Сандан санга
Кайрылчы, өмүр
Фархат менен Ширинди уккансыңбы, уксаң эгер жүрөгүң сокпой токтоп, боздодуңбу сүйүүсүн ал экөөнүн күндө жоктоп?!
Акмөөр менен Болотту уккансыңбы, уксаң эгер жүрөгүң мыкчылгандыр, комуз коштой Болоттун муңканганы ар түнү жатаарыңда угулгандыр.
Дүйшөн менен Жамийланы уккандырсың, уксаң эгер суктанып тургандырсың, сүйүү отуна өрттөнгөн ал экөөнүн турмушу жеңил болбойт, бар кыйындык ар кадамын сөзсүз торойт!
Кечээ эле ушул биздин заманда сүйгөнү өтүп бир жигиттин дароо эле жанын кыйып сүйгөнүн артынан кеткендигин уктуң беле, уксаң эгер демди басып, сен сүйүүнүн күчүн чене, өлүп тынды жапжаш жигит, үшкүргөндөн не арга, өлүмдөн да коркпой турган чын сүйүүнүн күчүн кара!
Сүйгөнү үчүн үйүн сатып, миллион роза гүлүн алып тентип калган адамды уктуң беле, байкабасаң жаман ишти жасап салат сүйүү деле. Эр экен деп ал адамга кызарганча алакан чапкан менен кыштын кыраан чилдесинде үйү жок көргөн күнү азап десең! Сүйөм десең баардыгынан кечиш керек, эч нерседен тайманбас жүрөк керек, анан ал алып келген азапты болбойт ченеп!
Сүйүү деген бир өмүрдүн бир жеринде сөзсүз келет, күткөн кезден көп кечикпей убагында келип калса ошол жакшы, а эгер чачыңды ак бубак аралап калган кезде, улуу балаң сүйүү издеп калган кезде, куткарбас эч кимди ошол сүйүү келип калса өлгөн жакшы! Баласы аял алган шаңдуу тойдо көз жашын көрбөсүн деп сүртүп коюп, кечээ эле сүйүп калган беш балалуу аялды эстеп, уят менен сүйүүнүн майданында жанталашкан чалды көргөм, кийин өзү айтып берген.
Убагында келсе жакшы сүйүү деген. Баары бүттү деген кезде капыс жерден басып калып, үч баласын таштай качып, сүйүү издеп агам үйдөн безип кеткен. Да бирөөнө сүйүү келип жыла басып, байлыгын да, кызматын да, уят менен сыйытын да жалмап кеткен. Убагында келсе жакшы сүйүү деген...
Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек периште, мени сүйбө, мен сүйүүдөн чарчагам, менден сага кайтарым жок, мен сүйүүмдү кезегинде колго тийбес периштеме арнагам...
Акыркы сөз - кулак салгын, башаламан айткандарды терең ойлон, күчүң жетсе тартипке сал, бу жашоонун эң кызыгы- чын сүйүүгө кабылышта жаратканың берген экен, келмек болчу келген экен, ал эмесе эч ойлонбой, эч тартынбай бардыгынан кечип туруп, тобокел деп бир сүйүп кал, менде болсо кайтарым жок, дал ошону эсиңе ал".
Ушинтип жазылган. Буга караганда тээ алмуздактан адам баласына сыры ачылбай, антсе да өмүргө өбөлгө, жашоого кумар кылып, бакыт менен кайгыга бирдей батырып келаткан сүйүү Кабылды да жайына койгон эмес сыяктанат. Кан жуткурган да ошол сүйүү, мүрөк суусуна кандырган да ошол сүйүү. Ар башта бар анын жаман- жакшысы, ар башта бар...
Мектепке келип деректирди таптым да жайымды түшүндүрдүм. Орто жашап калган токтоо адам экен. Менин келгениме анча таң калган жок. Күтүп жүргөндөй. Текшерүүнүн артынан текшерүү келе берери, алар менен алек болуп иши да начарлап кеткенин жашырбай айтты. Аны угуп уялып турдум. Чын эле арыздашмайлар, текшерүүлөр көбөйүп, анын пайдасынан зыяны көп болуп кетпедиби. Заман оңолгон сайын адам мүнөзүндөгү түркүн кылыктар пайда болуп, алардын азабын тарткан баягы эле ак дилдер болду.
Кат боюнча эртеси жалпы чогулуп сүйлөшмөй болдук. Айылда мейманкана кайдан болсун, деректир үйүнө конуп алуумду суранды. "Деректирдин үйүнө конуп мейман болду, пара алды" дечүлөр четтен чыгат, ошону ойлоп эмне кыларымды билбей турдум да Кабылды сурадым. Ал сабакта экен, деректир анын классына ээрчитип, эшикти ачты эле ал дароо чыкты да, мени көрүп салам берди. Таанып, ишимди, ал- абалымды сурады. Саатын карап бир аздан кийин сабак бүтөрүн, менин күтүп турушумду өтүнүп кирип кетти. Аздан кийин коңгуроо болду. Кабыл экөөбүз мектептин багындагы олтургучта сүйлөшүп олтурдук.
- Алган билимим мугалимдик болгону менен таптакыр иштеген эмесмин. Оңой эле көрчүмүн. Көрсө, мугалим болуу кыйын экен. Адегенде бир топ эле кыйналдым, азыр көнүп калдым, камчы салдырбайм. - Кабыл ишине ыраазы болгондой жылмайып койду. - Бүгүн биздикине конуп алыңыз. Азыр автобус кетет калып калбайлы.
- Эмне башка жерде турасыңбы?
- Он беш чакырымдай бар.
- Алыс ко...
- Алыс. Бирок ошонусу жакшы экен. Келип- кеткенимче ойлонууга убакыт кенен.