Кадрлар баарын чечет экен...
Саккараевден сабак алышса!
Мындан эки жыл мурунку айылдык жыйында борбор калаабыздын жанында жайгашкан Аламүдүн районундагы болуп жаткан ыплас иштерди айтып 150 кишинин алдында катуу ызаланган элем. Ызамдын себеби, Чоң-Таш айылында 1937-жылы Кыргызстандын келечеги деп атылып кеткен аталарыбыздын жанында, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон кырчындай жигиттердин сөөгү коюлуп жатса да намысы жок мурунку бийликтин кишилери өз билгендерин жасап жатышканына өкүнгөм. Ошондо элибиз бул бийлик качан тазаланат, качан алгылыктуу иш болот деп чырылдап жүрдүк эле.
Эми жергиликтүү бийликтен тарта, республикалык деңгээлге чейин мурда болуп көрбөгөндөй өсүштөр болгонун бийликтегилер айтып жатышат. Чын эле ошондой өсүш болуп жатканынын өзүбүздүн Аламүдүн районунан көрүп жатабыз. Эгемендик алгандан бери качан айыл аймактардын күчү менен жол оңдогон грейделерден тарта тез жардам унааларды, айылдардын жолдорун оңдогонго жапжаңы экскавоторлорду алдык эле? Советтер Союзу урагандан бери андай техникалар, жолдорду асфальттоо, жаңы имараттарды куруу жомок катары айтылып калбадыбы беле? Андай иштер Аламүдүн районунда иш жүзүндө жасалып жатканын көрүп кубанып турам. Аламүдүн району эле бир жылдын ичинде ондогон техникаларды алып, Ала-Арча айылында заманбап спорт комплекс курулуп, Лебединовка айылындагы Кырман жаңы конушунун элине бардык шарты менен ФАПтын курулушу кимди болбосун кубандырса керек. Мунун баары Аламүдүн районунуна татыктуу акимдин шайланышынан десем эч жаңылбайм. Менин эсимде, 2012-жылдын февраль айында Аламүдүнгө Саккараев Марс Намарбекович акимдике талапкерлигин коюп жатканда болгон күч-аракетин жумшап иштээрине көпчүлүк депутаттар ишенип, аким болду эле. М.Саккараев күчтүү аким болоорун билип шайласак дагы, ушунча кыска убакытта ушундай ийгиликтерди жаратып, элдин социалдык турмушун оңдоп жиберет деп ойлобосок керек. Эки жылда жаңы төрөлгөн бала араң басат. Бала баскан убакытта районду болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүп койгону буга чейинки "он акимден артык аким болот" деп жазганыма жооп алгандай болуп отурам. М.Саккараевдин эл үчүн бардык айыл өкмөттөрдү түрткүлөп иштетип, атайын техникаларды алдырып, жолдорун оңдоттуруп светафорлорду койдуруп, заманбап жашоого үгүттөп эле тим болбостон иши менен жасатып жатканына баарыбыз күбөбүз. Болбосо айыл өкмөттөр бул аким келгенге чейин эле ушундай иштерди жасашпайт беле. Туура, бул аким иштей ала турган айрым жаңы кадрларды да тарткандыктан иши алга жылып жатса керек. Ал эмгегин Чүй областтык мамлекеттик администрациясы жогору баалап, бардык жагынан өнүгүп-өскөн "Эң мыкты район" деп атады. Ага күбө болгон вице-премьер Т.Сарпашевдин Аламүдүн районуна башка мамлекеттин көзүн карап отурган райондордун, айыл өкмөттөрдүн башчыларын чогултуп семинарларды республикалык деңгээлде өткөрүү демилгесин айтканы эле биздин райондун канчалык өсүп-өнгөнүн айгинелеп турат. Аламүдүн району Чүй обласында биринчи болсо, Чүй облусу бардык тармагы боюнча алдыда туруп, республикалык бюджеттин 40 пайыздан ашыгын камсыз кылып турат. Республикада Чүй облусу биринчи болсо,Чүйдүн ичинде Аламүдүн району, Аламүдүн районунун ичинен биз жашаган Лебединовка айыл аймагы эң мыктысы болгону бардык айылдаштарымды кубандырса керек.

