Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сезон жана Ноя
Нике кайып дегендей сүйлөшүп, таанышып, сүйүшүп жүрүп көлдүк Көлбай деген жигит менен таластык Гүлбайра деген кыз баш кошушту дейт. Көлбай көлдүгүнө салып Гүлбайраны акыркы үлгүдөгү машинелер менен айыл элин ызы-чуу кылып кирип келишет. Келин келгенде ага-тууган, эл-журт кыйсыпыр түшүп калышат. Көлбайдын чоң атасы: "Келген келинибиз ак жолтой болсун, алдын мал, артын бала бассын. Дегеле сонун болуптур сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан экен, эми тезирээк салтты бузбай Таласка ачуу басарга жөнөгүлө", - дейт.
Гүлбайра Таласка смс жөнөтөт: "Ата, апа сүйлөшүп жүргөн көлдүк Көлбайга турмушка чыктым, келген жерим көңүлүмө жакты, ачуу басарга жөнөп кетишти, мени уятка калтырбай жакшы кабыл алып, жакшы узаткыла", - дейт. Ошентип, көлдүктөр Таласка жетип барышат. Даярданып турган таластыктар көлдүктөрдү көкөлөтүп тосуп алышат. Эки күн кетирбей сыйлашат, ичишет аппак алышып, төкмөлөр төгүшөт, бийлешет. Эртеси кетээр убактысы келгенде көлдүктөрдүн улуусу: "Айланайын кудалар, көңүлүбүзгө аябай жактыңар, кызыңар сөз ташыбай, төш ташысын, күйөө балаңар күлүп отурбай күл чыгарып, эт бышырып кызмат кылсын, кудалар сындашпай, сырдашкан кудалардан бололу. Силер биздин көңүлүбүзгө төп келген кудалардан болдуңар. Кудай кошкон куда болгондон кийин бизде кичине проблема бар. Чалыбыздан балабызга чейин тилегенибиз эле сезон. Сезонубуз ойдогудай болуп жакшы болуп кетсе эле, тойду кааласаңар Чолпон-Атада, кааласаңар Бишкекте өткөрөбүз. Күнү-түнү кудайдан тилегенибиз эле сезонубуздун ойдогудай жакшы болуп кетиши", - дейт. Таластык куда: "Эми балдар бактылуу болушсун, кармашкан колдору эч качан ажырабасын, кыздарымдын ичинен эң жакшы көргөнүм эле, жашып кетпедимби. Эми кудалар бири-бирибизди түшүнгөн кудалардан бололу, бизде да проблема бар. Ноябыз жакшы болуп кетсе экен", - деп бүтүрөт. Ошентип, көлдүк кудалар дуулдап, уулдашып кетишет. Кудалар кеткенден кийин тууган-урук, куда-сөөктөр, кошуна-колоңдор куттуктап киришип: "Ой, көлдүк кудалар көлдүн кайсы жеринен экен? Көлгө жакын бекен?" - деген суроолорду жаадырып калышса, таластык куда, "Аны деле сураган жокпуз, Чолпон-Атанын тегереги окшойт. Көлдүк кудалардын Сезон деген аксакалы оорукчан окшойт, келгендердин баары эле ооздорунан ошол Сезон аксакалын түшүрүшпөй, ошонун жакшы болуп кетишин тилеп жатышты. Ошол Сезон куда жакшы болуп кетсе эле тойду каалаган жерден өткөрөбүз дешти", - дейт.
Көлдүктөр дуулдап көлчө келишет. "Эй, Талас жакшы жер экен. Бекеринен Манас ата жайлабаптыр, күмбөзгө бара алган жокпуз, кийин жайчылыкта бармай болдук. Тойду күзгө калтырдык, бирок аларда бир проблема бар экен, Ноя деген чоң кудагыйыбыз сыркоо окшойт. Ноябыз жакшы болуп кетсе эле, тойду кайсы жерде өткөрсөңөр эле барабыз", - дешти. Ошол Ноя кудагыйыбыз аман - эсен сакайып кетсе экен дешип, тост көтөрүп жиберишет. Күз өтүп, кыш болуп, жаз келип калды. Көлдө пикет, митинг болуп жакшы болбой калды көрүнөт. Таластыктардын Ноясы кандай болду экен?

