Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Каңырык түтөп…
"Бишкек Парк" имараты эксплуатацияга берилген эмес!"
Алгач "Ruby Park" кийин "Бишкек Парк" деп аталган соода-эс алуу-турак жай борборунун чуусу Чубактын кунундай чубалды бейм. Курулуш иштери мыйзам бузуу менен башталган, ал жөнүндө Исанов-Киев көчөлөрүнүн жашоочулары айтып чыгышкан. Бир нече ирээт нааразычылык акцияларды дагы өткөрүшкөнү бар. Алар төмөндөгүдөй дешет: (Маанисин өзгөртпөй орус тилинде беребиз).
"Строительные нормы и правила (СНиП) - это закон для всех строителей, которые возводят промышленные объекты, детские учреждения, дипломатические миссии, торговые центры или просто жилые здания. Здесь все нормы СНиП просто нарушены, их никто не соблюдает. К примеру, с западной стороны торгового комплекса расположены две огромных дизель-генераторных установки размером с небольшую грузовую машину, когда их включают, шум стоит просто невообразимый. Здесь находятся детский садик, дипломатическая миссия, жилые дома."
"Если Бишкекглавархитектура дала разрешение, значит, она отошла от СНиП и нарушила Кодекс строителей. Бишкекглавархитектура не имела права давать техническое заключение. Его подписывают разные службы в начале строительства - энергетики, водопроводчики, газовики, тепловые службы, дорожники, мэрия, управление муниципального строительства мэрии, архитектура и технический надзор. То есть специалисты подписались заведомо в ущерб государству, а государство - это мы, граждане. Они проигнорировали неудобства, которые мы испытываем уже три года. Стройка прерывалась после апреля 2010 года, а потом в мае 2012-го снова возобновилась".
Демек, имараттын курулушунан тартып эле мыйзам бузуу болгон. Албетте, бул жерде айрым чиновниктердин тиешелери бар экени айтылып келет. Соода борбор салынып жаткан маалда "Бишкек Парк" администрациясы Кыргызстандык ишкерлерге соода-сатык, тейлөө үчүн орундарды сунуштай башташкан. Ишкерлерди алдашкан. Ооба, сөздүн түз маанисинде алдашкан. "Соода борбордо бардык шарттар болот, күнүнө 30 миң кардар келип кетет, ачылышында дүйнөлүк жылдыздар келип катышат, жарнамалар жогорку деңгээлде жайылтылат" - дешкен. Азыр ал талаптардын аткарылбаганына ижарачылар, Кыргызстандык ишкерлер нааразы. Кардарлардын саны Бишкек шаарындагы "НАРОДНЫЙ" дүкөндөр тобунун бир дүкөнүнүн күнүмдүк кардарларына тең келсе келет, бирок ашпайт. Шарттар жакшы эмес, кабаттан-кабатка көтөрүлүүгө лифт, эскалатор иштебейт. Тепкич менен түшүп чыккан эл нааразы. Ачылышы дагы ижарачылардын анчалык ичин жылыткан эмес. Жарнама үчүн деп администрация ар бир ижарачыдан жалпы ижара акыдан 10 пайыз кошумча акча алышат. Бирок бир дагы ММКда "Бишкек Парктын" жарнамасы жоктугуна ишкерлер жаны кашайып турат. Ижара акы демекчи, "Бишкек Парктагыдай" кымбат ижара акы Кыргызстанда эле эмес Борбор Азия, КМШ өлкөлөрүндө жок. Чарчы метрине 45-70 АКШ долларын алышат экен . Салыштармалуу ошондой эле түрк ишкерлерине таандык делген "Вефа" соода борборунда ижара акы 15-30 АКШ долларын түзөт.
Соода борбор ачылаарда аянттарды ижарага алган кыргызстандык ишкерлерге бош гана жай берилген, ал эми ичин жасалгалоосун (отделочные работы) ишкерлер өз каражаттарына жасашкан.
Эң негизгиси, бул соода борборундагы иштеген жумушчулардын эмгек укуктары тебеленгени-тебеленген. Жумушка киргендердин айрымдары менен гана эмгек келишими түзүлөт, түзүлсө да келишимге айлык акы аз өлчөмдө көргөзүлөт. Социалдык төлөмдөргө аз акча төлөө үчүн жана кокус жумушчу менен кандайдыр бир соттук мамилеге барып калса, компенсация аз төлөө үчүн. Көптөгөн кыргыз жарандары айрыкча жаштар сыноо мөөнөтү (испытательный срок) деп жумушка алынып, 1-2 айга жетпей жумуштан четтетилет. Бир нерсе десе, жакпаса кет дешет. Өз укугун билгендер арекет кылып жемин жедирбегенге жандалбас кылышат, укугун билбегендер, акчасы жана таанышы жоктор кор болуп келет. Курулуш жана күзөт тармагында кыргыздын жоон билек жигиттери иштешет. Курулушта иштеген балдар менен эч кандай келишим түзүлбөйт. Кокус курулуштан жаракат алса, майып болуп калса "БИШКЕК ПАРК" бир тыйын төлөп бербейт. Кароолчу болуп иштегендердин айлык маянасы 3-4 айлап кармалып анан берилип, кээ бирлерине бербей дагы коюшат экен. Жумушчулардын укуктары тебеленгени аз келгенсип, Кыргызстандык ишкер ижарачылардын дагы укуктары тебеленгени-тебеленген. Орой мамилеге, аткарылбаган убадаларга чыдабаган ижарачылар биригип, маселени көтөрүп баштаган. Акылдуу администрация алардын лидерлеринин көйгөйүн чечип, калганын алдап-соолап келет.
Мына мекендеш, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк түрк ишкерлеринин аракеттери. Алар кыргыздын суусун ичип, кыргыз ишкерлеринен ижара акы чогултуп, Кыргызстандын жарандарынын эсебинен капчыктарын кампайтып келишет.
Эң кызыгы соода борбор жайгашкан жер тилкеси Алмаз аттуу кыргыз жаранына таандык. Жер тилкеге ээлик кылууга "Бишкек Парк" ЖЧКсынын мыйзамдуу далили жок жана имарат колдонууга берилгенин тастыктоочу бир дагы документ жок экен.
"Бишкек Парк" комплексинин аткаруучу директору Барыш аттуу түрк жараны кыргыздарды адамча көрбөй шылдыңдап мамиле кылаары ар дайым ошол жерде иштегендер тарабынан көп айтылып келет. Борбордун башкы директору Али Ихсан аттуу түрк жараны ачык эле кыргыздарды койго теңеп, киши катары санабаары тууралуу коомчулукта резонанс жараткан чуулуу маалыматтар буга чейин айтылып, соттошууга чейин жеткен. Ал көпкөнүнөн президентке чыгам, маселемди чечтирип алам, анткени Турция менен А.Атамбаевдин мамилеси жакшы дегенди көп айтып, ооз көптүргөндү адатка айланткан. Президентибиз болсо чечкиндүү кадамдарды жасап, мыйзам талаасындагы мамлекетти курууга арекетин жасап келет. Мен ишенем, Алмаз Шаршенович дагы "Бишкек Парктын" айланасындагы мыйзамсыз аракеттерди жөнгө салууга аткаминерлерге тапшырма берсе керек. Бул бир гана ишкана, ал эми мындай ишканалар өлкөбүздө жүздөп саналат.
Бердибек Беккожоев







Пикир:

Яндекс.Метрика