Тогуз баласын, оорулуу күйөөсүн
баккан Баатыр эне
Караколдун чет жагында 39 жаштагы Баатыр эне бар экенин угуп, айтылган дарекке барып ага жолуктум. Кайратына, эмгекчилдигине, топуктуулугуна, келечекке жаркын үмүттүү көз карашына таң калып, ага ыраазы боло кайттым. Ал өзүн бактылуумун дейт. Ооба, чын эле ал бактылуу экен...
Саман кирпич менен салынган адатта биз веремянка деп койгон эки бөлмөлүү, сырты кара шыбак менен турган үйдүн дарбазасын ачып киргенде керме-керме жайылган балдардын жуулган кийимдери көзүмө дароо урунду. Жерде жарылган отундар жайылып, кургап жаткандай. Нурмухаммедова Махабаттын жолдошу Кудайберген караколдук, өзү Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынан экен. Алар 9 балалуу, улуусу 19да, андан кийинкиси 16да, ошентип 2 жаштан айырмаланып олтуруп, кичүүсү 1 жаш тогуз айга чыккан экен. Эки кыз, жети эркек.
Экөө баш кошуп, Караколдо батирлеп 8 жыл жашашкан. 2008-жылы ушул жерди алып, алгач палаткада туруп калышат. "Батирлеп жүргөндө бир жерге ээ болсок, жерди казып болсо да жашайт элем дечүмүн. Жер алгандан кийин үйдүн фундаментин куюш үчүн цементке акча жок, эмне кыларыбызды билбей калдык. Бул жерде бир чоң чуңкур бар болчу, союз убагында ошол жерди таштанды менен толтуруп салышыптыр. Аны тазалап огород кылып алалы деп таштандыларды чыгара баштасак, арасынан темир, жез чыкты. Сатсак, цементке акча болуп калды. Топуракты болсо Анвар деген киши түшүрүп берди. Биз 8 жыл ушул тараптарда батирде жашаганбыз. Жолдошум шаардык болуп, аны бул жактагылардын көбү эле таанычу. Койсун деген эже баласын кошуп берип балам экөө ылайдан кирпич куйду. Каракол шаардык кеңешинин депутаты Өмүралиев Темир шифер, пилорама ээси Марат гарбиль берди. Ошентип, акырындап тиричилигибизди улантып келебиз",- дейт Махабат.
Ал эч жерде иштеген эмес, турмушка чыгып төрөп, бала бактысына чөмүлүп келет. "Үйдө эң кенжеси мен элем. Биз төрт бир тууган болчубуз. Апамдын үч баласы биринчи күйөөсүнөн экен, алардын экөө каза болуп, экөөбүз эле калдык. Андыктан, бала кезде сиңдим же иним болсо деп абдан кыялданчу элем. "Кичине бала көрсөм, азыр да эзилип кетем".
Махабаттын жолдошу мурда соода-сатык менен алектенчү. Бирок, 1995-жылы бөйрөгүнөн опперация болуп, кара жумуш жасаганга жарабай калган. Ал тургай көп басууга болбойт. Дарыгерлер бир кыйла татаал диагноз койгон. 1997-жылга чейин биринчи группадагы майып деген тыянак чыгарылган. Андан бери Бишкекке бара алышкан жок. Батирлеп түйшүк менен жүрүп, анан үй алабыз деп убакыт өтүп кетти. 4 жаштагы уулу Арстанбек эпилепсия менен ооруп калды. Төрөт учурунда травма алган. Алар салган үйдүн орду арыкта, нымдуу болгондуктан, бул да таасир эткен экен. Өткөн жылы бир торпок сатып, Арстанбекти борборго алып барышты. Дарыгерлер дартты жакшы карап, камкордук көрсөңөр айыгып кетет дешкен. Азыр анын көзүн карап турган учур.
Алгач же жарык, же суу жок тактайсыз үйдө эптеп жашашты. Бир жолу кошуналар битирден чогулган 5000 сомду мечитке эмес, аларга берет. Алар ошол акчага эшек сатып алышып, кийин араба алып, аны менен кээде жүк ташып, уулу пилорамадан гарбиль алып келип тилип, жарып сатып каражат тапты.
