Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Кыш капсалаңы
Кыш ызгаары эмне дейт?

Кыргызстан
Кыштын кыштай болгону жакшы деп коет элибизде. Анысы ырас, ошону менен катар кыш ызгаарынын күтүлбөгөн кокустук, опуртал кырсык, азаптарды алып келип, өз кесепеттерин тийгизип жатканын, айрым жерлерде кычыраган сууктан адамдардын тоңуп өлгөндүгүн айтпай койсок болбос.
Кары калың түшкөн каардуу суукта Аксы районунда тоого мал издеп кеткен бойдон беш адам дарексиз жоголгон. Кийинчерээк эки адамдын сөөгү кар күрткүнүн алдынан табылган. Бул каргашалуу окуя Кашка -Суу айылдык чөлкөмүндөгү Жайык айылынан 25-30 чакырым алыстыктагы Тас-Бел деген аймакта болгон. Дайыны жок кеткендерди ат изи менен издеп барган туугандары аларды кар көчкү алып кеткенине көздөрү жеткен. Көчкүнүн ары-бери жагын карап издештирип жүрүп, атка артып коюучу куржундарды табышкан. Алар тез кайтып келип, кырсык жайын айыл өкмөтүнө айтып, ал жерден Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдиришкен. Эртеси 21 куткаруучу кырсык болгон жерге келген, издөө ишине жүзгө жакын айыл адамдары катышкан.
1975-жылы туулган Айталиев Таалайдын, 1993-жылы туулган Апсалбек уулу Мунарбектин сөөгү табылгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалым кылган. Калгандарын дагы издеп табуу аракеттери жүргүзүлүп жатат. Эгер алар "сактанганды кудай сактайт" деп акыл калчап, эртелеп артка кайта беришкенде, балким бул каргашанын алдын алган болушмак.
Ал эми Токтогул районунун Үч-Терек аймагында эки малчынын жүзгө жакын кою кар көчкүнүн астында калган. Өткөндө Чаткал районунда төрт күн бою тынбай жааган кар өзү менен кошо көптөгөн кесепет, түмөн түйшүк алып келген. Аба ырайы жакшырган соң, Ала-Букага кеткен жол тазаланып, ушу кезде абал оңолуп калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышында жана жазга маал кар көчкү коркунучунан сактануу, алдын алуу чараларын элге түшүндүрүп, эскертип жатат. Кар көчкүдөн октябрдан тартып апрель айына чейин, өзгөчө февраль март айларында (ушу кезде көп түшөт) сак болуш керек.
Нарын облусунда жааган кардын калыңдыгы жарым метрге жеткен. Аба ырайы ушул кезге чейин кургакчыл келип жаан-чачын аз жаагандыктан, кардын калың түшүшүн Теңиртоолуктар кубануу менен тосуп алышкан. Арийне, ал адаттагыдай эле өзү менен кошо толгон түйшүк ала келди. Адегенде эле түмөн түйшүк нарындык жолчуларга түштү. Алардын даярдыктары мыкты болгондуктан Нарын-Казарман, Нарын-Макмал, Нарын-Торугарт жолдорунун өздөрүнө тийиштүү участокторун кардан өз учурунда тазалап турушту. Жолчулардын эмгегине сапарда жүргөндөр ыраазы.
Кыш түшкөн учурдан бери Кыргызстанда 150 адамдын өлүгү көчөдөн, булуң-бурчтан дегендей ар кайсы жерден табылган. Ички иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча көчөдөн табылган адамдар ар кандай жагдайда набыт болушкан. Алардын бир тобу суукка тоңуп өлгөндүгү айтылат.
Бишкек шаарында үй-жайы жок адамдардын жылуулук өткөрүүчү түтүктөрдүн астындагы ар кандай коңулдарда күн кечирип келгендиги айтылып келет. Аны элдин баары жакшы билет. Алыс барбай эле Л.Толстой көчөсүнө жакын темир жол боюнан үй- жайы жок жашоо өткөрүп жүргөн адамдарды ар дайым көрүүгө болот. Тагдырдын жазмышына айла жок. Жылуулук өткөрүүчү түтүктөрдүн астында ар кандай коңулча, буйткаларда жашап жүргөндөр бир топ. (Ырас, Кыргызстан боюнча үй-жайы жок адамдар үчүн тогуз түнөк жай ачылган. Алардын үчөө Бишкекте. Бул аздык кылат. Ошондуктан, мындай түнөк жайга жетпей көчөдө жашаган адамдар ондоп саналат). "Башы оорубагандын кудай менен иши жок" дегендей илдет, синдром өзгөчө мобул заманда күч алып тургандай. Адамдык касиетти оп тартып алып турган рынок чемгери, таш боордук менен мерездик чегине жетип кетти деп, таза эле түңүлүп жибергенде болбойт. Таштай муздак мындай терс кайрыктардын апаат мизин кайтарып турган боорукер адамдар бар. Алар бирин - серин болсо да үй-жайсыз адамдарга тамак- аш, кийим-кече жагынан жардам берип турушат.

Америка Кошмо Штаттары
АКШ кайрадан кычыраган аяздын курчоосунда калды. Кар аябагандай калың түштү. Өлкөнүн батышында жашаган америкалыктар кышкы ызгаардын азабын тартышты. Луизианада өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кычыраган сууктун айынан адамдар үйүнө чыга албай калышты. Көптөгөн мектептер жабылды. Тү деген түкүрүк жерге түшпөй тоңгон, ит өлтүрөр сууктан улам, үч миңден ашуун авиакаттамдар ишин токтотту.
Машинаны ала салдырган шамалдын күүсүнөн улам, үймөктөлгөн кар тоңголоктору пайда болду. Метеорологдордун муз аралаш жаан жаайт деп айтканынан Техас жана Луизиан штаттарындагы адамдар дагы кандай күнгө кабылабыз деп коркунуч астында жашап жатышат. Штаттарда муз жааган учурлар болуп калат, алдын алып абайлабаса, андан мерт кеткендер да болот. Ошондуктан, ар ким өзүн-өзү сакташы керек.
АКШнын Орто Батышында жашаган эл да кычыраган кыштын запкысын чегип жатышат. Кээ бир штаттардагы мектептерде окутуу токтотулган. Миннесота штатынын айрым райондорунда сууктун күчү 45 градуска жетти. Ызгаар сууктан Канадада газ түтүгү жарылып кетип, газ менен тейлөө үзгүлтүккө учурады. Огайо, Иллинойс жана Пенсильвания штаттарында жашаган эл буюктурган шамал күүсү менен сүрүлүп келип пайда болгон майлуу пирожкиге окшоп калган кар үймөкчөлөрүнө аң-таң болушту.
Якутия
Кычыраган суугу жагынан Якутия эч бир өлкөнү алдыга чыгарбайт. Азыркы кезде бул мамлекетте сууктун күчү 60 градуска жетти. Дагы бир өзгөчөлүгү ызгаар суугун коштоп каптап турган туманы бар. Коюу тумандын айынан Якутияда бир эле маалда 14 автоунаа кагылышып кеткен. Мындай эң чоң автокырсык мурда эч качан болгон эмес.
Токионун көчөлөрүн коюу туман каптап тургандыктан, удаама-удаа жол кырсыктары катталган.
Ызгаар сууктан улам Якутиянын мектептеринин башталгыч класстарынын окуучулары дем алышка таркатылды. Жергиликтүү ооруканаларга үшүккө чалдырган жүздөгөн адамдар келип жатышат. Айрым адамдар үйү суук болгондуктан жана жылуу кийинип жүрүшпөгөндүктөн үшүккө алдырып коюшууда. Өлкөнүн түндүк аймагында сууктун мындан да ыгаардуу болуп
күчөп чыгары күтүлүүдө. Коюу туман жана долу шамал коркунучу да каптап турат.

Англия
Жараткандын буйругу ушул экен. Кыш мезгили экенине карабай, суу ташкыны бул мамлекеттин элинин үшүн алып турат. Бул аймакта жашап жаткандар кийинки 20 жылдан бери суу ташкыны мынчалык көтөрүлбөгөнүн айтып жатышат. Жамгыр адаттагыдан эки эсе көп жаагандыктан өзөн, дарыялар нугунан ашып, ондогон райондорду суу каптап, элдин айласын кетирүүдө.
Ички иштер күчтөрү, армиянын азаматтары суу ташкыны болгон жерлерде өз көмөгүн көрсөтүп жатышат. Бийлик табият кырсыгына каршы бар мүмкүнчүлүктөрдү аракетке келтирүүдө. Көнөктөгөн жамгырдын басылар түрү жок.

Меңдибек Асылбеков






Пикир:

Яндекс.Метрика