Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Чек ара аскерлерин мыктылайлы
22-февралда Алмазбек Атамбаев Мекенди коргоочулардын күнү менен калайыкты куттуктады. Ал өз сөзүндө: "Кыргызстанда буюрса, мыкты даярдыгы бар, жаңы курал менен куралданган, Мекенин жан бере коргогон армия болот" дегенди айтты. Баарыбыздын тилек эле ушул. Президент биринчи иретте чек ара аскерлеринин курамын күчтүүлөнтсө болот эле. Азыр ошол өтө керек болуп турат. Кутуруп турган тажик жана өзбек чек арачыларын жалпайта чаап, жүрөктөрүнүн үшүн алчу жигиттерибиз аз болуп турат окшойт.


Жиндинин кебине терикпе
Баягы жинди Жириновский деген 23-февралга арналган митингде сүйлөп жатып минтип айтканын "Россия 24" деген мамлекеттик каналы көрсөттү: "Орто Азия республикалары деген болбош керек. Алардын баарын бириктирип туруп, Орто Азиялык федералдык округ деп атап, борборун Верный кылыш керек. Алматы деген менин шаарым. Аны Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан биригип ошентип атап алышкан"- дейт.
Андан ары бу жиндиң Украинаны "каарып" турду. Жиндинин эки эсе жинди сөзүн даңазалап турган телеканалга да баракелде! Алар билип койсун, ошол жинди айткан мамлекеттер эми эч качан Россиянын таман алдында болбойт!

Дайындоо
Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоевдин сунушу менен 4-5 айдан бери Чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп келаткан Раимберди Дүйшөнбиевди аталган кызматтын жетекчиси кылып бекитти. Ал эми мыйзамсыз түрдө пенсия алып келатканы билинип, кызматтан четтетилген мурунку Курманалы Матеновду биротоло кызматтан бошотту. Ошондой эле дагы бир буйругу менен Улуттук гвардиянын жетекчилигине Мелис Сатыбалдиевди дайындады.


Үч миң жаран аты-жөнүн өзгөрттү
"Азаттыкка" Баткен райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмү 2013-жыл ичинде эле 16 жашка чыга элек 2 миңдей жаран туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү, миңден ашык атуул паспортундагы аты-жөнүн өзгөртүшкөнүн билдиришти. Маалыматта айтылгандай, мындай кадамга негизинен үй-бүлөсү менен чет өлкөгө жумуш издеп кетип жаткандар, жана Орусиядан депортация болуп, аты-жөнүн өзгөртүп кайра кетүүнү каалагандар барышууда. Документиндеги аты-жөнүн өзгөртүүгө Кыргызстандын мыйзамдары тыюу салбайт. Бул бир облустагы эле көрсөткүч.