Келдибек Ниязов




ЖАЛКООЛОР
- Э-эх! Бир жумада алты күн майрам болсо да, жетинчи күнү дем алыш болсо - деп бир жалкоо чак түштө чалкалап жатып алып эңсейт дейт.Эми анын эңсегени буюрса, Кыргызстанда ишке ашып жатат. Эсептеп көрсөк, бизде бардыгы болуп 67 өкмөт тарабынан бекитилген майрам бар экен, анын ичинен 54ү профессионалдык майрамдар, 13ү болсо календарда кызыл боёк менен боёлгон жалпы элдик майрамдар. Бирок имиш кептерди тыңшасак, өкмөттө дагы бир токтом токулуп жатат дейт, жашаган жери белгисиз же мындайча айтканда "бомждордун" жана "анонимдик алкоголиктердин" майрамдарын бекитүү жөнүндө. Жаңы жылда Жантөрө аканы туугандары конок болуп кет деп чакырган экен, ал киши кең пейилдигинен мен эс алсам, элдин баары эс алсын деп, элдин баарына 8 - январга чейин узартып койду эле, 31 - декабрда шампан, таза арак менен баштаган карапайым эл аягында жалаң самопал менен самогонго өтүп кетип, аз жерден кырылып кала жаздады. Эми андай эле ак көңүл болсоң мартта, Нооруздан кийин элге бир жума дем алыш берип кой, жерлерин айдап, бак-дарагын кесчүсүн кесип, тазалап алсын.
Андан тышкары кыргыздардын аш-тойлору көп эмеспи, анча-мынча эле шылтоо болсо, болгон оокатын чачып той баштайт да, тээтиги Америкадан бери конок чакырат. Жакшылыкка чакырса шылтоо таап, барбай койсоң болот, бирок жамандыкка барбай койсоң, өмүрү өчпөс таарыныч, кек, пайда болот. Ошентип ойлонуп көрсөң кыргызыңдын турмушу ар кайсындай салтанатта жүрүп эле өтө берет экен. Жумуш иштегенге убакыт деле калбайт экен. Эми бир жагынан мындай жашаш үчүн өтө көп каражат керек, аны кайдан алат деп таң калсаң, көрсө жаштар чет өлкөлөргө барып кор болуп тапкан эки миллиард доллардан ашкан акчасын туугандары так ошол чыгымдарга коротот экен.
Эми майрамдарды карап көрөлү: 7 - ноябрь Улуу октябрь революциясынын күнү. Эми, өзгөчө картаң кишилер билет, бул күн чындыгында кыргыздарды 1916 - жылдагы кыргындан сактап калган күн десек болот. Ленин баштаган "большевиктер" туура улуттук саясат жүргүзгөндүктөн, кыргыз эли өнүгүп-өсүп кеткен. Ошентсе да бул революцияны орустар Петроградда баштаган, анан эмнеге орустар бул майрамды жокко чыгарып майрамдабай жатышса, биз эле телпилдеп башка жумуштун баары бүтүп калгансып, 7 - ноябрды аракка тоюп алып майрамдап киребиз? Эмне үчүн 23 - февралды жалгыз биз, кызыл дата кылып майрамдайбыз. Аны кызартпай эле кечинде жумуштан аялдар, эркектерине бадаркесин берип, куттуктап койсо болбойт беле? 1 - май майрамын Чикаголук жумушчулар биринчи майрамдаган экен, эми аны алар деле майрамдабай калыптыр, биз болбой өжөрлөнүп майрамдайбыз. 5 - май - конституциянын күнү, эми биздин конституция жыл сайын өзгөрүп турса, тамтыгы чыгып бүтсө, элдин баары анын тексттин жактырбаса, кайсы арыбызга аны ардактап майрамдайбыз? Мейли майрамдагысы келгендер бардык майрамдарды жумуштан кийин бөтөлкөлөштөрүн чогултуп алып майрамдай берсин, бирок эртең жумуш күн экенин унутпасын.
Кыскасын айтканда,эгерде өнүккөн мамлекеттердеги элдердей жашайбыз десек, кысчу жерди кысып, тынбай эмгектениш керек, жол тосмой, бут тосмой оюндарын токтотуш керек. Анан кайсы бир мезгилде, жашоо турмушубуздун деңгээли Европа өлкөлөрүнүн элдеринин деңгээлине жеткенде баштайлы, күндө майрам, күндө тойду.
Баяман Омар











??.??