Лебединовка Кыргызстанга үлгү боло алат
Ошондуктан Лебединовка айыл аймагынын башчысы Солтонов Алкан Шайлообековичтин бир жылдын ичинде жасаган айрым иштерине токтолгум келет;
Бул айыл өкмөт бир жылдын ичинде 20 жылда жасалбаган иштерди жасаганга үлгүрдү. Лебединовка айыл аймагы алты айылдан турат. Алты айылдын бирден көйгөйүн айтканда эле алты башка көйгөйү бар. Буга чейинки айыл өкмөттөр бирден көйгөйдү кой, эл эмне болуп жашап жатканынына кабары жок болчу десем эч жаңылышпайм. Алыс барбай эле биз жашаган Энергетик шаарчасынын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуп турушуна жардам берди. Көчөлөр жарыктандырылды. Биздин шаарчага жакын жайгашкан Кырман жаңы конушуна айыл аймактын каражатына ФАП курулду. ФАПты эле куруп бербестен ага барчу жолду асфальттап, жаңы конуштун тургундарына шарттарды түзүп берип жатат. Келечек муундарыбыз болгон балдар тарбияланган бала бакчанын үстүн чатырлатса, Дачное айылындагы №3 Лебединовка орто мектебинин айланасын пескоблок менен тостуртту. Эң эле орчунду мамлекет жөнгө сала турган жолдо чечилбей келген Жибек-Жолу менен Ауэзов көчөлөрүнө светафор койдуруп элдин батасын алып отурат.
Бул айыл өкмөттүн бир жылдын ичинде алган техникалары азырынча Кыргызстандын башка район, айылдарында алына элек экенин айтып жатышат. Бул иштерди баары айыл өкмөттүн каражатына жасалып отурат. Башкасын айтпаганда да таштандыга чогулткан каражатты эле 470 000 (төрт жүз жетимиш миң) сомдон 2400000 (эки миллион төрт жүз миң) сомго жеткиргени мурунку айыл өкмөт Б.Чынтемировдун таштандыдан эле канчалаган миллиондогон акчаны жеп жүргөнүн ачыктап койду.
Мындай жакшы иштердин бардыгы туура,так иштей алган район, айыл өкмөт башчыларынын аракети десек болот. Алардын Лебединовка айылында болуп өткөн жолугушуусунда билдиргендерине караганда райондо, айылда жасай турган иштери али алдыда экен. Ал иштерди убагында көрөөрбүз. Буга чейинки иштери элдин сүйүнүчүн жаратып турганы башка жетекчилерге сабак болоорунда шек жок.

Анара Кыдыралиева, коомдук ишмер




Кеке,Бул эмне болуучу,бул түшүмдү жоручу?
Келдибек Ниязовдун "супер" түшүн окуп калып, кой түшүмдү Кекеме эле жорутайын деп чечтим. Анда эмесе Каке, сен куудулсуң, сенин түшүң башкача. Эми, шофердун түшүн угуп тур.
Бир жолу аялдамада автобус күтүп отуруп эриккенден айдоочу аялдарды санай бердим. Экинчиси же үчүнчүсү кыз-келин, аялдар өтөт. Ошондон уламбы же жөн элеби, ошол түнү чындыгында түш көрдүм. Түшкө сен айткандай, эмнелер кирбейт. Кыскасы, Токтогулга жүк тартып жөнөптүрмүн. Жанымда Алик деген моторист бараткансыйт. Кээсин эстейм, кээси бүдөмүк. Бир маалда Ирина Владимировна деген отдел кадр "обгондоп" баратат. Болгондо да прицеби менен камаз айдап алыптыр. Бизди жаман көзү менен карап өткөнсүйт. Мына, - дейт Алик, өлдүк, бизди карап өттү, эми табель толтурбайт, көрүп калды... көрүп калды, - деп бушайманданат. Бир маалда, "Ээй карасаң, тигине-тигине Ирина Владимировна машинасын көтөрүп алыптыр", - дейт. Мага көтөрүп албай эле сүйрөп алгандай сезилет. Аны-мунусун билбейм, Иринага көрүнбөй атка учкашып, кыйгай чаап өтүп кеттик. Ат кайра машина болуп калат. Алик кайра эле эй-эй акырын, Асылбек Жээнбеков турат. Эми бизди тосот дегенсийт. Тостубу-тосподубу билбейм, бир маалда Асылбек менен сүйлөшүп туруптурбуз. Ал бирдемелерди айтып жаткансыйт. Таягы менен карды чукулап "Жол тайгак",- дейт. Артта депутаттар келатабы деп, суроолуу карагансыйт. Кетип баратып артты карасам Жээнбековдун төшүндө фанерага жазылган чооң ДАИ деген белги турат. Аа... депутаттардын ГАИси го деп коем. Эмне менен кетип баратамын билбейм. Төө-Ашуудагы туннелге жете берээрде, депутаттар лыжа менен бийиктиктен секиргендей, туннелден чыгып эле түптүз тик ылдый машиналары менен секирип жатышат. Асман жабыраган эле машиналарга толуп кетти. Көктү карайбыз, даана көрүнгөнү Жолдошева Фура менен, Ыргал Хоба менен, калганы бүдөмүк тартып көрүнбөй, типтик ылдый караңгыга сүңгүп кирип, жок болуп кетип жатышты. Бир маалда Алик "Акун, Акун тигине-тигине тралл сүйрөп алыптыр, тигине-тигине Текебаев",- дейт. Карасам Өмүкем "Урал" мотоцикл тээп алыптыр. Жымжырт боло түшкөнүнөн ойгонсом түшүм экен.
Каке, бул түшүмдү жакшылыкка жоруй көр. Иш чатак го? Бул эмне болуучу?.
Бишкектен,
Темирбек Мамбеталиев