Диний кырдаалдан…
Орозбек Молдалиев,
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору:
"Дин бизде саясатташып кеткен…"
- Орозбек Абдысаламович, сизди президент Алмазбек Атамбаев аталган кызматка дин тармагын жөнгө салып кете алат деген ишеничте дайындады окшойт, ишти эмнеден баштадыңыз?
- Ишти Коргоо кеңешинин жыйынынан баштадым. Себеби дин тармагы акыркы учурда чектен чыгып баратканын баарыбыз эле жакшы билебиз. Ошонун негизинде президент Коргоо кеңешине, жана бизге муфтиятка тапшырма берип, атайын жыйын өткөрдүк. Жыйынга президент өзү катышып, өлкөдөгү диний кырдаал боюнча омоктуу оюн билдирди. Чындыгында диний кырдаал бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө өлкөлөрүнүн көбүндө татаалдашып баратканын жашырууга болбойт. Мисалы Европалык өлкөлөрдү алсак, маал-маалы менен Исламга дагы башка диний азчылыктарга болгон конфликтердин күч алышы, Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдүн, тасмалардын тартылышы, диний белгилер боюнча дискирминация болуп жаткандыгы боюнча себептер, жакынкы чыгышта, коңшу эле Афганистанда болуп жаткан окуялар, Сириядагы жарандык согуш, мына ушунун баарын ким уюштуруп жатат дейсиң? Мунун баарын бийликке барууну көздөгөн экстремисттер уюштуруп жатышат да. Ачык айтканда, дин саясатташып кеткен. Саясатчылар динди саясий нукка буруп, бирин-бири каралап, күнөөлөп, диний лозунгдар менен өздөрүнө упай топтогонун көрүп, билип эле жүрбөйбүзбү. Дин саясатка аралашканы коркунучтуу экенин мен Европадагы отуз жылдык согуштан кийин түшүнгөм. 1648 - жылы Европа Эсфан келишими боюнча динди мамлекеттен бөлүп ажыраткан. Ага чейин Рим империясы өз үстөмдүгүн жүргүзүп, дин менен бийлик аралашып келген. Дин мамлекеттен ажырагандан кийин Европада абал тынчып, тынчтык орногон. Биз дагы бүгүнкү күнү ошол тажрыйбаны эске алып, динди саясаттан алыс кармашыбыз керек. Өлкөбүз эгемендүүлүк алганы дин эркин болгону менен, динге мамлекет тарабынан көңүл бурулган эмес. Жогоруда айткандай эле саясатчылар динге аралашышып, динди жеке кызчыкчылыктарына пайдаланып келишкен. Айталы, шайлоо алдында мечит, медреселерди салдырышып, элдин добушун алышкан. Былтыр мага кызматтан кеткен муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев "дин мамлекеттен бөлүндү дегениңиз туура эмес, биз бийликтебиз, биз Жогорку Кеңешке мечит ачып койдук"- деп мактанган. Айтканындай эле буга чейин дин менен бийлик аралашып келген да.
- Рахматулла ажынын порнографиялык тасмасы элге жайылганда "бийлик муну атайын уюштурду, уюштургандардын арасында сизди да бар"- деп атыңызды атады эле, бул боюнча эмне айта аласыз?
- Муфтийлердин 2010- жылдан кийин тез-тез алмашышынын себеби, саясий кырдаалдарга да байланыштуу болду. 2010- жылга чейинки муфтийлердин кызматтан кетпей отурганында да саясий себептер бар. Себеби билими тайкы муфтийди шайлап алып, бийлик бир канча жыл ошону муфтий кылып кармап жүрдү. Муфтияттагы саясат боюнча 2009- жылы кабыл алынган токтомду 2010- жылдан кийинки шайланган муфтийлер өзгөртөбүз, деп жүрүп эле өзгөртүшкөн жок. Ошол токтом менен эле иштеп жүрүштү. Чубак ажы, Рахматулла экөө тең ошол токтом менен иштешти. Азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев ошол токтомду өзгөртүп, токтомдун жаңы вариантын жакында боло турган курултайда бекиттирем деп турат. Токтомго мурдагыдан да башка бир топ жакшы өзгөртүүлөрдү киргизиптир. Демек Максат ажы жакшы иштейт го деген ишеничтемин.
- Мисалы кандай өзгөртүүлөр болуптур?
- Биринчиден, уламалар кеңешинин мааниси өтө жогору коюлду, муфтий уламалар кеңешине мүчө болбой турган болду ж.б. Ал эми жогорудагы кызматтан кеткен муфтий Рахматулла ажынын мени күнөөлөгөнү боюнча айтсам, элибизде "бирөө, бирөөнүн бетин тырмайт" деген бар кеп бар эмеспи, Рахматулла дал ошондой болуп жатат. Өзүнүн жүрүш-турушунун жамандыгын айтпай, ошол жамандыгымды билдирип койгон баланчалар деп бизди күнөөлөп жатат. Эгер Рахматулла жүрүш-турушу жакшы, таза адам болсо, тасмага деле тартылмак эмес да.
Суроо салган
Мирлан Алымбаев







Пикир:

Яндекс.Метрика