Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Иликтөө...
"Кыргызфильм" киностудиясынынын күңгөй-тескейи...
Тарыхка кайрылсак...
Кыргызстан дүйнөгө эмнеси менен сыймыктана алат? Албетте, биринчи кезекте жалпы маданияты менен сыймыктанып, төш кага алат десек болот. Бирок маданиятыбыздын бүгүнкү абалы анчалык деле көңүл жубатарлык эмес. Жетишкендикке карганда жеп - ичкендер, ийгиликекке карганда, көйгөлөр көп. Бүгүн биз жалпы маданияттын бир чоң бөлүгү болгон кыргыз киносунун күңгөй-тескейи, кечээкиси жана бүгүнкүсү тууралуу кеңири кеп кылууну туура көрдүк.
1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин тартылган кыргыз кинолору "Кыргыз керемети" деген жогорку баага арзып, ал өз учурунда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан. Эң оболу кыргыз киносунун түпкү тарыхына токтололу.
Кыргыз элине кино деген түшүнүк жалпысынан 20 - кылымдын башында кирген. Тактап айтканда, 1916-жылдардан баштап орус элинин киночулары кыргыздар тууралуу ар кандай маалыматтарды документалдуу кинолордо колдонуп башташкан. 1920-жылы орус режиссеру А.Терско биринчилерден болуп Кыргызстандын аймагында этнографиялык тасма тарткан экен. Ал эми 1927-жылы режиссер О. Фрелих Кыргызстандын аймагында "Крытый фургон" аттуу толук метраждуу көркөм фильмин тартып, аталган кинодо кыргыз элинен биринчи болуп актриса А.Түмөнбаева башкы ролдордун бирин ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталган мезгилде да кино тармагы унутулбай, тескерисинче жаңыдан жаралууга кадам таштаган. 1941-жылдын 17-январында Кыргыз СССРинин Элдик комиссары тарабынан Фрунзе шаарында "Кинохроника студиясын" ачуу токтому кабыл алынат. Дал ушул күн расмий түрдө кыргыз киносунун "туулган күнү " болуп эсептелип калат. Ушулу жылы биринчи жолу: "Чапаев", "Ленин в Октябре", "Тринадцать" аттуу орус кинолору кыргыз тилине которулган.
1944-жылы режиссер Г. Раппапорта "Манастын уулу Семетей" аттуу тарыхый кинону тартып баштаган. Белгилүү болгондой, бул кинонун азыркыча айтканда продюсери белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаев болгон. Ал ушул кинону тартып жүргөндө автокырсыктан улам көз жумуп, аталган кино аягына чейин тартылбай калган.
Бул кайгылуу окуядан туура он жыл өткөндөн кийин, тагырагы 1955-жылы Кыргызстан өзүнүн "Салтанат" аттуу толук метраждуу алгачкы көркөм тасмасын тарткан. Анда коомдогу кыргыз аялдарынын орду чагылдырылган. Режиссёру Василий Пронин. Башкы ролдорду: Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов сыяктуу залкарлар ойношкон. Мына ушул фильм кыргыз киносунун алгачкы киносу болуп эсептелет. Ушул жылдары кыргыз элинин: Фатима Мамуралиева, Лилия Турусбекова (Жусуп Трусбековдун кызы), Төлөмүш Океев, К. Кыдыралиев, М. Туратбеков сыяктуу уул-кыздары Москвадан кино тармагы боюнча жогорку окуу жайды бүтүп келишип, кыргыз киносун жандантууга бел байлашкан. "Салтанаттан", кийин 1957-жылы "Менин жаңылыштыгым" экинчи киносу тартылган. Ал эми 1960-жылдан 1990-жылга чейин, "Кыргызфильм студиясы" жыл сайын 10дон ашык документалдуу, 3-4 толук метраждуу кинолорду тартып, алардын басымдуу бөлүгү Эл аралык абройлуу сыйлыктарга ээ болуп, дүйнө элин суктантып турган. Жогоруда аттары аталган кыргыздын алгачкы режиссёрлору: Л. Турусбекова Ф. Мумуралиева, Т. Океевдердин артынан: Мелис Убукеев, Генадий Базаров, Дооронбек Садырбаев, Болот Шамшиев сыяктуу дөө-шаа режиссёрлор: "Ак-мөөр", "Биринчи мугалим" "Бакайдын жайыты", "Жамийла", "Мен Тянь-Шань", "Ак кеме", "Саманчынын жолу", "Караш-караш окуясы", "Жетинчи ок", "Махабат дастаны", "Кожожаш", "Кызыл алма", "Улан", "Уркуя", "Бөрү зындан" "Акбаранын көз жашы" ж.б. кинолорду жаратышты. Ал эми жогоруда аталган кинолорунда өтө жогорку чеберчиликте роль ойношкон: Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Сыдыкбек Жаманов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Насыр Кытаев, Алиман Жангорозова, Жамал Сейдакматова, Алтынай Темирова, Дүйшөн Байдөбөтов, Күнболот Досумбаев ж.б. актёр-актрисалары кыргыз киносунун тарыхында ташка тамга баскандай из калтырышты. "Кыргыз кереметин" мына ушул залкар инсандар жаратып, кино тармагында кийинки муундарга чоң үлгү көрсөтүштү.

