Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Bishkek Park" эң мыкты курулуш талаптары менен курулган
"Бишкек Парк" соода борбору Кыргызстандагы алгачкы бийик соода имараты. Анын курулушуна уруксатты калаанын шаардык кеңеши №14 протоколунун (17.12.2008-ж.) негизинде берген. Бул курулуш жаңычылдык болуп, бийик имараттарды куруу багытында үлгү боло алат. Долбоордун жалдоочусу "Руби Иншаат" ЖЧКсы "Кыргызгипрострой" долбоорлук институту менен келишим түзгөн. Ал өз кезегинде Кыргызстандын курулуш эрежелери жана талаптарына ылайык, имаратты куруунун иштери аткарылган. Тактай турган болсок, албетте эң негизги эрежелердин катарында "Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлордун эрежелери" документи бар. Ал КРнын мамлекеттик курулушка караштуу кыргыз илимий-изилдөө жана жер титирөөгө туруктуу курулуш долбоорлоо институту тарабынан №19/1-14/ келишиминин негизинде 2009-жылы бекитилген. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстанда мындай бийик, көп мүмкүнчүлүктөрү камтылган соода курулушу буга чейин болбогондуктан, мындай имаратты курууга багытталган мыйзамдык талаптар каралган, өлкөдө документ болгон эмес. Мындан улам курууну моюнга алган тарапка кыйынчылыктар жаралган. Ошондуктан алар курулушту ишке ашырууга Орусия жана казак курулуш эжерелеринин үлгүлөрүн кароого туура келген. Ошол эле учурда зилзалага туруктуу, курулуштар жагынан тажрыйбасы бар, дүйнөлүк бийик имараттардын курулушу негиз болуп бере алган. Тактап айтканда, "Бишкек-паркты" курууда биринчи жолу чыдамдуу темир-бетон аутригер диафрагмасы колдонулган. Бул болсо имараттын сейсмикалык коопсуздугун чыңдап, биздин шарттан алып караганда уникалдуу курулуштардын бири болуп саналат. Мындай чечим кыргыз илимий-изилдөө жана жер титирөөгө туруктуу курулуш долбоорлоо институту тарабынан жактырылып, техникалык жыйынтык чыгарылып берилген. Ушундай өзгөчө куруу шарттарынан улам ага эксперименталдык деген статус берилген. Курулушу ар тарабынан сапаттуу жана заманбап. Мындан сырткары, "Бишкек Парк" 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Ага байланыштуу тиешелүү жыйынтык документтери бар. Бул маалыматты ар бир кызыкдар болгон кыргыз жараны мекеменин жетекчилигинен тактап, тиешелүү документтер менен тааныша алат. "Бишкек Парктын" аймагы 1 га 75 сотых жерди ээлеп турат жана ага 60 000 доллар инвестиция салынган. Ушундай эле имаратты Түркияда куруу 20 пайызга арзан түшөт. Компаниянын жетекчилиги "Бишкек Паркка" окшогон имаратты Россия, Казакстан, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдө курушса деле арзан түшмөк. Бирок алар Кыргызстанды тандоо менен, аны капиталдык салым катары эсептешет. Куруу жабдыктары Кыргызстанда жок болгондуктан, аларды Түркиядан бул жакка ташып келүү эле 1 000 000 долларга туруп, ал кирүүдөгү бажы төлөмдөрүнө коротулган. Ошондуктан, курулушка колдонулган ар бир материал эң сапаттуу жана кылдат тандалган.
"Bishkek Park" - Кыргызстандагы эң ири оюн-зоок соода борбору. Ал "Mobitel", компаниясы Туркиянын көрүнүктүү 300 компаниясынын курамына кирген мыкты долбоорлордун бири. Борбордо өнүккөн өлкөлөрдө кеңири жайылган, ар тармактуу жана бир жерде оюн-зоок, соода, көңүл ачуучу, тамактануучу жайлардын болгондугу ыңгайлуулукту жаратат. 200дөн ашык бутиктер орун алган. Мисалы дүйнөлүк бренддер да ушул жерден орун алышкан. Алар: LC Waikiki, Mango, Puma, Benetton, Levis ,U.S.Polo, Giovane Gentile, Intersport, Oodgi, Colins, Mexx, Marco Giovanni, Keldike, Podium, Hatemoglu, R amsey, Step up, Basconi, Ceen, Incity, Sela, Mia, Kanz, Kotton, Twist, Gizia , Li-ning, Clarks жана Tamaris жана башкалар. Мындан сырткары аксессуарлар, дүйнөгө атагы чыккан атырларды табууга болот.
Магазиндер: Престиж Клаб, Imperial, Mascotte , NERI KARRA, Campo Marzio, ECCO, Geox.
