Пайдакеч
Мамлекеттик каттоо кызматын Куловдун такымынан чыгарчулар барбы?
Коррупциялашкан мекемелердин алдыңкы сабында тураары айтылып келе жаткан, майлуу-сүттүү Мамлекеттик каттоо кызматын "Ар-Намыс" фракциясынын башчысы Феликс Кулов үч жылдан бери, тагыраагы 2010-жылдан тарта жеке менчик бизнес булагына айлантып алгандай таасир калтырат. Коомчулукта мындай көз караштын калыптанып калганына көп болду. Буга Мамлекеттик каттоо кызматы парламенттик шайлоодон кийин "Ар-Намыс" фракциясынын энчисине тийгенден кийин, Куловдун түздөн-түз кызыкчылыгы менен аталган мекеменин жетекчилеринин кол жоолуктай тез-тез алмашып жатышы далил десек жарашат. Алыс барбай эле, Мамлекеттик каттоо кызматынын жакында эле ордун бошоткон жетекчиси Эрлан Сапарбаев менен Куловдун ортосунда болгон кайым айтышууну алсак жетиштүү болот.

Кайым айтышуунун маңызы барып-келип эле Феликс аксакалдын жеке мүдөөнү көздөгөн өзүмчүлдүк позициясынан улам чыккан чыр экени кашкайып көрүнүп турат. Кулов калкты паспорт-виза жана айдоочулук күбөлүк менен камсыздап турган Кыргызстандагы "Интелликс" компаниясын коргоп, анын эсебинен оңбогондой акчага туйтунаары көптөн бери кеп болуп келе жатат. Мына ушул көрүнүштү токтотуп, коррупциялык схемаларды бууп, бардык маалыматтар базасы жеке менчик ишкананын колуна берилбей мамлекет тарабынан иштелип чыгыш керек, ага каржылык да техникалык да мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, реформа жасайм деген Эрлан мырза Куловго жакпай калды. Себеп дегенде, Кулов бардык маалымат базасын мамлекет өзү көзөмөлгө алып, калкты паспорт, күбөлүк жана башка мамлекеттик документтер менен камсыз кылышын каалабайт экен. Сыягы, Мамкаттоодон айына агылып келип жаткан каражаттан куржалак калам деп чочуйт өңдөнөт. Ошол себептен, Эрлан Сапарбаев айтып чыккандай, ага инвестициялык конкурс өткөрүү керектигин айтып, кайсы компанияны колдоо керектигин өзү чечээрин билдириши көп нерседен кабар берип турат. Мисал катары Эрлан Сапарбаевдин: "Корейлер иштеткен "Интелликс" компаниясы менен Куловдун катыштыгы бар экенин жалпы журтчулук бардыгы эле билет. Мен ушуга каршы чыгып, коомчулукка жар сала баштаганым үчүн Феликс мырза кызматтан кетүүмө аргасыз кылды. Феликс Шаршенбаевич мага - Эрлан, мен сени реалдуу жана мыйзамдуу бай кылгым келет. Сен мени укпай жатасың, - деп айтты. Муну жазуу түрүндө далилдеп берүү кыйын, бирок бизде ушундай сүйлөшүүлөр болду. Мен ага Феликс Шаршенбаевич, сиз мени ушул кызматка көрсөткөндө, ишти каттоо кызматын реформалоодон жана коррупция менен күрөшүүдөн баштоо боюнча талап болгон, бирок мындай шарт коюу болгон эмес деп макул болгон жокмун", - деп айткам дегенинен Куловдун Мамлекеттик каттоо кызматын чындап эле жеке менчик каржы булагына айлантып алганын баамдоого болот. Демек, кимде-ким Куловдун сөзүн укпай, моюн толгосо "иштей албайт, жөндөмү жок, реформа жасай албайт экен" делип кызматтан айдалып, Мамлекеттик каттоо кызматына "Ар-Намыс" фракциясы конкурс жарыялап жатып калат көрүнөт. Дирижеру болсо, интрига менен алектенген баягы эле Феликс аксакал.