"Кыргызфильм студиясы" өзүнчө бир гүлзарга айланып турган
Мамлекетибиз "Кыргызфильм студиясынын" имаратын куруу маселесинде эч нерсени аяган эмес. Бир сөз менен айтканда эмне керек болсо, баарын берген. Алгач 1960-жылдары Түштүк автовокзалдын жанынан (Жибек-Жолу көчөсүндө) аянты 3-4 гектарды ээлеген, анын ичинде муктаждыкка жараша 2 жана 3 кабаттуу бир нече имараттар бар жер берилген. Мына ошол куттуу жерде жогоруда аттарын атап санап кеткен "Кыргыз кереметинин" жаратмандары күндүр-түндүр иштеп турушкан. Чынында "Кыргызфильмдин" ал мекемеси шаардын четинде жайгашканы менен, шаардын көркүнө көрк кошуп, кыргыз маданиятынын эң эле ыйык, эң эле куттуу жери катары эсептелген.
Ал эми кыргыз киносунун гүлдөп турган 1980-жылдардын башында, жогоруда биз сөз кылган имарат тардык кылып, мамлекет ошол Жибек -Жолу менен кесилишкен, режиссёр Динара Асанованын аты берилген кыска көчөдө "Кыргызфильмдин" жаңы студиясын, так айтканда 4-5 гектар жерге 4 кабаттуу заңкайган имарат салып берген. Ал имараттын жанына куйрук улай кыргыз киносунун музейин, кинолорду монтаждай турган атайы кошумча имаратты, киного керектелчү аппараттарды коё турган складдарды, 10догон машинелер токтой турган автомеханикалык парк ж.б. салынган. Имараттардын ортосунда, жол чекелерине бак-дарактар тигилип, айтор "Кыргызфильм студиясынын" короо-жайы кирсең чыккыс, өзүнчө эле гүлзарга айланып турган. Ошол учурда "Кыргызфильмде" жалпысынан 400дөн ашык адам эмгектенип, алардын ар бири кыргыз киносунун өсүп-өнүгүшүнө өз өмүрлөрүн арнап жашаган десек аша чапкандык болбос.

(Уландысы кийинки санда)
Айбек шамшыкеев


Кечээкинин бири жок, уй байларга жиби жок...
Жогоруда суктануу менен айтылган "Кыргызфильм студиясынын" бүгүнкү абалы кандай? Албетте, өзүңүздөр билгендей жакшы эмес, орто да эмес. Жалпылап айтканда, таланып-тонолгон, имараттардын жедеп эскилиги жетип, тарпы чыккан, өтө кейиштүү абалда. Союз кезинде 400дөн ашуун адам маңдай терин төгүп эмгектенсе, бүгүн болгону 70тей гана адам иштеп, алардын жарымы да илгеркидей жумуш көп болбогондугуна байланыштуу эптеп күн өткөрүп, айлык алуунун амалында жүргөндөр. "Кыргызфильм студиясына" барып, анын ичин толук аралап чыксаңыз, бир кездеги куттуу имараттардын ичи да, сырты да калтырак абалга кептелип, аты калып, заты жоголуп кеткендей элес калтырат. Себеби, 30-40 жылдан бери бир да жолу оңдолуп түзөлгөн эмес. Айнектери сынган, айрым бөлмөлөрдүн эшиктери бар, айрымдарыныкы жок. Айрым дааратканаларынын абалын айтпай эле коюңуз, алыстан эле сасып, мурдуңуздун каңылжаарын "жарып" турат. Имараттын коридорлору күндүзү күңүрт караңгы болуп турса, түнкүсүн көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы. Анткени, коридордо жарык жок, лампочкалары эчак эле күйүп кетип, алмашпай калса керек. Кыскасы, бүгүн ал жерде иштегендер коридорлордо карайлап, чөнтөк телефондору менен жарык берип, аяр басышат. Бир кезде гүлзар бакка айланган сырткы көрүнүшү да көз жоосун алган ажайып көрүнүштөн эчак ажырап калган. Т. Океев, М. Убукеев, Д. Садырбаевдер олтургузган бактар мындан беш - он жыл мурун асман тиреп зоңкоюп турса, бүгүн алардын көбү кыйылып кеткен. "Кыргызфильм студиясына" кире бериштеги бактарды экс-жетекчи "аллергия болуп жатам" деген шылтоо менен кырктырып салган дешет. Мына сага, эл бак өстүрө албай жатса, жетекчи болгон адамдын жеткен акылы ушул... Баарынан да "Кыргызфильм студиясынын" атын алып жүргөн атактуу режиссёрубуз Төлөмүш Океевдин имаратка кирип бараткандагы колго жасалып, илинип турган тактайчасы такыр өзүнө окшобой, ал кишини шылдыңга алгансып, "Шурикке" окшотуп салышкан. Же Кыргызстанда Океевдин элесин эң сонун кылып жасай турган скульптор - сүрөтчүлөр калбай калганбы? Балким, ал тактайчага бөлүнгөн акча да толук кандуу сарпталбай, ортодон алкымы бузуктар жеп алып жүрбөсүн.











??.??