Чырай жүз
Рахат Аксултанова,
журналист:

"Сулуулук... майрам... белек... гүл... чечим..."

- Рахат, жакында экран бетине чыга турган "Түндүктүк келин" тасмасында башкы каармандын ролун кантип ойноп калгандыгың туурасында айтып берсең?
- "Түндүктүк келин" тасмасынын режиссеру Рысбек Жабиров байкеге "Азап" тасмасынын ачылышында жолугуп, таанышып калганбыз. Ошондо Рысбек байке "Кудай буюрса, жакында жаңы кино тартам, сени кастингге чакырам, келип өзүңдү сынап көр",- деген. Айтканындай эле тасманы тартарда мени чакырды. Сынакка катышып, өз талантымды көрсөтүп кетип калгам. Кийинчерээк "Сени тартайын деп чечтим",- деп чалып калды, мен да макулдугумду бердим. Ошентип, бул тасмада башкы каармандын ролун аткарып калдым.
- Сен турмушка чыга элесиң да, тасмада келиндин ролун кандай ойной алдың?
- Ар бир адамдын жараткан эмгеги өзүнө баалуу, кымбат, мыкты сезилет. Мен кыйын аткардым деп өзүмдү- өзүм кантип мактамак элем. Бирок бардык нерсе сырттан караган адамга даана көрүнөт. Бул тасмадагы ролумду кандай ойногонумду өзүм айта албайм. Аны тасманы көргөн көрүүчүлөр, режиссерлор, профессионал актерлор, сынчылар айтсын. Кудай буюрса, жакында экранга чыгат, ошондо көрөбүз. Элдин маанайынан, сын - пикиринен кийин билебиз да кандай чыкканын. Өзүмө да кызык болуп жатат. Колдон келишинче жакшы эле аткарганга аракет кылдым. Менимче, жакшы эле чыкты го.
- Бир жолу тасмага тартылып, режиссерлордун көзүнө түшүп калгандан кийин сунуштар көп эле болсо керек. Учурда кандай киного тартылып жатасың?
- Учурда киного тартылбай элемин. Жайында жана күз айында тартылган кинолордун ачылыш аземдерин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Андан кийин дагы буюрганын көрөм да.
- Ушул кезге чейин аткарган ролдоруңдан кайсыл ролуң өзүңө жагат?
- Мм... бардыгы өзүнчө жагат. Бардык ролума зор эмгек жумшагам. Бирок баарынан "Түндүктүк келиндеги" ролум жагат. Себеби бул тасмада өз башымдан өтө элек, ошол эле учурда ар бир кыздын башынан өтө турган, бул жашоодо эң бактылуу көз ирмеми болгон турмушка чыгуу, келин болуп алгачкы босогону аттаган эпизоддорду ойнодум. Кинонун арты менен үй- бүлө кургандан кийинки, жаңы келин болуп баргандагы айрым салттарды билип, көп нерсени үйрөнүп алдым. Бул жагынан алганда, аталган тасма мага чоң сабак берди.
- Актрисалык билимиң жок роль аткаруу кыйынчылык туудурган жокпу?
- Албетте, ар бир кесипти окуп, тереңден билсең аткаруу, иштөө да жеңил. Актрисалык билимим жок болгондуктан бир аз кыйынчылыктар болду. Бирок бул кесипте тубаса талант, шык болсо иштеп кетсең болот экен. Башында бир аз кыйналдым, кайра- кайра роль ойноп жатып көнүп калдым.
- Качанга чейин тасмага тартылайын деген оюң бар?
- Айтуу кыйын. Буюрганын көрөбүз да. Бул тармакта турмушка чыкканга чейин эле жүрөм го.
- Ачык сценаларга тартылууга кандай карайсың?
- Жок, андай эпизоддорго тартылуудан качам. Мен келечекте бирөөнүн жубайы, эне болом. Муну да эске алам. Анан дагы ачык сценаларга тартылып, мени багып өстүргөн адамдардын шагын сындыргым келбейт.
- Азыр билими жок, киного тартылган жаштар көп. Бир - эки тасмадан кийин эле өздөрүн актрисамын деп алышат. Өзүңдү актрисамын деп эсептейсиңби?
- Өзүмдү актрисамын деп деле эч кимге айтпайм. Себеби актрисалык билимим жок, атайын беш жыл окуган эмесмин. Анан аябай деле тарыхый тасмаларга тартылып, тарыхта кала турган роль жарата элекмин. Ал эми элдер "Сен баланча деген киного тартылган актриса турбайсыңбы",- деп айтып калышса унчукпайм, жок дебейм, уялып калам. Эми киного аралашып образ жаратып жаткандан кийин, жок деп каршы чыга да албайт экенсиң.
- Сулуулугуңа кантип кам көрөсүң?
- Эң негизгиси туура тамактануу керек. Мен ушул нерсеге көбүрөөк басым жасайм. Колдон келишинче витаминге бай азык - түлүктөрдү жеп, жашылча- жемиштерди көбүрөөк колдонууга аракет кылам. Мындан сырткары көп аялзаты катары эле бетиме маска коюп, тазалап, бет майларды колдоном. Чынын айтканда сулуу болуу өз колубузда. Ошондуктан ар бир аялзаты сулуулугуна кам көрүп, бетине маскаларды коюп, убагы менен тазалап, бет майларды колдонуп, жалкоолукка алдырбай, башкача айтканда өзүнөн убакытты аябашы керек.
- Алдыда айымдардын 8- март майрамы келе жатат. Кандай белек алсам дейсиң. Деги эле белек алганды жактырасыңбы же бергендиби?
- Менимче, бардык эле аялзаты белек алганды жактырса керек. Өзгөчө кыздар, болгондо да майрамда... Мага гүл алган аябай жагат, өзгөчө роза гүлүн. Албетте, туургандардын көңүлүн алып, белек берип койсоң кубанып калат. Бул дагы өзүнчө бир белек. Ал эми 8 - мартта гүлсүз болбойт го...
- Келечекке кандай максаттарың бар?
- Жакшы максаттар көп. Эң башкысы туура чечим кабыл алып, сүйүктүү жар, бактылуу эне болсом деген тилек. Калганы келип-кетчү нерсе...

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА