Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Ш Ы Л У У Н Д А Р
Кернейлер аңгырап,добулбас урулуп , оркестр кандай бир шаңдуу музыканы ойной баштады.Нарын суусунун жээгинде үркөрдөй топтошкон бир топ адам ,негедир кубанып,улам кыйкырып, кол чаап айтор бир жакшылыкты күткөнсүп турушту.Бир гана арасында турган аял,учурдагы өлкөнүн президенти, көңүлү суз,эмнегедир алдында турган Камбарата-2 ГЭСинин бүтпөгөн курулушун карайт.Аны байкаган жапалдаш бойлуу, ууртунан жылмаюу кетпеген бир шылуун президенттин жанына чуркап келип колуна кайчы карматып,акырын кызыл лентаны көздөй түртүп койду.Президент айласыздан кызыл лентаны кесүүгө мажбур болду.Анын көзүнчө биринчи турбинаны бир-эки жолу холостой айлантып коюшту да,чачылып кетпесин деп дароо токтотушту.Андан кийин той болуп бешбармак тоодой болуп,арак көлдөй болду.Бирок ага президент ооруп атам деп катышпай кетип калды.Андан бир жыл өткөндөн кийин баягы биринчи турбина чала-була иштей баштады.Калган турбиналардан,жана Камбарата-2 ГЭСинин жалпы курулушунун бүтүшүнөн эмдигиче дайын жок.
Бирок көп узабай, баягы жалпы кыргыз элинин көзүнчө алдаганы үчүн,президент кек сактап калган окшойт,шылуунду жумуштан шыпырып түштү.
Ал аңгыча бир нече жыл өттү,жаңы президент шайланды.Эми шылуун деген оңой эмес да,кайсы жыртыкка самынсыз кирип кетип чыкканын кудай билет,бирок бир күнү баягы эле биздин шылуун кайра энергетика министри болуп дайындалып калды.Калың эл болсо ,эми бул качан концерттерин баштайт деп дымып күтүп жатса,бир күнү телевизордон биздин шылуунубуз азыркы президенттин алдында отуруп бирдемени божурап жатат.Угуп көрсөк: өйдөңкү Нарындагы ГЭСтердин каскадын куруу боюнча пландарын апыртып жатыптыр.Анын оюнча орустар беш жылда бүтүрөбүз деген ГЭС терди,ал бир -эки жылда бүтүрүп коём деп шилекейин чачыратып жатыптыр.Баягы окуя дагы кайталанбаса экен деп башка энергетиктерде жан жок.Чын- чынына келгенде андай окуя болбойт деп эч ким кепил боло албайт.Биздин шылуунда тажрыйба бар, ал үчүн анча-мынча президентти алдап коюш бир эле секунд.
Ошондой эле өткөн жылдын башында Кыргызгаздын деректири:-Биздин карызыбыз бир миллион долларга жетпейт,төлө десе бир эле күндө төлөп коёбуз-деп мактанып жаткан.Бир күнү эле эртең менен туруп алып,же жылан чакканбы, же жылкы тепкенби, айтор теңирден тескери сүйлөп,биздин карызыбыз кырк миллион доллардан ашып, банкротко жакындап калдык,ошондуктан Кыргызгазды Россиянын "Газпромуна" сатыш керек,деп сайрап калыптыр.Эми турмушта баары болот да, ар бир бизнесмен дайыма банкрот болуу коркунучунун алдында иштейт,бирок Кыргызгаз труба менен келген газды счетчик менен эсептеп алып, анан кайра счетчиктер менен элге таратса,кайдан жайдан жүрүп банкрот болуп калат деген суроо туулат экен.Ошондой суроо менен прокуратурадан ,биздин шылуунга бир нече киши барган экен, ал ачык эле айтыптыр:
- Э-эй ,атаңды гана урайындар,алыңарга ченеп иш кылбайсыңарбы,менин бир тууганым тиякта отурганда-деп сөөмөйү менен өйдө жакты көрсөтөт-силердин колуңардан бок да келбейт. Азыр мен анча мынча акча жасап алып настырнайым жакшы болуп турат,эми ушунчаңарда бир жериңерди кысып кетип калгыла, болбосо ачуум келсе,ушул келген баарыңарды көчө шыпыргыч кылып дайындатып коөм,анан шабашкасы көп жылуу орундардан айрылып,зар какшап ыйлабагыла .- десе ,баягы келген прокурорлордун бири калбай безген боюнча жоголуптур.
Эми биздин шылуундун көңүлү ток,Газпромдун биздеги филиалына директор болом деп жогорку бийликке катуу талап коюп жатыптыр.Бирок бир нерсени унутпасак, кулкуну чоң биздин эрке шылуун,орустарга бизди уят кылбаса экен.
Баяман Омар









Пикир:

Яндекс.Метрика