Ошондуктан борбор ачылгандан бери ага баш бакан жарандар көп. Борбордун статистикасына таянсак, кадыресе күндөрү 15 миңден 20 миңге чейин адам келип турат. Майрам күндөрү болсо бул сан алда канча көбөйүп, 30 миңден ашат. Мындай эл көп чогулган жерде күзөт кызматы дагы күнүгө күчөтүлгөн тартипте иштеп, алардын айлык маянасы үчүн 13 000 доллар коротулат. Тазалык жагы дагы өтө кылдат каралып, тазалоочу кызматкерлерге айына 20 000 доллар сарпталат. Айрым маалымат булактарда лифт жана эскалатор иштебей тургандыгы айтылган. Чынында абал башкача. Лифт жана эскалатор борбор ачылгандан жабылганга чейин тынымсыз, кынтыксыз иштеп турат. Айрым келгендер чынында тепкичтер кайда экенин деле билишпейт. Анткени тепкичтерди колдонууга зарылчылык жок. Ошол эле тепкичтерди, имаратты жарык кармоо жана башка электрдик керектөөлөр үчүн мекеме айына 20 000 долларды мамлекетке төлөп турат. Соода борбордун дизелдик генератору бар. Бирок ал комплекс иштеп баштагандан бери 2 гана жолу текшерүү ирээтинде иштелген. Негизи ал электр жарыгы өчүп калган учурга гана каралган. Бүгүн ал кошумча керектөөчү катары турат. Ал эми борбордун өзүнүн 3 көмөкчордону бар. Ошондон гана электр колдонуп, айланасындагы коңшуларына бул багытта залакасы тийбейт. Мындан сырткары ысык суу жана жылуулукка дагы 20 000 доллар сарпталат. Аталган курулушта жергиликтүү тургундардан 1000 адам иштешкен. Азыр болсо калган курулуштарын бүтүрүү үчүн жергиликтүү компаниялардын бири менен иш алып барылат. Келишимдеги башкы нерсе куруучулардын коопсуздугу. Буга социалдык камсыздандыруу боюнча атайын келишим түзүлүп, ал дайыма борбордун жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Учурда борбордун админстрациясында 70 адам иш менен камсыз болушкан. Алардын ичинен 6 гана адам Түркиянын жараны. "Бишкек-Парктын" жетекчилиги борбордо иштегендерге да ыңгайлуу шарт түзүп беришкен. Мисалы алардын тамак-ашы бекер, айлыктары туруктуу жана убагында төлөнүп турат. Ал эми имаратка жакын жайгашкан турак-үйлөрдүн жашоочулары менен ынтымактуу мамиледе, алардын муктаждыктарын аткарып берип келет. Мисалы: Киев көчөсүнүн жол тарабындагы багыты оңдолгон; ушундай эле оңдоо Сыдыков, Керимбеков көчөсүндө да аткарылган. Ал эми борборго жакын турган тургундардын суранычы менен Киев-Керимбеков көчөсүндөгү турактардын жыгач терезелери чуутосмолук пластикага алмаштырылган. Исанов 80 көчөсүндөгү үйлөрдүн эшиктери сооттолуп, 4 подьездге сыр кулпулар коюлган. Ошондой эле, №47 бала бакчанын жетекчилигинин суранычы менен мекеменин түндүк тарабындагы терезелери чуутосмолукка алмаштырылган. Бир үйдүн чатырын жабууга кол кабыш кылышкан. Үйлөрдүн короолорун жашылдандырып-көрктөндүрүү иштерине да жардам кылышкан. Мындан сырткары, 27 кошунасынын темир тулпарын "Бишкек-Парктын" жертөлөсүндөгү унаа токтоочу жайга бекер коюуга урусат берилген. Негизи 490 орунга ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар. "Бишкек-Парктын" коопсуздук маселесине таяна турган болсок, өрт өчүрүүчү, коопсуздук бардык эреже-тартиби менен каралып, керек учурга даяр турат.
Ал эми соода борборунун ички ишмердигине кайрыла турган болсок, борбордун бутиктеринин ижара акысы Бишкектеги башка соода борборлору менен бирдей экендигин комплекстин аткаруучу директору Барыш Оздемир билдирет. Анын айтымында, борбордо ишкерлер үчүн шарттар жакшы түзүлүп, алар менен тыгыз иштешүү болуп жатат. Соода борбордун башкалардан артыкчылыгы бутиктердин аянттарынын чоңдугу,- деп эсептейт Барыш Оздемир. Ал эми ар бир соода түйүнүнөн алынган ижара акынын 15 пайызы жалпы колдонуу орундарын тейлөөгө кетет. Аткаруучу директордун билдиришинче, борбордун 2013-жылдын 21-мартынан иштеп баштаганын эске алганда, өлкө казынасына салык катары 6 миллион 332 миң 41 сом төлөнгөн. Кошучалай кетсек, борбордун башкы аткаруучу директору Барыш Оздемир түрк ишкери болгону менен кыргыз кызына үйлөнүп кыздуу болуп, өзүн Кыргызстандын жараны катары санайт. Улутубуздун салт-санаасын, үрп-адатын сактап, кыргыздар менен мамилеси жакшы. Кыргызстанга келгени ал кыргыз тилин өздөштүрүп, борбордун кызматкерлери менен кыргыз тилинде сүйлөшөт.










??.??