Мына Эрлан Сапарбаев кызматтан алынгандан кийин Феликс аксакал адатынча конкурс жарыялады. Мамкаттоонун башчысы болом дегендердин саны 16га жетти. Алсак, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев, Абдрахман Маматалиевдин баласы, Каныбек Осмоналиевдин иниси, "атажуртчу" депутат Азамат Арапбаевдин агасы талапкер болуп катталып, кийин кайра баш тартышса, "Өнүгүү" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин бир тууган агасы Аскар Төрөбаев, Каржы министринин мурдагы орун басары Алина Шаикова, "Асаба" партиясынын өкүлү Салмоорбек Дыйканов, Мамлекеттик мүлк министрлигинин мурдагы жетекчиси Дайыр Кенекеев, учурунда Каржы полициясынын төрагасынын орун басары болгон Султан Алчикенов, "Акжол" партиясынын белдүү мүчөсү катары элге таанылып, бир кездери Кубанычбек Исабековдун жардамчысы болуп жүргөн Болот Берикбаев жана башкалар ат салышты. Жыйынтыгында Аскар Төрөбаев көпчүлүк добушка ээ болду. Аны "Ар-Намыс" фракциясынын 22 депутаттын 14ү колдоду. Экинчи орунга 6 добуш менен Султан Алчикенов чыкса, үчүнчүнү Болот Берикбаев алды.
Эми жаңы тандалган Аскар Төрөбаевдин талапкерлиги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге сунушталышы керек. Бирок Кулов Төрөбаевдин көп добуш алып, ишенимге ээ болгонуна ичи чыкпай, өзү сунуштап, бирок 6 добуш алып өтпөй калган Султан Алчикеновду Мамкаттоонун башчылыгына алып келүүгө жандалбастап, сасык интригасын баштап жатканы айтылууда. Башкача айтканда, Өкмөт башчысына Аскар Төрөбаевди эле сунуштабай, Султан Алчикеновду, ошондой эле 0 добуш алышкан Даир Кенекеев менен Алина Шаикованы кошуп, төрт талапкерди бир көрсөтүүдө. Мындай амал менен Кулов Султан Алчикеновду эч кимге туйдурбай Мамкаттоонун башчылыгына алып келүүнүн арыгын чаап жатат. Анткени "мен 4 талапкерди сунуштагам, Өкмөт башчысы бирөөсүн тандады, менин тиешем жок" деп айтууну алдын-ала ойлонуштуруп койгону көрүнүп турат. Болбосо утулуп калган Султан Алчикеновду, эч бир добушка ээ болбогон Кенекеев менен Шаикованы эмнеге сунуштамак эле. Ушунун өзүнөн эле иттин өлүгү кайсы жерде жатканы, сокурга да дайын болуп турбайбы. Эгер дили ак, чындап конкурстун талаптарынын алкагында иш кылса, жеңип чыккан Аскар Төрөбаевдин өзүн эле сунуштоого тийиш эле. Тилекке каршы, жеке кызыкчылыкты көздөп интрига кылып, баарын теңирден тескери жасоодо. Демек, эгер чындап Мамкаттоонун башына көпчүлүк добуш менен утуп чыккан Аскар Төрөбаев эмес, утулуп калган Султан Алчикенов барып калса, анда таң калыштын кажети жок. Жөн гана Феликс аксакал максатына жетиптир деп түшүнө бериш керек.
Куловдун "сасык оюндарын" алдын-ала туйганбы, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев добуш берүү учурунда жыйын залынан бекеринен чыгып кетпептир. Мындай кадамын ал: "Биз сунуштаган Эмил Алиев бул тармакта коррупция бар экенин айтып, кызматтан кеткен. Андан кийин Эрлан Сапарбаевди билесиздер. "Ар-Намыс" фракциясы эки жолу катары менен уят болдук. Үчүнчү жолу "Ар-Намыстан" көрсөткөнүбүз туура болбой калат. Ошондуктан бул кызматка кадрды өкмөт өзү тандасын" деп түшүндүргөнүндө кеп бар экен. Көрсө, Куловдун көшөгө артындагы "бүксүтмөлөрүнө" тоюп бүтүп, ушундай жыйынтыкка келген окшойт. А Кулов кургуруң болсо, жеке кызыкчылыгын көздөп, эптеп эле Мамкаттоо кызматын колдон чыгарбаштын аргасын издеп, жолдо калчу жоруктарды жасагандан чарчай элек.
Ошондуктан, "Ар-Намыстын" анабашчысынын мамлекеттик кызматты жеке менчигиндей көрүп, такымына басып алган өзүм билемдигин токтотуш абзел. Каттоо кызматы толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө алынсын десек, фракциялар бөлүштүрүп алышкан квота деген түшүнүктү жокко чыгаруу зарыл. Болбосо бир Куловдун кызыкчылыгы үчүн Каттоо кызматынынын жетекчилери жыл айланбай тебетейдей алмашып, кыргызстандыктардын маалыматтык коопсуздугун жеке менчик компаниялар тейлеп, өлкөбүздө мамлекеттик сыр, мамлекеттик коопсуздук деген такыр жоюлат. Учурда ансыз да ошондой абалда турабыз. Куловдун айынан мамлекетибиз жарандарыбыздын маалыматтык коопсуздугун коргой албай, жеке компаниянын көзүн карап турушу акылга сыйбайт.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу