САГЫНТАЙ кызы Элвира:
К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун эл аралык байланыштар бөлүмдүн башчысы
"Чет жерден алган билим менен өлкөбүздү өнүктүрөбүз"
- Элвира, байкашыбызча ЫМУда чет элдик окуу жайлар менен байланыш жакшы болуп жатат. Сиздердин бөлүмдүн иши тууралу айтып бериңизчи.

- Бөлүмдүн башчысы болуп 2008-жылдын сентябрь айынан баштап иштеп келе жатам. Бул жакка келгени көп долбоорлорду жаздык. Башкасын айтпаганда да, окуу жайга "Темпус" деген фондунун 11 долбоорун алып келдик. Андан сырткары, майда көп эле проектилер болду. Маселен, Норвегиянын билим берүү агенттигинин долбоору 3 жылдан бери иштеп жатат. ЮСАИДдин бир долбоору бүтүп, экинчиси-университеттер арасында өкмөттүк эмес уюмдарды окутуп, башкаруу боюнча долбоору жаңы башталды. Андан сырткары билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча көп эле долбоорлор болуп жатат. "Эрасмус Мундус" , "ССДС" деген долбоор бар.
Чет өлкөдө ар бир университеттин ичинде студенттерди колдогон уюмдар иштейт. "ССДС" долбоору студенттерди колдоо, өнүктүрүү багытында иш жүргүзөт. Маселен, Англиянын университетинде ноутбуктарды студенттик карточкалар аркылуу тиешелүү код менен арендага ала алат, интернет, көчүрмө бекер колдонулат. Биз бул долбоорду студенттер менен администрациянын байланышын күчөтүп, жаштар менен бетме-бет иш алып баруу үчүн баштаганбыз. Мында Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстанга окшогон мамлекеттер иштеп жатат. Бул долбоор боюнча биз студенттерге жаңы борбор ачтык. Баш-аягы 16 миң евро келет. Ага ошол корпустун ичин вайфай системасына киргизели, жаңы иновациялык техникаларды колдонуп, чет өлкөгө билим алам деген жаштарга бардык жагынан жардам берели, долбоорлорду тапканга, документин толтурушуп, визларын ачканга, тил курстарын уюштуруп берип, көмөктөшсөк деп турабыз. Ага жаңы технологияларды пайдаланалы деп аракет жасап жатабыз. Андан сырткары күндүзгү бөлүмдүн студенттеринин базасын да түздүк.
Университеттер профессорлор үчүн эмес, студенттер үчүн болуш керек. Бизге жумуш берүүчүлөр- студенттер. Андыктан, аларга канчалык жакшы шарт түзсөк, бизге тартылган жаштардын саны да ошончо көбүрөөк болот. Биз бекер китепканаларды, бекер интернет, керектүү ресурстарды берүү аракетин көрүшүбүз зарыл. Чет өлкөгө барып билим алуу аракетин жасап жатканда, жардам берип, кагаздарын толтуруп жөнөтөбүз. Алар кайра келип билимин бизде улантат. Бул студенттер келгенден кийин жалгыз эле окуу жай эмес, жалпы регионго пайда алып келет. Азыр билим берүүдө конкуренция жогору. Башкалардан өйдө туруш үчүн артыкчылыкка ээ болушубуз керек. Дагы бир тенденция келе жатат, бул-университеттердин интернационализациясы. Окуу жайдын канчалык чет мамлекеттер менен байланышы күчтүү болсо, тыгыз иштесе, ошончо рейтинги жогору болот. Маселен, Гарвард, Оксфорд окуу жайлары бекер курстар аркылуу мугалимдерди окутуп турганы менен артыкчылыкка ээ.

- Сиз канча мамлекетке барып келдиңиз? Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып бериңизчи.

- Мен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынанмын. 1994-жылы мектепти алтын медаль менен аяктап, ЫМУнун география факультетинде билим алып, аны кызыл диплом менен аяктагам. Бир жыл мурда сырттан окуп, юридикалык билим алдым. Эл аралык байланышта бул өтө зарыл. Ойлосом, 28 мамлекетке барып келипмин. Бирок, бул жерде мага турфирмалар путевка бербейт. Ал жерде индивидуалдык аракетиң болуш керек. Ар бир мамлекетте керектүү келишим алып келүү аракетин көрөбүз. Четке барыш үчүн өз билимиңди иш менен далалилдөө зарыл. Маселен, Францияга үч жолу бардым. Ал үчүн үч жолу чакырууга татыктуу болушуң керек. Себеби, азыр конкуренция чоң. Чет өлкөгө барып келгенден кийин ал жактан алган билим, тажырыйбаңды өзүң иштеген окуу жайга беришиң керек. Көптөгөн иш-чаралар өткөрөбүз. Англис тилин экинчи тил катары сабак берүү боюнча борбор ачтык. Эми турциянын "Мевляна" программасы менен түрк тилин да окуталы деп жатабыз.
Биздин эл балдарды көбүнчө өз алдынчалуулукка үйрөтпөйт. Ал эми өз алдынча болгон балдар көбүрөөк аракет жасашат. Менимче, мектепте, бала бакчада өз алдынчалуулукка үйрөтүү керек. Балдарды мектепте контролдоп жүрүп, алар окуу жайларга өтүп, ата-энелеринен алыстап кеткенде өзүн таштап салат. Маселен, батыш өлкөлөрүндө студентти окуудан чыгаруу деген жок. Кааласаң карыганча оку. Бизде баланы эптеп окутуп, анан үй бүлөө куруп берүү керек деп ойлойбуз, баалуулуктар такыр башка да.

- Чет жерге баргандагы кызыктуу окуядан айтып бериңизчи?

- Андай окуялар көп болот. Бир жолу Францияда Эйфель мунарасынын түбүнө бардык. Бир нерселер түтөп, элдин бары чогулуп жаткан. Эмне болгонун түшүнгөн жокпуз. Көрсө футболдун фанаттары согушуп жатыптыр. Бир топтогулардын мойнунда бир түстөгү шарф, дагы биринде башка өңдөгү шарф. Ар кайсы курактагы адамдар. Арасында жүрөбүз. Бир кезде полиция келип, көздөн жаш чыгаруучу газ менен чогулгандарды бат эле таратты. Кечинде жаңылык көрсөтсө, автобустар күйүп, катуу болуптур. Эртеси ал жерге барсак, көчөкүнүн бири жок. Көчөлөр таптаза.
Маектешкен:
Жумагүл БАРКТАБАСОВА






Элитаң ким, эгемендүү кыргыз?
Жазма адабияты сакталбай калган же аз сакталган биз сыяктуу элдерде оозеки элдик фольклор, алардын тарыхын, маданиятын ички дүйнөсүн ачууда чоң булак болуп эсептелээри белгилүү... Мисалга, Калыгул кыргыздын "жакшыларына" :
- Малыңды айтып мактанба,
Көп казакка аттанба?
Казактын малын аласың,
Как талаада каласың... же,
Пайдасы жок туугандан,
Мамилелүү сарт жакшы дегени, ыр толук маанисинде айтылып турганындай
Калыгул кошуна, бир тууган элдер, - казактар менен жана башка элдер менен да достукта, ынтымакта жашоо керек экендигин өзгөчө белгилейт.
"Сарттар" деп, Калыгул өзбектерди айткан эмес! Ал көп этностор жашаган, отурукташкан өрөөндөгү соодагерчилик менен кол өнөрчүлүк кызматтарды аркалаган тажик, кыпчак, кыргыз, казак, өзбек элдери жөнүндөгү түшүнүк.
Дагы бир меселинде - Соода кылба сүткорго, Айыл конбо анткорго ,-деген Калыгулдун ырлары Кыргыз элинде пайдаланылган материалдык буюмдар чыгыш өлкөлөрү менен болгон байланышты так көрсөтүп тургандай!
Аягында, белгилей кетчү нерсе, Калыгул олуя көзү ачык катары, нечен кылым мурун болочокто болчу коомдук өзгөрүштү алдын ала туюп, көзү ачыктык кылып, айтып жатканын, дүйнөнүн бөлөк элдеринде деле жашап өткөн Нострадамуска же кечээги эле Болгарияда жашап өткөн сокур аял Вангага салыштырмалуу караса болот...
Көз ачыктык же олуялык деген сөздҮ байма - бай салыштырууну кыргыз эли Калыгул олуяга чейин эч кимге ыйгарган эмес!
Демек, "кара кылды как жарган" калыс адам, Калыгул олуяны, Кыргыз элинин акылманы, "таза адамы - элитасы" деген көз караш менен туюндурсак, ал туюмга кошулууга толук негиз бар!
Кыргыз элинде, Калыгул олуяга уламалаш элдин тамырынан өсүп чыккан, эл башкарган элиталарынын катарына даанышман олуя адам Куйручук баштаган жакшыларын, мыктыларын, АКЕлерин кошууга неге болбосун?
АКЕ деген бийик наам, көлдүк туугандар тарабынан, көлдүн ойчул, даанышман адамдарына, элдин, журттун каада - салтын, наркын сактай билген, элдин бүтүндүгүн коргогон, кыргыз элинин көп кырдуу өйдө - ылдый жашоо турмушунда аны жөнгө салып, туңгуюктан амал - айла таап алып чыккан, улууну урматтаган, кичүүгө сый мамиле жасаган, кошуна турган элдер менен алака мамиле түзүп жашап өткөн Мойт аке баштаган акелердин 250 жылдан ашык убакыттан бери кыргыз элинин оозеки эс - тутумунда жашап келген алар жөнүндөгү маалыматтар мындан 10-15 жыл мурун гана эгемендүү заманыбыздын массалык маалымат каражаттарында жарыялана баштагандыгы карандай чындык!
Анын андай болушунун негизги себеби ошол кездеги Ак падышанын (самодержавия) баскынчылык саясаты жана кийинчереек совет мамлекетинин диктатурасынын түздөн - түз элге тийгизген залакасы деп түшүнсө болот.
Карандай, карапайым элден калкып чыккан, каардуу совет мамлекетинин диктатуралык бийлигинин тушунда элди тунук акылы, тубаса зээни менен кыргыз элин сактап калган, кыргыз элине ак кызматтарын өтөгөн кыргыздын мекенчил патриот уулдарынын узун тизмесинин аттарын унутпай, ушул жерде айта кетсек ашыктык кылбас!
Мисалга: Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Ишенаалы Арабаев, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Абдыкадыр Сыдыков жана башкалар...
Кыргыз илимине жол салган алгачкы окумуштуулары : Иса Ахунбаев, К.Карасаев, А. Табалдиев, Курманкалый Каракеев, Бүбүйна Орозбаевалар...
Коомдук, партиялык ишмерлер Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Күлүйпа Кондучалова, Салима Орозбаева, Токтокан Эдилбаевалар ... Шовинисттик башкаруунун курмандыктары болгон кыргыздын чыгаан мекенчил балдары: университеттин окумуштуулары профессор Аманалиев, этнограф тарыхчы Сабыр Аттокуров, Фрунзедеги Политехникалык институттун биринчи проректору математик Ракым Усубакуновдор...
Кыргыз эли жалпы дүйнөлүк элдердин ичинде аз сандагы "улут болгондуктан", ар дайым жака - белиндеги кошуна турушкан чоң державалар тарабынан келечегине бут тосууларды такай башынан кечирип турушкан.
Өзгөчө, коңшулаш орус элинин "шовинисттери" кыргыз элинин алдыңкы өсүп келе жаткан кадрларынын "өзөк тамырына" балта чаап турушкан. Мисалга 60 - жылдары билим издеп борборго келген жаштардын бири катары, өзүмдүн башымдан өткөн бир тарыхый окуяны бул жерде айта кетсем, ашыктык болбос!