдырып алгыла деп 60 миллион рубль кредит берсем, ал акчага Алмаз Атамбаев үй курдурбай эле завод сатып алыптыр" деген кезектеги дагы бир чо-оң жапайы "өрдөгүн" учурганынан, 90-жылдардын башындагы аягы басылбаган Жазуучулар Союзунун ызы-чуусунун башынан аягына чейин катышып тиш каккан, басма сөзгө чагылдырып күбө болгон "Кыргызстан маданияты" гезитинин баш редактору Нуралы Капаровдон маселенин чын-төгүнүн сурайлы деп кайрылганыбызда, курулай сөз менен эмес, кызылдай факты менен сүйлөгөнгө көнгөн Нуралы калемдешибиз 1993-жылдын сентябрь айында Кыргызстан Жазуучулар союзунун президиумунун мүчөлөрү менен секретарларынын агездеги президентибиз Аскар Акаев менен премьер-министрибиз Апас Жумагуловдун наамына жазылган катын жана Жазуучулар союзунун эсебине финансы министрлиги жана Мамлекеттик мүлк фондусу аркылуу которулган 60 миллион рубль акча каражатынын "тагдырын" текшерген КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик финансылык инспекциясынын (азыркы Эсеп палатасы) "Кыргызстан маданияты" гезитинин 1995-жылдын 27-майындагы жарык көргөн санына жарыяланган справкасын жөнөтүп жибериптир.
Аталган кат менен справканы окуп чыгып өз көзүбүзгө өзүбүз ишенбей "ой- тобо-о" деп жакабызды кармап таң калдык. 60 миллион рублди калың жазуучу журтун каратып туруп агездеги Жазуучулар союзунун биринчи секретары Асан Жакшылыков жеп алыптыр! Мынчалык ири суммадагы акча дайынсыз кеткенинен, үй курулбай калганына, басмакана салынбай калганына "коңгуроо кагып" ызы-чуу түшүп адилеттик издегендердин ичинде Алмаз Атамбаевдин да ысмы жүрөт.
"Аскар Акаев карандай бул калпты эмне үчүн айтты деп ойлойсуң?" деген сурообузга Нуралы Капаров: "Жеп көнгөн А.Акаев жегенди жегиндей көргөн, жебеген А. Атамбаевге ичи күйүп калп айтып жатса керек. А.Атамбаевдин жеп-ичпей эл ичинде аброй алышын А.Акаев каалабайт да," деп жооп берди. "Жеп көнгөнүн кайдан билип айтып жатасың?", десек: "Ошол эле акын-жазуучуларга үй салып, акын-жазуучулардын гезити "Кыргызстан маданиятын", "Ала-Тоо" журналын жыргатып басмакана куруп, медиа-холдинг түзүп берем деп бизди бетине кармап бал тилге салган бизнес-план жаздырып Кеминдеги жылына эки миң тоннадан кем эмес түшүм берген миң гектар алма бак чарбасын, Аламүдүн районуна караштуу Виноградное айылындагы килейген винзаводду менчиктештирип, алма тонналап териле баштаганда, виносу тонналап ачый баштаганда, акчадан "көзү каткан" агасы Асанкул Акаев өзүнүн өмүр бою моюндашып сөөк мүлжүшкөн шылуун достору, жасалма документ жасаганга маш кошоматчы чиновник инилеринин жардамы менен ээликтеш болуп катталган "Кыргызстан маданияты" гезитин мыйзамсыз кууп чыгып, кайрылып каяша айталы десек криминалдарга сабатып, мыйзамдуу кармашалы десек милицияларга каматып, ак-карасын териштиртпей бакма жазмакерлерине талатып, айлабызды алты кетиргенде агасы Асанкул Акаев эле эмес, агасынын кылык-жоругун көрүп-билип туруп, "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" колдоп-коргоп турган Аскар Акаевдин өзүн калпычы, жегич адам катары түшүнгөм".
