Оңтойсуз суроолор
Акчанын жытын алдыңызбы?
Азимбек Анаркулович, Сиз учурда "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" деген жорукту кайрадан баштап турасыз. Башкача айтканда, Улуттук оппозициялык кыймылга кошулуп, адатыңызча "бийликти жаман" деп, мамлекетте туруксуздук өкүм сүрүшүн каалап калдыңыз. Эл арасында сизди "акчасы түгөнсө эле революцияны эңсеп калат" деген азил-чыны аралаш анегдот, эки кишинин башы кошулган жерде кеп болот. Демек, акчанын жытын алдыңызбы? Болбосо, акчаңыз түгөнүп көчөдө калгандай деле абалга жете элексиз, чынбы? Деги эле, сиз чындап элдин турмушун ойлойсузбу же элге жамынып акча жасаганды сүйөсүзбү? Элди ойлойт дейли десек, айта жүргүдөй ишиңизди эстей албай койдук? Тескерисинче, "революциядан акча жасоонун кыныгын алып алды" деген жаманатты сөздөрдү угасың? Мындай сөздөрдү өзүңүз деле угуп, окуп жүрсөңүз керек? Чындап эки революцияда кызматтык абалыңыздан пайдаланып акча жасагансызбы? Жасаган болсоңуз, канча миллион долларга ээ болдуңуз? Учурунда Швейцарияга 10 миллиондон ашык доллар катып келиптир деген ушак тараган эле. Мунун канчалык чындыгы бар? Эгер эл арасында тарап кеткен, сизди акчага байланыштырган азилдер калп болсо, касам ичип, куран кармап, "мен революцияда бир тыйын да эч кимден алган эмесмин" деп Кудайды күбө тартып каргана аласызбы? Ошондой эле, азыркы "Улуттук оппозициялык кыймылын" түзгөн баарыбыздын колубуз туткак эмес, элди ойлогон таза азаматтарбыз деп айтууга дитиңиз барабы?


Өзүңүздү "галдирбай" сездиңизби?
Бөдөш Аманбаевна, Сиз өткөн жумадагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн "галдирбайлар" деп айтканын шардана кылып, кызыктай абалга калтырдыңыз. Эмне себептен Өкмөт башчысынын айыбын ачтыңыз? Сиздин кайсы бир өтүнүчүңүздү канааттандырбай койду беле? Кызыктай жагдай, сиз жердештериңиз кыйын абалга кептелгенде (өзгөчө ичип-жеди делип шектелип), жердешчилик сезимиңиз ойгонуп кетчү эле коргоп, жактаган. Эмнеге Мамлекеттик Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын ишин карап жатканда Өкмөт башчысын коргобой, "шерменде" кылдыңыз? Катуу таарынган жайыңыз барбы? Айткандай, Жантөрө мырзанын Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн "галдирбайлар" дегенде кандай абалда болдуңуз? Дегенибиз, ошондо сиз дагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү эмес белеңиз? Өзүңүздү "галдирбай" сездиңизби? Деги эле "галдирбай" дегенди кандай түшүнөсүз? Жакшы кабыл алдыңызбы же жаманбы? Демейде, бир сөздү жөн кетирбеген жаныңыз, дароо жообун бере алдыңызбы? Эгер бере алсаңыз, эмне деп жооп кайтардыңыз? Же дагы деле эсиңизге келе албай, өзүңүздү "галдирбай" сезип жүрөсүзбү?


Балыкча да жоксузбу?
Динара Шертаевна, Сиздин Жогорку Кеңешке "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келгениңизге 3 жылдан ашты. Бул аралыкта бир үнүңүз чыккан жок. Балыктын деле бакалоору кыймылдап, дудук деле жаңсайт экен, сиз болсо парламентке көлөкөдөй жылып кирип, жылып чыгасыз. Минтип жүргөндөн жадабайсызбы? Жадасаңыз деле керек, чынбы? Кыргызстанды сызга отургузгандардын көзүрлөрүнүн бири катары жоопкерчиликтен коркуп, эл-жеринен безип кеткен жолдошуңуз Данияр Үсөновдун азабынан ооз ачууга зар болуп келе жатасыз да, туурабы? Болбосо, сиз деле "Ата-Журттун" Жылдыз Жолдошева, Надира Нарматова сыяктуу депутаттарындай болуп Жогорку Кеңештин трибунасынан ойда бакылдайт болчусуз да, ыраспы? Чынында, бугуңузду чыгарып бакылдачу күндү күтүп, эңсеп, кусаланып, ошол күнгө жеткирсе деп Кудайдан тилеп жүрөсүзбү? Же, жөн гана депутаттык мандатка таянып, Данияр Үсөновдун бизнестерин былкылдатпай жүргүзүп, жаныңыз тынч жүргөнгө куштарсызбы? Миллиондогон сом коротуп, кандай максат менен депутат болдуңуз? Деги жолдошуңуздун кыргыз элинин астында күнөөсү канчалык деп ойлойсуз? Эгер эл өкүлү катары баары мыйзам алдында бирдей деген көз карашты карманган болсоңуз, эчак кармап келип, бүтүндөй үй-мүлкүн конфискациялап, абакка айдаш керек беле? Айтмакчы, Данияр мырза менен бир күндө канча жолу телефон аркылуу кабарлашып турасыз? Кыргызстанга жашыруун келип-кетип турабы?


Сариев Жолдошева бири-бирин тартипке чакырды
Экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңеште "Сахар мафиясына" эч качан аралашпаганын айтып, катуу кейиди. Бул кара пиар экенин баса белгиледи эле, капталдан качырган Жолдошева: "Экономика министри катары эмнени кыйратып жатасыз, мына сахардын баасы 55 сом болуп кетти" деп токойдогу аюлардан кем калбай айкырып-өкүрүп кирди эле, жаны ачып кеткен Темир мырза, акырын: "Кыйкырбай эле сүйлөсөңүз, сахар 55 эмес, 42 сом"-деп анын оозун басууга аракет кылды эле, бирок Жылдызкан айым ансайын күчөп: "А, сиз эмне бул жерде депутаттарга кыйкырып жатасыз? Сиз башка министрлерге салыштырмалуу, керек болсо, депутаттардын оозун жаап салууга даярсыз"-деп бир албууттанып алды. Эмнеси болсо да, министр мырза менен депутат айымдын бири-бирин тартипке чакырганы кызыктай эле болуп калды. Же аны туура кабыл албагандан кийин эмене кереги бар, элдин кыжырын келтирип. Илгерки заман болсо, анда бул экөө бирин-бири эр сайышка чакырышмак окшойт.