Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
30 миллиард сомдун орду жок
Экономика министри Темир Сариев өткөн жумада Кыргызстан жыл сайын коррупция деген балекеттен 30 миллиард сом жоготорун баса белгилеп айтты. Бул акча өлкө кирешесинин 40 пайызын түзөт экен. Албетте, бул биздин жарды мамлекетибиз үчүн абдан чоң акча. Темир мырза, коррупциянын өзөгүн, анын азайбай жатканынын себебин төмөнкүчө билдирди: "Бүгүнкү күндө кадр саясатында партиялык коррупция аябай күчөп кеткен. Парламенттик көпчүлүккө кирген партиялардын бүтүндөй бир шаарлары, райондору жана облустары пайда болгон. Министрликтер менен тармактык агенттиктер тигил же бул партиянын көзөмөлүнө өтүп калган". Албетте, кашкайган чындык. Мамлекеттик кызматта туруп, мындай чындыкты ар ким эле айта бербейт деңизчи. Сариев айткан партиялардын ичинде Жогорку Кеңеште олтурган 5 партия тең бар. Бирок өзүнүн "Ак Шумкары" парламенттик шайлоодо утуп келип, бүгүн бийликте олтурганда, ал деле 5 партиянын кейпин киймек. Аргенбай аксакалдын баласынын партиялар тууралуу коркпой-үркпөй айтып жатканынын бир себеби мына ушул эмеспи...


Бактыбек Жусубалиев министр болобу?
"Атамекенчилер" талап-тоноочулук боюнча ишти тамам кылуунун үстүндө тынбай аракет көрүп келишет. Буга Зарылбек Рысалиевдин кызматтан алынышы, учурдагы ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы Норузбаев Кубатбекти министр кылууга жандалбастап жатышыптыр. Бирок бул орунга министрдин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев ылайыктуу дегендер басымдуулук кылып, Өмүрбек Текебаевдин соодасына макул болбой жатышыптыр. Сыягы, жакында министр болуп Жусубалиевдин отуруп калышы ажеп эмес. Мындан улам, бир жерден болбосо да, бир жерден бир нерсени чыгарган Өмүрбек мырза шайлоо жакындап калганына байланыштуу, "Ата Мекендин" позициясын бекемдөө максатын көздөп, депутат Ташболот Балтабаевдин жакында эле ИИМге барган күйөө баласын Ош шаарынын жана Ош облусунун ички иштер башкармасынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун ордуна алып барууну, ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Мадияр Кулуевди Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына алып барууга аракет кылып, катуу соодалашуу жүргүзүп жатыптыр.


Болот Шер Англияны самап
Бүгүнкү күндө "Ата Мекен" партиясынын эл арасындагы аброю бир кыйлы түшүп кеткени маалым. Мындан улам, кийинки парламенттик шайлоодо утуп чыгышы күмөн. Бул жагдайды Текебаев өзү дагы мойнуна алып, "кийинки шайлоодо жеңип келээрибиз арсар" дегенди кыйыткан жайы бар. Ошол себептенби, "Ата-Мекендин" барандуу мүчөлөрү эмитеден эле жайлуу коңул издей башташты. Ак үйдөгү шыбыштарга караганда Болот Шер Англияга элчи болуп кетүүнү максат кылып, тымызын соодалашып коюптур. Текебаев Америкага кетиши ыктымал экен. Дүйшөн Чотновдун Кореяда элчи болуп жүргөнүн эске алсак, жогорудагы айтылгандар ишке ашса "атамекенчилер" элчиликтердин баарын ээлеп алчудай.


Кыз боозуп энесин коркутаары ыраспы?
Учурда Абдулла Юсуповдун курал сатып жатканы боюнча видео тасма коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Видеодо Юсуповдун колу гана көрүнүп, калган жери көрүнбөй, сүйлөп жаткан үнү угулат. Мындан улам, тасма атайын кызмат тарабынан видео камера Юсуповдун жакасына орнотулуп, курал сатып алуучуну кармаш үчүн уюштурулганы көрүнүп турат. Демек бул жерде 2010-жылы Бакиевдердин үйүнөн тонолуп кеткен куралдарды кимдер сатып алаары, "атамекенчилердин" буга канчалык тиешеси бардыгын аныктоо операциясы жүргөнүн баамдоого болот. Анан бул нерсени "атамекенчилер" өздөрүнөн оолактатып, тескери жакка буруу менен күнөөнүн баарын Зарылбек Рысалиевге оодарууга аракет кылып жаткандары, кыз боозуп энесин коркутат дегендей болууда.


Жапаровдун баягы эле "боткосу"
Садыр Жапаров менен Нурлан Мотуевге карата: "Окшошконго мушташкан", "Эшегине жараша тушагы" деген кыргыздын эки сөзүн айтсак жетиштүү болоор. Бул эки эрен 17-мартта Ала-Тоо аянтында 2 миң киши катыша турган курултай өткөзүшө турганын жар салышты. Алардын оюна койсо, ушул күнү Кыргызстандагы бардык болгон көйгөлөрдү айтып чыгып, чекесинен чечип салышат экен. Ал эми Равшан Жээнбеков башында турган Улуттук оппозиция кыймылы бул курултайга эч тиешеси жок экенин билдиришти. Ошондо, бул курултай Садыр мырзанын кезектеги "боткосу" деп койсок болчудай. Анткени, Жапаров менен Мотуев буга чейин эмне ишти кыйратышып, элден эмне колдоо табышты эле?


Мурдуна суу жетип
Өзүн Ош шаарынын кожоюну сезип жер баспай калган Мелис Мырзакматов кызматтан алынганы жели чыгып, мурдуна суусу жеткен окшойт, адыраңдаган адатын токтотуп, кой оозунан чөп албаган момунга айланды. Эмнеге минтип дымып калды десек, Президент Атамбаевге кире албай эшигин сагалап, убайым тартып жүрүптүр. Учурда амбициясы аттын башындай неме бир райондун акими болууга зар экен.










??.??