"Азыркы президентибиз Алмаз Атамбаев менен да кезинде чогуу иштедиң эле, ал жөнүндө пикириң кандай?" деген сурообузга Нуралы Капаров мындайча жооп узатты:
"Чынын айтайын, мен азыр саясий гезит да чыгарбай, саясат жана саясатчылар жөнүндө башымды да оорутпай, башыман өткөндөрдү кагазга түшүрүп - чыгармачылыкка баш-отум менен кирип кеткен жөн-жай адаммын. Ошондуктан, айтсам чындыкты гана айтам. Айтпасам айтпайм. Эч кимге кошомат кылгым келбейт.
Атамбаевдин мүнөзү кырс, өзү чынчыл. Жегенди, калп айтканды жегиндей көрөт. Жана коррупция менен күрөштө айтып жатпайбы, эгер кан досум болсоң да колума түшсөң каматам деп. Мен буга бөркүмдөй ишенем. Бул шериң кан досу эле эмес, бир ата, бир энеден туулган уялаш бир тууганы жаза басса да аябайт.
Мен билген дагы бир мыкты сапаты -жигитчилиги. Айткан сөзүнө турат. Мындан жыйырма беш жыл мурда эле акын-жазуучулар каржалып кыйнала баштаганда мен силерден колуман келген жардамымды аябайм деген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин убадасына бек туруп, алтымыштан ашуун акын-жазуучуга өз чөнтөгүнөн стипендия төлөп келе жатат. Дагы бир эскере кете турган эмгеги - А.Жакшылыков сыяктуу өз көмөчүнө күл тарткан жетекчилердин мыйзамсыз аракетин четке кагып - Адабий фондуну көз карандысыз фонду катары сактап калганы. Натыйжада, Адабий фондуга караган акын-жазуучулардын "Арашан" чыгармачылык эс алуу үйү жылдын төрт мезгилинде акын-жазуучуларды кабыл алып иштеп жатат, каржалган акын-жазуучуларга материалдык жардам көрөсөтүп келе жатат".
"Асан Жакшылыков жеп кеткен үйдүн бүгүнкү күндөгү тагдыры эмне болду?" деп сураганыбызда:"Үйдүн тагдыры эмне болгонун билбейм, үй салына турган жер Свердлов -Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыкты райондо болчу. Жазуучулар союзунун кийинки шайланган секретарлары 15 сотыхтан кем эмес ошол жерди болгону 35 000 долларга Нариман Түлеевдин жигиттерине сатып жиберишиптир. Нариман Түлеевдин атасы ыраматылык Ташполот Түлеев ал жерге тогуз кабат көз жоосун алган килейген үй салды. Бүгүнкү күндө андай жердин ар бир сотыхы 50 000 доллардан кем эмес кымбат баага чыкты" .
"60 миллион рублдин кийинки тагдыры эмне болду?" деп сураганыбызда: "Фининспекциянын справкасын көтөрө чаап жеп кетти, ичип кетти деген акын-жазуучулардын ызы-чуусун уккусу келбеген А.Акаевдин өкмөтү "жеп кеткендерге" кандайча ымала-ыкка келгенин билбейм, күч органдарына жеткирбей дымын чыгарбай жаап салган боюнча калды" деп сөзүн аяктады.
Баратбай Аракеев





Архивден...
Кыргыз Республикасынны Президенти А. АКАЕВге, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. ЖУМАГУЛОВго
Кайрылуу
Урматтуу Аскар Акаевич!
Урматтуу Апас Жумагулович!

Биз, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунда болуп жаткан шылуундук деп атарлык иш жөнүндө сиздерге билдирип жана андан жыйынтык болот деген ишеним менен кайрылып отурабыз. Себеби, ал иш мындан бир жыл мурда Жазуучулар союзунун чечимине ылайык текшерилмек, бирок андай болгон жок.
Анын жайы мындай:
Кыргызстан Жазуучулар союзунун азыркы биринчи катчысы Асан Жакшылыков 1992-жылдын сентябрь айы ченде ошо кездеги КРнын финансы министри А. Муралиевге кайрылуу аркылуу бюджеттин эсебинен 50 млн. рублдик үстөк пайызсыз ссуда сурап, аны ошол жылдын ноябрь айында алган. Андан мурдараак дагы бир үстөк пайызсыз 10 млн. рубль ссуданы Маммүлк фондунан алганы аныкталган. А. Жакшылыков финансы министрине жазган катында жогоруда көрсөтүлгөн ссудага жазуучулар үчүн көп кабаттуу үй куруп, андан тышкары союздун алдында китеп басып чыгаруучу комплексин түзүүнү маалымдаган экен. Ал каттын негизинде 1992-жылдын 12-ноябрында Жазуучулар союзу менен финансы министрлигинин ортосунда кредит алуу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге Жазуучулар союзу тараптан А. Жакшылыков, финансы министрлиги тараптан министрдин орун басары Э.Е. Коносова кол коюшкан. Акча колго тиер замат, тагыраак айтканда, 1992-жылдын 26-ноябрында А. Жакшылыков 50 млн. рублди Жазуучулар Союзунун алдында түзүлгөн "Айла" деген кичи ишканага толук бойдон которуп жиберген. "Айла" болсо 50 млн.го мурдагы 10 млн. рублди кошуп, Москвадагы "Топаз" аттуу менчик фирмага которгон. Мында эскерте турган нерсе - Жазуучулар Союзунун алдындагы "Айла" кичи ишканасынын түзүлгөндүгү жөнүндө секретариат, президиумдун мүчөлөрү билишкен эмес. Ал эми Союздун Уставы боюнча кичи ишкананы түзүү, анын жетекчисин дайындоо жазуучулар Союзунун пленумунда бекитилиши керек эле. Демек, "Айла" ишканасынын жашыруун түзүлүшү жана ага 60 млн. рублдин дароо которулушу караманча мыйзамсыз болгон. "Айла" аркылуу өкмөттүк бюджеттен алынган ссуданы Москвадагы "Топаз" фирмасына которуу жагы А. Жакшылыков тарабынан күн мурунтан иштелип чыккан экен. Анткени, "Айла" менен "Топаздын" ортосундагы акча оодарыштыруу боюнча келишим 1992-жылдын сентябрь айында эле түзүлүп коюлган. Мунун баары келишимдин шарттары менен таанышуу учурунда дайын болду. Аталган келишимге ылайык, "Топаз" фирмасы 7 протоколдун негизинде "Айлага" 60 млн. рублдик басма комплексин берген болуп чыгат. Анын үстүнө москвалык "Топаз" фирмасы тарабынан Жазуучулар Союзуна берилген басма комплекси 3-4 эсе кымбат бааланып, 60 млн. рублге чегерилген. Ушул жерден мыйзамдуу суроо туулат: Бишкек шаарынын өзүндө эле "Полиграф" комбинатынын, "Учкун" концернинин жана Ала-Тоо аянтынын жанындагы Чүй басма сөз комплексинин кубаттуулугу такыр пайдаланылбай, мыкты полиграфист адистер жумушсуз жүрүшсө, Жазуучулар Союзу үчүн жаңы комплекс түзүү - өкмөттү алдоо, элдин көзүнө чаң бүркүү экени көрүнүп турбайбы. Келишимдин шарты боюнча "Айла" тарабынан алынган комплекс 1993-жылдын башында китеп басып чыгаруу ишин баштамак. Бирок, мунун баары калп болуп чыкты.
Ошентип, "Айла" менен "Топаздын" ортосундагы түзүлгөн келишимди шылуундук деп айтууга аргасызбыз. А. Жакшылыковдун финансы министрлигине жазган каты боюнча алынган үстөксүз ссуданы 1993-жылдын ноябрында кайтып бермек. Бирок ал акча бөтөн шылуундардын гана чөнтөгүн байытып, өкмөттү да, жазуучуларды да сызга отургузуп кетти.

Жыйынтыктап айтканда:

1. Жазуучуларга үй курулбай, ал аукционго коюлуп сатылып кетти көрүнөт.
2. Китеп басып чыгаруучу комплекс иштебей турат. А. Жакшылыков алган ссудаларды кайтарып бербөөнүн амалын издеп, бир жылдан бери президиумдун жыйынын чакыргысы келбейт. Ал тургай, былтыр 1993-жылдын июль айында болуп өткөн пленумду ар кайсыл шылтоого чаргытып, жакында май айында чогулган пленумду өткөрткөн жок. А.Жакшылыков жазуучулардын алдында отчет бергиси келбейт, анткени бети ачылып калаарынан коркот.
Учурда 60 млн. рублди жөн эле үстөк пайызсыз кайтарып алуу "ууруларды" колдогондук деп эсептейбиз. Ошол кездеги баа боюнча бир "Волга" автомашинасы 20 миң рубль эле, типографиялык кагаздын бир тоннасынын баасы 5 миң рубль болуп турган.
60 млн рубль ссудага чейин да А. Жакшылыков 1991-жылы өкмөттөн 1 млн. рубль ссуда алганын териштирип отурганыбыз жок.
Бул шылуундук фактыларын терең изилдеп, алынган ссудаларды 600%дык коэффицент менен эсептеп, өкмөткө кайтаруу зарыл деп эсептейбиз. Ошондуктан бул жерде 50 млрд. акчага чамалуу каражатты жеп кетишкен шылуун адамдардын мыйзам алдында жооп берүүсүн талап кылабыз.

Ссуданын документтери тиркелди.

Сиздерди терең урматтоо менен, Жазуучулар союзунун президиумунун мүчөлөрү жана секретарлары:

Т. Касымбеков
Ж. Садыков
Б. Жакиев
А. Стамов
А. Атамбаев
А. Иванов ж.б.











??.??