2008-жылы Каракол шаардык социалдык коргоо мекемесинен кунаажын берилген. Короо жок болгондуктан, айылга багууга бергенде уй өлүп, ургаачы музоосу калган. Кийин мал короо салып, ал чоңоюп калганда семиртип сатып, эки эркек музоого алмаштырат. Бир айлык музоону жакшы багып, 10-11 айлык болгондо сатып, ортодон түшкөн акчага балдарды кийинтишет экен. "Бир айга тамак жана нан үчүн 4 мешок ун кетет",- дейт ал. Жеринин аянты 6 сотый деген менен эки көчөнүн кесилишинде болгондуктан арык ордун кеңейтип, таштанды болуп жаткан жерди тазалап, бир чарчы калтырбай пайдаланып келишет. Кар жаңы ээрип, карарып жаткан жерди көргөзүп: "Мында чеснок айдалган. Күзүндө аны казып сатып, малга чөп алабыз. Корообузда азыр эки торпок, эки чоң кой, эки козу бар. Бул карагатты да терип сатабыз, малина бар, сабиз, пияз айдайбыз. Кышында 4 козу байладык, балдарга эт-ашка жетип берди",- деди Махабат.
Алардын улуу баласы 4-классты бүтүп окубай калды. Там салып, түйшүк менен болду, учурда аскердик кызматты альтернативдүү өтөп жатат. Экинчи уулу мектепти аяктап, аскердик кызматын өтөөгө барам деп жаткан экен. Калгандары мектепте жакшы окушат. "Контракт төлөбөй, өз күчүбүз менен окуйбуз. Контрактка берген акчага мал алсак канча пайда" деп калышат экен алар. Балдарга бардыгы болуп 6миң 600 сом пособие берилет. Бул эмнеге жетсин, бирок, Махабат акчанын көлөмүн эмес, берекесин тилейт.
Алар мончо, мал баккан сарай салып алышкан. Жакын айылдан жер арендага алып, картошка айдасакпы деп жатышканын айтат. Айтор, балдары да, өзү да бош олтура албайт. "Үй бүлөгө бир кышта 20 мешок картошка кетет экен. Малга да майда картошка керек. Айылдан туугандар келгенде "тиги жетпейт, бул жетпейт" дешсе таң калам. Жерлерин арендага берип салып, өздөрү жалданып иштешет. Биздин элде жалкоолук, көралбастык бар. Мамлекет эптеп бутуна тура албай жатса, андан жардам күтүшөт",- дейт Баатыр эне. Биринен сала бири кичине балдарды карап, алардын бири-бирине күйүмдүү болуп чоңоюп жатканын көрүп өзүмчө кубанып алдым.
"Быйыл фундамент куюп, чоң үй салабыз",- деди короосунда сатууга даярдап, жайып койгон жарылган отундар жаткан жерди көргөзүп. "Мен өтө бактылуумун. Жолдошум мен кыйналып турганда моралдык жактан колдоп, акыл-насаатын айтат, балдарым кашымда. Мындан башка мага эмне керек? Үй салгандан кийин бул жерге алма бак да олтургузабыз..."
Азыр шаарда же айылда жашаган айрым үй-бүлөлөр мага тиги жетпейт, бул жетпейт деп айыл өкмөттөн тартып, ак үй, көк үйдөгү чоңдорго чейин арызданып жүрүшөт. Ал эми Махабат эч кимге даттанбай - этпей бирди экиге улап, эртеден кечке тиричилик менен алектенип, үй салып, мал күтүп, эл катары күн кечирип жатканы кимди болбосун ыраазы кылбай койбойт. Тогуз балам бар, күйөөм оорулуу деп мамлекетке көз каранды болгусу келбейт. Эң башкысы-талыкпаган эмгек, мээнет-бул үй-бүлөнүн чыныгы бактысы экен деген ойдо калдым.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА,